«Убара болушпасын». Эмне үчүн Түркия Финляндия менен Швециянын НАТОго кошулушуна каршы?

«Убара болушпасын». Эмне үчүн Түркия Финляндия менен Швециянын НАТОго кошулушуна каршы?

“Түркияга каршы санкция киргизгендердин НАТОго киришине “макул” деп айтпайбыз”, – деп билдирди Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган. Эрдоган аталган уюмга Финляндия менен Швецияны кошууга каршы экенин, алардын арызына бөгөт коёрун 13-майда билдирген. Түрк лидери Анкарада алжирдик кесиптеши Абделмажид Теббун менен биргелешип өткөргөн маалымат жыйынында Финляндия менен Швециянын террордук уюмдарды колдогону жана Түркияга каршы киргизген санкциялары үчүн НАТОго кирүүсүн колдобой турганын айткан. Эрдоган бул мамлекеттердин бири дагы террордук уюмдарга карата так позициясы жок экенин баса белгилеген….

Прочитайте больше

Швеция менен Финляндия НАТОго кирүү үчүн расмий арыз тапшырды

Швеция менен Финляндия НАТОго кирүү үчүн расмий арыз тапшырды

Бүгүн 18-майда Брюсселде Швеция менен Финляндиянын элчилери НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенбергге Түндүк атлантикалык союзга кирүү үчүн расмий арыз тапшырышты. Столтенберг НАТО алардын уюмга кирүүсү тездетилген тартип менен өтөрүнө үмүт артарын билдирди. Швеция менен Финляндия бейтарап макамынан баш тартып, Орусия Украинага кол салгандан кийин НАТОго кошулууну чечишти. Бул өлкөлөрдүн арызын НАТО Кеңеши карап чыгат, андан соң Швеция менен Финляндиянын мүчөлүгүн уюмга мүчө 30 өлкө ратификациялоого тийиш. Түндүк атлантикалык аскердик альянстын мүчөсү – Түркиянын президенти Режеп…

Прочитайте больше

Бириккен Араб Эмираттарынын президенти каза болду

Бириккен Араб Эмираттарынын президенти каза болду

Бириккен Араб Эмираттарынын (БАЭ) президенти Халифа бен Заид Аль Нахайян 73 жашында каза болду. Бул тууралуу эмираттардын WAM маалымат агенттиги Президенттин иштери боюнча министрликке таянуу менен кабарлады. Президенттин өлүмүнө байланыштуу өлкөдө 40 күндүк аза күтүү жарыяланды. Министрликтерде, мекемелерде жана жеке секторлордо 13-майдан тартып үч күнгө иш токтотулду. Халифа бен Заид Аль Нахайян мамлекеттин башчысы кызматын 2004-жылдан бери аркалап келген. Ага чейин өлкөнү анын атасы Заид Аль Нахайян башкарган. 1971-жылдан 2004-жылга чейин лидерлик кызматты ээлеген Заид…

Прочитайте больше

Душанбеде КМШнын Тышкы иштер министрлер кеңешинин жыйыны өтөт

Душанбеде КМШнын Тышкы иштер министрлер кеңешинин жыйыны өтөт

Бүгүн, 13-майда Душанбеде Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин (КМШ) Тышкы иштер министрлеринин кеңешинин жыйыны өтөт. Орусия ТИМ башчысы Сергей Лавров Душанбеге 11-май күнү кечинде эле келген. Жыйынга Тажикстан, Азербайжан, Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстан, Молдова жана Орусиянын тышкы иштер министрлери, Өзбекстандын тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу жана Түркмөнстандын тышкы иштер министринин орун басары катышат. «Ховар» маалымат агенттиги жыйындын катышуучулары КМШ алкагында кызматташуунун келечектерин талкуулап, эл аралык коопсуздук маселесине өзгөчө көңүл буруларын кабарлады. Жыйында Украинадагы абал талкууланат. Орусия ТИМи Сергей…

Прочитайте больше

Япония Орусияга жогорку технологиялык товарларды экспорттоого тыюу салды

Япония Орусияга жогорку технологиялык товарларды экспорттоого тыюу салды

Япония 20-майдан тарта кванттык компьютерлер, 3D принтерлер, электрондук микроскоптор жана башка жабдуулар сыяктуу жогорку технологиялуу товарларды Орусияга экспорттоого тыюу салды. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазышты. Товарлардын тизмеси Япония өкмөтүнүн чечимине ылайык, өлкөнүн экономика, соода жана өнөр жай министрлигинин сайтына жарыяланган. “Украинанын айланасындагы эл аралык кырдаалга байланыштуу биздин өлкө бул көйгөйдү чечүү үчүн дүйнөлүк тынчтык үчүн эл аралык аракеттерге салым кошууда жана өкмөттүн 10-майдагы чечимине ылайык, Орусияга жогорку технологиялык товарларды экспорттоого тыюу салууну киргизүүдө. Бул чектөөлөр…

Прочитайте больше

Түндүк Кореяда белгисиз ысытма оорусунан 350 миң адам жабыркады

Түндүк Кореяда белгисиз ысытма оорусунан 350 миң адам жабыркады

Түндүк Кореяда белгисиз ысытма ооруусу жайылууда. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары маалымдашты. Илдет апрель айынын аягында катталган. Жалпысынан андан 350 миң адам жабыркаганы жана буга чейин 162 миңдей бейтап оорудан дарыланганы айтылууда. Бирок, азырынча бул белгисиз ысытма оорусунун коронавирус менен байланышы бар же жок экени тактала элек. Бул белгисиз ысытма кечээ, 12-майда эле 18 миң адамдан табылып, жалпысынан 187,000 адам карантинге алынган.Буга чейин, Түндүк Кореяда коронавирус инфекциясынын биринчи учуру аныкталганы жана андан 6 адам…

Прочитайте больше

Талибан өкмөтү Орусиядан газ жана мунай сатып алууну көздөйт

Талибан өкмөтү Орусиядан газ жана мунай сатып алууну көздөйт

Ооганстан Ислам Эмираты Орусиядан газ жана мунай сатып алууну көздөп жатат жана аны жеткирүү боюнча  келишимге кол коюуга даяр. Мындай пикирди талиптеррдин Орусиядагы убактылуу ишенимдүү өкүлү Жамал Насир Гарвал РИА Новостиге берген интервьюсунда билдирди. Ошол эле учурда ал Кабул Москвадан насыя сурабай турганын, башка өлкөлөрдөн карыз албастан, инвестицияга басым жасарын айтты. «Биз бизнес жана каржы тармагында сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Орусия менен мамилелерде жылыш болушу үчүн чечкиндүү түрдө экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүнү каалайбыз. Ал эми иштиктүү багыттарга келсек, биз…

Прочитайте больше

Йемендик активист аялдын жоголушу жана Саудиянын элчисинин жаңы чатагы тууралуу окуя

Йемендик активист аялдын жоголушу жана Саудиянын элчисинин жаңы чатагы тууралуу окуя

Айрым маалымат булактарынын айтымында, Эр-Рияд Сауд Арабиянын Йемендеги элчисин жаңы сексуалдык жаңжал ачыкка чыккандан кийин кызматтан алуу ниетинде. Fars агенттигинин эл аралык тобунун маалыматына ылайык, Йемендик маалымат каражаттары Сауд коалициясына жакын йемендик активист Самира аль-Хури өткөн жылдын апрелинен бери дайынсыз жоголгондугун жазып жатышат. Юридикалык активист Самира аль-Хури 17-апрелден бери Эр-Риядда дайынсыз жоголду. Ал эми кээ бир маалымат булактары Йемендик активисттин Саудиянын атайын кызматы тарабынан камакка алынганын жана Мариб шаарындагы штабынан жеке учак менен Эр-Риядга жеткирилгенин…

Прочитайте больше

Шаввал айында орозо

Шаввал айында орозо

Суроо: Рамазан айынан кийин Шаввал айында орозо кармоонун кандай мааниси бар? ЖООП: Орозо кармоо дайыма сооптуу. Хадиси шарифте: «Орозо Жаханнам отунан коргой турчу калкан», – делген. (Бухари) Шаввал айында орозо кармоонун да сообу көп. Хадиси шарифте мындай делинет: «Рамазандан кийин Шаввал айында да 6 күн орозо кармаган адам энесинен туулган күндөгүдөй күнөөсүз болот.» (Табарани) «Рамазан орозосу менен Шаввал айында да 6 күн орозо кармаган адам бир жыл орозо кармаган болуп саналат.» (Ибни Маже) «Рамазан айынын…

Прочитайте больше

COVID-19: Дүйнөдөгү акыркы абал

COVID-19: Дүйнөдөгү акыркы абал

Жонс Хопкинс университети 2022-жылдын 10-майына карата дүйнөдө 517 миллион 888 миң 062 коронавирус инфекциясын жуктуруу учуру катталганын билдирди. Бул тууралуу коронавирус боюнча Республикалык штаб маалымдады. Маалыматка ылайык, дүйнө жүзү боюнча илдеттен 6 миллиондон ашуун адам каза болгон. Ал эми, ага каршы 11 миллиард адам эмдөөдөн өткөн. Эксперттердин айтымында, коронавирустун качан бүтөөрүн айтуу азырынча мүмкүн эмес. Анткени, вирус мутацияга кабылып, ар кандай штаммдар жана белгилелери байкалып жатат. Учурда вируска каршы эң натыйжалуу коргоо бул – эмдөө…

Прочитайте больше

Ирандын президенти Садыр Жапаровду Тегеранга келип кетүүгө чакырды

Ирандын президенти Садыр Жапаровду Тегеранга келип кетүүгө чакырды

Иран Ислам Республикасынын президенти Сейед Эбрахим Раиси Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровго эки өлкөнүн ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына байланыштуу куттуктоо катын жолдоду. “Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүн жарыялоо эки элдин тарыхына жана маданиятына сиңген көп жылдык мамилелеринин жаңы этабын ачып, аларды болуп көрбөгөндөй жакындатты. Маданий-цивилизациялык жалпылыктар, жалпы улуттук салттар – өз ара мамилелердин негизин түзгөн эбегейсиз байлык. Дипломатиялык мамилелердин отуз жылында Иран Ислам Республикасы эки тараптуу кызматташтыкты кеңейтүү үчүн олуттуу аракеттерди жасады. Эки өлкөнүн мамилелери маселелердин кеңири чөйрөсүн камтыйт, анын…

Прочитайте больше

Израил кайрадан Сирияга сокку урду

Израил кайрадан Сирияга сокку урду

Израил Сириянын түндүк-батышындагы Эль-Кунейтра провинциясындагы Хадер аймагына кол салды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар Сириянын SANA мамлекеттик агенттигине шилтеме берип жазышты. Маалыматка караганда, кол салуудан жабыркагандар жана курман болгондор жок. “Израиль Эль-Кунейтранын түндүгүндөгү Хадер аймагынын чет жакасына ракеталык чабуул жасады. Материалдык жактан гана зыян болду”, – деп жазылат маалыматта. Буга чейин, акыркы жолу апрель айынын ортосунда Израил Сириянын борбору Дамасктын чет жакаларына абадан чабуул жасаганын, бир катар объектилер аткыланганын SANA агенттиги кабарлаган. Кол салуу Голан…

Прочитайте больше

АКШ Конгресси Украинага ири суммада жардам берүү мыйзамын жактырды

АКШ Конгресси Украинага ири суммада жардам берүү мыйзамын жактырды

АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасы Украинага рекорддук суммадагы кошумча жардам пакетин бөлүү боюнча мыйзам долбоорун жактырды. Маалыматка караганда, Америка Украинага аскердик, экономикалык жана гуманитардык жардам берүү үчүн 40 миллиард доллар бөлөт. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазышты. Бул кошумча каржылоо боюнча кайрылууну Конгресске АКШнын президенти Жо Байден жөнөткөн. Демилгени 368 конгрессмен колдоп, 57си каршы добуш берди. Мыйзам долбоору эми Конгресстин Сенатына жөнөтүлөт. Эгер жактырылса, документ Байденге кол коюуга берилет. Аталган сумманын 15 миллиард долларга жакынына украин армиясына курал-жарак жана…

Прочитайте больше

Тегеран Ирактын Эрбил шаарын аткылаганы кабарланды

Тегеран Ирактын Эрбил шаарын аткылаганы кабарланды

Ирандын “Тасним” маалымат агенттиги 11-майда Ислам революциясынын сакчылар корпусу Ирактын түндүгүндөгү Күрт автоном районунун баш калаасы Эрбилге чабуул койгонун кабарлады. Маалыматка караганда, Ислам революциясынын сакчылар корпусу Эрбилдеги “террордук топтордун турумдарын” бутага алган. Жабыркагандар тууралуу маалымат жок. “Ирактын түндүгүндөгү террордук топтордун, анын ичинде Күрдистан демократиялык партиясынын штабы буга чейин да бир нече жолу бутага алынган”,-деп жазды “Тасним”. Марттын орто ченинде сакчылар корпусу Эрбилге баллистикалык ракеталар менен сокку урушкан. Тегеран өз кадамын Эрбилде “Израилге караштуу стратегиялык борбор…

Прочитайте больше

Иордания: Сионисттик режим 2 миллиард мусулмандын сабырын сынабашы керек

Иордания: Сионисттик режим 2 миллиард мусулмандын сабырын сынабашы керек

Иордания парламентиндеги Палестина комитети мусулмандардын Акса мечитинин абсолюттук ээлигине басым жасоо менен бирге сионисттик режимге 2 миллиард мусулмандын сабырын сынабасын деп эскертти. Аль-Алам агенттигинин маалыматына ылайык, Иорданиянын Өкүлдөр палатасындагы Палестина комитети жекшемби күнү Израилдин премьер-министри Нафтали Беннеттин режимдин Месжид-и Аксадагы башкаруусу тууралуу сөздөрүн айыптап, 2 миллиард мусулмандын сабырын сынап көрбөөгө чакырды. Анын төрагасы Мохаммад аз-Захрави тарабынан окулган билдирүүдө комитет мындай билдирүүлөр бүткүл аймактагы диний согуштарга май тамызарын жана басып алынган Иерусалим менен Акса мечитиндеги тарыхый…

Прочитайте больше
1 2 3 4 5 6