Садыр Жапаров Владимир Путин менен кандай маселелерди талкуулады?

Садыр Жапаров Владимир Путин менен кандай маселелерди талкуулады?

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кечээ, 24-майда, Сочи шаарында Орусия Федерациясынын Президенти Владимир Путин менен жолугушту. Бул тууралуу КРнын Президентинин Аппаратынын маалымат кызматы маалымдады.Эки өлкөнүн башчылары кыргыз-орус эки тараптуу кызматташуусунун учурдагы абалы жана келечектүү багыттары, акыркы жолугушуунун жыйынтыгында жетишилген келишимдердин ишке ашырылышы, ошондой эле интеграциялык бирикмелердин алкагында өз ара аракеттенүүнүн артыкчылыктуу пландарын талкуулашты. Ошондой эле, башкалар менен катар аймактык коопсуздукту жана туруктуулукту сактоо маселелери да каралды. Мамлекет башчылары мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде ушул жылдын 28-30-апрель күндөрү болуп өткөн…

Прочитайте больше

Москвада кыргыз мекендештер “Мавлид” өткөрүштү

Москвада кыргыз мекендештер “Мавлид” өткөрүштү

Ислам пайгамбарынын (с.а.в) туулган күнүнө карата “Мавлид ан- Набий” жөрөлгөсү Москванын 7000  кишилик “Сити хол” имаратында өктөрүлдү. Жөрөлгөдө Пайгамбарыбыздын (с.а.в) өмүрүн кайра карап чыгуу, инсандык баалулуктар жана адеп-ахлак жөнүндө баяндар окулду.Мавлидге Ислам таалимдерине кайдыгер карабаган Орусиядагы миңдеген мекендештер келип катышышты. Белгилей кетсек, аталган жөрөлгөгө КМДБнын Орусиядагы өкүлү Сүйүнбек Жусубалиев, муфтийдин милдетин убактылуу аткаруучу Жоробай Шергазыев, Ислам институнун ректору Абдышүкүр Нарматов, аалым Тариэл Абжалбеков, Дин иштери боюнча өкмөттүк комиссиясынын директору Медер Карыбаев жана Орусиянын муфтийи, Москвадагы ири мечиттин имамы Ильдар Аляутдинов чыгып Пайгамбарыбыздын өмүр…

Прочитайте больше

Түркияда аскердик роботтор жасалды (фото, видео)

Түркияда аскердик роботтор жасалды (фото, видео)

Түркияда жасалган ортоңку класстагы аскердик “Barkаn” деп аталган жерде жүрүүчү пилотсуз роботтоштурулган аппарат бир катар сыноолордон ийгиликтүү өттү. Бул тууралуу Anadolu агенттиги түркиялык “Havelsan” компаниясынын башкы директорунун орун басары Мухиттин Солмазга шилтеме берип маалымдады. Солмаз айткандай, аппараттын үстүнөн иштөө бир жарым-эки жыл мурун башталган. Ал куралдуу чалгындоо, байкоо жүргүзүү жана аскерлерди колдоо үчүн жасалган. “Биздин негизги максатыбыз – бул аппаратка жасалма интеллектти киргизүү. Бул унаалар  пилотсуз учуучу аппараттар, башка пилотсуз жерде жүрүүчү техникалар же башка башкарылуучу аппараттар…

Прочитайте больше

Сауд Арабиясындагы жардам сураган кыргыз аялдын үнү дипломаттарга жетти

Сауд Арабиясындагы жардам сураган кыргыз аялдын үнү дипломаттарга жетти

Сауд Арабиясында үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган кыргызстандык аял Асел Дуванаевага жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу анын достору билдиришти.Белгилей кетсек, жабыркаган Аселге биринчилерден болуп Кыргызстандын Сауд Арабиядагы элчилиги жана анын досу Лариса Даниленко көмөктөшкөн.Аселдин кайрылуусунан кийин милиция Аселдин документтерин күйөөсүнөн талап кылган, ал ачууланып, кыйкырып, анан аргасыздан берген.Учурда ажырашуу процесси башталууда.  “Эми ажырашуу үчүн адвокатка акча чогултушубуз керек », – деди Лариса Даниленко. Эске салсак, буга чейин Сауд Аравиясында жашаган кыргызстандык аял Асел Дуванаева үй-бүлөлүк зомбулукка нааразы болуп, жардам сурап…

Прочитайте больше

Сауд Аравиясы быйыл чет элдиктерди ажылыкка кабыл алат

Сауд Аравиясы быйыл чет элдиктерди ажылыкка кабыл алат

Быйылкы жылы чет мамлекеттердин жарандары Сауд Аравиясындагы исламдын ыйык жерлерине зыярат кылуу менен бирге ажылык амалдарын аткара алышат.  “Аль-Ватан” гезити билдиргендей, катуу санитардык нормаларды сактоо ажылыкка баруунун шарты болот. Белгилей кетсек, буга чейин Сауд Аравиясынын бийликтери коронавирус пандемиясынын шартында чет элдиктер үчүн ажылык сапарды уюштуруу мүмкүнчүлүгүн карап жаткандыгы маалымдалган. Ажылык жана умра иштери боюнча министрлик өлкөдөгү жана дүйнөдөгү кырдаалдын өзгөрүшүнө жараша конкреттүү пландарды жана чараларды кийинчерээк жарыялоону көздөп жатат. Эске салсак, ажылык парзын аткаруу үчүн…

Прочитайте больше

Италияда асма жолдо илинген кабина 20 метр бийиктиктен кулап, 14 адам каза болду (видео)

Италияда асма жолдо илинген кабина 20 метр бийиктиктен кулап, 14 адам каза болду (видео)

Италиянын түндүгүндө Мажоре көлүнө жакын жерде асма жолдо илинген фуникулёр кабинасы 20 метр бийиктиктен кулап, кеминде 14 киши каза болду. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазды.   Кабина жүргүнчүлөрдү Стреза курорттук шаарынан Пьемонттогу Моттаррон тоосуна  алып бара жаткан.Куткаруу кызматынын өкүлдөрүнүн айтымында, жаракат алгандардын арасында  беш жана тогуз жаштагы эки бала бар болгон, алар тик учак менен Туриндеги ооруканага жөнөтүлгөн. Кийинчерээк 9 жаштагы бала алган жаракатынан улам көз жумган. Экинчи бала бир нече сыныктарды алган, дарыгерлер…

Прочитайте больше

COVID-19га каршы күрөшүүгө, экономикалык жана социалдык өнүгүүгө ири суммада акча берилет

COVID-19га каршы күрөшүүгө, экономикалык жана социалдык өнүгүүгө ири суммада акча берилет

Эл аралык өнүктүрүү ассоцияциясы Кыргызстанга 17 млн доллар көлөмүндө жеӊилдетилген каражат бөлөт. Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитети «2021-жылдын 4-мартында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууну ( COVID-19 га чара көрүү боюнча) айылды инвестициялоонун үчүнчү долбоорунун алкакгындагы кошумча каржылоо) жана 2021-жылдын 4-мартында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциясынын ортосундагы айылды инвестициялоонун үчүнчү долбоору боюнча 2015-жылдын 12-июнундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү…

Прочитайте больше

Президент Садыр Жапаров Россия Федерациясына иш сапары менен жөнөп кетти

Президент Садыр Жапаров Россия Федерациясына иш сапары менен жөнөп кетти

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 24-майда, иш сапары менен Россия Федерациясынын Сочи шаарына жөнөп кетти. Иш сапардын алкагында Садыр Жапаров Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Анда эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы байланыштарды кеңейтүүнүн келечегин талкуулоо пландаштырылууда. Бул тууралуу КРнын Президентинин Аппаратынын маалымат кызматы билдирди. Регионалдык коопсуздукту, анын ичинде ЖККУ, КМШ жана ШКУнун алкагындагы коопсуздукту камсыз кылуу кызыкчылыгында өз ара аракеттенүүгө, ошондой эле евразиялык экономикалык интеграцияны тереңдетүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулат. Жолугушуунун…

Прочитайте больше

АКШ Жакынкы Чыгышка жана Борбор Азияга аскердик объектилерди курууну пландаштырууда

АКШ Жакынкы Чыгышка жана Борбор Азияга аскердик объектилерди курууну пландаштырууда

АКШ Жакынкы Чыгышка жана Борбор Азияга, анын ичинде Түркмөнстанга аскердик объектилерди курат. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттар жазып чыгышты.Маалыматка ылайык, АКШнын Коргоо министрлиги Жакынкы Чыгышка жана Борбор Азияга, анын ичинде Түркмөнстанга аскердик объектилерди курууга 240 миллион доллар бөлүүнү пландаштырууда. Орусиянын ММКнын маалыматына караганда, учурда АКШнын армиясынын инженерлер тобу потенциалдуу подрядчиктерди издеп жатат.Түркмөн өкмөтү АКШнын өлкөдө аскерий объектисин куруу пландары боюнча расмий түрдө комментарий бере элек. Акыркы апталарда АКШ аскерлери Ооганстандан чыгып кеткенден кийин Борбор…

Прочитайте больше

Бишкекте бийиктиги 65 метр болгон мунара курулушу мүмкүн

Бишкекте бийиктиги 65 метр болгон мунара курулушу мүмкүн

Мунара ак түстө болуп, айрым бөлүктөрү алтын жана күмүш менен капталат. Борбор калаанын түштүк тарабында бийиктиги 65 метр болгон «Бишкек Тауэр» мунарасы пайда болушу мүмкүн. Долбоордун эскизин «Бишкекбашкыархитектура» муниципиалдык ишканасы жарыялады. Архитекторлордун ою боюнча, имарат жөнөкөй геометриялык фигуралардан жана сызыктардан турат. Анда кафе жана башка объекттер болот. Мунаранын бийиктиги 65 метрди түзөт. «Бишкек Тауэр» ак түстө болуп, айрым бөлүктөрү алтын жана күмүш менен капталат.

Прочитайте больше

Турсунбай Бакир уулу: «Биз палестиналыктардын жеңиши үчүн ар дайым дуба кылуубуз керек»

Турсунбай Бакир уулу: «Биз палестиналыктардын жеңиши үчүн ар дайым дуба кылуубуз керек»

КРнын Жогорку Кеңешинин мурдагы депутаты, экс-акыйкатчы жана белгилүү саясый ишмер Турсунбай Бакир уулу менен учурдагы Палестина маселеси боюнча кабарчыбыз маектешти. 10-майдан тарта Израилдин армиясы Газага чабуул баштады.Учурда 200дөн ашуун палестиналыктар курман болушту, жарымынан көбү балдар менен аялдар. Эл аралык коомчулук бул абалда эки тараптуу колдоо көрсөтүшүүдө; бир тарап кордолгон Палестина элин колдосо, экинчи тарап Израилдин укуктарын коргоодо. –  Турсунбай ажы, Сиздин оюңузча учурдагы абалдын натыйжасында 3-дүйнөлүк согуш, тагыраак айтканда мусулмандар менен сионисттер ортосундагы диний согуш…

Прочитайте больше

Кытай палестиналыктарга гуманитардык жардам жана вакцина жөнөтөт

Кытай палестиналыктарга гуманитардык жардам жана вакцина жөнөтөт

Кытай Палестинага 2 миллион долларлык гуманитардык жардам жана коронавируска каршы 200 000 доза вакцина жөнөтөт. Бул тууралуу Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз өкүлү Чжао Лицзянь билдиргенин чет элдик маалымат каржаттары маалымдашты.Анын айтымына караганда, Кытай Палестинага шашылыш гуманитардык жардам түрүндө 1 миллион доллар накталай акча жөнөтүүнү пландап жатат. Андан кийин, палестиналык качкындарга таркатылып берилиш үчүн дагы 1 миллион доллар жана 200 000 доза коронавирустун вакцинасы жөнөтүлүп, өлкөнүн Качкындарга жардам берүү жана жумушка орноштуруу агенттигине (UNRWA) тапшырылат. Буга…

Прочитайте больше

Кытайда чөкпөй турган «Титаник» кемесинин көчүрмөсү курулууда (фото)

Кытайда чөкпөй турган «Титаник» кемесинин көчүрмөсү курулууда (фото)

Кытайдын Сычуань провинциясында чөкпөй турган “Титаник” кемесинин көчүрмөсү курулууда. Кеме “Чөкпөй турган Титаник” деп аталган.  Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазды. Кеме легендарлуу Титаник кемесинин так өзүндөй болуп курулууда. Анын узундугу 269,06 метр, туурасы 28,19 метрге жетет, ал эми ички жасалгасы чөгүп кеткен “Титаник” кемесинин жасалгасындай жасалат. Кемеде аянтчалар, бассейн жана банкет залдары болот. Кытайлыктар ошондой эле кемеде сахнасы бар театр да болорун убада кылышууда. Чыныгы Титаниктен айырмаланып, бул кеме Цицзян дарыясындагы суу сактагычта…

Прочитайте больше

Муфтийди эл шайлайбы?

Муфтийди эл шайлайбы?

Кыргызстанда 29-майда өтө турган муфтийди шайлоо даярдыгы жаңжал менен башталды. КМДБнын тегерегинде шайлоо ыкмасына каршы болгон ондогон адамдар боз үй тигишип, өз талаптарын коюшууда. Алардын айтымында, буга чейин Кыргызстандын муфтийи коррупция менен шайланып келген жана ким муфтий болоорун саналуу гана органдар чечишкен. Эми мындан ары талапкерлерди эл шайлоосу талап коюлду. Белгилей кетсек, учурда муфтийликке 6 талапкер коюлган.Алар: Султанали Гапуров, Убайдулла Сарыбаев, Нематилла Жээнбеков, Ниязали Арипов, Нурбек Токтогулов жана Шүкүр Исмаиловдор.

Прочитайте больше

Ош: балдар арасында кылмыштуулук көбөйдү

Ош: балдар арасында кылмыштуулук көбөйдү

Өткөн жылы Ош шаарында мектеп окуучулары арасында 13 кылмыш иши катталса, быйыл жыл башынан бери, тактап айтканда, 5 айга жетпеген аралыкта 46 учурга жетти. Анын 29у сотко өткөрүлгөн. Жаш өспүрүмдөр ортосундагы кылмыштуулуктун санын кыскартуу жана профилактикалык иштерди жүргүзүү максатында шаардык милиция “Ачык эшиктер күнүн” өткөрдү. Ош шаардык ИИБ уюштурган “Ачык эшиктер күнүнө” чакырылган калаадагы он мектептин 300гө жакын окуучулары милициянын иши менен таанышты. Аларга тергөө кызматкерлеринин кызмат учуру да көргөзүлдү. Балдар бул нерседен таасирленгенин айтышты….

Прочитайте больше
1 99 100 101 102 103 133