Израиль менен ХАМАС ок атууну токтотууга макулдашышты

Израиль менен ХАМАС ок атууну токтотууга макулдашышты

Израилдин Министрлер кабинети Газа тилкесинде ок атууну токтотууну колдоду. Бул тууралуу чет элдик маалымат каржаттар маалымдашты. Бейшемби күнү бир катар араб ЖМКлары Израиль өкмөтү өлкөнүн Коопсуздук иштери боюнча министрлер кабинети Египеттин эки тараптын ок атышпоо демилгесин кабыл алгандыгын билдиргенин жарыялашты. Палестинанын ХАМАС кыймылы эгерде Израиль ок атууну токтотуунун шарттарын аткарса, анда алар дагы 21-майдан тартып Израилди аткылоону токтотууга даяр экенин билдирди. Ливан басылмалары ХАМАСтагы булактарына таянып, макулдашуу АКШнын президенти Жо Байден менен Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху менен сүйлөшкөндөн кийин…

Прочитайте больше

Дамаск демократиянын туура багытында баратат

Дамаск демократиянын туура багытында баратат

Иран Ислам Консультативдик Ассамблеясынын Төрагасынын эл аралык иштер боюнча атайын жардамчысы: “Сирияда президенттик шайлоонун өз убагында өткөрүлүшү Дамаск демократиянын туура жолунда бараткандыгын көрсөтөт”,- деп жазган. Белгилей кетсек, Сирияда президенттик шайлоонун биринчи айлампасы 20-майда башка өлкөлөрдөгү элчиликтеринде, консулдуктарында жана дипломатиялык миссияларында башталган. Шайлоолор  Австралия, Япония, Кытай, Малайзия, Индонезия, Пакистан, Индия, Оман, Иран, Армения, Кипр, Ирак, Иордания, Орусия, Беларусия, БАЭ жана Ливан сыяктуу өлкөлөрдө өттү. Эске салсак, чет өлкөлөрдө жашаган сириялык жарандарга добуш берүү Германиянын жана Стамбулдагы…

Прочитайте больше

Түркия менен Кыргызстан 1 млрд. доллардык соода жүгүртүшөт

Түркия менен Кыргызстан 1 млрд. доллардык соода жүгүртүшөт

Кыргызстандын Анкарадагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев кыргыз-түрк достук мамилелери өнүктүрүлө тургандыгын белгиледи. “Кыргызстан менен Түркия өз ара соода жүгүртүүнү 1 млрд. долларга чейин көбөйтүүнү пландаштырууда”,- деп билдирди Кубанычбек Өмүралиев Анадолу агенттигине. Элчи өткөн жылы эки өлкөнүн ортосундагы товар жүгүртүү 507 млн. долларды түзгөнүн эске салып: “Кыргызстан менен Түркиянын кызматташтыгы стратегиялык макамга ээ”,- деди. Анын айтымында, Кыргызстан Түркия менен айыл чарба, текстиль, тоо-кен, гидроэнергетика жана башка өз ара пайдалуу тармактарда биргелешкен өнөр жай ишканаларын ачууга кызыкдар. Кубанычбек Өмүралиев мындай…

Прочитайте больше

Иран эли президенттикке кандай адамды шайлашат?

Иран эли президенттикке кандай адамды шайлашат?

Иранда 13-президенттик шайлоо жакындаган сайын, коомчулук кандай адам шайланат деп чыдамсыздык менен күтүүдө. Белгилей кетсек, бул ирет өз талапкерлигин экс-президент Махмуд Ахмадинежад, 12-президенттик шайлоодогу Хасан Руханинин күчтүү атаандашы Аятолла Реиси, реформатор Масуд Пезешкян, жана мунай экс-министри Рустам Касеми аттуу белгилүү саясатчылар коюшкан. Эске салсак, 27-майда талапкерлерди каттоо аягына чыгып, 18-июнда президенттик шайлоолор өткөрүлөт.Талапкерлерди кыскача тааныштыра кетсек, коомчулукка мурдагы президент катары белгилүү болгон Махмуд Ахмадинежад 1956-жылы туулган. Ал 2005-2013-жылдар аралыгында эки ирет төрт жыл катары менен Президент болуп иштеген. Ахмадинежад Ардебилдин…

Прочитайте больше

Христиан аялдын мусулман аялдарга жазган каты

Христиан аялдын мусулман аялдарга жазган каты

Силер бизге караганда бактылуу көрүнөсүңөр. Анткени, силер аял турмушун, аял бакытын табигый түрдө жашап жатасыңар. Аалам жаратылгандан бери аялдар жашап келген өмүр салтын батыш аялдары дагы 1960-жылдарга чейин карманып келишкен. Ошол жылдардан кийин биз (америкалык аялдар) Голливуд кинолорунун чабуулуна, тукурууларына кабылдык. Мен силердин дагы башыңарга ошондой күндөрдүн келүүсүн каалабаймын. Анткени, анын натыйжасында биз сыяктуу кордуктарга дуушар болосуңар. Эгер биз сыяктуу ушундай тукуруулардын натыйжасында көп нерсесин жоготуп алгандардын кайгысын уксаңар балким силер бул балээден аман каласыңар….

Прочитайте больше

Тажикстанга АКШнын аскер базасы курулушу мүмкүн

Тажикстанга АКШнын аскер базасы курулушу мүмкүн

АКШ бийлиги 20 мамлекетте аскер базаларынын долбоорун иштеп чыгууга дээрлик 250 миллион доллар бөлдү. Тажикстанга АКШнын аскер базасы курулушу мүмкүн экенин RT агенттиги АКШнын Кургактагы күчтөрүнүн инженерлер корпусунун арызына шилтеме берүү менен билдирет. Документке ылайык, Вашингтон Жакынкы Чыгышта жана Борбор Азиядагы 20 өлкөдө, анын ичинде Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Түркмөнстанда инфраструктурасы бар аскер базаларын курууга ниеттенүүдө. Объектилерге аэропорттор, унаа  жолдору, ооруканалар, электр станциялары, суу менен камсыздоо тармактары жана башкалар кирет. Базалар перрондор жана учуп-конуучу тилкелер…

Прочитайте больше

Түн келбей турчу күн

Түн келбей турчу күн

Даанышман заттар айтышат: Өзүнө динин, ыйманын үйрөткөн эне-атасы андан ыраазы болмоюнча бир адам Аллаху тааланын сүйүктүү кулу боло албайт. Жакшылыкка жетүүсүнүн себеби – эне-атасынын дубасы. Дин улуктары: “Энесинин көңүлүн ооруткан адамга кылына турчу дуба кабыл болбойт. Эне-атанын дубасын албаган адам бизден дуба сурабасын”, – деп айтышкан. Өзүнө динин, ыйманын үйрөткөн, Ахли сүннөт ишеними менен өстүргөн эне-атасын таарынткан, ыраазылыгын, дубаларын ала албаган адам өлгөнгө чейин башын саждадан көтөрбөсө да Тозоктон кутулуусу өтө кыйын. Олуя заттан бири шакирттери менен…

Прочитайте больше

Кытайда белгисиз себептерден улам 300 метрлик асман тиреген имарат теңселди (видео)

Кытайда белгисиз себептерден улам 300 метрлик асман тиреген имарат теңселди (видео)

Кытайдын Шэньчжэнь шаарындагы эң бийик имараттардын бири болгон “SEG Plaza” соода борборунун имараты кечээ, 18-майда жергиликтүү убакыт боюнча түшкү саат бирлер чамасында белгисиз себептерден улам кыймылга келип, соода борборунун ичинде жана сыртындагы дүрбөлөңгө түшкөн адамдар  коопсуз жайга эвакуацияланды.  Жергиликтүү ММКлардын маалыматы боюнча, имарат 14:40ка чейин толугу менен жабылган.Расмий өкүлдөр Футянь районундагы мунаранын теңселишине эмне себеп болгонун иликтешет деп айтылат Weibo сайтына жарыяланган билдирүүдө.  “Шаардагы жер титирөөнү көзөмөлдөөчү ар кандай станциялардан алынган маалыматтарды текшерип, талдап чыккандан…

Прочитайте больше

Алдыдагы 24 сааттын ичинде ХАМАС менен Израилдин ортсунда ок атышуу токтотулушу мүмкүн

Алдыдагы 24 сааттын ичинде ХАМАС менен Израилдин ортсунда ок атышуу токтотулушу мүмкүн

ХАМАС көзөмөлдөгөн Газанын бир бөлүгү менен Израилдин расмий өкүлдөрүнүн ортосунда ок атууну токтотуу боюнча келишим 24 сааттын ичинде түзүлүшү мүмкүн. Бул тууралуу кечээ, шаршемби күнү Палестина каршылык көрсөтүү кыймылынын (Фатх) борбордук комитетинин жооптуу катчысы билдиргенин чет элдик маалымат каражаттары билдиришти. Ал Сауд Аравиясынын “Шарк” телеканалына берген маегинде, “Египет баштаган араб өлкөлөрүнүн аракети ок атышууну токтотуу жөнүндө келишимдин долбоорунун ийгилигин арттырды жана бул келишим 24 сааттын ичинде түзүлүшү мүмкүн”, – деди. Ошондой эле, ал согуш жана…

Прочитайте больше

Палестинага каршы агрессияны дүйнөлүк жылдыздар кандай кабыл алышты? (фото)

Палестинага каршы агрессияны дүйнөлүк жылдыздар кандай кабыл алышты? (фото)

Сионисттик өкмөттүн палестиналыктарды Шейх Жаррахтагы үйлөрүнөн кууп чыгуу аракеттери жана Газаны ырайымсыз бомбалоосу дүйнө жүзү боюнча нааразычылыктарды пайда кылды. Дүйнөнүн белгилүү адамдары Израилдин аёосуз бомбалап жаткан палестиналыктарын коргоого чакырышты. Социалдык тармактарда миллиондогон жазылуучулары бар дүйнөлүк жылдыздар да четте калышкан жок. Бүгүнкү күнгө чейин эң күчтүү билдирүүлөрдүн бирин 53 жаштагы Голливуд оюнчусу “Эмми” жана “Алтын Глобустун” ээси Марк Алан Руффало жасады.  Ал Твиттерде “палестиналыктарга толук жана бирдей жарандык укуктар берилгенге чейин” эл аралык лидерлерди Израилдин негизги өнөр жайларына…

Прочитайте больше

Канга боёлгон Палестина: Газа тилкесиндеги абадан урулган соккулардын курмандыктары (ФОТО)

Канга боёлгон Палестина: Газа тилкесиндеги абадан урулган соккулардын курмандыктары (ФОТО)

Согуштун үрөй учурарлыгын түшүнүү жана сезүү үчүн – курман болгондордун, жаракат алгандардын же ата-энесиз калган балдардын жана кайгыга баткан адамдардын сүрөттөрүн көрүү жетиштүү болот. Бүгүн бири-бирине абадан сокку уруп жаткан Израиль менен Палестинанын жаңжалында бир гана имараттар жана инфраструктуралар талкаланган жок, ошол эле учурда эки тарапта тең жүздөгөн адамдардын өмүрү кыйылууда. Газанын түндүгүндөгү суу тазалоочу жайлардын талкаланышынан улам 250 миң адам ичүүчү суусуз калышты. Акыркы маалыматтар боюнча эскалация башталгандан бери Газа секторуна жасалган чабуулдарда 237…

Прочитайте больше

Садыр Жапаров Путин менен 24-майда жолугушат

Садыр Жапаров Путин менен 24-майда жолугушат

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Орусиянын президенти Владимир Путин менен 24-майда Сочиде жолугушаары маалым болду. Бул тууралуу Путин өзү Кремлдеги чет мамлекеттердин элчилерине ишеним грамоталарын тапшыруу аземинде билдирди.  “Орусия менен Кыргызстан соода-экономикалык, аскердик-техникалык, маданий-гуманитардык жана башка тармактарда ийгиликтүү кызматташууда. Биз биргеликте евразиялык интеграцияны өнүктүрүүгө салым кошобуз. 24-майда Сочиде боло турган Президент Садыр Жапаров менен жолугушуу учурунда биз ушул темалардын бардыгы боюнча мазмундуу баарлашабыз », – деп белгиледи мамлекет башчысы. Москва менен Бишкекти, Путин баса белгилегендей, стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык мамилелери…

Прочитайте больше

Ооганстанга АКШнын ордуна Кытай келет

Ооганстанга АКШнын ордуна Кытай келет

АКШ Ооганстандан чыгып кеткенден кийин Кытай оогандыктарга террорчулук менен күрөшүүгө жардам берет. Белгилей кетсек,  Кытай жана Ооганстандын тышкы иштер министрлери Ван И менен Мухаммад Ханиф Атмар өлкөдөн америкалык аскерлер чыгып кеткенден кийин Ислам Республикасынын аймагындагы террордук чабуулдарды токтотуу жана туруктуулукту камсыздоо максатында телефон аркылуу сүйлөшүштү. Кытай Эл Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө белгиленгендей, Ван И өлкөнүн «тынчтык процессинде алдыңкы ролду ойногон ооган өкмөтүнө мындан ары да колдоо көрсөтөөрүн тастыктады. “Мен ооган бийлиги орточо мусулмандардын стратегиясын карманып, тынчтык дипломатиясын өркүндөтүп,…

Прочитайте больше

Бордош Казакстан эли Кыргызстанга кезектеги гумжардамын жиберди

Бордош Казакстан эли Кыргызстанга кезектеги гумжардамын жиберди

Казакстандын Кыргызстандагы элчилигинин маалыматы боюнча, жардамдын биринчи партиясында 4,5 миң тоннага жакын буудай уну өткөрүлүп берилди. Белгилей кетсек, гумжардам камтыган жүк 75 вагон менен темир жол аркылуу жеткирилген. Элчилик Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев боордош кыргыз элине гуманитардык жардам көрсөтүүнү чечкенин эске салды. Бериле турган гуманитардык жардамдын жалпы көлөмү 10 миң тонна унду түзөт. Эске салсак, Казакстан Кыргызстанга буга чейин гуманитардык жардам көрсөткөн жана көрсөтүүдө. 2020-жылдын май айында Кыргызстанга 5000 тонна  ун түрүндө гуманитардык жардам келген. Ал эми…

Прочитайте больше

New York Times: Израилге каршы глобалдык “онлайн” нааразычылык акциялары өсүүдө

New York Times: Израилге каршы глобалдык “онлайн” нааразычылык акциялары өсүүдө

New York Times гезити жазгандай, бул нааразычылыктар Израиль режиминин аракеттерине каршылыгын билдирүү максатында Араб өлкөлөрүндөгү көчө демонстрацияларын алмаштырууда. Аталган гезит, сионисттик режимдин Газадагы иш-аракеттерине шилтеме берип,  бул операциялар Палестинага кибер мейкиндикте колдоо көрсөтүүнү кеңейтти деп билдирди. Белгилей кетсек, 1948-жылдан баштап, сионисттик режимдин басып алуусуна каршы Палестинанын бардык аймактарында жалпы иш таштоо башталган, демонстрацияларга миңдеген адамдар катышкан. Израиль күчтөрүнүн митингге чыккандарга каршы көздөн жаш агызуучу газ жана желим октордун колдонуулары Иордан дарыясынын Батыш жээгинде кеминде 11…

Прочитайте больше
1 100 101 102 103 104 133