Немис канцлери Украина Евробиримдикке шашылыш киргизилбей турганын айтты

Немис канцлери Украина Евробиримдикке шашылыш киргизилбей турганын айтты

Европа Биримдигиндеги мүчө өлкөлөрдүн бири – Германиянын канцлери Олаф Шольц Орусиянын баскынчылыгына карабай Украина уюмга шашылыш кошулбай турганын жарыялады. Бул тууралуу пикирин ал 19-майда Бундестагда сүйлөп жатып айтты. “Евробиримдикке кирүүдө кыска жолдор жок. Мындай кылсак, анда Батышта Балкандагы алты өлкөгө карата калыстык болбой калат. Алар көп жылдан бери уюмга кирүү үчүн ургалдуу реформаларды жасап, даярдык көрүп келет. Биздин аларга берген убадабыз – биздин аброюбуздун маселеси эмес. Өзүбүздүн коопсуздугубуз жөнүндө кеп болуп жатат”,-деди Шольц. Немис канцлери…

Прочитайте больше

Эксперт: Тажикстанга ЖККУнун бейпилдик күчтөрү кириши мүмкүн

Эксперт: Тажикстанга ЖККУнун бейпилдик күчтөрү кириши мүмкүн

Эгер Тажикстан Тоолуу Бадахшандагы кырдаалды тышкы террорчулар туруксуздаштырып жатканын далилдесе, анда ал ЖККУдан жардам сурай алат. Башкача айтканда, коңшу өлкөнүн аймагындагы кырдаалды жөнгө салуу үчүн ЖККУнун аскердик контингенти кириши мүмкүн. Бул тууралуу коопсуздук боюнча эксперт, УКМКнын төрагасынын экс-орун басары Артур Медетбеков «Вечерний Бишкек» басылмасына билдирди. Анын айтымында, Казакстан мындай кырдаалда ЖККУнун бардык мүчөлөрү үчүн үлгү болуп калды. “Акыркы күндөрү Тоолуу-Бадахшан автономиялуу облусунан массалык нааразылык акциялары болуп жатканы тууралуу маалымат келип жатат. Ошондуктан ЖККУ Тажикстандагы Эмомали Рахмондун режимин…

Прочитайте больше

Украинадагы аскердик операция Борбор Азияга кандай таасир тийгизет: божомолдор жана чыныгы абал

Украинадагы аскердик операция Борбор Азияга кандай таасир тийгизет: божомолдор жана чыныгы абал

Россиянын Украинадагы аскердик операциясы Борбор Азия өлкөлөрүнө кандай таасирин тийгизүүдө жана андан чыгуунун жолдору барбы? Украинадагы аскердик операциянын башталгандыгына үч айга жакындап калды. Эки тарап тең экономикалык, саясый, каржылык жана эң негизгиси адамдык жоготууларга учуроодо. Айрым мамлекеттер Россияны басып алуучулук аракетин жасоодо деп айыптаса, Москва башка көз карашты карманууда: Россия Украинанын НАТОго кошулуусунан жана андан ары бул өлкөдө аскердик жана биологиялык объектилерин жайгаштыруусунун алдын алып, өз коопсуздугун коргоп жаткандыгын айтууда. Бүгүнкү күндө АКШ жана Батыш…

Прочитайте больше

Кытай Кыргызстанда электромобиль чыгарат

Кытай Кыргызстанда электромобиль чыгарат

Кытайлык ишкерлер Кыргызстанда машина,  электромобиль куроочу ишкана ачуу боюнча келишим түздү. Бул тууралуу “Кыргызиндустрия” ачык акционердик коому менен кытайлык “Гуандун Синьцзиян энерджи девелопмент” жоопкерчилиги чектелген коомунун ортосунда меморандумга кол коюлгандыгын аталган ишкананын басма сөз кызматы билдирди. “Кыргызиндустрия” ААК Кытайдын «Гуандун Синьцзинь Энерджи Девелопмент» ЖЧК менен өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол койду. Бул документтин алкагында тараптар уставдык капиталы 200 миллион доллар болгон Кыргыз-Кытай фондун түзүү жана аны 1 млрд долларга жеткирүүнү көздөп жатышат. Ошондой эле…

Прочитайте больше

Швеция менен Финляндиянын НАТОго кириши Европа үчүн кооптуубу?

Швеция менен Финляндиянын НАТОго кириши Европа үчүн кооптуубу?

Финляндиянын жана Швециянын НАТОго мүчө болушу Европанын коопсуздугуна коркунуч келтирет. Бул тууралуу Германиянын Jung Welt гезити жазганын lenta.ru маалымдады. Басылманын журналисттери Стокгольм менен Хельсинкинин альянска мүчө болуусу тууралуу чечимди Европа аймагы үчүн “өлүмгө алып келүүчү кадам” деп баалашты. Алар аскердик блоктун кошумча кеңейиши Европадагы коопсуздукту жакшыртпай эле тескерисинче азайтып, масштабдуу куралдуу кагылышуулардын коркунучун күчөтөт деп эсептешет. Алардын айтымына караганда, Орусия Скандинавия мамлекеттеринин НАТОго киришине байланыштуу коркунучта эмес. Кечээ, 18-майда Брюсселде Швеция менен Финляндиянын элчилери НАТОнун…

Прочитайте больше