Бишкекте эки күндүк жарманкеде айыл чарба азыктары дүң баада сатылат

Бишкекте эки күндүк жарманкеде айыл чарба азыктары дүң баада сатылат

Борбор калаада 16-17-октябрь күндөрү Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги Бишкек шаардык мэриясы менен биргеликте жарманке өткөрөт. Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, айыл чарба азыктарынын баалары дүң баада сатылат. Жарманке өтүүчү даректер: –  Октябрь райондук администрациясы, 12-кичи район, А.Токомбаев – Н. Джетикашкаева көчөлөрүнүн кесилиштери; –  Биринчи май райондук администрациясы, И. Раззаков-Киев, Токтогул Сатылганов көчөлөрүнүн кесилиштери.

Прочитайте больше

Кадыр ажы жооп берет: Маркумду жерге берип жатканда мал союуга болобу?

Кадыр ажы жооп берет: Маркумду жерге берип жатканда мал союуга болобу?

Дин аалымы, профессор Кадыр ажы Маликов социалдык тармактардагы жеке баракчасы аркылуу окурмандардын өтө көп берилген суроолоруна активдүү жооп берүүдө. Кезектеги суроо: Маркумду акыркы сапарга узатууда мал союуга уруксат берилеби? Кадыр ажы Маликов: Ислам дини маркумдун руху үчүн садака берүү максатында мал союуга тыюу салбайт. Бирок дин ысырап кылууну жактырбайт. Өлүктү акыркы жайга узатууда мал союу көчмөн элдерде (кыргыз, түркмөн, казак, алтай, башкыр) Исламга чейин эле болгон. Ислам бул салтты оңдоп, бутпарастыкка, ысырапкорчулукка жана сөзсүз союу…

Прочитайте больше

Кадыр ажы жооп берет: Сыйкырлоо, кара дубаны жасаган да, жасаткан да – чоң күнөөкөр

Кадыр ажы жооп берет: Сыйкырлоо, кара дубаны жасаган да, жасаткан да – чоң күнөөкөр

Дин аалымы, профессор Кадыр ажы Маликов социалдык тармактардагы жеке баракчасы аркылуу окурмандардын өтө көп берилген суроолоруна активдүү жооп берүүдө. Кезектеги суроо сыйкыр жана кара дуба тууралуу, бул иштердин канчалык күнөө экендиги жөнүндө келди. Кадыр ажы Маликов: Руханий боштук, айланабызды курчаган туруксуздук, коркунучтар түрдүү психикалык ооруларга жана массалык депрессияга алып келүүдө. Буга байланыштуу калк арасындагы психикалык оорулардын өсүү тенденциясы адам үрөйүн учурат. Көрө албастык, жек көрүү жана түркөйлүк диндеги адекваттуу адамдарды да кээде каапырлык жана Аллага…

Прочитайте больше

Президент Садыр Жапаров Индиянын тышкы иштер министри Субраманиям Жайшанкарды кабыл алды

Президент Садыр Жапаров Индиянын тышкы иштер министри Субраманиям Жайшанкарды кабыл алды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 11-октябрда, өлкөдө расмий сапар менен келген Индия Республикасынын тышкы иштер министри Субраманиям Жайшанкарды кабыл алды. Кызыгуу жараткан бардык багыттар, кыргыз-индия кызматташтыгын өнүктүрүү маселелери, анын ичинде соода-экономикалык, аскердик-коргонуу, маданий-гуманитардык жана билим  берүү тармактары боюнча пикир алмашуу болду.  Мамлекет башчысы салттуу достук жана өз ара ишенимге негизделген жемиштүү кызматташууну өнүктүрүүгө мүмкүндүк берген  өлкөлөр ортосундагы терең саясий өз ара түшүнүшүүнү канааттануу менен белгиледи.  Президент акыркы жылдары эки тараптуу сооданын өсүшү байкалганын белгилеп, Индия Кыргызстанга…

Прочитайте больше

“Кальмар оюну” сериалы билим берүү мекемелерин тынчсыздандырууда

“Кальмар оюну” сериалы билим берүү мекемелерин тынчсыздандырууда

Улуу Британиянын билим берүү мекемелери Netflix платформасына чыгып, популярдуулукка ээ болгон “Кальмар оюну” сериалынан улам тынчсызданышууда. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазышты. Улуу Британиянын мектептери балдарга Түштүк Кореянын сериалдарын көрүүгө уруксат бербөө үчүн ата-энелерге кат жөнөтүүгө мажбур болушууда. Маалыматка караганда, көптөгөн окуучулар мугалимдеринен сериалдын триллеринде көрсөтүлгөн “сынактарга” катыша алабызбы деп сурашкан. Сериялда утулгандарды ырайымсыз өлүм күтүп турат жана бул фактор билим берүү мекемелеринин жетекчиликитерин тынчсыздандырбай койбой тургандыгы айтылган. Улуу Британияда башталгыч мектептердин бири билдирүү…

Прочитайте больше

Тажик укук коргоочулары Европарламенттен алардын талабын Рахмонго жеткирүүнү сурашты

Тажик укук коргоочулары Европарламенттен алардын талабын Рахмонго жеткирүүнү сурашты

Тажикстандагы саясий туткундарды коргоо боюнча жарандык комитет Европарламенттин жетекчилигинен тажик бийлигинин оппоненттеринин алты талабын президент Эмомали Рахмонго жеткирүүнү сурашты. Тажикстан президенти Эмомали Рахмон ушул аптада Франция жана Бельгияга расмий сапар менен барары күтүлүүдө. Польшадагы тажик оппозициячылары түзгөн жарандык комитет Европарламентке жолдогон катында Европа Биримдигинен Рахмонду саясий атаандаштарын жана алардын үй-бүлөлөрүн куугунтуктоону токтотууга, түрмөлөрдөгү саясий туткундарды бошотууга чакырууну сурашты. Тажикстан бийлиги өлкөдө саясий туткундар жок экенин айтып келет. Елисей сарайынын расмий билдирүүсүндө “Республиканын президенти Эмомали Рахмонду 13-октябрда кабыл…

Прочитайте больше

Кыргызстан бешинчи орунда. Дүйнө чемпионатынын акыркы рейтинги жарыяланды

Кыргызстан бешинчи орунда. Дүйнө чемпионатынын акыркы рейтинги жарыяланды

Күрөш боюнча Дүйнө чемпионатына катышкан 27 өлкөнүн ичинен Кыргызстан алдынкы беш өлкөнүн катарына кирди. Кечээ, 10-октябрда Норвегиянын Осло шаарында күрөш боюнча Дүйнө чемпионаты аяктады. Анын жыйынтыгы боюнча жарыяланган рейтингде, медалдар жарышы боюнча Кыргызстан алдыңкы ири державалардын катарынан 5-орунду ээледи. Иран – 7 алтын, 3 күмүш, 3 коло;АКШ – 5 алтын, 5 күмүш, 5 коло;Япония – 5 алтын, 3 күмүш, 4 коло;Орусия – 4 алтын, 5 күмүш, 9 коло;Кыргызстан – 2 алтын, 2 күмүш, 2 коло;…

Прочитайте больше

К.Мурзахалилов: «Ашраф Гани коррупция, жумушсуздук, социалдык маселелерди чечпегендиктен, «Талибанга» бийлигин тарттырып койду…»

К.Мурзахалилов: «Ашраф Гани коррупция, жумушсуздук, социалдык маселелерди чечпегендиктен, «Талибанга» бийлигин тарттырып койду…»

“Талибан” кыймылы (Кыргызстанда жана башка көптөгөн өлкөлөрдө ишмердүүлүгүнө тыюу салынган) Афганистанда бийликти толук колго алгандыгын жарыялагандан бери эки айга жакын убакыт өттү. Бирок алардын бийлигин эл аралык коомчулук расмий түрдө тааныбаган менен кыйыр түрдө кызматташып, ар кандай деңгээлде сүйлөшүүлөрдү жүргүзө баштады. Ошол эле учурда Афганистан менен чектешкен Борбор Азия мамлекеттери талибдердин кол салуусунан чочулап, чектеш аймактарда өз ара жана биргелешкен аскердик машыгууларды жүргүзүүдө. Деги эле “Кошуна мамлекеттерге кол салбайбыз”,- деп жарыялаган менен “Талибандын” биздин чөлкөмгө…

Прочитайте больше

Бишкек кайрадан абасы кир шаарлардын катарында

Бишкек кайрадан абасы кир шаарлардын катарында

Бишкек шаары дүйнө жүзүндөгү абасы кир шаарлардын рейтингинде алтынчы сапка чыкты. бул туурасында дүйнөдөгү ири шаарлардагы абанын сапатын көзөмөлдөгөн World Air Quality мекемесинин рейтингинде айтылат. Аталган сайттагы маалыматка ылайык, саат 12:15те абанын сапатынын индекси 154тү (AQI) түзгөн. Рейтингде абасы эң кир шаардын сап башына Пакистандын Лахор шаары жайгашса, экинчиге Бангладештин борбору Дакка, үчүнчүгө Индиянын Дели шаары жайгашкан. Акыркы убакта Бишкекте абанын булганышы башкы экологиялык маселеге айланды. Жыл сайын айрыкча кыш мезгилинде абанын булганышы күчөп, баш…

Прочитайте больше

ЖМК: Ооганстанда мечитте болгон жардырууда 100дөй адам каза болду

ЖМК: Ооганстанда мечитте болгон жардырууда 100дөй адам каза болду

Ооганстандын түндүгүндөгү Кундуз провинциясында мечитте жарылуу болгонун Аамадж Ньюс агенттиги жазды. Алдын ала маалыматтар боюнча, Ооганстандагы теракттын натыйжасында 100дөй жай тургун каза болуп, дагы ондогон адамдар жаракат алышты.  Агенттиктин маалыматы боюнча, мечитке кол салуу жергиликтүү убакыт боюнча саат 13:30дар чамасында болгон. Ал учурда мечитте жума намазын окуган адамдардын саны көп болгон. Алдын ала билдирүүлөр боюнча, жардырууну жанкечти-террорчу жасаган. Ал мечиттин ичине кирип, ошол жерде жардыруучу затты жардырып жиберген. Жардыруу болгонун өлкөдөгү бийликти басып алган радикалдуу…

Прочитайте больше

Эми контрабанда менен алектенгендерге каршы ок атылат

Эми контрабанда менен алектенгендерге каршы ок атылат

Президенттин Баткен облусундагы өкүлү Абдыкерим Алимбаев мындан ары контрабанда менен алектенгендерге каршы ок атыларын билдирди. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазышты. Ал аткезчилер күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрүнөн качып, көбүнчө барчу жерине жетүү үчүн айланма жол менен кетип жатышканын айтып, мыйзам жол берсе аларга каршы ок чыгарууга тапшырма берди. “Бул жерде бийликтин жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрү турушат. Аткезчилердин токтоосун талап кылышканда, алар баш ийбей качышат. Эгерде мыйзам уруксат берсе, мындай учурларда курал колдонуңуз. Болбосо эл түшүнбөй, аткезчилик менен алектенип…

Прочитайте больше

ЖМК: “Талибан” Тажикстанга кирүүгө толук даяр

ЖМК: “Талибан” Тажикстанга кирүүгө толук даяр

“Талибан” Тажикстанга кол салууга толук даяр. Бул тууралуу “REVERSE SIDE OF THE MEDAL” Telegram-каналы талибдерге шилтеме берип жазды. Маалыматта, “Тажиктердин талибандар тобу “Ансаруллах жамаатынын” башчысы Махди Арсалан Тажикстанга кирүүгө даяр”, – деп айтылат. Эске сала кетсек, буга чейин ал Тажикстанда “Халифат” куруу ниети бар экенин билдирген. Маалыматка ылайык, тажик талибдеринин лидери Ооганстандын Тажикстан менен чектеш аймактарынын башчысы болуп дайындалган. Учурда “Ансаруллах” тобу  Тажикстандын Тоолуу Бадахшан автономиялуу аймагынын жана Хатлон облусунун Шамсиддин Шохин районунун бир бөлүгү болгон Дарваз аймагы…

Прочитайте больше

Японияда катуу жер титирөө болуп, 32 киши жабыркады (видео)

Японияда катуу жер титирөө болуп, 32 киши жабыркады (видео)

Токиого жакын жерде күчү 5,9 баллга жеткен жер титирөө болуп, жабыркагандардын саны 32ге жетти. Бул тууралуу өрт өчүрүү кызматынын маалыматына таянуу менен Киодо агенттиги жазды. Маалыматка караганда, үч адамдын абалы оор деп бааланууда. Жер титирөөдөн кийин Токио линиясындагы поезд кыймылы азырынча калыбына келтириле элек. Бир катар метро линияларында жана шаардык темир жолдордо поезд каттамдары кечиктирилди. Цунами коркунучу жарыяланган жок. Силкинүүнүн очогу 80 чакырым тереңдикте болгон. Жердин силкиниши өлкөнүн 47 префектурасынын 26сында сезилген. Жабыркагандар жана кыйроолор…

Прочитайте больше

“Кумтөрдүн” алтынын өзүбүз иштетсек, 30 миң жумуш орду түзүлмөк

“Кумтөрдүн” алтынын өзүбүз иштетсек, 30 миң жумуш орду түзүлмөк

Депутат Чыңгыз Макешов: “Бай Кыргызстанды негиздөө өз колубузда!”. “Кумтөрдөн” алынган алтынды зергерлер иштете  турган болсо бери жагы 30 миңдей жумуш орду түзүлмөк. Бирок, ошол алтындарга кол жеткис абалдын жаралганы, чындап эле жарыбастыктын көрүнүшү болуп жатпайбы?” , – деп айтты “Парламент” радиосуна интервью берген Жогорку Кеңеш депутаты Чыңгыз Макешов. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирди. Эл өкүлүнүн айтымында, Кыргызстанда жылына 20 тоннадай алтын алынат. Аны чийки зат түрүндө сатканда арзан баа болсо, ал эми аны…

Прочитайте больше

«Талибан» Тажикстан менен мамилени оңдоого аракет кылып жатканын билдирди

«Талибан» Тажикстан менен мамилени оңдоого аракет кылып жатканын билдирди

“Талибандын” жетекчилиги Душанбе менен болгон чыңалууну дипломатиялык жолдор менен басаңдатууга аракет кылууда. Ооганстанда бийликти басып алган радикалдуу “Талибан” кыймылы Тажикстандын жетекчилиги менен мамиледеги чыңалууну азайтуу үчүн дипломатиялык аракеттерди көрүүдө. Бул тууралуу “Tolo News” телеканалы Ооганстандын Маалымат жана маданият министрлигине таянуу менен билдирди. “Тышкы иштер министрлиги бардык өлкөлөр менен байланышта жана алар менен жакшы мамилелерди курууга аракет кылууда”, – деди “Талибандын” маданий иштер боюнча комиссиясынын мүчөсү Рохулла Омари. Мындан тышкары, ал Тажикстан Ооганстан үчүн жакшы коңшу…

Прочитайте больше
1 70 71 72 73 74 133