Зулкарнайн алейхиссалам

Зулкарнайн алейхиссалам

Пайгамбар же олуя болгон. Курани каримде баяндалып, чыгышка жана батышка чыккан сапарлары жайлуу айтылган. Асыл ысымы – Искендер. Чыгышка жана батышка баргандыгы үчүн Искендер Зулкарнайн деп эскерилген. Нух алейхиссаламдын уулу Яфастын урпагынан. Пайгамбар болгондугу же болбогондугу билдириген эмес. Йеменде жашаган Мунзир Искендер менен Аристотельдин шакирти болгон Македониялык Искендерден мурда жашаган. Салих бир зат болгон Зулкарнайн алейхиссаламды Аллаху таала жер жүзүндөгү адамдарга буйрук жана тыюуларын билдирүү үчүн милдеттендирди. Зулкарнайн алейхиссалам Аллаху таалага нияз кылып, өзүнө күч-кубат…

Прочитайте больше

Бардык жамандыктардын дарысы

Бардык жамандыктардын дарысы

* Намаздарды кечиктирбестен окуу керек. Туура окулган намаз бардык жамандыктардын дарысы болот. * Намазын окуп, динине ылайык кийинген аял чоң жакшылык. * Намаз окуу Аллаху тааладан корккон момундарга гана жеңил болот. * Намаздар маалында окулбай, Аллаху тааланын буйрук жана тыюу салган нерселерине моюн сунулбай турган болсо Аллах төрт кыйынчылык берет: 1- Ырыскылар тараят, 2- Оорулар көбөйөт, 3- Коопсуздук болбойт, 4- Мээримдүүлүк кетет. * Балаңызга намаздын маанисин түшүндүргүлө жана сөзсүз намазын окуткула. Намаз окуусуна тоскоол болгон…

Прочитайте больше

Ийгилик Аллахтан

Ийгилик Аллахтан

Суроо: Бир киши Худ сүрөсүнүн 88-чи аятындагы “Ийгилик бир гана Аллахтан” деген сөздөн ийгиликти Аллаху таала бере турганын, ийгиликтүү болуу үчүн аракет кылып иштөө керек эмес деп айтты. Ийгиликтүү болуу үчүн аракет кылып иштөө керек эмеспи? Жооп Аят жана хадистерден мындай өкүм чыгаруу абдан жаңылыш болот. Жакшыны дагы, жаманды дагы Аллах жаратат. Кул жакшыны же жаманды каалайт, Аллаху таала да кааласа кул ирада-и жузиййасы менен аны кылат. Аллах уруксат бербесе кул жакшыны да, жаманды да кыла албайт. Ошондуктан,…

Прочитайте больше

Кыргызстан Уламалар Кеңешинин жаңы жетекчиси шайланды

Кыргызстан Уламалар Кеңешинин жаңы жетекчиси шайланды

Абдыманап Масалиев Кыргызстан Уламалар Кеңешинин жаңы жетекчиси болуп шайланды. Уламалар кеңешинин мүчөлөрү төрага Абибилла Кадырбердиевдин отставкасын кабыл алышып, анын ордуна Абдыманап Масалиевди  шайлашты.Белгилей кетсек,  27-майда Уламалар кеңеши жаңы муфтийди шайлашы керек болчу, бирок шайлоо кийинкиге жылдырылып, 26-июнга белгиленген. Эске салсак, Кыргызстандын муфтийлигине алты адам талапкерлгин койгон. Дагы экөөсүнө шайлоого катышууга уруксат берилген жок.Ошондой эле, аттестациялык комиссиянын мурунку курамы жоюлуп, шайланган комиссиянын жаңы мүчөлөрү кайрадан муфтийликке, ошондой эле Уламалар кеңешине талапкерлерден экзамен алаары белгилүү болду. Мусулмандардын Дин Башкармалыгынын Текшерүү…

Прочитайте больше

Сауд Аравиясы быйыл чет элдиктерди ажылыкка кабыл алат

Сауд Аравиясы быйыл чет элдиктерди ажылыкка кабыл алат

Быйылкы жылы чет мамлекеттердин жарандары Сауд Аравиясындагы исламдын ыйык жерлерине зыярат кылуу менен бирге ажылык амалдарын аткара алышат.  “Аль-Ватан” гезити билдиргендей, катуу санитардык нормаларды сактоо ажылыкка баруунун шарты болот. Белгилей кетсек, буга чейин Сауд Аравиясынын бийликтери коронавирус пандемиясынын шартында чет элдиктер үчүн ажылык сапарды уюштуруу мүмкүнчүлүгүн карап жаткандыгы маалымдалган. Ажылык жана умра иштери боюнча министрлик өлкөдөгү жана дүйнөдөгү кырдаалдын өзгөрүшүнө жараша конкреттүү пландарды жана чараларды кийинчерээк жарыялоону көздөп жатат. Эске салсак, ажылык парзын аткаруу үчүн…

Прочитайте больше

Муфтийди эл шайлайбы?

Муфтийди эл шайлайбы?

Кыргызстанда 29-майда өтө турган муфтийди шайлоо даярдыгы жаңжал менен башталды. КМДБнын тегерегинде шайлоо ыкмасына каршы болгон ондогон адамдар боз үй тигишип, өз талаптарын коюшууда. Алардын айтымында, буга чейин Кыргызстандын муфтийи коррупция менен шайланып келген жана ким муфтий болоорун саналуу гана органдар чечишкен. Эми мындан ары талапкерлерди эл шайлоосу талап коюлду. Белгилей кетсек, учурда муфтийликке 6 талапкер коюлган.Алар: Султанали Гапуров, Убайдулла Сарыбаев, Нематилла Жээнбеков, Ниязали Арипов, Нурбек Токтогулов жана Шүкүр Исмаиловдор.

Прочитайте больше

Христиан аялдын мусулман аялдарга жазган каты

Христиан аялдын мусулман аялдарга жазган каты

Силер бизге караганда бактылуу көрүнөсүңөр. Анткени, силер аял турмушун, аял бакытын табигый түрдө жашап жатасыңар. Аалам жаратылгандан бери аялдар жашап келген өмүр салтын батыш аялдары дагы 1960-жылдарга чейин карманып келишкен. Ошол жылдардан кийин биз (америкалык аялдар) Голливуд кинолорунун чабуулуна, тукурууларына кабылдык. Мен силердин дагы башыңарга ошондой күндөрдүн келүүсүн каалабаймын. Анткени, анын натыйжасында биз сыяктуу кордуктарга дуушар болосуңар. Эгер биз сыяктуу ушундай тукуруулардын натыйжасында көп нерсесин жоготуп алгандардын кайгысын уксаңар балким силер бул балээден аман каласыңар….

Прочитайте больше

Түн келбей турчу күн

Түн келбей турчу күн

Даанышман заттар айтышат: Өзүнө динин, ыйманын үйрөткөн эне-атасы андан ыраазы болмоюнча бир адам Аллаху тааланын сүйүктүү кулу боло албайт. Жакшылыкка жетүүсүнүн себеби – эне-атасынын дубасы. Дин улуктары: “Энесинин көңүлүн ооруткан адамга кылына турчу дуба кабыл болбойт. Эне-атанын дубасын албаган адам бизден дуба сурабасын”, – деп айтышкан. Өзүнө динин, ыйманын үйрөткөн, Ахли сүннөт ишеними менен өстүргөн эне-атасын таарынткан, ыраазылыгын, дубаларын ала албаган адам өлгөнгө чейин башын саждадан көтөрбөсө да Тозоктон кутулуусу өтө кыйын. Олуя заттан бири шакирттери менен…

Прочитайте больше

Адамдарды кубантуу

Адамдарды кубантуу

Суроо: Бир мусулманга жасалуучу жакшылыктардын ичинен Аллах даргейинде эң баалуу нерсе эмне? ЖООП: Аллах даргейинде мусулманга жасалуучу эң баалуу нерсе – жакшылык кылып мусулманды кубантуу. Хадиси шарифтерде мындай деп айтылат: «Парздардан кийинки эң баалуу амал – бир мусулманды кубантуу». (Табарани) «Аллах даргейинде эң баалуу амал – мусулмандын карызын төлөө же кыйынчылыгына көмөктөшүү аркылуу аны кубантуу». (Табарани) «Эң баалуу амал – бир мусулмандын кемчилигин жашыруу, курсагын тойгузуу же бир муктаждыгына көмөктөшүү аркылуу аны кубантуу». (Исфахани) «Бир…

Прочитайте больше

Тообо истигфар кантип кылынат?

Тообо истигфар кантип кылынат?

Суроо: Тообо истигфар деген эмне, ал кантип кылынат? Жооп Истигфар кылуу “астагфируллах” деп айтуу болуп саналат. Тообо бул – харам болгон бир ишти кылгандан кийин катуу өкүнүп, Аллаху тааладан коркуу, кайра ал харам ишти кылбоого ниеттенүү, чечим чыгаруу. Хадиси шарифтерде айтылды: “Тообо күнөөдөн кийин кайра ал күнөөнү кылбоо дегенди билдирет.” [И. Ахмед] Күнөөдөн кийин дароо тообо кылуу – фарз. Тообону кечиктирүү да чоң күнөө. Ошондуктан, ага да айрыкча тообо кылуу керек. Курани каримде мындай деп билдирилди: “Аллахка тообо кылгыла!” [Нур…

Прочитайте больше

Аль-Акса мечитинде 100 миңдей палестиналыктар Айт намазын окушту

Аль-Акса мечитинде 100 миңдей палестиналыктар Айт намазын окушту

Сионисттик аскер күчтөрүнүн кысым көрсөтүүлөрүнө карабастан, 13-майда 100 миң палестиналык Орозо айт намазын Аль-Акса мечитинде окушту.  “Кудс” ислам фонду бюросу сионисттик күчтөрдүн палестиналыктардын эркин жүрүм-турумуна кысым көрсөткөнүнө карабастан, 100 миндей палестиналыктар Аль-Акса мечитиндеги Орозо айт намазына кеңири катышкандыгын жарыялады. Аталган фонд билдиргендей, 13-майда өтө турган Айт намазга алгач сионисттер тоскоолдук жаратууга аракет жасашкан, бирок мусулмандардын чечкиндүүлүгү менен “Аль-Акса” мечитинин ичинде да, тышында да  Айт намазга келип кошулгандардын саны арбыды. Эске салсак, акыркы мезгилдерде сионисттик күчтөрдүн…

Прочитайте больше

Орозо айтта эмне кылуу керек?

Орозо айтта эмне кылуу керек?

Исламдагы эки куттуу майрамда ибадат кылуунун сообу чоң. Майрам түндөрү ибадат кылган адам чоң бакытка ээ болот. Бир хадисте мындай деп айтылат: “Айт майрам түндөрү ибадат кылган адамдын көңүлү көңүлдөр өлгөн күнү өлбөйт.” [Таберани] Ал эми айт күнү кандай иштерди кылган сооптуу? Айт күнү эрте туруу, гусул алуу, мисвак колдонуу, жыпар жыт себинүү, жаңы жана таза кийим кийүү, жүзүндө кубанычын билдирүү, шакек тагуу, кезигишкен момундарга жарык жүз менен салам берүү, кедейлерге көп садага берүү, Исламга…

Прочитайте больше

Сауд Аравия: Ажылык быйыл атайын протоколдорго ылайык өткөрүлөт

Сауд Аравия: Ажылык быйыл атайын протоколдорго ылайык өткөрүлөт

Сауд Аравиясынын Ажылык жана Умра министрлиги быйылкы ажылыкты ден-соолук жана коопсуздук протоколдоруна ылайык өткөрүүгө ниеттенип жаткандыгын жарыялады. Белгилей кетсек, дүйнөлүк пандемияга байланыштуу Сауд Аравия падышачылыгы ажылык жөрөлгөсүн зыяратчылардын ден соолук коопсуздугун сактоо максатында бир канча эрежелер жана көрсөтмөлөр менен өткөрүлөөрүн билдирген. Бул протоколдор жакын арада жарыяланмакчы. Берилген маалыматтарга караштуу, Сауд Аравияда акыркы алты ай ичинде эмдөөдөн өткөн же коронавирустан айыгып чыккан адамдардан башкаларын ажылыкка кабыл албоо маселесин териштирип жатышат. Ошол эле учурда, Сауд Аравиясынын Ажылык…

Прочитайте больше

Кадыр ажы Маликов: Тилекке каршы көпчүлүк мусулмандардын “Кудс” маселесинен маалыматтары жок

Кадыр ажы Маликов: Тилекке каршы көпчүлүк мусулмандардын “Кудс” маселесинен маалыматтары жок

Белгилүү диний аалым, экс-муфтийдин орун басары, “Саясат жана укук” партиясынын жетекчиси Кадыр Ажы Маликов, агенттиктин “Дүйнөлүк Кудс” күнүнө карата өткөрүлгөн тегерек столунда “аль-Акса” мечитинин бүгүнкү көйгөйлөрүн ортого салды. “Бүгүнкү күндө Ислам үммөтү дүйнөдө болуп жаткан нерселерден маалыматтары аз. Кудс темасы жылдан жылга жаңы жана орчундуу жагын көрсөтүп келет. Сионисттердин Аль-Акса мечитин жөөттөштөрүү жана “ири Жакынкы Чыгыш жана ири Борбордук Азияны” пайда кылуу аракети болууда. Бирок тилекке каршы, мусулмандарга бул чоң коркунучту түшүнүү жүрөктөрүнө жете элек. Мусулмандардын…

Прочитайте больше

Орозо айт майрамы 13-майга белгиленди

Орозо айт майрамы 13-майга белгиленди

Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин чечиминин негизинде, 2021-жылдын 13-май, бейшемби күнү Орозо Айт майрамы деп белгиленди. Бул тууралуу Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынан билдиришти. Шарият боюнча Рамазан айынын башталуусу жана аяктоосу жаңы чыккан айдын көрүнүүсүнө карап аныкталат. Рамазан айы кээде 29, кээде 30 күн болот. Быйыл бул майрам 13-майга туура келгендиктен бул күнү кыргызстандыктар эс алышат. Муфтияттан белгилешкендей, жогоруда көрсөтүлгөн күн Айдын чыгышына карап бир күнгө айырмаланып калышы мүмкүн.

Прочитайте больше
1 8 9 10 11 12 14