Австриянын экономика министри билдирүү жасады. Австриянын экономика министри Маргарете Шрамбок Орусияга карата ыктымалдуу жаратылыш газ эмбаргосуна каршы чыккандарын жана мунун алар үчүн «кызыл сызык» экенин айтты. Шрамбок немис басма сөзүнө берген маалыматында Австриянын да, Германиянын да бул багыттагы санкцияны алып сала албастыгын баса белгилеп, эки өлкөнүн тең ыктымалдуу жаратылыш газ эмбаргосуна каршы экенин жана мунун пайдадан көбүрөөк зыян алып келерин билдирди. Газ эмбаргосун четке каккандарын маалымдаган Шрамбок: “Австрия үчүн газ эмбаргосу кызыл сызык болуп саналат”,- деди. Жарандардын төлөгөн салыктары менен Австриянын…
Прочитайте большеDay: May 6, 2022
Кытайдын Хунань аймагында имарат кулап 53 адам каза болду
Имараттын кулашына себепкер деген жүйө менен имараттын ээси да болгон 9 киши камакка алынды. Кытайдын Хунань провинциясынын борбору Чанша шаарында ураган имаратта каза болгондордун саны 53кө жетип, 10 адам жаракат алды. Жергиликтүү башкаруулардан берилген маалыматта 29 – апрелде ураган имараттын урандысында бир жумадан бери жүргүзүлүп жаткан куткаруу иштеринин акырына чыккандыгы белгиленди. Уранды астында калган бардык кишилерге жетишилгендиги билдирилип, каза болгондордун саны 53кө жеткендиги маалымдалды. Мурунку күнү түнкү сааттарда бир киши 132 саатта урандыдан куткарылды. Урандыдан…
Прочитайте большеӨзбекстандын чек арачыларынын огунан 3 кыргызстандык каза болду
Өзбекстандын чек арачылары КР жарандарына курал колдонушуп, натыйжада 3 кыргызстандык каза болду. Бул тууралуу КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, кечээ, 5-майда кыргыз-өзбек мамлекеттик чек ара тилкесинин Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Актам айыл аймагынын Дөбө-Коргон жерлигинде Өзбекстандын Мамлекеттик коопсуздук кызматынын Чек ара аскерлигинин чек арачылары Кыргызстандын үч жаранына курал колдонушкан. Натыйжада Кыргызстандын 1974-жылы туулган А.К., 1998-жылы туулган А.Ж. жана 2000-жылы туулган А.Ж., жарадар болуп, Ала-Бука районунун ооруканасына…
Прочитайте большеАрменияда 10 миң адам Н. Пашиняндын отставкасын талап кылууда
Ереванда миңдеген киши парламент менен ТИМ имаратын курчап алды. Армениянын баш калаасы Ереван шаарында өлкөнүн премьер-министри Никол Пашиняндын отставкасын талап кылып жаткан 10 миңге жакын адам Улуттук жыйындын (парламент) имаратына кирүүгө аракет кылды. “Азаттыктын” армян кызматы күбөлөргө таянып, чогулгандар парламент имаратын курчап турган полиция кызматкерлери менен кагылышканын кабарлады. Андан соң акция катышуучулары өлкөнүн Тышкы иштер министрлигине барып, анын имаратын курчап алышты. Митинг катышуучуларынын бири имараттын ичине кирип, Тоолуу Карабактын желегин илип коюуга үлгүргөн. Көп өтпөй полиция кызматкерлери…
Прочитайте большеХания: Палестина эли баскынчылардын кол салууларына эч качан унчукпай койбойт
Хамастын саясий бюросунун башчысы Палестина эли баскынчылардын ыйык жерлерине жана Аль-Акса мечитине жасаган кол салууларына эч качан унчукпай койбой турганын баса белгиледи. Палестинанын Исламдык каршылык көрсөтүү кыймылынын (Хамас) саясий бюросунун башчысы Исмаил Хания бейшемби күнү Тель-Авивдин жанындагы Аль-Аад шаарында шейиттик операциядан кийин өлтүрүлгөн 3 израилдик жана дагы алты киши жаракат алганына карата мындай деди: Ал-Акса мечити чыныгы кызыл сызык, аны сүйлөшүүгө болбойт жана экиге бөлүүгө болбойт, ал жалаң исламий мечит жана тарыхый жана биздин элибизге…
Прочитайте больше