Орусия «Талибанды» террордук уюмдардын тизмесинен чыгарышы мүмкүн. Талиптер эмне деди?

Орусия «Талибанды» террордук уюмдардын тизмесинен чыгарышы мүмкүн. Талиптер эмне деди?

Ооганстандын Тышкы иштер министрлиги Орусиянын президенти Владимир Путиндин “Талибан” кыймылын террордук уюмдардын тизмесинен чыгаруу мүмкүнчүлүгү тууралуу билдирүүсүн кубаттайт. Бул тууралуу Ооганстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Абдул Кахар Балхи билдирди. 21-октябрда Орусиянын президенти Владимир Путин “Валдай” форумунда сүйлөп жатып,  “Талибан” кыймылы террордук уюмдардын тизмесинен чыгарылышы мүмкүн экенин айткан. Анда Путин мындай чечим БУУнун деңгээлинде кабыл алынышы керек экенин билдирген. “Ооганстандын Тышкы иштер министрлиги Орусиянын президенти Владимир Путиндин “Талибан” лидерлеринин ысымдарын кара тизмеден чыгаруу боюнча билдирүүлөрүн кубаттайт. Согуш аяктагандан…

Прочитайте больше

Путин коронавирустан каза болгондордун санын Биринчи дүйнөлүк согуштагы жоготуулар менен салыштырды

Путин коронавирустан каза болгондордун санын Биринчи дүйнөлүк согуштагы жоготуулар менен салыштырды

Орусиянын президенти Владимир Путин коронавирустук инфекциядан болгон өлүмдү Биринчи дүйнөлүк согуштагы жоготуулар менен салыштырды. Бул тууралуу ал Валдай клубунун XVIII жылдык жыйынында айтканын “Лента.ру” сайты жазды. Путин дйнөдө 4,9 миллиондон ашуун адам COVID-19  илдетинен каза болгонуна токтолуп, “Бул коркунучтуу сандар салыштыра келгенде Биринчи дүйнөлүк согуштун негизги катышуучуларынын арасындагы аскердик жоготуулардан да ашып түшөт”, – деди. Ошондой эле, Орусияда коронавирус боюнча абал оор экенин, илдеттин таралышы тездеп, эмдөөнүн деңгээли төмөн бойдон калып жатканын айтты. Жонс Хопкинс университетинин маалыматы…

Прочитайте больше

Орусия “Талибанды” террордук уюмдардын тизмесинен чыгарышы мүмкүн

Орусия “Талибанды” террордук уюмдардын тизмесинен чыгарышы мүмкүн

Орусия “Талибан” кыймылын тыюу салынган террордук уюмдардын катарынан чыгарууга умтулат. Бул тууралуу өлкө президенти Владимир Путин “Валдай” клубунун пленардык жыйынында сүйлөп жатып билдирди. Ошол эле маалда Путин алгач мындай кадамга Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Коопсуздук кеңеши барышы керек экенин белгиледи. Орусия бийлиги кыймылды расмий түрдө тааныбай туруп, анын мүчөлөрү менен Москвада бир нече жолу жолугушууларды өткөргөн. 20-октябрда Орусиянын борбор шаарында “Талибан” кыймылынын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн катышуусунда “Ооганстан боюнча Москва форматындагы консультациялардын” жыйыны өткөн. Анда Орусиянын тышкы иштер…

Прочитайте больше

Ташиев: Кыргызстан Түркиядан учкучсуз учуучу аппараттарды сатып алды

Ташиев: Кыргызстан Түркиядан учкучсуз учуучу аппараттарды сатып алды

Кыргызстан биринчи жолу бюджеттик каражатка Орусия жана Түркиядан “Байрактар” жана  “Орлан 10Е” учкучсуз учуучу аппараттарын сатып алууда. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев кечээ, 21-октябрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматына күжүрмөн техниканы тапшыруу аземинде сүйлөгөн сөзүндө билдирди. “Биз башка техникаларды алуу үчүн да мамлекеттик бюджеттен акча төлөдүк. Азыр Түркияда биз үчүн “Байрактар” учкучсуз учуучу аппараты жасалып жатат. “Байрактар” дүйнөнүн беш  мамлекетинде гана бар, алардын бири Кыргызстан болот. Жакында…

Прочитайте больше

Кыргызгидромет: Эртең айрым аймактарда кар жаайт

Кыргызгидромет: Эртең айрым аймактарда кар жаайт

Кыргызстанда 21-23-октябрь күндөрү туруксуз аба ырайы күтүлөт. Мындай маалыматты Кыргызгидромет билдирди. 22-23-октябрь күндөрү жана 24-октябрда түнкүсүн абанын температурасы кескин төмөндөйт. Эртең, 22-октябрда Чүй, Талас, Ысык-Көл жана Нарын облусттарынын дыйканчылык аймактарында жаан жаап, карга айланып, бактарга муз тоңот. Ошондой эле,  Жалал-Абад, Ош, Баткен, облустарынын да көпчүлүк аймактарында жаан жаап, карга айланышы мүмкүн. Ал эми өлкө боюнча тоолуу аймактарда кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, айрым аймактарда 15-20 метрге чейин жетет. Кыргызгидромет туруксуз аба…

Прочитайте больше

Орусияда коронавирустун AY.4.2 деп аталган жаңы мутацияланган түрү аныкталды

Орусияда коронавирустун AY.4.2 деп аталган жаңы мутацияланган түрү аныкталды

Бул тууралуу “Роспотребнадзордун” борбордук илимий-изилдөө институтунун атайын өкүлү Камил Хафизов билдиргенин РИА-Новости сайты жазды. “Кээ бир жерде жаңыланган ал геновариант: “дельта плюс” деп аталат. Бирок бул аталыш мурда башка вариантка тиешелүү болчу. Ошондуктан азыр кандайдыр бир түшүнбөөчүлүк болуп жатат”,- дейт ал. Илимпоз AY.4.2 “дельта” линиясынын көптөгөн бутактарынын бири экенин, тактап айтканда, вирустун оригиналдуу жана башка версияларына караганда артыкчылыктары бар экенин түшүндүрдү. Мутация канчалык жугуштуу экенин айтуу азырынча кыйын, илимпоздор бул маселени иликтеп жатышат. Хафизов AY.4.2нин Орусияда жана…

Прочитайте больше

WPS индекси: Кыргызстан Борбор Азиядагы аялдар үчүн эң кооптуу өлкө

WPS индекси: Кыргызстан Борбор Азиядагы аялдар үчүн эң кооптуу өлкө

Кыргызстан Аялдардын тынчтык жана коопсуздугу боюнча дүйнөлүк WPS индексинде 97-орунду ээледи. Индекс дүйнөнүн 170 өлкөсүндөгү аялдардын статусу боюнча маалыматтарга негизделип чыгарылган. WPS индекси Норвегиянын Тышкы иштер министрлигинин колдоосу менен Джорджтаун аялдар, тынчтык жана коопсуздук институту жана PRIO гендердик, тынчтык жана коопсуздук борбору тарабынан чыгарылганын “Кaktus.media” агенттиги жазды. Аталган индекстин лидерлери Норвегия, Финляндия, Исландия, Дания жана Люксембург өлкөлөрү.   Анда Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ичинен Кыргызстан эң төмөнкү орунду ээлеген. Ал эми аялдар үчүн эң коркунучтуу өлкөлөр…

Прочитайте больше

«Талибандын» делегациясы Москвага барды

«Талибандын» делегациясы Москвага барды

“Талибан” кыймылынын делегациясы Орусиянын борбор шаары Москвага барды. Бул жерде Ооганстан боюнча Москва форматындагы сүйлөшүүлөр болорун РИА Новости билдирди. Талиптер ошондой эле эки тараптуу жолугушууларды өткөрүшөт. Негизги тема боюнча консультацияларга жана форумга региондун он өлкөсүнүн делегаттары, Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров жана ооган өкмөтүнүн башчысынын орун басары Абдул Салам Ханафи катышат. Жыйындын алкагында бийлик алмашкандан кийинки республиканын аскердик-саясий абалы, гуманитардык жардам жана инклюзивдүү министрлер кабинетинин түзүлүшү негизги маселе болмокчу. Сентябрдын башында талиптер жаңы өкмөттүн…

Прочитайте больше

А.Абдуразаков Кыргызстан «Талибанды» кандай шартта тааный турганын билдирди

А.Абдуразаков Кыргызстан «Талибанды» кандай шартта тааный турганын билдирди

Москвада Ооганстан боюнча “Москва форматында” сүйлөшүүлөр өтүп жатат. Ага региондогу 10 мамлекеттин делегациясы, анын ичинде “Талибан” кыймылынын өкүлдөрү катышууда. Сүйлөшүүлөргө Кыргызстандын атынан Тышкы иштер министрлигинин 4-саясий департаментинин директору Авазбек Абдуразаков катышууда. Бул тууралуу Sputnik Ооганстан агенттигинин Телеграмм каналына жарыяланган билдирүүдө айтылат.   Абдуразаков Кыргызстан талиптердин бийлигин таануу маселесинде БУУнун Коопсуздук кеңешинин резолюциясынын алкагында иш алып барарын билдирди. “Биз Ооганстандын жаңы бийлигинин изоляциясын конструктивдүү эмес деп эсептейбиз. Борбордук Азия – биздин жалпы үйүбүз, биз баарыбыз анда…

Прочитайте больше

Индиянын түштүгүндө болгон селден 22 киши каза тапты

Индиянын түштүгүндө болгон селден 22 киши каза тапты

Индиянын түштүгүндө Керала штатында бир нече аймакта сел жана жер көчкү жүрүп, бери дегенде 22 киши каза тапты. Бул тууралуу Индиянын расмий өкүлдөрү билдиргенин “Farsnews” агенттиги жазды. Штат боюнча бир нече күндөн бери тынбай жааган жамгырдын кесепетинен келип чыккан сел жана жер көчкүдөн тургундарды куткаруу үчүн Индиянын армиясы менен флоту тартылган. Керала штатынын Кризисти башкаруу комитетинин билдирүүсүнө караганда, көптөгөн аймактарда метеорологиялык эскертүүлөр алынганы менен, штатта жамгырдын жаашы дагы уланары күтүлүүдө. Буга чейин, Индиядагы акыркы кылымдагы…

Прочитайте больше

FT: Кытай жашыруун түрдө гиперүндүү ракетасын сынаган

FT: Кытай жашыруун түрдө гиперүндүү ракетасын сынаган

Кытай августта өзөктүк курал алып жүрүүгө жөндөмдүү гиперүндүү ракетасын сынаган. Бул тууралуу Financial Times басылмасынын өз булактары билдирип, бул Америка чалгынын “күтүүсүз кырдаалга” кептегенин белгилешти. Гезит жазгандай, ракета жашыруун сыноо учурунда бутага жете алган эмес, бирок “гиперүндүү куралды иштеп чыгууда болуп көрбөгөндөй укмуш прогресс” көрсөткөн. “Алар муну кантип жасаганын такыр түшүнгөн жокпуз”, – деген өз булак. Басылманын маектештеринин божомолунда теориялык түрдө ракета Түштүк уюлдун үстүнөн өткөн болушу мүмкүн. Бул түндүк уюл багытына ыктаган АКШнын ракетадан…

Прочитайте больше

Жактоочу: Орхан Инанды Бишкектен эле кыйноого алынган

Жактоочу: Орхан Инанды Бишкектен эле кыйноого алынган

“Сапат” эл аралык билим берүү мекемесининин директору Орхан Инандынын колу Бишкектен эле сынган. Бул тууралуу жактоочу Таалайгүл Токтакунова Анкарадагы кесиптешине таянуу менен Фейсбуктагы баракчасына жазды. Анын айтымында, Орхан Инанды жактоочусуна кантип уурдалып, Түркияга алып келингенин айтып берген. “Аны үчөө уурдап кеткен, алардын экөө кыргыз. Анын колун унаадан эле сындырышкан”, – деп жазды Токтакунова. Мындан тышкары, ал Инандынын Түркияда кыйноого алынышынын чоо-жайын кийинчерээк жазарын билдирди. Эске салсак, ушул жылдын 5-июлунда Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган өз…

Прочитайте больше

Пандемияда каза болгон дарыгерлерге эстелик тургузулду (фото)

Пандемияда каза болгон дарыгерлерге эстелик тургузулду (фото)

Пандемия мезгилинде коронавирус менен 6 миңден ашуун медицина кызматкери ооруп, анын 123ү каза болгон, анын ичинде 79 дарыгер жана 44 орто медициналык персоналдын өкүлдөрү бар. Бүгүн, 19-октябрда Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын башкы корпусунун жанындагы гүл бакчада пандемияда каза болгон дарыгерлерге арналган эстеликтин ачылышы болду. Иш-чарага Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов катышып, 2020-жылы Кыргызстандын эли оор мезгилди башынан кечиргенин белгилеп, коронавирус инфекциясы менен күрөшүүдөгү дарыгерлердин өлчөнгүс эмгеги жана каармандыгы үчүн чоң ыраазычылык билдирди. Иш-чаранын…

Прочитайте больше

Рахмон дүйнөдөгү эң таасирдүү мусулмандардын катарына кирди

Рахмон дүйнөдөгү эң таасирдүү мусулмандардын катарына кирди

Дүйнөдөгү эң таасирдүү делген 500 мусулмандын жаңы рейтинги жарыяланды. Тизмеге Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон да кирди. Аммандагы (Иордания) Мусулман стратегиялык изилдөөлөрүнүн падышалык борбору кайрадан Тажикстандын президенти Эмомали Рахмонду дүйнөдөгү эң таасирдүү делген 500 мусулмандын катарына киргизди. Ошондой эле рейтингге Тажикстандын аалымдар кеңешинин башчысы Сайидмукаррам Абдулкодирзода жана дүйнө исмаилиттеринин руханий лидери Шох Карим Аль-Хусайни дагы кирди. Эске салсак, тажик президенти Эмомали Рахмон 500 таасирдүү мусулмандардын тизмесине биринчи жолу 2012-жылы, ал эми Саидмукаррам Абдулкодирзода 2015-жылы кирген. Бул жылы тизменин сап башында Катардын эмири шейх…

Прочитайте больше

Тажикстанда ЖККУнун аскердик машыгуулары башталды

Тажикстанда ЖККУнун аскердик машыгуулары башталды

Тажик-ооган чек арасында Жамааттык Коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) “Өз ара аракеттенүү”, “Издөө” жана “Эшелон” деп аталган аскердик машыгуулары башталды. Бул тууралуу машыгуунун басма сөз борборунан билдиришкенин Спутник-Тажикстан сайты жазды. Машыгууга төрт миң аскер, 500дөн ашык техника тартылган. Алардын арасында “Жолборс” деп аталган ок өтпөс автоунаалар, Су-25 чабуулчу учактар жана башка заманбап аскер техникалары бар. Машыгууга ылайык, Момирак жана Харб-Майдон полигондорунда аскерлер террористтердин басып кирүүсү жана согуштардын локалдашуусу боюнча аракеттерди жасашат. Аскер кызматкерлери Сирия жана Тоолуу…

Прочитайте больше
1 68 69 70 71 72 133