Coca Cola суусундугу Covid-19 тестин жасалма түрдө оң чыгарышы мүмкүн

Coca Cola суусундугу Covid-19 тестин жасалма түрдө оң чыгарышы мүмкүн

Ливерпуль университетинин окумуштуулары жасалма таттуулары бар алкоголсуз суусундуктардын ПЦР тестине тийгизген таасирин анализдешти. Бул изилдөө чарасы бир канча өспүрүмдөр коронавирустун жалган оң анализин чыгуусу үчүн таттуу суусундуктарды колдоно баштагандан кийин көрүлгөн.Интернетте барган сайын укмуштуудай видеолор тарап жатканы айкын. Мисалы, Covid-19 анализин жалган түрдө оң чыгаруу үчүн Соса Cola суусундугун колдонсо болоору айтылат.Ал эми, ПЦР тестин тапшыруудан алдың ачкарын Кола, Спрайт же Фанта суусундуктарын ичип алса, анализ жасалма түрдө оң чыгышы мүмкүн экени аныкталды.Эске салсак, британиялык…

Прочитайте больше

Көзү азиз, бирок көөдөнү жарык сахаба

Көзү азиз, бирок көөдөнү жарык сахаба

Пайгамбарыбыз Мухаммед (САВ) хижрий жыл санагынын 1-жылында Билял ибн Раббахды муэзин (азанчы) кылып даярдаган. Көпчүлүгүбүз бул сахабаны пайгамбарыбыздын (САВ) 1-азанчысы катары тааныйбыз. Ал эми Ислам тарыхында экинчи азанчы ким болгонун билесизби? Бул – Абдуллах ибн Умми Мактум. Көзү азиз, бирок көөдөнү жарык, таң каларлык эр жүрөктүүлүк сапаты менен суктандырган бул сахаба тууралуу кызыктуу фактыларды сунуштайбыз. 1- Абдуллах ибн Умми Мактум- өзү меккелик, курайш уруусунан. Пайгамбарыбызга (САВ) тууганчылыгы бар. Пайгамбарыбыздын (САВ) сүйүктүү жубайы Хадижа энебиздин таякесинин…

Прочитайте больше

Токио 2020: Борбор Азия боюнча Кыргызстан экинчи орунда

Токио 2020: Борбор Азия боюнча Кыргызстан экинчи орунда

Токио 2020 Олимпиада оюндарында багындырылган медалдар боюнча Кыргызстан Борбор Азия мамлекеттеринин арасында экинчи орунда келе жатат. Ал эми дүйнө жүзү боюнча 4-августка карата 200дөн ашык мамлекеттин ичинен 61-орунга көтөрүлдү. Коңшу өлкөлөрдөн Тажикстандын спортчулары Олимпиада оюндарынан байгесиз кайтып келишти. Өзбекстан 2 алтын, 1 коло менен 30-орунда, Түркмөнстан 1 күмүш менен 71-орун жана Казакстан 4 колосу менен 72-орунда турат. Кыргызстандын спортчулары бул Олимпиадада үч медалга ээ болшту. 3-августта Акжол Махмудов күмүш медал жана балбан кыз Мээрим Жуманазарова коло медаль утушкан. Кечээ, 4-августта Айсулуу…

Прочитайте больше

Айсулуу Тыныбекова: Кыргызстанга алтын алып келгим келген

Айсулуу Тыныбекова: Кыргызстанга алтын алып келгим келген

Токио – 2020 олимпиадасынын кыз-келиндер күрөшү мелдешиндеги финалда күмүш медалга ээ болгон Айсулуу Тыныбекова Токиодогу акыркы беттеши тууралуу билдирди. “Мен өзүмө да, мелдештин натыйжасына да нааразымын. Бардыгы мени алтын алат деп күтүшкөн, бирок элдин ишеничин актап, тарых жарата алган жокмун.”Анын айтымында, мелдештен алдыраак өзү жакшы даярдыкта болгону менен беттешүүдө тилекке каршы машыктыруучунун айткандарын толук аткара алган эмес.Айсулуу Тыныбекова мындай деп кошумчалады: “Жараткандын буюругу менен күмүшкө ээ болуп отурам, бүгүн муну кабыл алышым керек. Биздин жашоо бул күрөш,…

Прочитайте больше

Жаңы окуу жылы кандай форматта башталат?

Жаңы окуу жылы кандай форматта башталат?

Билим берүү министринин орун басары Надира Жусупбекова жаңы окуу жылы оффлайн форматта өтүүсү үчүн эки шартты белгиледи. Анын айтымында, окуучулар салттуу түрдө мектепте билим алуулары үчүн биринчиден бардык мугалимдер жана мектеп кызматкерлери коронавируска каршы эмдөөдөн өтүшү шарт. Ал эми Саламаттыкты актоо минитрлигинин берген маалыматына караганда, бүгүнкү күндө мугалимдердин 60-70 пайызы гана эмделишкен. Ошондой эле, Жусупбекова экинчиден өлкөдөгү эпидемиялык абалга көңүл буруларын баса белгилеп, жергиликтүү штабдардын чечими менен гана окуучулар мектепке бара башташарын айтты. “Ал үчүн ата- энелер жана окуучулар азыртадан саламаттык жактан…

Прочитайте больше

Аял, эркек жана акыл

Аял, эркек жана акыл

Суроо: Аялдын эркекке караганда акылдуураак экенин, ошондуктан, аялга көбүрөөк укуктарды берүү керектигин айтып жүргөндөр бар. Ар аял бардык эркектен акылдуубу? Жооп: Алгач акылдын эмне экенин билүү керек. Аллаху таала акылды туураны жаңылыштан, жакшыны жамандан, пайдалууну зыяндуудан айырмалоо үчүн жараткан. Кайсы нерсенин туура, кайсы нерсенин жаңылыш, кайсы нерсенин жакшы, кайсы нерсенин жаман экенин жалгыз бүткүл макулуктарды жоктон бар кылган Аллаху тааланын билдирүүсү менен гана түшүнүлөт. Адамдардын жакшы же жаман деп айтуусу менен бир нерсе жакшы же жаман болуп…

Прочитайте больше

Египеттин жаңы банкнотуна гейлердин белгиси киргизилет

Египеттин жаңы банкнотуна гейлердин белгиси киргизилет

Египет өкмөтү 2021-жылдын ноябрында рынокто пайда боло турган жаңы акча банкнотторунда гейлердин желегин (ЛГБТ) символикасын колдонушу, калк арасында көптөгөн нааразычылыктарды жаратты.  Бул тууралуу Абдул-Азиз Абу Аль-Аинин мындай деп жазат: “Биздин абалыбызды карачы, биздин акчабызда гейлердин желектери турат, Аллах бизге ырайым кылсын! “Банкноттордо колдонулуучу гейлердин желегинен башка түстөр калбай калган окшойт”.Ал эми, Тунис 365 колдонуучусу бул тууралуу мындай деп жазган: “Жаңы акчага “Мухаммад Али” мечитинин дизайнында гейлердин желегинин түсүн колдонуу мусулмандардын ыйык нерселерине шек келтирүү болуп саналат”.Египеттик белгилүү…

Прочитайте больше

5-августта Иран президентинин инаугурациясы өтөт

5-августта Иран президентинин инаугурациясы өтөт

Иран Ислам Республикасынын 13-президенти Сайед Ибрахим Реисинин инаугурациясы 73 штаттын 115 өкүлүнүн катышуусунда 5-августта өтмөкчү. Белгилей кетсек, Реиси 18-июнда өткөн шайлоодо 17,9 млн. добушка (62%га жакын) ээ болгон.Ал эми кечэ, 3-августта Сейед Ибрахим Реисинин президенттик кызматын бекитүү аземи болуп өттү. Аземде Иран Ислам Республикасыныны Руханий лидери Аятолла Хаменеи жаңы президенттин кызматын тастыктаган грамота тапшырган. Аятолла Хаменеи аземде сөз сүйлөп: Президент улуттук биримдиктин элеси болушу керек, эл менен чынчыл сүйлөшүп, коррупция жана коррупциялашкан элементтер менен ырайымсыз күрөшүшү керек”.- деп баса белгиледи.“Реиси…

Прочитайте больше

Дүйнөлүк маалымат каражаттары Иран президентинин кызматка кирүүсүн кандай чагылдырышты?

Дүйнөлүк маалымат каражаттары Иран президентинин кызматка кирүүсүн кандай чагылдырышты?

Иран президентинин кызматка кирүү аземин дүйнө жүзүндө түрдүү маалымат каражаттары кеңири чагылдырып беришти. Билдирүүгө ылайык, Ливандын “Аль-Манар” агенттиги Иран Ислам Республикасынын президентинин инаугурациясын түз эфирлеринде көрсөтүп, мындай деп жарыялаган: Иран Ислам революциясынын руханий лидери аземде сөз сүйлөп, келечектеги маанилүү миссияларга басым жасады.“ Аль-Маядин” агенттиги Иран Ислам Республикасынын Президенттик кызматына киришүү аземин көрсөтүүдө, Ислам революциясынын Жогорку Жетекчисинин сөзүн келтирди: “Жаңы өкмөттүн курулушу кечиктирилбеши керек. Мурдараак, шайлоону бойкоттоо үчүн кутум Ислам Республикасынын душмандарынын саясий чөйрөлөрүндө иштелип чыккан.” Ал эми, Russia…

Прочитайте больше

Экологиялык катастрофа: Кувейтте дүйнөдөгү эң чоң таштанды жай өрттөнүп жатат

Экологиялык катастрофа: Кувейтте дүйнөдөгү эң чоң таштанды жай өрттөнүп жатат

Кувейтте унаа дөңгөлөктөрү төгүлгөн дүйнөдөгү эң чоң таштанды таштоочу жай өрттөнүп жатат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.Күбөлөрдүн айтымында, күйүп жаткан таштандылардын үстүнөн уулуу кара түтүн көтөрүлүп жатканын алыстан көрүүгө болот.Эгерде өрт тез арада өчүрүлбөсө, бул окуя дүйнөлүк экологиялык катастрофага алып келет.Маалыматта таштанды таштоочу жайда 52 миллионго жакын унаа дөңгөлөктөрү бар экени баса белгиленген. Таштанды төгүлгөн жай биз элестеткенден дагы чоң жана мейкиндиктен да көрүнүп турат.Өрттүн себептери азырынча айтыла элек.

Прочитайте больше

Бүгүн кыргыз балбаны Акжол Махмудов алтын үчүн ат салышат

Бүгүн кыргыз балбаны Акжол Махмудов алтын үчүн ат салышат

Олимпиада оюндарында грек-рим күрөшү боюнча катышып жаткан кыргызстандык балбан Акжол Махмудов  бүгүн, 3-августта финалдык беттешке чыгат. Финалдык беттеш Бишкек убактысы боюнча саат 16:30да башталат. Махмудов килем 77 кг салмакта алтын үчүн атаандашы венгриялык балбан Тамаш Лоринц менен килем үстүнө чыгат.

Прочитайте больше

Хабиб Нурмагомедов Кыргызстанга келди

Хабиб Нурмагомедов Кыргызстанга келди

Бүгүн, 3 -августта UFCнин жеңилбес чемпиону жана промоушендин мыкты мушкери Хабиб Нурмагомедов Кыргызстанга келгенин EFC 38 турниринин PR-кызматынан билдиришти. Аны «Манас» эл аралык аэропортунан EFC 38 турниринин уюштуруу комитетинин өкүлдөрү салтанаттуу тосуп алышты.Нурмагомедов кыргызстанга Зубайра Тухугов, Имар Нурмагомедов, Умар Нурмагомедов, Усман Нурмагомедовдор менен чогуу келди, алар Хабибдин командасына кирет.Хабиб Нурмагомедов Чолпон-Ата шаарында (Ысык-Көл облусу) 3-августта өтө турган Eagle Fighting Championship (EFC 38) лигасынын аралаш мушташ боюнча турниринин ардактуу коногу болот. Турнир саат 17: 00дө башталат.Спорттук иш-чара 19 беттешти камтыйт, алардын…

Прочитайте больше

Курманбек Бакиев апта аягында Кыргызстанга келеби?

Курманбек Бакиев апта аягында Кыргызстанга келеби?

Социалдык тармактарда Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиевдин жакынкы күндөрдө өлкөгө келери тууралуу маалыматтар таркоодо. Социалдык тармактардын колдонуучулары бул маалымат боюнча ар кандай пикирлерин билдирип, комментарий калтырып жатышат. Айрымдары “Ак ийилет, бирок сынбайт” десе, кээ бирлери “ Ал кишинин кылгандарын кыргыз эли унута  элек” деп жазышууда. Кыргыз бийлиги Кумтөр боюнча эл аралык соттук териштирүүдө “Центерра Голд” мурдагы мамлекет башчыларын “сатып алганын” далилдөөгө аракет жасоодо жана ага байланыштуу мурдагы президенттер Аскар Акаевге, Курманбек Бакиевге жана Алмазбек Атамбаевге карата кылмыш иши козголгон. Кечээ, 2-августта издөөгө…

Прочитайте больше

Токио-2020 олимпиадасынын күрөш мелдештеринин үчүнчү күнү: кыздар утуп, жигиттер утулушууда

Токио-2020 олимпиадасынын күрөш мелдештеринин үчүнчү күнү: кыздар утуп, жигиттер утулушууда

Токиодо өтүп жаткан олимпиаданын күрөш боюнча мелдештеринин үчүнчү күнү кыргызстандык Айсулуу Тыныбекова менен Мээрим Жуманазарованын жеңиши менен башталды. Белгилей кетсек, Мээрим Жуманазарова коло медалына жолдомо алуу үчүн азербайжандык атаандашын 4:1 упай менен жеңди.Ошондой эле, Айсулуу Тыныбекова латвиялык атаандашын 8:0 упай менен утуп, 1/8 финалга чыкты.Ал эми, Узур Жузупбеков финляндиялык атаандашына утулуп, коло медалга жолдомо алууга жетпей калган. Буга кошумча, Атабек Азизбеков бүгүнкү биринчи мелдешинде венгриялык атаандашына 6:1 упайга уттуруп,  1/4 финалга чыкпай калды. Алдыда Акжол Махмудовдун финалдык беттеши бүгүн, 3-августта саат 15:00дө өтмөкчү.

Прочитайте больше

Кабул «Талибандын» шартын кабыл алды

Кабул «Талибандын» шартын кабыл алды

Кабул өкмөтү бийликти талибандар менен бөлүшүүгө даяр экенин жарыялады.  “Ооган бийлиги талибандар менен тынчтыкка бийликти бөлүшүүгө даяр, бирок талибандар белгилүү шарттарды сактоосу шарт” – бул тууралуу Ооганстандын тышкы иштер министри Мохаммад Ханиф Атмар “Известия” гезитине берген маегинде билдирди.Ал ошондой эле, талибандар менен иштешүүгө жана аларды өкмөткө алууга, ошондой эле алар менен элдешүүгө жана бийликти бөлүшүүгө даяр экенин билдирди.“Ал эми бизде бул үчүн көп шарттар жок, чындыгында бир гана нерсе бар – өлкөнүн ичинде Ооганстандын келечегин ооган эли…

Прочитайте больше
1 84 85 86 87 88 133