Палестиналык туткун айыпсыз камалышына нааразычылык билдирип, 174 күндөн бери ачкачылык жарыялоодо

Израилдин Жогорку соту айыпсыз камалышына нааразылык билдирип, бир нече айдан бери ачкачылык жарыялаган палестиналык туткун Халил Авадехтин бошотуу аппелляциясын четке какты.

40 жаштагы Халил Израилдин “административдик камоо” деген жүйөо менен эч кандай айыптоолор көрсөтүлбөстөн, сотсуз камашына каршылык билдирип, ачкачылык жарыялаган. Ал 174 күндөн бери тамак ичпей, бир гана суу ичүүдө.

Адвокаты тарткан сүрөт-видеолордөн туткундун өтө арыктап, ден соолугу начарлап кеткендигин көрүүгө болот. Халил эркиндикке чыгуу тууралуу чечим чыкканга чейин ачкачылык жарыялоосун уланта турганын билдирди.

2021-жылы декабрь айында Авадех израиль аскерлери тарабынан “Палестиналык Ислам жихады” куралдуу тобунун мүчөсү деген айып менен камакка алынган. Анын жактоочусу бул айыпты четке какты.

Учурда Израиль абактарында 4400 туткун бар. Алардын 670и административдик камакта. Бул сан март айынан бери кескин өскөн.

Комментарий жиберүү