Украинадагы согуш Кыргызстандын жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн экономикасына кандай таасир этет? – экономисттин пикири

Украинадагы согуш Кыргызстандын жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн экономикасына кандай таасир этет? – экономисттин пикири

Батыш Орусияга каршы он миңдеген санкцияларды киргизип, экономикасы кыйрайт деп үмүттөнүшкөн, бирок, биз көрүп тургандай, андай болгон жок. Украинадагы согуш Кыргызстанга жана аймактагы өлкөлөргө кандай таасир этиши мүмкүн экенин Экономика илимдеринин доктору, профессор Гурас Жапаров түшүндүрүүгө аракет кылды. Анын айтымында, валюта рыногуна тиешелүү дагы бир жагдай бар. Украинада аскердик аракеттер башталганда рублдун наркы болуп көрбөгөндөй төмөндөп кеткен, бирок бүгүнкү күндө рубль өзүн бир топ эркин сезип турат. “Бирок мунун баары Орусиянын ичиндеги кандайдыр бир каржылык же экономикалык…

Прочитайте больше

Россия быйыл Европага газ сатуудан $100 млрд. киреше табат

Россия быйыл Европага газ сатуудан $100 млрд. киреше табат

Les Echos газетасынын маалыматына ылайык, Евробиримдиктин 27 өлкөсү күн сайын  “Газпромго” $200 млн. жөнөтүүдө. Күйүүчү жана майлоочу майларга, жаратылыш газы менен энергетикага дүйнөлүк баанын кескин жогорулашынан улам Россия үстүбүздөгү жылы европалык өлкөлөргө бир эле жаратылыш газын сатуудан рекорддук  $100 млрд. киреше табышы мүмкүн. Мындай божомолду Citi банкынын аналитиктери жасагандыгын Les Echos газетасы маалымдады. Жарыяланган маалыматтарга ылайык, газ сатуудан түшө турган пайда өткөн жылга салыштырмалуу дээрлик эки эсе көп болот. Ошол эле учурда анализде Россиянын мунай,…

Прочитайте больше

Дүйнөдө маймыл чечеги жайылып жатат. Жаңы пандемия чыгабы?

Дүйнөдө маймыл чечеги жайылып жатат. Жаңы пандемия чыгабы?

Май айынын башында АКШда, Европанын бир катар өлкөлөрүндө, ошондой эле Австралияда маймыл чечегинин ондогон кишилерге жуккан жаңы учурлары катталды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды. Биринчи учурлар Улуу Британияда катталганы, андан кийин Португалия, АКШ, Швеция, Канада жана башка өлкөлөрдө да аныкталганы белгилүү болду. 20-майда Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму чукул жыйынга чогулуп, инфекциянын жайылышы боюнча учурдагы кырдаалды талкуулады. Маймыл чечеги деген эмне? Ал кооптуубу? Маймыл чечек – вирустук оору, илдет адатта 1980-жылы эмдөө аркылуу жок…

Прочитайте больше

АКШ: Түркияны НАТОдон чыгарууга убакыт келди

АКШ: Түркияны НАТОдон чыгарууга убакыт келди

Түркия альянсты кеңейтүүгө карата позициясынан улам НАТОдон чыгарылыш керек. Мындай билдирүүнү Жакынкы Чыгыш форумунун президенти, тарыхчы жана чыгыш таануучу Дэниел Пайпс TVP World телеканалынын эфиринде билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды. “Мындай кырдаалдагы Анкаранын аракети “шантаж”. Эгер ага кандайдыр бир артыкчылыктар берилсе, ал альянсты кеңейтүүгө макул болушу мүмкүн”, – деди Пайпс. Мындан тышкары, эксперт Түркиянын акыркы жыйырма жылдагы эл аралык саясатын сынга алды. “1952-жылдан 2002-жылга чейин Түркия НАТОнун абдан жакшы өнөктөшү болгон, бирок акыркы 20 жылда ал…

Прочитайте больше

Окумуштуулар Айдын топурагына биринчи жолу өсүмдүк өстүрүштү – Видео

Окумуштуулар Айдын топурагына биринчи жолу өсүмдүк өстүрүштү – Видео

Флорида университетидеги америкалык окумуштуулар Айдын топурагына отургузулган өсүмдүктү ийгиликтүү өстүрө алышты. Бул тууралуу НАСА билдирди. Маалыматка ылайык, Айдын топурагында жасалган эксперименттер 11 жылга созулган. Топурак 1960-1970-жылдары Аполлон миссиясы учурунда чогултулган. Бардыгы болуп Жерге 382 кг ай таштары жана реголит жеткирилген. Үлгүлөр чоң тарыхый мааниге ээ жана окумуштуулар үчүн аларды NASAдан алуу оңой болгон эмес. Бирок агенттик ошого карабастан микро бакчаны өстүрүү үчүн 12 грамм материал алууга уруксат берген. Чондугу оймоктой болгон идиштерге бир граммдан ай…

Прочитайте больше

АКШнын Сенаты Украинага жардам пакетин жактырды

АКШнын Сенаты Украинага жардам пакетин жактырды

Каражаттын көбү куралданууга жумшалат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар маалымдашты. Мыйзам долбоору эми АКШнын президенти Жо Байденге кол коюуга жөнөтүлөт. Ал Украинага дароо жардам бериле башташы үчүн жакынкы бир нече сааттын ичинде документке кол коюусу күтүлүүдө. Бөлүнгөн каражат эмнеге жумшалат: –  6 миллиард доллар – коргонууга (машыгуу, жабдуулар жана курал); –  8,7 миллиард доллар – АКШдан Украинага жөнөтүлүп жаткан курал-жарактардын запасын толтурууга; –  3,9 миллиард доллар – АКШнын куралдуу күчтөрүнүн европалык командачылыгына жардам катары; –  5 миллиард…

Прочитайте больше

Тоолуу Бадахшанда оппозицияга кимдер курал берген?

Тоолуу Бадахшанда оппозицияга кимдер курал берген?

Тоолуу Бадахшан автоном облусунун Рушан районундагы “контртеррористтик операциянын” жүрүшүндө 114 киши кармалды. Бул тууралуу 19-майда Тажикстандын Ички иштер министрлиги (ИИМ) билдирди. Тоолуу Бадахшандын тургундары Рушан районундагы операциянын максаты – андагы нааразылык акциясын токтотуу болгонун билдирүүдө. Ал акциянын катышуучулары Тажикстанды Кытай менен бириктирген Душанбе-Кульма автоунаа жолун бөгөп турушкан. 19-майда улуттук “Ховар” агенттиги ИИМдин басма сөз кызматына шилтеме кылып, операциянын жүрүшүндө “террордук топтордон” Калашников үлгүсүндөгү 24 автомат, 5 пулемет, түрдүү маркадагы 18 тапанча, ТОЗ-18 үлгүсүндөгү 4 винтовка,…

Прочитайте больше

Президенттер Бишкекке келбейт. ЕАЭБтин жыйыны онлайн режиминде өтөт

Президенттер Бишкекке келбейт. ЕАЭБтин жыйыны онлайн режиминде өтөт

27-майда Бишкекте Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйыны видеоконференция режиминде өтөт. Бул тууралуу Евразиялык экономикалык комиссиянын коллегиясынын башчысы Михаил Мясникович Беларус Республикасына жасаган иш сапарынын жыйынтыгы боюнча журналисттерге берген маегинде билдирди. Анын айтымында, 26-майда өтө турган биринчи Евразиялык экономикалык форумга да Биримдиктин мамлекет башчылары видеоконференция аркылуу катышат. Саммиттин күн тартибинде 14 маселе бар. «Биз муну бетме-бет форматта өткөрүүгө даярданып жатканбыз, бирок жакында эле чечим кабыл алынып, мамлекет башчылары форумга жана Кеңештин жыйынына видеоконференция байланыш аркылуу катыша турган болду»,…

Прочитайте больше

Климаттык катастрофа жакындап келе жатат – БУУнун баш катчысы эскертүү жасады

Климаттык катастрофа жакындап келе жатат – БУУнун баш катчысы эскертүү жасады

Дүйнөлүк метеорологиялык уюмдун 2021-жылдын жыйынтыгы боюнча докладында климаттык катастрофа жакындап келе жатканы ачык көрүнүп турат. Бул тууралуу БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш билдиргенин чет элдик басылмалар жазышты. “Глобалдык энергетика системасы бузулду жана бул бизди климаттык катастрофага жакындатууда”, – деди БУУнун Башкы катчысы документке комментарий берип жатып. Ошондой эле, деңиз деңгээлинин көтөрүлүшү, океандагы температуранын жана кычкылдуулуктун жогорулашы боюнча 2021-жылы катталган рекорддук көрсөткүчтөрдү баса белгиледи. Ал эми Бүткүл дүйнөлүк метеорологиялык уюмдун башкы катчысы Петтери Таалас өз кезегениде бул процесстер атмосферадан көмүртектерди соруп…

Прочитайте больше