Коронавирустун «Омикрон» штаммы дүйнөнүн 106 өлкөсүнө тарады

Коронавирустун «Омикрон» штаммы дүйнөнүн 106 өлкөсүнө тарады

Коронавирустун жаңы “омикрон” штаммы 106 өлкөдөн аныкталганын Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму билдирди. “2021-жылдын 21-декабрына карата “омикрон” штаммы дүйнөнүн 106 өлкөсүнөн аныкталды”, – деп айтылат ДССУнун билдирүүсүндө. Уюмдан кошумчалашкандай, инфекцияны жуктуруп алуу коркунучу дагы деле жогорку бойдон калууда. ДССУнун башчысы Тедрос Гебрейесус буга чейин COVID-19дун жаңы штаммы “дельтага” караганда ылдамдык менен жайылып жаткандыгын айткан. «Омикрон» штаммы биринчи жолу Түштүк Африкада жана Ботсванада пайда болгондугун британ окумуштуулары ноябрь айынын аягында билдиришкен. 8-декабрда Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму инфекциянын…

Прочитайте больше

Казакстан Бишкектен 342 чакырым алыстыкта атом электр станциясын курууну пландоодо

Казакстан Бишкектен 342 чакырым алыстыкта атом электр станциясын курууну пландоодо

Казакстан Алматы облусуна атомдук электр станциясын курууну пландоодо. Бул тууралуу казак ЖМКлары жазды. “Самрук-Казына” фондунун төрагасы Алмасадам Саткалиев атомдук электр станциясын Балхаш суусунун жээгиндеги Үлкөн кыштагына куруу каралып жатканын билдирди. Бул жер Бишкектен 342 чакырым алыстыкта жайгашкан. “Атом электр станциясын куруу боюнча сунуш Орусия, Кытай жана Франциянын компанияларынан келип түштү. Казакстанда кимдин технологиялары тандалары азырынча белгисиз. Чечимдерди кабыл алууда колдонулган технологиялардын коопсуздугу, курулган өзөктүк реакторлорду иштетүү боюнча мындай мыкты тажрыйбалардын саны, ошондой эле Казакстанда күйүүчү…

Прочитайте больше

Иран Перс булуңундагы чыңалуунун курчушуна Батыш өлкөлөрүн айыптады

Иран Перс булуңундагы чыңалуунун курчушуна Батыш өлкөлөрүн айыптады

Батыш өлкөлөрү Перс булуңундагы чыңалууну ар дайым күчөтүп келген. Мындай пикирди кечээ, шаршемби күнү Ирандын Тышкы иштер министрлиги Перс булуңундагы Араб мамлекеттеринин Кызматташтык Кеңешине мүчө өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлеринин жана Улуу Британиянын Иранга каршы биргелешкен билдирүүсүнө карата берген комментарийинде жазды. Улуу Британиянын тышкы иштер министри Лиз Трасс дүйшөмбү күнү Перс булуңундагы Араб мамлекеттеринин Кызматташтык Кеңешине мүчө өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери менен жолугушкан. Сүйлөшүүлөрдөн кийин алар биргелешкен билдирүү жасап, анда Ирандын аймактагы ишмердүүлүгү жана алар атагандай «өзөктүк эскалация» «олуттуу…

Прочитайте больше

ДССУ балдарды коронавируска каршы жалпы эмдөөнү сунуштабайт

ДССУ балдарды коронавируска каршы жалпы эмдөөнү сунуштабайт

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму жаш балдарды жана өспүрүмдөрдү COVID-19га каршы жалпы эмдөөгө каршылыгын билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты. Уюмдун билдирүүсүндө ДССУ балдар жана өспүрүмдөр үчүн жалпы эмдөөнү сунуш кылбай тургандыгын билдирген. Анткени, бул куракта коронавирус менен олуттуу ооруган учурлар аз. Ошол эле учурда бир катар өлкөлөрдө калктын жогорку тобокелдик тобуна кирген катмарлары толук эмдөөдөн өтө электиги айтылат. Уюмдун башкы директору Тедрос Аданом Гебрейесус коркунуч жогору болгон топтордун арасында эмдөө бардык эле өлкөлөрдө…

Прочитайте больше

Орусия мигранттарга патент саясатын өзгөртөт

Орусия мигранттарга патент саясатын өзгөртөт

Орусия эмгек мигранттары үчүн патент саясатын өзгөртүү тууралуу чечим чыгарды. Ага ылайык, жаңы патенттер чиптүү карта түрүндө берилет. Орусиянын Ички иштер министри Владимир Колокольцевдин бул тууралуу кол койгон буйругу 2021-жылдын 29-декабрында күчүнө кирет. Маалымат каражаттары Орусиянын ИИМине шилтеме берип жазышкандай, жаңы патентте адамын электрондук сүрөтү, анын толук аты-жөнү, эки манжа изи, сериясы жана патент номуру болот. Анын сырткы, патенттик картанын өлчөмү 8,5х5,3 см болот. Ошондой эле, картада адамдын туулган жылы, күнү, жарандыгы, инсандыгын тастыктаган документтин сериясы жана…

Прочитайте больше

Күйүүчү май сактаган кампадан чыккан өрт толук өчүрүлдү (видео)

Күйүүчү май сактаган кампадан чыккан өрт толук өчүрүлдү (видео)

Биринчи Май районунун Тимирязев көчөсүндө жайгашкан күйүүчү май сактоочу кампадан чыккан өрт саат 10:51де толук өчүрүлгөн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Өрттү өчүрүүгө ӨКМдин 5 өрт өчүрүүчү бөлүмү, 1 суу ташуучу унаа, Штаб, Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун ыкчам топ, Бишкек шаардык Куткаруу кызматынан 4 куткаруучусу, мындан сырткары ИИМ, тез жардам жана РЭТ кызматкерлери тартылган. Өрттүн жалпы аянты, материалдык чыгымдары жана өрттүн келип чыгуу себеби такталууда. Жабыркагандар жана каза болгондор катталган жок.

Прочитайте больше

Ирандык студенттер “INEX 2021” эл аралык көргөзмөсүндө биринчи орунду алышты

Ирандык студенттер “INEX 2021” эл аралык көргөзмөсүндө биринчи орунду алышты

Индияда өткөн инновациялар жана ойлоп табуулар боюнча эл аралык көргөзмөдө (INEX 2021) 30 өлкөнүн студенттеринин арасынан ирандык студенттер биринчи орунду ээледи. Бул тууралуу ирандык маалымат каражаттары жазышты. Ирандын Авиценна атындагы студенттик фестивалдын туруктуу катчылыгынын жетекчиси Мехди Рашиди Жахан ирандык студенттер электроника, жасалма интеллект жана программалоо тармактарында үч алтын медалга ээ болушкандыгын билдирди. Маалыматка караганда, бул жылы көргөзмө Индиянын Хайдарабад шаарында коронавирустук пандемия шартында саламаттык сактоо протоколдорун сактоо менен дүйнөнүн 30 өлкөсүнөн мектеп окуучулары жана студенттердин катышуусунда өттү.

Прочитайте больше

Бишкекте пластикти кайра иштетүүчү завод иштей баштады

Бишкекте пластикти кайра иштетүүчү завод иштей баштады

Бишкекте пластикти кайра иштетүүчү завод ишке берилгенин мэриянын маалымат кызматы билдирди. Маалыматка караганда, пластикти кайра иштетүүчү заводду “Begreen Бишкек Экология” компаниясы ачкан. Заводдо желим чогултуудан тышкары, синтепон буюмдарды да даярдап чыгаруу пландалууда. Ишкананын ачылышына мэриянын жана «Begreen Бишкек Экология» компаниясынын өкүлдөрү, жергиликтүү тургундар катышкан. “Begreen Бишкек Экология” компаниясы борбор калаага 530 экологиялык таштанды челектерди орноткон.

Прочитайте больше

Кыргызстан «Кумтөрдүн» үзүрүн келерки жылдан баштап көрөт

Кыргызстан «Кумтөрдүн» үзүрүн келерки жылдан баштап көрөт

“Кумтөрдөн” түшкөн таза киреше январга карата 300 миллион долларга жетерин билдирди. Кыргызстан “Кумтөрдүн” үзүрүн келерки жылдан тартып көрө баштайт жана январь айына карата бул ишканадан түшө турган таза киреше 300 миллион долларга жетет деп болжолдонууда. Бул тууралуу  19-декабрда Жалал-Абадда жергиликтүү эл менен жолугушууда президент Садыр Жапаров билдирди. Мамлекет башчысы “Кумтөр” 100% Кыргызстандын колунда экенин, кол коюу процедуралары гана калганын, кол коюларын, эч кандай көйгөй жок экенин айтты жана кирешеге келерки жылы айлык-пенсия көбөйтүлүп, бир катар…

Прочитайте больше

Кыргызстан Түркиядан «Байрактар» учкучсуз учуучу аппараттарын сатып алды

Кыргызстан Түркиядан «Байрактар» учкучсуз учуучу аппараттарын сатып алды

КР УКМКнын Чек ара кызматынын куралдануусуна «Байрактар» учкучсуз учуучу аппараттар келип түштү. Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров  18-декабрда, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын куралдануусуна берилген «Байрактар» учкучсуз учуучу аппараттарды көрүп чыкты. Мамлекет башчыга бул аппараттарды башкаруу системасы тууралуу айтып, алардын ишин көрсөтүштү. Аталган аппараттар толугу менен республикалык бюджеттин каражаттарына сатылып алынды   жана өлкөнүн коргонуу коопсуздугун камсыз кылуу, анын ичинде мамлекеттик чек араларды кайтаруу үчүн колдонулат.

Прочитайте больше

Филиппинде “Рай” тайфунунан каза болгондордун саны 208ге жетти

Филиппинде “Рай” тайфунунан каза болгондордун саны 208ге жетти

Филиппинде “Рай” тайфунунун кесепетинен курман болгондордун саны 208 адамга жетти. Бул тууралуу “Интерфакс” жергиликтүү маалымат каражаттарына таянуу менен билдирди. Эпицентри Себу жана Бохол аралдарында болгон кырсыктан кеминде 208 киши каза болгон. Арасында жаш балдар да бар жана дагы 52 адамдын дайыны билинбей жатат. Өлкөнүн өзгөчө кырдаалдар боюнча улуттук агенттиги азырынча тайфундан келтирилген зыянды так эсептей албаганын билдирди. Кырсык болгон жерде электр энергиясы үзгүлтүккө учурап, инфраструктура бузулган. Филиппиндин өкмөтү 19-декабрда жапа чеккен аймактардагы элге суу, тамак-аш,…

Прочитайте больше

«Омикрон» Европага жана дүйнөгө жаңы сокку урууда

«Омикрон» Европага жана дүйнөгө жаңы сокку урууда

Коронавирустун жаны “омикрон” штаммынын дүйнө жүзүнө тез аралышы көптөгөн өлкөлөрдү чектөөлөрдү киргизүүгө мажбур кылууда. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматына караганда, коронавирустун “омикрон” штаммы дүйнөнүн 89 өлкөсүндө аныкталды. Өткөн суткада ал Иранда, Украинада, Египетте жана башка бир катар өлкөлөрдөн табылды. Жаны штаммдын тез жайылып жаткандыгынан жана изилденбегендигинен улам бир катар өлкөлөрдө жаңы чектөөлөр киргизилүүдө. Улуу Британиянын борборунда өзгөчө кырдаал жарыяланды. Лондондун мэринин айтымында, өлкөдө оору жуктургандардын жана ооруканага жаткырылгандардын жаңы учурлары көбөйүп жатат. Австрия 20-декабрдан тарта…

Прочитайте больше

Палестиналык аялдардын каршылык көрсөткөнү үчүн катуу сабалышы жана камалышы

Палестиналык аялдардын каршылык көрсөткөнү үчүн катуу сабалышы жана камалышы

Сионисттик согушкерлер Эбрахими мечитинин жанында каршылык көрсөтүү операциясын жүргүздү деген палестиналык аялды катуу сабап, камакка алышты. Fars агенттигинин эл аралык тобунун маалыматына ылайык, израилдик күчтөр Хеброн шаарындагы көзөмөл-өткөрүү пунктунун жанынан каршылык көрсөтүү операциясын жүргүзгөн деген шек менен палестиналык аялды камакка алды. Safa маалымат агенттигинин маалыматына ылайык, сионисттик согушкерлер палестиналык аялды камакка алардан мурда Эбрахими мечитинин жанында катуу сабашкан. Бир тараптан сионисттик «Израиль Аль-Юм» гезити бул аял шаардын бир тургунуна бычак менен кол салып, ага жеңил…

Прочитайте больше

Намаздан кийинки ибадаттар

Намаздан кийинки ибадаттар

Намаздан кийин имамдын коомго карап олтурушу, соң баары жамаат болуп зикрлерди айтып, анан колдорун көтөрүп дуа кылуусу, коомдун имамдын дуасына «Амийн, амийн» деп турушу жөнүндө суроолор көп. Мурда бул маселеде эч кеп-сөз көтөрүлбөйт болчу. Бирок кийинки учурда түрдүү себептерге көрө суроолор көбөйүп кетти. Негизи бул маселе мурда эле чечилген, мухаддистер өз китептеринде бул жааттагы хадистерди риваят кылган жана факихтер да өз китептеринде аны жакшылап анализдеп, чечип беришкен. Бирок кээ бир адамдар бул маселени кайра дагы…

Прочитайте больше

Башкаларды ушактоону кантип токтотобуз? Маанилүү 10 кеңеш

Башкаларды ушактоону кантип токтотобуз? Маанилүү 10 кеңеш

Пайгамбарыбыз ﷺ : “Ушак – мусулман бир тууганынын артынан ага жакпаган сөздөрдү айтуу” деген. Демек, бирөөнүн артынан анын дене мүчөсүндөгү кемчилиги тууралуу болсун, тексиздиги тууралуу болсун, же дини, же дүнүйөсү тууралуу кайсы бир кемчиликтерин айтса, булардын баары – ушак-айың. Аллах Таала мындай дейт:“Адамдарды артынан сынга алып, тили жана кыймыл-аракети менен шылдыңдагандарга азап болсун!”.Алланын Элчиси ﷺ :“Ушакчылар бейишке кире албайт”деген.Дагы бир хадисте:“Ушак-айыңдан сактангыла, анткени ушак зынадан да оор күнөө. Зына кылган киши тообо кылса, Аллах аны…

Прочитайте больше
1 56 57 58 59 60 133