Дарыгер аллергия менен күрөшүүнүн натыйжалуу жолун атады

Бак-дарактардын жана узак гүлдөгөн өсүмдүктөрдүн чанчаларына сезгичтик астмага алып келиши мүмкүн.

Бул тууралуу аллерголог Елена Щупляк “РИА новостиге” билдирип, аллергия менен күрөшүүнүн натыйжалуу жолдорун айтты.

Аллергологдун айтымында, апрель-май айларында гүлдөгөн бак-дарактардын чаңына аллергиясы барларга адатта дары-дармек, спрейлер жардам берет. Мындан сырткары, аллергиясы барлар, үйгө барары менен жуунуп, кийимин алмаштырышы шарт. Ошондой эле чаңдар кургак болуп, буюмдардын бетинде сакталбашы үчүн аба нымдоочу жабдууларды орнотуу, күн сайын нымдуу тазалоо иштерин жүргүзүп туруу зарыл.

Аллерголог узак убакытка чейин гүлдөгөн өсүмдүктөргө аллергиясы барлардын оорусу менен күрөшүү оор экенин баса белгилеп, бул илдет менен күрөшүүнүн эң мыкты ыкмасы – аллергенге себеп болгон нерсени жок кылуу же алар өскөн аймактан башка жака чыгып кетүү деди.

Анын айтымында, чыпкалар, тосмолор жана маскалар аны бир аз жеңилдетет, бирок, таптакыр жок кыла албайт. Аллергияга көңүл бурбай жүрө берүү айыкпас ооруга – астмага чейин алып барат. Ошондуктан дарыгерге кечиктирбей көрүнүү керек. Өз убагында кайрылса, айрым учурларда аны айыктырса болот.

Комментарий жиберүү