Азирети Али алейхиссаламдан кымбат баалуу 40 хадис

1. Амийраль муъминийн Азирети Али алейхиссалам буюруду: Беш убакытты дуба жана тилек тилөөгө баалагыла: Куран окууда, азан убагында, жамгыр жааганда, Аллах жолунда согуш жана жихадда, Кордук көргөндүн кыйналганында – бул мезгилдерде дуба кабыл алынуусуна тоскоолдук жок.

2. Илим – баалуу мурас, адеп – кооз жасалга, ой жүгүртүү – тунук дин, кечирим суроо – боорукердин эскертүүсү. Ал эми адептүү болууң үчүн өзүң жактырбаганды башкаларга ыраа көрбөгөнүң.

3. Ак жана акыйкат качан болсо да, канча убакыт өтсө да жаңы бойдон кала берет. Жалган канчалаган адамдар аны колдосо да негизсиз жана пас нерсе.

4. Дүйнө жана анын мүлкү үч максат үчүн пайдаланылат: муктажсыз, абройлуу, жеңил жана бакубат жашоо үчүн. Кимде ким үнөмчүл болсо, абройлуу жана сүйкүмдүү болот. Кимде ким канааттуу болсо, муктажсыз жана бакубат жашайт. Кимде ким азыраак машакатта болсо, ар дайым жеңил жана ыракаттуу болот.

5.  Эгерде дин жана такыбаалык маанилүү болбосо, мындан да саясатчыл адам болмокмун. Бирок дин менен такыбаалык саясат оюнуна тоскоол болот.

6. Мал-мүлк адамды башкарат, ал эми илим-билим баарын башкарат. Сенин илимиң Аллахтан коркконуң менен белгиленет. Кимде ким илим-билими менен мактанса, наадандыгын айгинелейт.

Комментарий жиберүү