Бириккен Араб Эмираттарынын президенти каза болду

Бириккен Араб Эмираттарынын президенти каза болду

Бириккен Араб Эмираттарынын (БАЭ) президенти Халифа бен Заид Аль Нахайян 73 жашында каза болду. Бул тууралуу эмираттардын WAM маалымат агенттиги Президенттин иштери боюнча министрликке таянуу менен кабарлады. Президенттин өлүмүнө байланыштуу өлкөдө 40 күндүк аза күтүү жарыяланды. Министрликтерде, мекемелерде жана жеке секторлордо 13-майдан тартып үч күнгө иш токтотулду. Халифа бен Заид Аль Нахайян мамлекеттин башчысы кызматын 2004-жылдан бери аркалап келген. Ага чейин өлкөнү анын атасы Заид Аль Нахайян башкарган. 1971-жылдан 2004-жылга чейин лидерлик кызматты ээлеген Заид…

Прочитайте больше

Душанбеде КМШнын Тышкы иштер министрлер кеңешинин жыйыны өтөт

Душанбеде КМШнын Тышкы иштер министрлер кеңешинин жыйыны өтөт

Бүгүн, 13-майда Душанбеде Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин (КМШ) Тышкы иштер министрлеринин кеңешинин жыйыны өтөт. Орусия ТИМ башчысы Сергей Лавров Душанбеге 11-май күнү кечинде эле келген. Жыйынга Тажикстан, Азербайжан, Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстан, Молдова жана Орусиянын тышкы иштер министрлери, Өзбекстандын тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу жана Түркмөнстандын тышкы иштер министринин орун басары катышат. «Ховар» маалымат агенттиги жыйындын катышуучулары КМШ алкагында кызматташуунун келечектерин талкуулап, эл аралык коопсуздук маселесине өзгөчө көңүл буруларын кабарлады. Жыйында Украинадагы абал талкууланат. Орусия ТИМи Сергей…

Прочитайте больше

Япония Орусияга жогорку технологиялык товарларды экспорттоого тыюу салды

Япония Орусияга жогорку технологиялык товарларды экспорттоого тыюу салды

Япония 20-майдан тарта кванттык компьютерлер, 3D принтерлер, электрондук микроскоптор жана башка жабдуулар сыяктуу жогорку технологиялуу товарларды Орусияга экспорттоого тыюу салды. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазышты. Товарлардын тизмеси Япония өкмөтүнүн чечимине ылайык, өлкөнүн экономика, соода жана өнөр жай министрлигинин сайтына жарыяланган. “Украинанын айланасындагы эл аралык кырдаалга байланыштуу биздин өлкө бул көйгөйдү чечүү үчүн дүйнөлүк тынчтык үчүн эл аралык аракеттерге салым кошууда жана өкмөттүн 10-майдагы чечимине ылайык, Орусияга жогорку технологиялык товарларды экспорттоого тыюу салууну киргизүүдө. Бул чектөөлөр…

Прочитайте больше

Түндүк Кореяда белгисиз ысытма оорусунан 350 миң адам жабыркады

Түндүк Кореяда белгисиз ысытма оорусунан 350 миң адам жабыркады

Түндүк Кореяда белгисиз ысытма ооруусу жайылууда. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары маалымдашты. Илдет апрель айынын аягында катталган. Жалпысынан андан 350 миң адам жабыркаганы жана буга чейин 162 миңдей бейтап оорудан дарыланганы айтылууда. Бирок, азырынча бул белгисиз ысытма оорусунун коронавирус менен байланышы бар же жок экени тактала элек. Бул белгисиз ысытма кечээ, 12-майда эле 18 миң адамдан табылып, жалпысынан 187,000 адам карантинге алынган.Буга чейин, Түндүк Кореяда коронавирус инфекциясынын биринчи учуру аныкталганы жана андан 6 адам…

Прочитайте больше

Талибан өкмөтү Орусиядан газ жана мунай сатып алууну көздөйт

Талибан өкмөтү Орусиядан газ жана мунай сатып алууну көздөйт

Ооганстан Ислам Эмираты Орусиядан газ жана мунай сатып алууну көздөп жатат жана аны жеткирүү боюнча  келишимге кол коюуга даяр. Мындай пикирди талиптеррдин Орусиядагы убактылуу ишенимдүү өкүлү Жамал Насир Гарвал РИА Новостиге берген интервьюсунда билдирди. Ошол эле учурда ал Кабул Москвадан насыя сурабай турганын, башка өлкөлөрдөн карыз албастан, инвестицияга басым жасарын айтты. «Биз бизнес жана каржы тармагында сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Орусия менен мамилелерде жылыш болушу үчүн чечкиндүү түрдө экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүнү каалайбыз. Ал эми иштиктүү багыттарга келсек, биз…

Прочитайте больше