“Талибан” “жалпы мунапыс” тууралуу жарыясынан кийин, Бадгис полиция башчысын өлүм жазасына тартты

“Талибан” “жалпы мунапыс” тууралуу жарыясынан кийин, Бадгис полиция башчысын өлүм жазасына тартты

Талибдер Оогантандын Бадгис провинциясынын полиция башчысын өлүм жазасына тартты. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары маалымдашты. Мындан бир нече күн мурун Ооганстанды басып алган “Талибан” кыймылы “жалпы мунапыс” жарыялаган. Бул билдирүүдөн көп өтпөй, “Талибандын” согушкерлери Ооганстандын Гератка жакын Бадгис провинциясынын полиция башчысы Хаджи Мулла Ачакзайды өлүм жазасына тартты. Бейшемби күнү Твиттерде тараган видеодо Ачакзайдын көзү байланып, талибдердин курчоосунда тизе бүгүп турганын жана аны бир нече жолу атып салганын көрүүгө болот. Бул маалыматты Ачакзайды тааныган Ооганстандын коопсуздук боюнча…

Прочитайте больше

“Талибан”: Кытай Ооганстанды калыбына келтирүүдө чоң роль ойной алат

“Талибан”: Кытай Ооганстанды калыбына келтирүүдө чоң роль ойной алат

“Талибандын” өкүлү Сохейл Шахин: «Пекин Ооганстанда тынчтыкты жана ички ынтымакты өнүктүрүүдө конструктивдүү роль ойноду жана биз каалагандай Ооганстанды калыбына келтирүүгө салым кошо алат”,- деп билдирди. Белгилей кетсек, ал Кытайдын CGTN каналына берген интервьюсунда: “Кытай – гигант экономикасы жана чоң өндүрүштүк кубаттуулугу бар ири өлкө. Менимче, алар Ооганстанды реконструкциялоодо, модернизациялоодо жана реабилитациялоодо абдан чоң роль ойной алышат”, – деп кошумчалады.Эске салсак, өткөн айда Кытайдын тышкы иштер министри Ван И түндүк порт шаары Тяньцзинде талибдердин делегациясы менен жолугушкан.Жолугушууда Ван…

Прочитайте больше

Кыргызстанга үч айдын ичинде 7 миңден ашуун пакистандыктар келишкен

Кыргызстанга үч айдын ичинде 7 миңден ашуун пакистандыктар келишкен

Быйыл, 1-июндан баштап 18-августка чейин Кыргызстанга Пакистандын 7447 жараны келип, 4000 миңдейи кайра учуп кетишкен. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы билдирген.Учурда Пакистан, Индиянын миңдеген студенттери өлкөдө билим алышат.Белгилей кетсек, акыркы мезгилдерде Бишкекте “сүннөт кийим” кийген Түштүк Азия чөлкөмүнүн жарандары көбөйгөндүгү боюнча коомдук тармактарда талкуу болууда. Бул көрүнүш талибдердин Ооганстанды колго алуу жараянынан кийин көпчүлүктү чоочутту. Буга байланыштуу Кыргызстандагы Пакистан студенттеринин федерациясы атайын кайрылуу жасап, элди туура кабыл алууга чакырган.“Талибдердин” Кабул бийлигин ээлөөсүнөн улам, коомубузда…

Прочитайте больше

COVID-19: Дүйнө жүзү боюнча жуктургандар 210 млн., курмандыктар 4 миллиондон ашты

COVID-19: Дүйнө жүзү боюнча жуктургандар 210 млн., курмандыктар 4 миллиондон ашты

Дүйнөдө коронавирусту жуктуруу учурларынын саны 210 миллиондон ашты. Бул тууралуу Американын Жонс Хопкинс университети маалымдады. Маалыматка ылайык, дүйнө жүзү боюнча COVID-19 менен ооругандардын расмий катталган саны 210 022 222ге жетти. Ал эми илдеттен курман болгондордун саны 4 403 579 адам. Аталган мекеме 5-августта жуктуруулардын саны 200 миллиондон ашканын жарыялаган. Андан бери эки аптанын ичинде 10 млн. учурга көбөйгөн. Белгилей кетсек, Кыргызстанда коронавирус  жуктургандардын саны 173 428ге жетти. Акыркы бир суткада илдеттен дагы 5 адам каза болуп, жалпы…

Прочитайте больше

АКШнын миллиарддаган долларлык куралдары «Талибандын» колуна өттү

АКШнын миллиарддаган долларлык куралдары «Талибандын» колуна өттү

АКШнын миллиарддаган долларлык куралдары «Талибандын» колуна өттү: учурда Вашингтон согушкерлердин колуна канча аскердик техника өткөнүн так эсептеп жатат. АКШ бийлиги Вашингтон тарабынан Ооганстандын куралдуу күчтөрүнө берилген америкалык канча аскердик техника жана курал-жарак талибтердин колуна өткөнүн эсептеп көрүүгө аракет кылып жатат. Бул тууралуу CBS телеканалы АКШнын президентинин улуттук коопсуздук боюнча жардамчысы Жейк Салливанга шилтеме берүү менен билдирди. Анын айтымында, «Талибан» миллиарддаган долларлык аскердик техникаларга ээлик кылып калды. «АКШнын Коргоо министрлиги Ооганстандын коопсуздук күчтөрүнө жөнөтүлгөн жана талибтердин…

Прочитайте больше

Ооганстанда 1 трлн. долларга жакын пайдалуу кендер бар

Ооганстанда 1 трлн. долларга жакын пайдалуу кендер бар

Ооганстан жакыр эмес, анын тоолорунда 1 трлн. долларга жакын баалуу кендер катылган.  Эксперттердин божомолунда, талибдер электромобилдерди чыгарууда колдонулуучу көп жолу колдонулуучу батареяларды өндүрүү үчүн литий кендерин иштете башташы күмөн, бирок Кытай Кабулда бийлик алмашуудан биринчи пайда алуучусу болушу мүмкүн.Мындай билдирүүнү CNN телекомпаниясы АКШ бийлигинин маалыматына жана эксперттердин пикирине таянуу менен жасады. Эске салсак, бул божомолду 2010-жылы АКШнын Коргоо министрлиги билдирген.Билдирүүгө ылайык, Ооганстандагы пайдалуу кендер 1 трлн. долларга жакын деп бааланат. Алар биринчи кезекте темир, жез…

Прочитайте больше

Орусия ТИМи: Орусия Борбор Азияда орус тилдүү калкты басмырлоо учурларын каттайт

Орусия ТИМи: Орусия Борбор Азияда орус тилдүү калкты басмырлоо учурларын каттайт

Орусия Борбор Азиянын бир катар өлкөлөрүндө орус тилдүү калкты басмырлоо учурларын көзөмөлгө алууну чечти.  Бул тууралуу ТАСС агенттиги Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова брифингде билдиргенин жазды.«Биз интернеттеги акыркы материалдар, Казакстандагы, Кыргызстандагы окуялар тууралуу кабардарбыз. Алар орус коомунда кеңири резонанс жаратты. Тилекке каршы, муну биз биринчи жолу көрүп жаткан жокпуз. Тышкы иштер министрлиги, биздин Нур-Султандагы жана Бишкектеги элчиликтерибиз бул чектен чыгууну тез арада жөнгө салышты. Мен коомдук реакцияны эле эмес, практикалык кадамдарды да айтып жатам»,…

Прочитайте больше

“Талибандын өкүлү”: Дүйнө “Талибанды” кабыл алышы керек

“Талибандын өкүлү”: Дүйнө “Талибанды” кабыл алышы керек

“Талибдердин” пресс-катчысы кабардык конференцияда сөз сүйлөп, мындан ары Ооганстанда чет элдиктердин болушун кабыл албай турганын билдирди. “Дүйнө “Талибанды” кабыл алышы керек. Биз өз жерибизде чет элдиктердин болушун кабыл албайбыз”,-деди талиптердин басма сөз катчысы Забихулла Мужахид.Маалыматка ылайык, Забихулла Мужахид талип өкмөтүнүн тышкы саясатына арналган пресс-конференциясы учурунда мындай деди: “Дүйнө бизди кабыл алышы керек; Биз эч кимдин үйүнө кол салган жокпуз.”Забихулла Мужахид талиптер үчүн дүйнө өлкөлөрү менен дипломатиялык карым-катнаштардын маанилүүлүгүнө токтолуп: «Биз дүйнөгө бүт өлкөлөр менен дипломатиялык мамилелерди…

Прочитайте больше

Ашура түнү жана күнү

Ашура түнү жана күнү

Суроо: Ашура күнү жана түнүнүн маанилүүлүгү эмнеде? Жооп Мухаррам айынын онунчу күнү Ашура күнү деп аталат. Мухаррам айы Курани каримде ыйык деп билдирилген төрт айдын бири. Мухаррам айынын биринчи күнү орозо кармоо ал жылдын баарын орозо кармап өткөргөн сыяктуу сооп болот. Бир хадиси шарифтин мааниси төмөндөгүдөй: “Рамазандан кийин эң фазилаттуу орозо – Мухаррам айында кармалган орозо.” [Муслим] Бул айдын эң ыйык түнү Ашура түнү болуп саналат. Аллаху таала кээ бир дубаларды Ашура күнүндө кабыл кылган. Адам пайгамбардын…

Прочитайте больше

Пайгамбарыбыздын күйөө баласы Али ибн Абу Талиб тууралуу 16 кызыктуу факт

Пайгамбарыбыздын күйөө баласы Али ибн Абу Талиб тууралуу 16 кызыктуу факт

Бекем ыйманы, Аллах Таалага жана анын пайгамбарына болгон терең сүйүүсү үчүн көзү тирүүсүндө эле бейиш менен кубандырылган 10 сахаба тууралуу белгилүү хадис бар. Алардын бири – Пайгамбарыбыздын (Алланын ага салам-салаваттары болсун) күйөө баласы жана тууганы, акылмандыктын мыкты үлгүсү, төртүнчү адилеттүү падыша – Али ибн Абу Талиб (Аллах андан ыраазы болсун). 1- Алинин (Аллах андан ыраазы болсун) жарык дүйнөгө келиши. Окумуштуулардын Алинин кайсы убакта төрөлгөнүнө карата бир нече пикирдери бар. Бир тарап, Али пайгамбарлык миссия баштала…

Прочитайте больше

«Талибан» режимди сындаганы үчүн Борбор Азия өлкөлөрүнө барышы мүмкүн

«Талибан» режимди сындаганы үчүн Борбор Азия өлкөлөрүнө барышы  мүмкүн

Орусия Ооганстан тараптан коркунуч жаралган учурда Борбор Азия өлкөлөрүнө жардам берүүгө даяр экенин Sputnik Тажикстанга Орусиянын Федерация кеңешинин Эл аралык мамилелер боюнча комитетитинин төрагасынын орун басары Владимир Жабаров билдирди. “Эгер зарылчылык жаралса жардам беребиз, бирок коргоо жана коргонуу үчүн гана”, – деди ал.Жабаров Ооганстандагы оппозициялык күчтөрдү колдоо региондо тирешүүнүн жаңы очогуна алып келиши мүмкүн экенин белгиледи. “Талибан өз жоочуларын Борбор Азия республикаларына жөнөтүшү мүмкүн – бул жаман вариант. Ошондуктан Тажикстан, Кыргызстан жана Өзбекстан бул Ооганстандын ички иши…

Прочитайте больше

Мехди Кухестани: Кыргызстандын тоолору өтө бийик жана теңдеши жок татаал

Мехди Кухестани: Кыргызстандын тоолору өтө бийик жана теңдеши жок татаал

Жакында Иран Ислам Республикасынан Кыргызстанга келишкен альпинисттер өз өлкөсүнүн элчилигинде болушуп, “Eurasia Today” агенттигинин журналисттерине өздөрүнүн көргөн таасирлери “Жеңиш” чокусунда болгон кырсык тууралуу маек беришти. Иран Ислам Республикасынын Бишкектеги Элчилиги “Жеңиш” чокусуна чыгууга аракет кылган Мехри Жафари айым жана Реза Адине аттуу эки ирандык альпинисттин кырсыкка учураган окуясынан тартып, жабыркаган альпинисттерге жардам берүү маселесин караган. Бул жаатта Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Кыргыз Альпинизм Федерациясы, “Аксай Трэвел” туристтик фирмасы менен бир нече жолу байланышта болгон.Ошондой…

Прочитайте больше

Ашраф Гани Ооганстандын казынасынан 169 млн. доллар уурдап кеткен

Ашраф Гани Ооганстандын казынасынан 169 млн. доллар уурдап кеткен

Ооганстандан качып кеткен президент Ашраф Гани казынадан 169 млн. долларды уурдай качкан.  Бул тууралуу Ооганстандын Тажикстандагы элчиси Мухаммад Зохир Агбар Дүйшөмбүдөгү маалымат жыйынында билдирди.Анын айтымында, Ганинин качып кетиши “мамлекетке жана улутка чыккынчылык” болуп саналат. Мындан тышкары, Агбар Ашраф Ганини камакка алуу өтүнүчү менен эл аралык сотко берүү үчүн Интерполго кайрылууга ниети бар экенин айтты.Белгилей кетсек, 18-августта Ашраф Гани БАЭнин борбору Абу-Дабиде экени кабарланган. Ал эми, мындан мурда ал Өзбекстан аркылуу Оманга учуп кеткени маалымдалган. Ашраф Гани “Фейсбук” баракчасында өлкөдө кан…

Прочитайте больше

30 миңден ашуун казакстандык жигиттер жубайсыз калышы мүмкүн

30 миңден ашуун казакстандык жигиттер жубайсыз калышы мүмкүн

Казакстанда эркектерге караганда аялдар көп деп ойлоого көнгөнбүз. Бирок, чындыгында абал биз күткөндөн алда канча башкача болуп чыкты.Илимпоздордун айтымында, дүйнөдө 5 млн. эркекке жубай жетишпей калышы мүмкүн.Албетте, жалпысынан алганда дүйнөдө аялдардын саны басымдуулук кылат деп айта алабыз. Бирок аялдардын басымдуу жамаатын орто жаштан ашып калган аялдар түзөт. Казакстандын Стратегиялык пландаштыруу жана реформалар агенттигинин Улуттук статистика бюросунун маалыматы боюнча, 2020-жылы аялдардын саны 9 597 645ти түзгөн. Эркектердин саны жарым миллионго аз, болгону 9 034 134 эркекти түзгөн. Бирок,…

Прочитайте больше

Олимпиадага барган спортчулар 23-августта сыйланат

Олимпиадага барган спортчулар 23-августта сыйланат

Президент Токиодо өткөн Олимпиадага катышкан спортчуларды качан сыйлай тургандыгы белгилүү болду. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдиргенин жергиликтүү басылмалар маалымдашты. Маалыматка ылайык, спортчуларды сыйлоо аземи 23-августта “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында өтөт. Буга чейин, президент Садыр Жапаров Олимпиададан байгелүү кайткан спортчуларга өзүнүн атынан белек убадалаган. Белгилей кетсек, Токиодо өткөн Олимпиада оюндарында Акжол Махмудов күмүш, Айсулуу Тыныбекова күмүш жана Мээрим Жуманазарова коло медал алышкан.

Прочитайте больше
1 80 81 82 83 84 133