Таттуу тилдин жана күлүмсүрөөнүн мааниси

Таттуу тилдин жана күлүмсүрөөнүн мааниси

Суроо: Күлүмсүрөөнүн жана таттуу тилдин мааниси тууралуу маалымат бересизби? ЖООП Даанышман заттар айтышкан: Мусулман адамдын жүзү жылмайган болот, мунафык адамдын кабагы түйүлгөн болот. Күлүмсүрөө бекер, алган адамды бактылуу кылат, берген адамды капа кылбайт. Тынчтыктын, ырахаттыктын ачкычы – күлүмсүрөө. Күлүмсүрөй албаган адам алсыз адам. Күлүмсүрөөнүн отунда ээрибеген темир жок. Күлүмсүрөөнү билүү эки дүнүйөдө бакытка себеп болот. Исламият – сүйүү, күлүмсүрөө, таттуу сөз, чынчылдык жана жакшылык дини. Досторго чындыкты айтып, душмандарга күлүмсүрөө жана таттуу тил менен мамиле кылуу…

Прочитайте больше

Көркөм мүнөз

Көркөм мүнөз

Суроо: Жакшы мусулман болуу үчүн жакшы ахлактуу болуу керек экендигин билдирдиңиз. Жакшы ахлакты кантип тапса болот? ЖООПОоба, Жакшы мусулман болуу үчүн жакшы ахлакка ээ болуу керек, жаман ахлактан узак туруу керек. Ушундай болгондо гана дүнүйө жана акырет саадатына жетүүгө болот. Жакшы ахлакка ээ болуу үчүн илим жана адеп маалыматтарын үйрөнүү жана да жакшы адамдар менен достук куруу керек. Жаман ахлак болсо мунун терси. Б.а. жахил болуп калуунун себеби, жаман адеп жана жаман адамдар менен достук куруу….

Прочитайте больше

Түрмөдөгү эки тараптын мушташынан 116 адам өлдү

Түрмөдөгү эки тараптын мушташынан 116 адам өлдү

Абактагы башаламандыктан кийин Эквадор түрмөлөрүнө өзгөчө абал киргизилди. Эквадордун Гуаякиль шаарында жайгашкан “Литорал” түрмөсүндөгү башаламандыктан 116 киши өлүп, 80и жаракат алды. Associated Press агенттиги каза болгондордун бешөөнүн башы кесилгенин кабарлады. BBC’нин маалыматына караганда, башаламандык 28-сентябрда түрмөнүн бир бөлүгүндөгү камактагы адамдар экинчи тарапка өтүп, андагы адамдарга чабуул койгондон кийин башталган. Өлкө бийлиги тополоңго эл аралык баңгизат картелине байланышы бар Los Lobos жана Los Choneros деп аталган эки топтун түрмөдө бийлик жүргүзүүнү талашканы себеп болгонун билдирди. Маалыматтарга…

Прочитайте больше

Москва тажик-ооган алакасындагы чыңалууга тынчысызданып жатканын билдирди

Москва тажик-ооган алакасындагы чыңалууга тынчысызданып жатканын билдирди

Москва Тажикстан менен Ооганстан чек арага күчтөрүн тартып жатканына тынчсыздануусун билдирип, тараптарды «жаралган кырдаалды жөндөй турган, эки өлкөгө тең ыңгайлуу варианттарды издөөгө» чакырды. Бул тууралуу Москвада 30-сентябрда өткөн брифингде Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Алексей Зайцев билдирди. Буг чейин «Озоди» радиосу кабарлагандай, талибдердин өкүлү Забиулла Мужахид 25-сентябрда Твиттерге Ислам Эмиратынын Мансури армиясынын «он миңдеген аскерлери Тажикстанга жакын Тахор аймагына тартылганын» жазган. Бир нече күн мурда Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Ооганстан менен чектешкен Тоолуу Бадахшан автоном облусуна барганда күч түзүмдөрү аскердик парад…

Прочитайте больше

Грузияда кармалган Михаил Саакашвили ачкачылык жарыялады

Грузияда кармалган Михаил Саакашвили ачкачылык жарыялады

Грузиянын мурдагы президенти жана Украинада Реформалар боюнча улуттук кеңештин аткаруу комитетинин башчысы Михаил Саакашвили мекенинде кармалгандан кийин ачкачылык жарыялады. Бул тууралуу Грузиянын акыйкатчысы Нино Ломжария билдирди.“Саакашвили ачкачылык жарыялаганын айтып, Украинанын жараны катары украиналык консул менен жолугушууну суранды”, – деди акыйкатчы.Анын айтымында, Саакашвили кармоо учурунда каршылык көрсөткөн эмес, ошондуктан ага каршы эч кандай күч колдонулган эмес.Экс-президент 1-октябрда кармалган. Ал мекенине сегиз жылдан бери биринчи жолу муниципалдык шайлоонун алдында кайтып барган. Саясатчы камакка алынганга чейин грузиндерди добуш берүүгө барууга үндөгөн видео…

Прочитайте больше

Кыргызстан Тажикстандан электрэнергия сатып ала баштады

Кыргызстан Тажикстандан электрэнергия сатып ала баштады

Кыргызстан 1-октябрдан баштап Тажикстандан электр энергия сатып ала баштады. Бул тууралуу энергетика жана өнөр жай министри Доскул Бекмурзаев маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, Тажикстанда электр энергиясы ашыкча болгондуктан, аны Кыргызстанга импорттоого даяр экенин билдирген.Бекмурзаев Кыргызстан 1-октябрдан баштап Тажикстандан күнүнө 1 миллион киловатт саат электр энергиясын ала баштаганын билдирди. “Тажикстандагы кесиптештерибиз электр энергиясы өздөрүндө ашыкча болуп жатканын айтып, “электр энергия керек болсо ала бергиле” дегенинен макулдугубузду бердик. Тажик тарап кечээ өздөрү бизге телефон чалып кайрылды. Бүгүн эки саат…

Прочитайте больше

«Ош» базарында өрт чыгып, 17 контейнер күйүп кетти

«Ош» базарында өрт чыгып, 17 контейнер күйүп кетти

Бишкек шаарынын “Ош” базарынын аймагында жайгашкан “Кыял” соода борборунда өрт чыкканын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка караганда, базардын ичиндеги бут кийим оңдоочу жай, 17 даана кийим тигүүчү машина, идиш-аяктар, суусундук сатуучу 17 даана темир контейнер (павильон) жана темир устундуу желим менен жабылган өтмөктөрдүн чатырлары күйгөн.Ошондой эле эки чач тарачтын желим терезеси жана аба муздаткычы ээриген. Өрттүн жалпы аянты болжол менен 100 чарчы метрди түздү.Өрттү өчүрүүгө эки бригада тартылып, саат 05:27де толугу менен өчүрүлдү.Учурда…

Прочитайте больше

«Талибан» тажик чек арасына күчтөр тартылууда деген маалыматтарды четке какты

«Талибан» тажик чек арасына күчтөр тартылууда деген маалыматтарды четке какты

“Талибан” кыймылынын өкүлдөрү тажик-ооган чек арасындагы абал боюнча комментарий берди. Кыймылдын өкүлү Билал Кариминин айтымында, талиптер Тажикстандын чек арасына күчтөрдү  тарткан жок.“Бул чындыкка дал келбейт”, – деди Карими эки өлкөнүн чек арасына аскерлер тартылып жатабы деген суроого жооп берип жатып.Белгилей кетсек, буга чейин Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин маалымат департаментинин директорунун орун басары Алексей Зайцев маалымат жыйыны учурунда ведомствого эки тарап тажик-ооган чек арасына күчтөрдү тартып жаткандыгы тууралуу маалыматтар келип жатканын айткан.

Прочитайте больше

Талибдер Тажикстанда демократия жок экендигин сындашты

Талибдер Тажикстанда демократия жок экендигин сындашты

Тажикстандын президенти эмомали Рахмон Афганистанда бийликке келген “Талибан кыймылын тааныбай тургандыгын айткан болчу. Бул ирет  “Талибан” кыймылы алгачкы жолу Тажикстандын дарегине курч пикирин билдирди. Буга чейин тажик бийлиги Панджшер аймагындагы абалды кескин сынга алган. Ошондой эле, коңшу Афганистанда бийликти күч менен басып алган эч бир күчтү тааныбайбыз, – деп билдирген тажик бийлиги. Панджшерде “Талибан” кыймылы аларга каршы акыркы топ менен күрөш жүргүзүүдө. Учурда эки өлкөнүн ортосундагы чек арада абал чыңалып турат. “Газета.uz” маалымдагандай, “Талибан” кыймылы…

Прочитайте больше

Орусиянын Канттагы авибазасы абадан коргонуу системалары менен бекемделет

Орусиянын Канттагы авибазасы абадан коргонуу системалары менен бекемделет

Орусиянын Борбордук аскердик округунун командиринин орун басары, генерал-майор Рустам Миннекаев Кыргызстандын аймагындагы “Кант” авиабазасын бекемдөө кандай жүрүп жатканын айтып берди. Генерал-майор авиабаза абадан коргонуу системалары менен бекемделерин “Интерфакс” агенттигине берген маегинде билдирди. “Пландар азырынча аткарыла элек, бирок процессте”, – деген Миннекаев. Эске салсак, биринчи жолу Орусиянын Кыргызстандагы авиабазасы чыңдалганы жөнүндө Орусиянын коргоо министринин орун басары Николай Панков 2020-жылдын 11-февралында билдирген. Февраль айында “Кант” авиабазасына чалгындоочу-дрондор жеткирилген. Учурда авиабазада чабуулчу Су-25 учактар жана Ми-8  тик учактары…

Прочитайте больше

Окумуштуулар: Кулакчын дүлөйлүккө алып келет

Окумуштуулар: Кулакчын дүлөйлүккө алып келет

Учурда жаштар кулакчын менен музыка угууну адатка айландырып алышты. Адистердин айтымында, кулакчынды күнүнө 1 сааттан ашык пайдаланып, ыр уккан адам эртеби-кеч дүлөй болот. Кулакчын ден-соолукка терс таасирин тийгизип эле койбостон, коомдо ар кандай жагымсыз окуяларга да себеп болуп келет. Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму бул боюнча иликтөө жүргүзүп, дүйнөдө 1,1 миллиард жаштар убакыттын көп бөлүгүн кулакчын менен ыр угуп өткөрүшөрүн билдирген. Натыйжада, жер бетиндеги 12-35 жаш аралыгындагы адамдардын басымдуу бөлүгүнүн угуу жөндөмдүүлүгү начарлап кеткенин аныкташкан….

Прочитайте больше

Ташиев «Кумтөр» иши боюнча Швейцарияга учуп кетти

Ташиев «Кумтөр» иши боюнча Швейцарияга учуп кетти

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Женевага учуп кетти. Бул тууралуу журналист Өткүрбек Рахманов Фейсбуктагы баракчасынан билдирди. Анын айтымында, Камчыбек Ташиев Швейцарияга «Кумтөр» иши боюнча барат. «УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевди 53 жаш курагы менен куттуктайм. Бүгүн 27-сентябрь туулган күнү. Бирок Камчыбек Кыдыршаевич мамлекетибиздеги эң маанилүү болуп турган “Кумтөр” маселеси боюнча Женевага 27-сентябрь эртең менен учуп кетет. Кумтөр боюнча тагдыр чечээр күн келиптир. Сапары байсалдуу болуп, Кыргыз элибиздин ырыскысын кайтарса экен!», – деп жазды Рахманов. Белгилей кетсек, бүгүн,…

Прочитайте больше

«Шамбала» тасмасы Оскарга көрсөтүлдү

«Шамбала» тасмасы Оскарга көрсөтүлдү

Кыргызстандын Оскар комитети 2021-жылы 18-сентябрдагы жыйынында режиссёр Артыкпай Сүйүндүковдун “Шамбала” тасмасын Американын кинематография искусствосу жана илимдер академиясынын “Оскар” сыйлыгына көрсөтүү чечимин кабыл алды. Бул тууралуу Кыргызстандын Оскар комитетинин басма сөз кызматы билдирди.Тасма “Эң мыкты эл аралык көркөм тасма” наамына көрсөтүлөт.Белгилей кетсек, аталган тасма Чыңгыз Айтматовдун “Ак-кеме” повестинин негизинде тартылган. Тасманын дүйнөлүк бет ачары 2020-жылы Шанхайдагы эл аралык фестивалда өткөн. Ушул жылдын 25-апрелинде тасма Балтика, Грузия жана КМШ өлкөлөрүндөгү эң мыкты тасма үчүн “Ника – 2020” сыйлыгын жеңип алган.Учурда чет…

Прочитайте больше

«Талибан» Тажикстан менен чек арага миңдеген атайын күчтөрүн жайгаштырды

«Талибан» Тажикстан менен чек арага миңдеген атайын күчтөрүн жайгаштырды

“Талибандын” басма сөз катчысы Забихулла Мужахид талиптер “миңдеген” аскерлерин Ооганстандын Тажикстан менен чектеш Тахар провинциясына жөнөткөнүн билдирди. Забихулла Мужахид 25-сентябрда өзүнүн Твиттердеги баракчасына аскердик унаалардын жана аскердик формачан адамдардын сүрөттөрүн жарыялап, Мансури  армиясынын миндеген атайын күчтөрү Тахарга жайгаштырылганын  жазган. Белгилей кетсек, Тажикстандын Ооганстан менен чек арасы 1400 чакырымдан ашат, акыркы убакта Тажикстан Орусия жана Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун башка мүчөлөрү менен тажик-ооган чек арасында биргелешкен аскердик машыгууларды өткөрүп, аларды чек арадагы көзөмөлдү күчөтүү үчүн колдонууда.

Прочитайте больше

Акылдуулуктун өлчөмү

Акылдуулуктун өлчөмү

Акылдуу деп өз пайдасын, зыянын билген адамды  айтат. Дүйнөлүк табыштарын ойлогондой акыреттик  табыштарын да ойлогон адам – акылдуу. Эң көп дегенде  100 жылдык өмүрдү ойлоп, түбөлүк болгон акырет өмүрүн  ойлобогон адамды акылдуу эмес акмак адам деп айтат.  Акылдуу болуу өтө баалуу. Хадиси шарифте: «Аллаху  тааланын даргейинде эң урматтуу болгонуңар – акыл  жагынан жогору болгондоруңар» (И.Газали)  «Акылдуу болбогон адамдын дини да жок.» (Тирмизи)  «Акылдуу адам ыйман келтирет.» (Байхаки)  Демек, ыйман келтирген, акырет өмүрүн ойлогон адам  акылдуу….

Прочитайте больше
1 72 73 74 75 76 133