Башкаларды ушактоону кантип токтотобуз? Маанилүү 10 кеңеш

Пайгамбарыбыз ﷺ : “Ушак – мусулман бир тууганынын артынан ага жакпаган сөздөрдү айтуу” деген. Демек, бирөөнүн артынан анын дене мүчөсүндөгү кемчилиги тууралуу болсун, тексиздиги тууралуу болсун, же дини, же дүнүйөсү тууралуу кайсы бир кемчиликтерин айтса, булардын баары – ушак-айың.

Аллах Таала мындай дейт:“Адамдарды артынан сынга алып, тили жана кыймыл-аракети менен шылдыңдагандарга азап болсун!”.Алланын Элчиси ﷺ :“Ушакчылар бейишке кире албайт”деген.Дагы бир хадисте:“Ушак-айыңдан сактангыла, анткени ушак зынадан да оор күнөө. Зына кылган киши тообо кылса, Аллах аны кечириши мүмкүн. Ал эми ушакталган киши кечирмейинче, ушакчынын кечирилиши мүмкүн эмес.”

Ушактан кантип сактанабыз, канткенде бул адаттан арыла алабыз? Бул суроолорго алдыда жооп табабыз.

1. Өзүңүздү ушактан алыс кармаганга бекем туруңуз. Бирөөнү жамандоодон, ушак угуудан жана жайылтуудан сактаныңыз. Баарлашуу башканы талкуулоого кирери менен теманы амаштырууга аракет кылуу керек. Балким, маектешиңиз абдан кызыктуу окуя менен бөлүшөт чыгар. Бирок өзүнүздү жана аны ушактын кесепетинен коргоңуз.

2. Эгер сиз жакын адамыңызга белгилүү бир адам жөнүндө көп арызданып, терс пикир билдиргениңизди байкасаңыз, анда ал жаман көргөн адам менен мамилени үзүп коюу жетиштүү. Анткени ал сиз жаман көрүп ушактагыдай күнөөсү жок. Жаман пикирлер адамды жактырбаганыңыздан келип чыгууда. Мамилени жокко чыгаруу мүмкүн болбосо, жаман сөздөрдөн калкалаганыңыз оң.

3. Көзү жок (араңарда жок) адам жөнүндө сүйлөшүүгө туура келсе, ал жөнүндө бир гана жакшы пикирлерди айтыңыз.

4. Сүйлөшүү белгилүү бир адамга келип такалганда, башка жалпы темага өткөнгө аракет кылыңыз. Иш оңунан чыкпаса, бул маектен четтеңиз.

5. Ар бир адамдын дайым акыркы кабарлар, имиштер менен бөлүшкүсү келген таанышы бар болушу керек. Эгер ал түрдүү ушактарды таратып жүргөн болсо, сизди бир күнү артыңыздан жамандабайт деп ким кепилдик бере алат. Мындай адамдардан алыс болууга аракеттениңиз. Ушактардын терең туңгуюгуна кептелип, аларды жайылтуу чынжырчасына айланбаңыз.

6. Кээде башка адам менен байланыштуу ойлорубузду, сезимдерибизди бөлүшкүбүз келет. Айрыкча, бирөөгө ачууңуз келгенде ичиңиздеги бурганактарды кагазга же ноутбукка төгүңүз. Ошентип, эмоцияңыз менен да бөлүшүп жеңилдейсиз, ушактын күнөөсүнөн да коргоносуз.

7. Бир адам жөнүндө талкууга катышып калсаңыз, анда ал жөнүндө жакшы пикир гана айтыңыз. Эмне себептен мындай болуп калгандыгына, бул ишти жасаганына далилдүү жүйөөлөрдү келтириңиз. Аны коргой алчу пикир таппасаңыз, унчукпай койгон оңураак.

8. Башкалар жөнүндө ушак айтыла баштаганда позитивдүү учурларды кармоого аракеттениңиз. Мисалы, “Жакын кошунабыз чала тааныган аялга тез эле үйлөнүп алды. Алар сөзсүз бир нерсени жашырышкан” деген сүйлөшүү жүрдү дейли. Сиз бул учурда: “Кудайга шүгүр, аларда баары жакшы” деңиз.

9. Ушак айтуу менен эч качан бир да адамга жакшы көрүнө албайсыз. Башкалар кызыгып угушат, а бирок сизге болгон сый-урмат жоголот. Артыман мени да жамандайт деп ойлоп, сизге ишенбей калышат.

10. Социалдык тармактар жашообуздун ажырагыс бөлүгүнө айланды. Интернетте да ушактарды таркатуу, бирөөнү жамандоо күнөө экендигин унутпаңыз.

Өзүңүздү ушакталып жаткан адамдын ордуна элестетип көрүңүзчү. Эч ким өзүнүн башкалар тарабынан жамандалышын, артынан ушакталышын каалабаса керек. Жашоо – бумеранг. Бүгүн бирөөнү ушактасаң, эртең сен да ушакталасың.

Комментарий жиберүү