Ыйманыбызды кантип бекемдейбиз? Маанилүү 10 кеңеш

Жүрөктөгү ыйман бир калыпта тура берчү нерсе эмес. Жашоодогу кырдаалдарга байланыштуу ал кээде алсызданат, кээде күчтөнөт. Чыныгы мусуман болуш үчүн адам Аллах менен болгон мамилесин ар убак бекемдеп, жүрөгүн тазалап туруш керек.

Кантип ыйманыбызды бекемдейбиз? Бул суроого алдыда жооп таба аласыз.

1. Куранды окуп, ой жүгүртүү

Аллахтын сөзүн окуганда жан дүйнө тынчтанат. Ар бир аят жүрөктү жумшартып, адамды ойлондурат. Куран окуп жатканда Жараткан менен түзмө-түз сүйлөшүп жаткандай мамиле кылуу зарыл.

2. Аллахтын улуулугун түшүнүү

Ааламдагы бардык нерсе Аллахтын каалоосу менен гана болорун аңдоо зарыл. Аллах Таала баарын көзөмөлдөп турарын түшүнсөк, жүрөгүбүз жеңилдейт.

3. Илим алууга умтулуу

Диний китептерди окуу, устаздардын лекцияларын угуу, курска катышууга аракет кылуу керек. Илим алуу эки дүйнөдө тең инсанга пайда алып келет.

4. Аллахты дайым эстөө

Ар убак Аллахты эстеп жүрүңүз. Кубансаңыз – шүгүр келтириңиз, кайгырсаңыз – жардам сураңыз. Көп зикир кылуу жүрөккө тынчтык тартуулайт.

5. Ислам тыйган нерселерден алыс болуу

Күнөө иштер жүрөктү карартып, Жараткан менен болгон мамилени суутат. Аллах туура эмес деген жолго түшүүдөн качыңыз. Күнөө кылсаңыз, тообо келтирип, кечирим сураңыз.

6. Өлүмдү көп эстөө

Акыретин ойлогон адам ар бир аракетин көзөмөлдөйт. Аллахтын алдына Ал ыраазы болгон абалда барууга аракеттенет.

7. Ыймандуу адамдар менен болуу

Чөйрөдөн көп нерсе көз каранды. Ошондуктан Аллахтан корккон адамдар менен мамиле түзүңүз. Сизге эки дүйнөдө тең пайда алып келбеген керексиз маектерден качыңыз.

8. Жакшылык кылуу

Ар бир күндү жакшылык кылуу менен өткөрүп, жок дегенде бир адамдын жылмаюусуна себепчи болгонго аракеттениңиз. Ак көңүл, мээримдүү болуңуз. Жөнү жок эле кабак түйүп, ачуулана бербеңиз.

9. Көп дуба кылуу

Ар убак дуба кылып, муктаждыктарыңызды Аллахтан сураңыз. Дубалардын кабыл болуусуна чын жүрөктөн ишениңиз. Таңкы намаздан кийин дуба кылып, берекелүү күн сураңыз. Ал эми кечинде жүрөк өйүгөн нерселерди Аллахка айтып, кечирим сурап, тынчтыкта уктаңыз.

10. Тахажуд намазына туруу

Түндүн үчтөн бир бөлүгүндө бардык дубалар, суранычтар кабыл болот. Бул убакта ибадат кылып, Аллахтан бекем ыйман, туура жол сураңыз.

Комментарий жиберүү