Момундардын энеси Сафийя бинт Хувай тууралуу кызыктуу 10 факт

Пайгамбарыздын аруу жубайлары жөнүндө айтып берүүнү улантабыз. Бул жолу иудей уруу башчысынын кызы кантип Исламды кабыл алып, Аллахтын элчисине ﷺ жубай болгондугун биле аласыз.

1. Сафийя бинт Хувай Харун пайгамбардын урпактарынан болгон. Анын атасы Хувай бин Ахтаб Мухаммед пайгамбарга ﷺ касташкан Бану Надир уруусунун башчыларынан эле.

2. Кадыр-барктуу үй-бүлөдөн чыккан Сафийя бойго жеткенде, акын Салями ибн Машкамага турмушка чыккан. Бирок алар көпкө жашаган эмес. Кийин бай жана мансаптуу Кинана ибн Аль-Хакик менен баш кошкон.

3. Хижрийдин 7-жылы Аллахтын элчиси ﷺ Хайбарга жортуулга аттанган. Казат жеңиш менен аяктап, иудей чептери алынган. Азирети Сафия (р.а) мусулмандардын колуна туткунга түшкөн. Ал эми күйөосү Кинана мусулмандар тарабынан өлтүрүлгөн.

4. Колго түшкөн Сафийяга пайгамбарыбыз ﷺ мындай деген: “Эгер мусулман болсоң, сени жубай кылып алуу оюмда бар. Эгер жөөт бойдон калгың келсе, сени азаттыка чыгарам. Өз элиңе кайтууга жардам берем”. Сафийя (р.а) Ислам динин кабыл алып, пайгамбарыбызга ﷺ турмушка чыккан. Мындан таасирленген кээ бир жөөттөр да Исламга келишкен.

5. Азирети Сафийянын (р.а) махры анын азаттыкка чыгуусу болгон. Пайгамбарыбыздын ﷺ үй-бүлөсүнө кошулган Сафийя алтын сөйкөсүн Фатимага (р.а), калган баалуу буюмдарын башка аруу энелерибизге тартуу кылган.

6. Ал илимдүү, маданияттуу, кичипейил, оор басырыктуу, акылдуу жана берешен аял болгон. Ошол эле мезгилде тамактын түрүн жасаган өнөрү бар эле. Өзгөчө сулуулугу менен башкалардан айырмаланып турчу.

7. Ахирети Сафийя (р.а) башка энелерибиз сыяктуу ибадатка берилген аял болчу. Парздар менен бирге нафил ибадаттарды да аткарып, Аллахка жакын болууга тырышкан. 400 курма данегин топтоп, ошону менен тесме тартчу.

8. Пайгамбарыбыз ﷺ менен 4 жыл жашаган Сафийя энебиз 10 хадис риваят кылган.

9. Аллахтын элчиси ﷺ каттуу ооруп төшөктө жатканда азирети Сафийя кайгы-муңга батып, мындай деген: “Оо, Аллахтын элчиси, Аллахка ант болсун! Сага келген бул кыйынчылык мага келишин абдан каалайт элем”. Бул сөздөр анын пайгамбарыбызга болгон сүйүүсүн далилдеп турат.

10. Азирети Сафийя (р.а) хижрийдин 50-жылы Муавия ибн Абу Суфьян халиф болуп турганда көз жумган. Сөөгү Баки көрүстөнүнө коюлган.

Комментарий жиберүү