Мыкты ата-эне болгусу келгендер үчүн 10 насаат

Баланын курсагын тойгузуп, кийимин бүтөп, эч нерседен кем кылбаса эле бардык милдетин аткарып бүткөндөй сезишет кээ бир ата-энелер. Тилекке каршы, балага сүйүү, мээрим тартуулаганды, жумшак мамиле менен татыктуу тарбия бергенди унутуп калышат. Баарын эле материалдык баалуулуктарга такай бергендиктен, кийин бала ата-эне мээримине тойбогон, бактысыз болуп чоңоёт. Балага колунда акчасы бар, бирок мээримсиз ата-эненин кереги жок. Курсагы дыңкыя тойбосо дагы, акыркы модадагы кийим кийбесе дагы, акыркы үлгүдөгү гаджеттерди көтөрбөсө дагы ата-эне сүйүүсүн сезген, мыкты тарбия алган балдар бактылуу.

Бул макалада ата-энелерге керектүү маалыматтар менен бөлүшөбүз. Окуп гана койбостон, жашооңузда колдонуңуз.

1. Кунт коюп, уга билиңиз

Ата-эне сүйлөгөндөн мурун балага кулак төшөө керек. Аларды чоң киши сүйлөп жаткандай кабыл алып, кунт коюп угуу зарыл. Баланын уга турчу ата-энеден башка кимиси бар? Эгер биз балдар сүйлөп жатканда көңүл бурбасак, экинчи сырын айта албай калышат.

2. Сүйүүңүздү көрсөтүүдөн тартынбаңыз

Башкалар сыяктуу балдар да сүйүүгө муктаж. Ата-эненин сүйүү сезимин, мээримин көргөн гана бала бактылуу болот. Ошондуктан көбүрөөк эркелетип, балага убактыңызды арнаңыз. Пайгамбарыбыз ﷺ “Менин 10 балам бар, бирок бирин да өпкөн эмесмин деген адамга “Мээримсизге ырайым жок” деп айткан эмеспи.

3. Жөнөктөй тил менен сүйлөңүз

Балдар узун сүйлөмдөрдү, макал-лакап, учкул сөздөрдү түшүнбөйт. Ошондуктан татаалдантпай, түшүнүктүү тилде сүйлөңүз. Акырын тон менен жөнөкөйлөтүп түшүндүрүп бериңиз.

4. Башкаларга салыштырбаңыз

Аллах ар бир пендесин уникалдуу кылып жараткан. Перзентиңиз кандай болсо, ошондой кабыл алыңыз. Балаңызды бөлөктөргө салыштыруу менен бир гана ортодогу мамилени суутасыз. Салыштырууларды уга берген баланын өздүгү талкаланат. Өзүнө болгон ишеними жоголот. Андыктан анын артыкчылыгы үчүн мактаганды үйрөнүңүз.

5. Катачылык кетирсе, кечире билиңиз

Бала жашоодо чалынып, жаңылышы да мүмкүн. Мындай убакта аны жемелебей, кемчилигин акырын түшүндүрүңүз. Катачылыгы үчүн кайгырып жатканда колдоо көрсөтүңүз. Мына ошондо гана бала кемчилигин толук мойнуна алып, туура жолго багытталат.

6. Ишеним көрсөтүү менен жоопкерчилик жүктөңүз

Калыптанып жаткан бала үчүн ата-эненин ишеним көрсөтүүсү абдан маанилүү. Ата-эне ага ишенбесе, баланын өзүнө болгон баасы төмөн болуп калат. Баланын пикири менен эсептешкенди, туура эмес болсо анын оюн угууну адатка айландырыңыз. Ага жоопкерчилик жүктөңүз. Бирок ал ишти аткара албай калса же жаңылыштык кетирсе жемелебеңиз. Кандай кылса да ыраазычылык билдирип, алкаңыз.

7. Жүрүм-турумуңуз аркылуу үлгү көрсөтүңүз

Балдар насаат сөздөрдү уккусу келбейт. Аларга үлгү болуунун эң жакшы жолу – жүрүш-турушту өндоо. Пайгамбарыбыз ﷺ ар дайым кулк-мүнөзү, жүрүм-туруму менен сабак көрсөтчү. Сүйлөгөн сөзү менен кыймыл-аракети бири-бирине дал келер эле. Балабыздын кандай болушун кааласак, өзүбүз да ошондой болушубуз керек. Өзүңдө жок нерсени башкадан талап кылуу –акылга сыйбаган жорук.

8. Жакшы чөйрө түзүп бериңиз

Балаңыз ким менен достошуп жатат? Бул суроого жооп бере алышыңыз керек. Анткени чөйрөдөн перзентиңиздин келечеги көз каранды. Аллахтын элчиси ﷺ айткан: “Жакшы дос менен жаман дос атыр сатуучу менен көөрүк үйлөочү сыяктуу. Көөрүк үйлөөчүнүн жанына барсаң, ал сенин күйгүзөт же сага көөсү жугат. Ал эми атыр сатуучудан сен сатып аласың же жыпар жыт тартуулайт”.

9. Токтоо жана сабырдуу болуңуз

Үй-бүлөдө пикир келишпестиктер болот. Мындайда ата-эне улуулугун көрсөтүп, сабырдуу болуш керек. Үндү бийик чыгарып урушпоо талап кылынат. Катуу мамиле ортодогу сый-урматты жок кылат. Баланын көңүлүн жаралабаш үчүн токтоо болуңуз.

10. Өз күчүн туура колдонууга шарт түзүп бериңиз

Энергиясы толуп турган бала күч-кубатын туура жакка колдонушу керек. Бул үчүн ата-эненин көзөмөлү маанилүү. Баланын жөндөмүнө жараша ийримдерге бериңиз. Мисалы, спорттун түрлөрү менен машыктыруу, тил үйрөтүү, чыгармачылыгын өстүргөн курстар баланын келечеги үчүн чоң таасир

Комментарий жиберүү