Лавров: Орусия Украинадагы атайын операциясын улантат

Лавров: Орусия Украинадагы атайын операциясын улантат

Орусия Украина менен сүйлөшүүлөргө даяр, бирок коркунуч туудурган инфраструктураны жана курал-жарактарды жок кылуу үчүн операциясын уланта турганын Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды. “Биз сүйлөшүүлөргө даярбыз, бирок операцияны улантабыз, анткени биз Украинадагы Орусиянын коопсуздугуна коркунуч туудурган инфраструктураны калтыра албайбыз”, – деди министр орусиялык жана чет элдик маалымат каражаттарына берген маегинде. Орусия Украинада аскердик операциясын 24-февраль күнү эртең менен баштаган. Операциянын максаты – Украинаны демилитаризациялоо жана денацификациялоо, Донбасстын геноцидге дуушар…

Прочитайте больше

БУУ дүйнөнү Украинага жардам берүү үчүн 1,7 миллиард доллар чогултууга чакырды

БУУ дүйнөнү Украинага жардам берүү үчүн 1,7 миллиард доллар чогултууга чакырды

Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) дүйнөлүк коомчулукка кайрылып, Украинанын калкына чукул гуманитардык жардам көрсөтүү үчүн 1,7 миллиард доллар бөлүүнү суранды. Дүйнөлүк уюмдун маалыматына караганда, жакынкы айларда Украинанын ичиндеги 12 миллионго жакын адам жана кошуна өлкөлөрдөгү 4 миллиондон ашык украиналык качкындар жардамга жана коргоого муктаж болушат. Мындай маалыматты БУУнун гуманитардык иштерди координациялоо бюросу (OCHA) жарыялаганын чет элдик басылмалар жазышты. БУУнун баш катчысынын гуманитардык маселелер боюнча орун басары Мартин Гриффитс дүйнө коомчулугун Украинанын карапайым жарандарынын өмүрүн коргоого аракет көрүп, боорукердик…

Прочитайте больше

Орусия менен Украина алты күндүн ичиндеги курмандыктар жөнүндө маалымат беришти

Орусия менен Украина алты күндүн ичиндеги курмандыктар жөнүндө маалымат беришти

Орусия согуштук аракеттер башталган алты күндүн ичинде Украинанын 1325 аскердик объектисин жарактан чыгарды. Бул тууралуу Орусиянын Коргоо министрлигиинин расмий өкүлү Игорь Конашенков Москвадагы брифинг учурунда билдирди. Анын айтымында, орус аскерлери 395 украин танкын, 59 ракеталык комплексин жана 179 артиллериялык куралы менен минометторун жок кылды. Украинанын Коргоо министрлиги 1-мартка карата Орусиянын 29 учагы, 29 тик учагы, 198 танкы, 846 бронетехникасы, 305 автоунаасы, 74 артиллериялык куралы, 1 “Бук” үлгүсүндөгү зениттик-ракеталык комплекси, 77 артиллериялык системасы, 24 ракеталык комплекси, 60 танкы,…

Прочитайте больше

Гутерриш Садыр Жапаровду жана Кыргызстандын элин БУУдагы мүчөлүгүнүн отуз жылдыгы менен куттуктады

Гутерриш Садыр Жапаровду жана Кыргызстандын элин БУУдагы мүчөлүгүнүн отуз жылдыгы менен куттуктады

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы катчысы Антониу Гутерриш президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстандын элин өлкөнүн БУУдагы мүчөлүгүнүн отуз жылдыгы менен куттуктады. «1992-жылдын 2-марты датасы биздин Уюм үчүн өзгөчө окуя болуп эсептелет. Бүгүнкү күндөгү БУУнун бардык мүчөлөрүнүн 5 пайыздайы дал ушул күнү уюмга кошулушкан. Акыркы отуз жылдын ичинде биз аймактагы жана бүткүл дүйнөдөгү тынчтыкты, стабилдүүлүктү жана социалдык прогрессти камсыз кылуу үчүн барган сайын тыгыз өнөктөштүк мамилелерди түздүк. Кыргызстан Туруктуу өнүгүү максаттарына карай алга жылып, глобалдык чакырыктарды…

Прочитайте больше

Brent маркасындагы мунайдын баасы баррелине 110 доллардан ашты

Brent маркасындагы мунайдын баасы баррелине 110 доллардан ашты

Brent мунайынын бир баррелинин дүйнөлүк баасы 2014-жылдын июлунан бери биринчи жолу 110 доллардан ашты. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары кабарлашты. Маалыматка караганда, Москва убактысы боюнча саат 07:55ке карата Brent мунайынын баасы 111 долларга чейин көтөрүлүп кеткен. Мындай кырдаалга, биринчи кезекте, санкциялардан жана энергетикалык компаниялардын Орусиядан чыгуусунан улам камсыз кылуунун үзгүлтүккө учуроо коркунучунун жогорулашы таасир этүүдө. Мындай маалымат буга чейин BP, Shell, Equinor, OMV жана Exxon Mobil компаниялары тарабынан жарыяланган. Белгилей кетсек, эл аралык эксперттер…

Прочитайте больше

Хазрети Исанын сүйүнчүсү

Хазрети Исанын сүйүнчүсү

Суроо: Инжилде Пайгамбарыбыз алейхиссаламдын келе тургандыгы билдирилгенби? ЖООП Иса алейхиссаламдан кийин соңку бир Пайгамбар (алейхиссалату вассалам) келе тургандыгы Инжилде билдирилген эле. Бул кабар бүлкүл бузуп өзгөртүүлөргө карабастан бүгүнкү өзгөртүлгөн бузук Инжилдерде да бар. Юханна (Иоанна) Инжилинин 14.бабынын 16.аятында Иса алейхиссалам; «Аллах силерге силер менен бирге кала турчу бир сооротуучу жиберет», – деген. 26.аятында болсо: «Бул чыныгы сооротуучу силерге бардык нерсени үйрөтөт жана силерге менин үйрөткөндөрүмдү да эскертет», – деген. 16.бабынын 13.аятында болсо: «Ал силерге ар акыйкатка жол көрсөтөт. Себеби, Ал…

Прочитайте больше

Улуу Британия бардык орус банктарынын активдерин тоңдурарын билдирди

Улуу Британия бардык орус банктарынын активдерин тоңдурарын билдирди

Улуу Британия жакынкы күндөрү бардык орус банктарынын активдерин толугу менен тоңдурарын маалымдады. Бул тууралуу өлкөнүн тышкы иштер министри Лиз Трасс парламентте айтканын чет элдик басылмалар жазышты. Ошондой эле, Украинадагы атайын операцияга байланыштуу Орусияга каршы жаңы санкциялар киргизилгенин билдирди. Буга чейин Британия Орусиянын Донецк жана Луганск Элдик Республикаларынын көз карандысыздыгын таануусуна байланыштуу бир катар орус банктарына, ошондой эле ишкерлер Геннадий Тимченко, Борис Ротенберг жана Игорь Ротенбергге каршы санкцияларды киргизген. Эскерте кетсек, Орусиянын президенти Владимир Путин 21-февралда Донецк жана Луганск Элдик Республикаларынын көз карандысыздыгын таанып,…

Прочитайте больше

Россиянын тактика, стратегиясы

Россиянын тактика, стратегиясы

Украинада согуштук аракеттердин жүрүп жатканына алтынчы күндүн жүзү болду. Согуштун эң татаал, оор жана чечүүчү мезгилдери ушул күндөрү башталуу алдында турат. Согуштун алгачкы күндөрү Россия Куралдуу Күчтөрүнүн жеңил-желпи бөлүктөрү Украина территориясына кирип, чалгындоочу аракеттерди жүргүздү. Анын максаты – орус аскерлерине каршы чыга турган Украинын Куралдуу Күчтөрүнүн, абадан коргонуу системаларынын, базаларынын, учактарынын жайгашкан, жашырылган жерлерин аныктап, тактоо эле. Аныкталган жерлерге абдан катуу соккулар урулду. Талкалады. Украин жетекчилиги жеңил-желпи куралданган орус аскерлерин айрым учурларда жеңип, талкалап, “мына…

Прочитайте больше

Ирандын жогорку лидери: Украина АКШ саясатынын кезектеги курмандыгы болду

Ирандын жогорку лидери: Украина АКШ саясатынын кезектеги курмандыгы болду

Ирандын руханий лидери Аятолла Али Хаменеи Азирети Мухаммад (САВ) пайгамбардын алгачкы вахийинин бир жылдыгына карата сүйлөгөн сөзүндө Украинадагы окуяларга комментарий берди. Анын айтымында, бүгүн Украина АКШнын кризис жаратуучу саясатынын курмандыгы болуп калды жана Украинаны ушул абалга АКШ алып келди. “Биз дүйнөнүн бардык жеринде согушка жана кыйроого каршыбыз. Биз батыштыктардай эмеспиз; Алар Ооганстанда үйлөнүү үлпөтүнө бомба ташташат жана муну терроризмге каршы күрөш деп айтышат, бирок сионисттик режимдин кылмыштарын коргошот; Алар Йемендеги кылмыштарды колдошот”, – деди Хаменеи. “Биз Украинадагы…

Прочитайте больше

Орусиянын Коргоо министрлиги украиндерге кайрылды

Орусиянын Коргоо министрлиги украиндерге кайрылды

Киевдин тургундары шаардан эркин чыгып кете алышат. Мындай билдирүүнү Орусиянын Коргоо министрлигинин расмий өкүлү, генерал-майор Игорь Конашенков билдиргенин орусиялык маалымат каражаттары жазышты. Министрликтин өкүлү Украинанын баш калаасынын жай тургундары шаардан Киев-Васильков трассасы менен чыгып кетиши мүмкүн экенин билдирди. «Бул багыт ачык жана коопсуз», – деди Конашенков. Ошондой эле, Коргоо министрлиги Орусиянын аскерий операциясы карапайым калкка коркунуч жаратпай турганын жана Куралдуу Күчтөрдүн максаты бир гана аскердик объектилер экенин баса белгиледи. Донбассты коргоо боюнча аскердик операция 24-февралда башталган. Орусиянын…

Прочитайте больше

Евробиримдик Украинага согуштук учактарды берүүнү көздөп жатат

Евробиримдик Украинага согуштук учактарды берүүнү көздөп жатат

Евробиримдик Украинага жарыяланган аскердик жардамдын алкагында бул өлкөгө согуштук учактарды берүүнү көздөп жатат. Бул тууралуу Евробиримдиктин дипломатиясынын башчысы Жозеп Боррелль билдирди. “Биз курал-жарактарды, анын ичинде согуштук учактарды жеткирүүгө ниеттенип жатабыз”, – деди Боррелль. ЕБтин тышкы иштер министрлеринин катышуусунда өткөн видеоконференциянын жыйынтыгы боюнча брифингде. Буга чейин ал Евробиримдиктин тышкы иштер министрлери Украинанын армиясына болуп көрбөгөндөй жардам, анын ичинде 450 миллион евро суммадагы курал-жарак, ошондой эле 50 миллион евро өлчөмүндөгү жабдууларды жеткирүүнү каржылоону макулдашканын билдирген. Ал Евробиримдиктин…

Прочитайте больше

Берлинде 100 миңден ашуун адам Украинадагы операцияга каршы жүрүшкө чыкты. Сүрөттөр

Берлинде 100 миңден ашуун адам Украинадагы операцияга каршы жүрүшкө чыкты. Сүрөттөр

Кечээ, 27-февралда Германиянын баш калаасы Берлинде Украинадагы тынчтык үчүн массалык демонстрацияга 100 миңден ашуун адам чыкты. Германияда көптөн бери нааразылык демонстрациялары мынчалык көп адамдарды чогулта элек болчу. Акцияга саясатчылар, профсоюздардын өкүлдөрү, экоактивисттер, диаспора өкүлдөрү жана кайдыгер карабаган адамдар чогулду. Демонстрациянын катышуучуларынын көбү плакаттарды, Украинанын желегин көтөрүп, “Биз тынчтык үчүн” деген ураандарды чакырышып, Украинадагы согушту токтотууну талап кылышты. Ошондой эле демонстранттар Украинага тилектештик билдирип асманга сары жана көк шарларды учурушту. Орусиянын Украинадагы атайын аскердик операциясы төрт…

Прочитайте больше

SWIFT деген эмне? Орусиядан улам, Кыргызстан жабыр тартпайбы?

SWIFT деген эмне? Орусиядан улам, Кыргызстан жабыр тартпайбы?

SWIFT — бул  дүйнө жүзүндөгү финансисттер төлөм тапшырмаларын, келишимдерди, тастыктоолорду жана башка каржылык документтерди алмашуучу мессенжер. Бул төлөм системасы эмес, бирок бул бардык өлкөлөрдө каржылык жана каржылык эмес уюмдардын ортосундагы акча жана башка баалуулуктарды которуу боюнча буйруктарды жиберүү үчүн негизги жана жалгыз универсалдуу канал. Кээ бир өлкөлөрдө  банктардын ортосунда өздөрүнүн ички байланыш системалары бар, бирок ал жерде да көптөр SWIFT колдонууну артык көрүшөт, анткени бул ыңгайлуу жана чет өлкөлүк валютадагы төлөмдөр боюнча бардык буйрутмалар баары…

Прочитайте больше

Гомельде орус-украин сүйлөшүүлөрү башталды

Гомельде орус-украин сүйлөшүүлөрү башталды

Беларустун Гомель облусунда Орусия менен Украинанын сүйлөшүүлөрү башталды. Жолугушуу Украинанын чек арасына жакын жерде, Гомель облусундагы Припять дарыясынын жээгинде өтүүдө. Коопсуздук максатында жолугушуу орду ачыкталган жок. Тараптардын делегаттары өз ордуларына отуруп, залдагы журналисттер сыртка чыгарылды. Орусиялык делегацияны президенттин жардамчысы Владимир Мединский жетектеп барды. Делегациянын курамында Коргоо министринин орун басары Александр Фомин, Орусиянын Беларустагы элчиси Борис Грызлов жана Мамлекеттик Думанын Эл аралык иштер боюнча комитетинин башчысы Леонид Слуцкий да бар. Ал эми Украинанын делегациясынын курамында: коргоо министри Алексей Резников, “Слуга народа” фракциясынын башчысы Давид Арахамия,…

Прочитайте больше

Байден Орусиянын Донбасстагы атайын операциясына катаал жооп кайтарууну убада кылды

Байден Орусиянын Донбасстагы атайын операциясына катаал жооп кайтарууну убада кылды

АКШнын президенти Жо Байден Орусиянын президенти Владимир Путиндин Донбасста аскердик атайын операция өткөрүү чечимине комментарий берди. Байден Донбасстагы кырдаал боюнча жасаган кайрылуусунда, АКШ НАТО менен биргеликте Орусиянын Донбасстагы аракеттерине катаал жооп кайтарарын билдирди. Бул тууралуу Reuters агенттиги жазды. Ал АКШ жана анын союздаштары Москванын аракеттерине чечкиндүү жана бирдиктүү жооп беришет деп убада кылды. Байден ошондой эле Орусиянын президенти Владимир Путин “көптөгөн курмандыктарга жана азап-кайгыга алып келе турган” согушту тандап алганын айтып, орус аскерлеринин чабуулун негизсиз деп атады. 24-февралга караган…

Прочитайте больше
1 43 44 45 46 47 133