Пайгамбарыбыздын ﷺ кайгыруусу жөнүндө

Пайгамбарыбыз ﷺ башынан эң оор сыноолорду өткөргөн. Сүйүктүү жубайы, балдарынын энеси Хадижадан, дайым колдоо көрсөткөн абасы Абу Талибден айрылган. Ошондой эле Аллахтын элчиси ﷺ жалган дүйнөдө уулдары: Касым, Абдуллах, Ибрахимди жоготкон. Кыздары: Зайнаб, Рукия, Умм Гүлсүмдү жерге берген.
Пайгамбарыбыз ﷺ уул Ибрахимден айрылганда, анын жансыз денесин көрүп, көз жашын төгөт. “Оо, пайгамбар. Сен ыйлап жатасыңбы?”, – деп сурашат. Аллахтын элчиси ﷺ минтип жооп берет: “Көздөр жашка, жүрөк муңга толду. Бирок биз Аллах ыраазы болгон нерседен бөлөк эч нерсе айтпайбыз. Чындыгында, Ибрахим, сенден ажыроо бизди кайгыга салды”.

Пайгамбарыбыз кайгыга батканда Аллахка таянып, баары Жараткандын каалоосу менен гана болорун түшүнүү керектигин үйрөткөн. Ыйык Куранда бул тууралуу мындай деп келет: “Биз силерди коркунуч, ачкачылык, ошондой эле мал-мүлкүңөрдү, жаныңарды, түшүмүңөрдү кемитүү аркылуу сынайбыз. Сабыр кылгандарга сүйүнчүлө. Аларга кайгы-балээ келгенде: “Чындыгында, биз Аллахка таандыкпыз жана Ага кайтуучубуз”, – деп айтышат (Бакара, 155-156).

Пайгамбарыбызга ﷺ канчалык оор сыноолор келбесин, анын жумшак, ак көңүл мүнөзү өзгөргөн жок. Исламды адамзатка жайылтуу миссиясын аткарууну уланта берди. Аллахтын элчиси ﷺ кайгыга батса да, сахабаларына, жакындарына эң жакшы мамиле кылган. Аларды көргөндө кубанычы жүзүнөн жана кылган мамилеси аркылуу билинип турган.

Аллахтын элчиси ﷺ күйүткө батканда, чектен чыкпоого үндөгөн. Катуу кыйкырып, чаңырып, кийимдерди айрып, орунсуз сөздөрдү сүйлөп, бет тытуудан тыйган.

Ошондой эле пайгамбарыбыз ﷺ капаланып жаткандарды соорото билген. Жадагалса кайгыга баткан бөбөктөрдү да тынчсыздандырган. Бир жолу Аллахтын элчиси ﷺ чымчыгы өлүп калгандыктан, кайгыга батып отурган балага келип, аны соороткондугу айтылат.

Турмуштун ызгаардуу мезгилинде адамдардын бири-бирине кылган мээримдүү мамилеси, камкордугу, боорукердиги эч качан унутулбайт. Бул аракет пендени Аллах Таалага жакындатып, Анын ырайымына ээ болууга себепчи болот.

Бул дүйнөдө күйүткө баткан адам андан да чоң күйүттү – пайгамбарыбыздан айрылууну эстеш керек. Пайгамбарыбыздан айрылуудан өткөн күйүт, андан өткөн кайгы-муң жок. Аллах Таалам баарыбызга сабыр берип, бизге келген сыноону татыктуу көтөрүүнү насип кылсын!

Жарыяланды 02

Комментарий жиберүү