Кыргызстан менен Казакстандын президенттери эмнени сүйлөштү?

Кыргызстан менен Казакстандын президенттери эмнени сүйлөштү?

Президент Садыр Жапаров Казакстан Президенти Касым-Жомарт Токаев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу КРнын Президентинин Аппаратынын маалымат кызматы билдирди. Бүгүн, 17-майда, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Баарлашуунун жүрүшүндө Садыр Жапаров Касым-Жомарт Токаевди туулган күнү менен куттуктап, ага чың ден соолук жана мамлекеттик ишмердигине ийгиликтерди каалады. Мамлекет башчылары кыргыз-казак эки тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу маселелери боюнча пикир алышып, буга чейин жетишилген келишимдердин ишке ашырылышын талкуулашты. Тараптар ошондой эле…

Прочитайте больше

Израилде синагогада адамдар сыйынып турган трибуна кулап калды (видео)

Израилде синагогада адамдар сыйынып турган трибуна кулап калды (видео)

Иерусалимдин чет-жакасындагы израилдиктердин Гиват-Зеев конушунда синагогада адамдар сыйынып турган трибуна кулап калды.  Андан улам эки адам анын ичинде бир бала каза болуп, 200дөн ашуун адам жаракат алышты. Бул тууралуу Орусиянын Биринчи каналы маалымдады. Окуянын учуру видеого түшүп калган. Көпчүлүк адамдар эмне болгонун дароо түшүнүшкөн эмес. Трибуна кулап түшкөндөн кийин тыгын жаралып, кысылыштан дүрбөлөң башталган. Синагогада жалпысынан еврейлердин эн негизги майрамдарынын бири Шавуотко чогулган 600гө жакын адам болгон. Учурда полиция массалык сыйынуу учурунда эрежелер сакталганбы же…

Прочитайте больше

Израилдин Газанын түндүгүнө кол салуусу уланууда

Израилдин Газанын түндүгүнө кол салуусу уланууда

Бул тууралуу бүгүн, шейшемби күнү Палестинанын маалымат каражаттары маалымдашты.Израилдин согуштук учактары Газа тилкесинин түндүгүндөгү Тел аль-Заатар, Масуд, Аль-Хазандар жана Аль-Тавам аймактарына да ондогон кол салууларды жасашты. Маалымат каражаттары Израилдин согуштук учактарын Газа аймагынын асманында өтө төмөн бийиктикте учуп өткөнүн билдиришти. Палестинанын ар кайсы шаарларында Палестина элинин каршылык көрсөтүүсүнүн жаңы айлампасы башталды. Израилдин Иерусалимдин оккупацияланган чыгыш бөлүгүндөгү Шейх Жаррах аймагын жок кылуу жана ээлеп алуу аракеттери Палестинада жаңы кагылышууларга алып келди жана курчуган абалдын улантылышынан улам…

Прочитайте больше

Беларусь Президенти митингге чыккандарга каршы ок атууга уруксат берди

Беларусь Президенти митингге чыккандарга каршы ок атууга уруксат берди

Беларусь Республикасынын Президенти Александр Лукашенко “Беларусь Республикасынын Улуттук коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамга кол койду. Бул мыйзам өлкөнүн куралдуу күчтөрүнө, өзгөчө милиция кызматкерлерине митинг жана массалык башаламандыктардын катышуучуларына каршы согуштук жана атайын шаймандарды колдонууга укук берет. Бул тууралуу өлкөдөгү жергиликтүү басма сөз каражаттары маалымдашты. Мыйзамда полиция кызматкерлери эгерде курал колдонуу ушул органдардын ишин жөнгө салуучу мыйзам актыларынын талаптарына ылайык жүзөгө ашырылса, куралдарды жана атайын техниканы колдонуунун натыйжасында келтирилген зыян үчүн жооп бербейт. Мыйзам…

Прочитайте больше

Кыргызстан Баткенди калыбына келтирүүгө Кытайдан жардам сурады

Кыргызстан Баткенди калыбына келтирүүгө Кытайдан жардам сурады

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова Кыргыз Республикасындагы КЭР Элчиси Ду Дэвэнь менен жолугушту. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова Кыргыз Республикасындагы Кытай Эл Республикасынын Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Ду Дэвэнь менен жолугушту. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин маалымат кызматы билдирди. Жолугушуунун жүрүшүндө Жылдыз Бакашова кытай тарапка Кыргыз Республикасына коронавирус инфекциясына каршы вакцина берүү менен көмөк көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди. «Бүгүнкү күндө Министрлер Кабинети үчүн калкты вакцинациялоо темпин жогорулатуу артыкчылыктуу милдеттердин бири болуп саналат. Кыргыз…

Прочитайте больше

Каракол шаарында өлкөдөгү ири эт комбинаты ишке кирди

Каракол шаарында өлкөдөгү ири эт комбинаты ишке кирди

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 15-майда, Ысык-Көл облусуна иш сапарынын алкагында Каракол шаарындагы “Рейна Кенч” эт комбинатынын ишке киргизилишине катышты.  Мамлекет башчысына ишкананын малды союу, этти баштапкы иштетүүдөн өткөрүү жана даяр продукцияны акыркы керектөөчүгө жеткирүү боюнча жасаган иштери жөнүндө маалымат берилди. Эт комбинатынын курулуш иштери өткөн жылдын август айында башталган. Ишкананын өндүрүштүк кубаттуулугу күнүнө 500 баш майда жана 100 баш бодо мал союуну түзөт. Ишкананы ишке киргизүүгө жалпысынан 132 миллион сом сарпталып, анын 36 миллион…

Прочитайте больше

Түркия Кыргызстанга ГЭС курат

Түркия Кыргызстанга ГЭС курат

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Түркиянын Палаталар жана товардык биржалар союзунун (ТОВВ) жетекчиси Рыфат Хисаржыкоглу жетектеген делегация менен жолукту. Бул тууралуу  Өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады. Жолугушууда Улукбек Марипов кыргыз тарап кыргыз-түрк мамилелерин өнүктүрүүгө өзгөчө маани берерине жана Түркия Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө зор салым кошуп жатканына токтолуп, “Бүгүнкү күндө жетекчиликтин бирден бир милдети бул инвесторлор үчүн шарттарды түзүү. Тилекке каршы бүгүнкү күндө эки өлкөнүн ортосундагы товар жүргүзүү реалдуу потенциалга жооп бербейт. Жалпы максатка жетишүү үчүн биздин өлкөлөр ириде биргелешкен…

Прочитайте больше

Кумтөр – Кыргызстандын башына түшкөн балээ!

Кумтөр – Кыргызстандын башына түшкөн балээ!

1992 жылы, биздин Өкмөт, канадалык Камеко (Cameco Corporation) компаниясы менен биргеликте “Кумтор Голд Компани” ЖАК (жабык акционердик коом) түзгөн. Негизи, жакшы идея эле. Анын үстүнө, алгачкы келишимге ылайык, бул ири ишкананын 3/2 бөлүгү же 67% пайызы Кыргызстанга таандык болгон. Ал эми канадалыктарга 33% гана энчиленген. Демек, баштапкы этапта, биздин өлкөнүн кызыкчылыгы эске алынган. Андан сырткары, бул ишкананы башкаруу үчүн “Кумтор Оперейтинг Компани” аттуу ишкана түзүлүп, жалпы чыгымдардын 4,5% пайызын түзгөн акы чегерилген. Чынында, ошол жерде…

Прочитайте больше

Газада курман болгондордун саны 200гө жетти

Газада курман болгондордун саны 200гө жетти

АКШ жана Европа өлкөлөрүнүн колдоосу менен болгон Израилдин Палестинага каршы чабуулдарында Иран жана бир катар ислам өлкөлөрү Палестинага тилектештиктерин билдиришти. Белгилей кетсек, Израиль армиясынын Газага болгон чабуулунан 60ка чукул бала жана 35 аял курман болгон. Дүйнөлүк тышкы саясатта Тегеран ХАМАСка Израиль армиясынан коргонууда ар тараптуу колдоо көрсөтүп келээри анык.Ал эми акыркы күндөрдө Израилдин Газага чабуулу күчөгөндөн улам Түркиянын президенти Режеб Тайип Эрдоган да Израилди каттуу айыптаган. Түркиянын жана Ирандын президенттери ортосунда телефон аркылуу сүйлөшүү болгонун 16-майда Түркиянын…

Прочитайте больше

Палестина-Израиль жаңжалы: Кытай Палестинаны колдойт

Палестина-Израиль жаңжалы: Кытай Палестинаны колдойт

Пекин Палестинаны колдойт жана Палестина-Израиль жаңжалын жөнгө салууга жардам берет. Бул тууралуу Кытайдын тышкы иштер министри Ван И пакистандык кесиптеши Шах Мехмуд Куреши менен болгон телефодогу сүйлөшүүсүндө билдиргени Кытай ТИМинин сайтында маалымдалды. “Кытай Палестинанын мыйзамдуу укуктарын калыбына келтирүүдө, учурдагы көйгөйлөрдү саясий диалог аркылуу чечүүдө, ошондой эле Бириккен Улуттар Уюмун, Араб мамлекеттеринин лигасын жана Ислам Кызматташтык Уюмун бекем колдоону уланта берет”, – деп билдирди Ван И. Анын айтымында, Пекин БУУнун Коопсуздук Кеңешинин конструктивдүү ролуна үмүт артып, уюм жаңжалдашып жаткан тараптарды…

Прочитайте больше

БУУ: Израиль менен Палестинанын ортосунда согуш чыгып кетиши мүмкүн

БУУ: Израиль менен Палестинанын ортосунда согуш чыгып кетиши мүмкүн

Бириккен Улуттар Уюму сионисттик режим жана палестиналыктар олуттуу согуштун босогосунда турганын билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты. Акыркы күндөрү Газа жана басып алынган аймактар өз ара чабуулдарды баштады. Сионисттик күчтөр Газадагы аскердик аракеттерин күчөттү. Палестиналык куралчан топтор бешинчи күн катары менен Израилди көздөй ракеталарын учурууда. Израилдин армиясы жума күнү таңга маал аскердик операцияларга жөө аскерлер дагы тартылганын маалымдады. Бирок аскерлер Газага кирип барган эмес. Чет элдик маалымат каржаттардын маалыматына караганда, аймак түнү менен…

Прочитайте больше

Чолпонбек Абыкеев: Кумтөр эл аралык сотко кайрыла албайт, кайрылса баары камалаарын өздөрү деле билишет

Чолпонбек Абыкеев: Кумтөр эл аралык сотко кайрыла албайт, кайрылса баары камалаарын өздөрү деле билишет

Коомдук ишмер, жазуучу, КРнын министрлер кабинетинин Төрагасынын кеңешчиси Чолпонбек Абыкеев Кумтөрдүн жетекчилерине токтоосуз кылмыш иши козголуш керектигин сунуштоодо.  Анын оюнда Кумтөр эч качан эл аралык сотко кайрыла албайт, анткени Кыргызстандагы былык иштерин эл аралык сот билсе, айып пул салуу менен гана чектелбей, баары камалаарын өздөрү деле билет дейт. Билдирүү өзгөртүүсүз сунушталат. Кумтөр, анын айланасындагы чырлуу коррупциялык иштер тууралуу деги эле айтылбаган сөз калды беле? Бүгүнкү Акылбек Жапаров тарабынан ачыкка чыгып жаткан сөздүн баары көшөгө артында, ашканада буга…

Прочитайте больше

Эрдоган: «Израиль чектен ашып кетти»

Эрдоган: «Израиль чектен ашып кетти»

Түркия Тоолуу Карабакта Азербайжанды кандай колдосо, ошондой эле чечкиндүүлүк менен Иерусалимди колдойт деди Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган. Бул тууралуу орус ЖМКлары жазды. “Биз террордук  Израиль мамлекетинин эзүүсүнө ачууланып жатабыз. Израиль бардык чектен ашып кетти. Аларды токтотуу адамзаттын милдети”, —деди түрк лидери. Эрдоган жаңжал БУУнун катышуусуз чечилбейт деп баса белгиледи. Ошондой эле, ал 19 мамлекеттин президенттери жана өкмөт башчылары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнүн айтты.   Анын айтымында, Түркия “Израилдин агрессиясына “бүт дүйнө көз жумуп койсо дагы”…

Прочитайте больше

Индияда коронавирус жуктургандардын саны 24 миллиондон ашты

Индияда коронавирус жуктургандардын саны 24 миллиондон ашты

Индияда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 24 миллиондон ашты. Эксперттер чыныгы статистика мындан 5-10 эсеге көп булушу мүмкүндүгүн билдиришүүдө. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары маалымдашты. Коронавирустун алгачкы жолу Индияда аныкталган мутацияланган “B.1.177” түрү дүйнө жүзү боюнча жайылып жатат. Кечээ, жума күнү Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун жугуштуу оорулар боюнча эксперти Жайро Мендес COVID-19дун B.1.177 түрү сегиз континенттик өлкөдө, анын ичинде Канадада жана АКШда аныкталгандыгын билдирди. Эксперттин айтымында, коронавирустун бул түрү адамдан-адамга бат жугат, бирок азырынча анын башка кесепеттери…

Прочитайте больше

Газада абал чыңалууда

Газада абал чыңалууда

Акыркы кездерде сионисттик режимдин Газага жасаган агрессиясы күч алууда. Сионисттик маалымат булактары акыркы үч күндө Газа тилкесинен оккупацияланган аймактарга 1500дөн ашуун ракета атылды деп болжолдоодо. Белгилей кетсек, 10-майда башталган сионисттик күчтөрдүн сокууларынан Газадагы палестиналык шейиттердин саны 100дөн ашты.Газанын Саламаттыкты Сактоо министрлиги ошондой эле 621 адам жаракат алганын жарыялады. Израиль аскерлери Газанын түндүгүндөгү бутага учактарды жана тик учактарды, ошондой эле танктар менен артиллерияны колдонуп, массалык түрдө ок атышкан. Буга жооп кылып, Палестинанын куралдуу топтору Израилдин аймагын…

Прочитайте больше
1 101 102 103 104 105 133