Индия штаммын дагы коронавирус Ирандын 92 шаарында табылды

Индия штаммын дагы коронавирус Ирандын 92 шаарында табылды

Ирандын Салматтыкты Сактоо министрлиги өлкөдө коронавирустун 5-толкуну башталганын билдирди. Белгилей кетсек, өлкөдө коронавируска каршы вакциналар кеңири алынып келип, улуттук вакциналар да чыгарылып, масштабдуу эмдөөлөр башталганына карабастан, коронавирустун коркунучтуу жаңы штаммдары пайда болууда.Учурда коронавиурстун “Индия штаммы” Ирандын 92 шаарында табылган. Ошону менен бирге, 80 миллиондук калктуу өлкөдө күнүнө 8 миңден 10 миңге чейин коронавирустук жаңы учурлар катталса, 90-100гө чукул бейтаптар көз жумууда. Падемия башталгандан бери жалпы ооругандардын саны 3 миллиондон ашып, 100 миңге жакыны дүйнө салса,…

Прочитайте больше

Т. Какчекеев: «Талибан» Борбор Азия мамлекеттерине куралдуу кол салаалбайт, бирок идеологиясын таңуулайт»

Т. Какчекеев: «Талибан» Борбор Азия мамлекеттерине куралдуу кол салаалбайт, бирок идеологиясын таңуулайт»

Акыркы мезгилде “Талибан” кыймылы Афганистандын бир нече райондорун басып алууда. Жакында алар Тажикстан менен чектеш Кундуз провинциясынын стратегиялык жактан маанилүү болуп саналган бажы пунктун да көзөмөлгө алды. Ошол эле учурда Афганистан армиясынын жүздөн ашык аскери талибдер менен болгон айыгышкан согушка туруштук бере албай, Тажикстандын чек арасына, дагы элүүдөн ашыгы Өзбекстандын аймагына качып кирүүгө аргасыз болушту. Бул арада БУУнун Афганистан боюнча өкүлү Афганистандын өкмөтү алгач АКШ жана НАТО армиясы чыгарылгандан кийин эки жылдан соң кулашы мүмкүн…

Прочитайте больше

АКШ Баграм базасынан бардык ачкерлерин чыгарып кетти. Ооганстанда абал кандай болот?

АКШ Баграм базасынан бардык ачкерлерин чыгарып кетти. Ооганстанда абал кандай болот?

Америкалык аскерлердин бардыгы Афганистандын баш калаасынын түндүгүндөгү Баграм аба базасынан чыгып кетишти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар АКШнын жогорку даражалуу чиновнигине шилтеме жасап билдиришти.Бул жаңылык АКШнын жана башка НАТО аскерлеринин Афганистандан чыгып кетиши тууралуу божомолдор айтылгандан кийин жарыяланды.АКШнын Улуттук коопсуздук кызматынын кабарчысы Женнифер Гриффин бул маалыматты тастыктап, Твиттердеги баракчасына АКШ аскерлери Афганистандагы Баграм авиабазасынан чыгып кеткенин жазды.Маалыматка ылайык, АКШнын Афганистандагы эң ири аскер базасы “Баграм” ооган коопсуздук күчтөрүнө өткөрүлүп берилет.Баграм авиабазасы Кабулдан 20 км. түштүктө жайгашкан жана…

Прочитайте больше

Эмнеге “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан-Түркмөнстан-Иран” темир жол курулушу ишке ашпай келет?

Эмнеге “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан-Түркмөнстан-Иран” темир жол курулушу ишке ашпай келет?

“Евразия тудей” маалымат агенттиги тарабынан уюштурулган кезектеги тегерек стол “Эмнеге “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан-Түркмөнстан-Иран” темир жол долбоору көп жылдардан бери ишке ашпай келатат? Бул реалдуу долбоорбу же кайсы бир сырткы күчтөр бут тосуудабы?”,- деген темага арналды. Кытайдан башталып, Борбор Азия өлкөлөрү аркылуу Иранга чейин жеткен, андан ары Прес булуңуна жана дүйнөлүк океанга чыгууга жол ачкан темир жол курулуп калса, ага катышкан мамлекеттерге кандай пайдасы бар жана башка өлкөлөргө экономикалык жана саясый жактан таасир этеби? Бул теманы талкуулоого экономисттер жана…

Прочитайте больше

“Sputnik V” вакцинасы индиялык штаммга каршы эффективдүү

“Sputnik V” вакцинасы индиялык штаммга каршы эффективдүү

Индиянын штаммына каршы “Sputnik V” эффективдүүлүгү болжол менен 90%ды түзөөрүн белгиледи вакцинаны иштеп чыккан Гамалея изилдөө борборунун директорунун орун басары Денис Логунов. Анын айтымында, иштеп чыгуучулар маалыматты интегралдык түрдө чогулткан UMIAS жана EGISZ электрондук тутумдарына таянып алышкан.“Ошондой эле, бул маалыматка ылайык, Индиянын штаммына карата дагы, Sputnik вакцинасынын натыйжалуулугу болжол менен 90% бойдон калууда”, – деди Логунов “Россия Сегодня” маалымат агенттигиндеги пресс-конференцияда. Ал ошондой эле вакцинанын эффективдүүлүгү ар кандай параметрлер боюнча бааланарын түшүндүрдү.

Прочитайте больше

Түркия менен Кыргызстандын коргоо министрликтери тыгыз кызматташат

Түркия менен Кыргызстандын коргоо министрликтери тыгыз кызматташат

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 30-июнда, Түркия Республикасынын улуттук коргоо министри Хулуси Акарды кабыл алды. Аскердик-техникалык чөйрөдөгү жана коопсуздук маселелериндеги эки тараптуу кызматташуунун приоритеттүү багыттары жөнүндө пикир алмашуу болду. Мамлекет башчысы дипломатиялык алакалар түзүлгөндөн бери Кыргызстан менен Түркия бардык чөйрөлөрдө кызматташууга бекем пайдубал түптөшкөндүгүн өзгөчө белгиледи.  Садыр Жапаров баса белгилегендей, кыргыз-түрк мамилесинде аскердик-техникалык кызматташуу өзгөчө орунду ээлейт. Анын мындан аркы кеңейишине жана бекемделишине мүмкүнчүлүктөр кенен. Анын айтымында, региондогу туруксуз абалды жана коркунучтардын өсүп жатканын эске алганда, өзгөчө Афганистандагы…

Прочитайте больше

COVID-19: Дүйнөдө коронавирустан көз жумгандардын саны 4 миллионго чукулдап калды

COVID-19: Дүйнөдө коронавирустан көз жумгандардын саны 4 миллионго чукулдап калды

Бир сутка ичинде дүйнөдө коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 374 миң 604 адамга көбөйдү. Бул тууралуу илимпоздор тарабынан иштелип чыккан онлайн картадан көрүүгө болот.Жалпысынан дүйнөдө коронавирус 181 миллион 761 миң 814 адамга жуккан. Эң көп АКШда 33 миллион 652 миң 98 учур катталган. Андан кийинки орундардагы Индияда 30 миллион 316 миң 897, Бразилияда 18 миллион 513 миң 305, Францияда 5 миллион 835 миң 885, Орусияда 5 миллион 428 миң 961, Түркияда 5 миллион 420 миң 156,…

Прочитайте больше

Канадада болуп көрбөгөндөй ысыктан 500дөй адам каза тапты

Канадада болуп көрбөгөндөй ысыктан 500дөй адам каза тапты

Канаданын Британдык Колумбия провинциясында болуп көрбөгөндөй ысыктан улам каза болгондордун саны көбөйүп жатат. РИА Новостинин берген маалыматы боюнча, бир нече күндүн ичинде аймакта 486 адам ысыкты көтөрө албай каза тапты. 29-июнда Британдык Колумбия провинциясынын бийлиги  провинциянын ар кайсы шаарларында 100дөн ашуун адам аномалдуу жогорку температуранын курмандыгы болгонун билдирген. Капыстан каза болгон учурлар Ванкувер, Барнаби жана Суррей шаарларында катталды. Каза болгондордун көпчүлүгү пенсионерлер экени айтылууда. Метеорологдор 29-июнда аймакта абанын температурасы 49,5 градусту көрсөткөнүн катташкан. Дарыгерлер суу…

Прочитайте больше

Кытайдан 1,1 млн. даана вакцина келет

Кытайдан 1,1 млн. даана вакцина келет

Кыргыз Республикасы коронавируска каршы Sinopharm вакцинасынын 1 миллиондон ашуун дозасын жеткирүү тууралуу макулдашты. Министрлер Кабинети Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмасы боюнча Кытай Эл Республикасынын Өкмөтү менен коронавирус инфекциясына каршы Sinopharm вакцинасынын 1,1 миллион дозасын жеткирүү тууралуу макулдашты. Сатылып алынган 1,1 млн вакцинанын дозасы жакынкы күндөрү Кыргыз Республикасына атайын чартердик каттам аркылуу жеткирилет. Ушул эле борт менен Кытай Эл Республикасы тарабынан акысыз негизде берилген Sinopharm вакцинасынын 150 миң дозасы да алып келинет. КР Министрлер Кабинетинин аталган кадамы Кытай Эл…

Прочитайте больше

Окумуштуулар COVID-19ду аныктай турган беткап ойлоп табышты

Окумуштуулар COVID-19ду аныктай турган беткап ойлоп табышты

Коронавирустун бар-жогун аныктоо үчүн беткапты бир жарым саат кийип жүрүү керек. Вирустарды аныктоочу мындай датчиктер бир нече жыл мурун Эбола жана Зика вирусун аныктоо үчүн иштелип чыккан. Массачусетс технологиялык институтунун окумуштуулары адамдын организминде коронавирус бар экендигин аныктоого мүмкүндүк бере турган коргоочу беткап ойлоп табышты. Адистер өздөрү иштеп чыккан беткап тууралуу 29-июнда Массачусетс Технологиялык Институтунун сайтында жарыяланган макалада айтып беришкен. Америкалык окумуштуулар ойлоп тапкан беткаптын ичине кичинекей алынып салынуучу датчик  орнотулган. Датчик беткапты тагынган адамдын ден…

Прочитайте больше

COVID-19: 10 өлүм катталды, 1000ден ашык бейтаптын абалы оор

COVID-19: 10 өлүм катталды, 1000ден ашык бейтаптын абалы оор

Бүгүн, 29-июнга карата коронавирус боюнча жаңы 1092 учур катталды. Бул тууралуу COVID-19 боюнча Республикалык штабдан билдиришти.Бир сутка ичинде илдеттен 10 адам каза тапты. Пандемия башталгандан бери коронавирустан курман болгондордун расмий катталган саны 2000ге чамалап калды.Ал эми илдетти жуктургандардын жалпы расмий саны 123 038 адамга жетти. Учурда стационарда 3209 бейтап дарыланууда. Алардын ичинен 140 бейтаптын абалы өтө оор деп бааланууда жана дагы 1000ге жакын адам оор абалда жатышат. Жалпы 123 038 учурдун 109 511и илдеттен сакайышкан.Мындан…

Прочитайте больше

Жапаров менен Рахмондун сүйлөшүүсү 5 сааттан ашты

Жапаров менен Рахмондун сүйлөшүүсү 5 сааттан ашты

Тажикстан менен Кыргызстандын президенттеринин жолугушуусу көп убакытка созулду. Бүгүн, 29-июнда, Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмондун ортосундагы сүйлөшүүлөр Бишкек убактысы боюнча саат 10:20дө жабык эшик артында башталган. Андан кийин беш сааттан ашык убакыт өткөнүнө карабай, өлкө жетекчилеринин жолугушуусу соңуна чыккан эмес. Бул тууралуу “Спутника-Тажикстан” сайты жергиликтүү журналисттерге шилтеме берип жарыялады. Анда айтылгандай, Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаров менен Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмондун жолугушуусу белгиленген убакыттан 3 саатка чейин ашып кеткен. Регламентке ылайык, Бишкек убактысы боюнча саат 12ден кийин республикалардын министрлери менен…

Прочитайте больше

Жапаров менен Рахмон чек ара чыры тууралуу эмне дешти?

Жапаров менен Рахмон чек ара чыры тууралуу эмне дешти?

Президент Садыр Жапаров менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон бүгүн, 29-июнда, Душанбе шаарында тет-а-тет форматында жолугушууда. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет. Өз сөзүндө Эмомали Рахмон Тажикстан Садыр Жапаровдун өлкөгө болгон расмий сапарына өзгөчө маани берерин жана өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкты жаратмандык менен өнүктүрүүгө чындап кызыкдар экенин баса белгиледи. “Тажикстан менен Кыргызстан көп тараптуу негизде конструктивдүү кызматташат, Сиздер менен өз ара мамилелерибиздин бардык чөйрөсүнүн бүгүнкү күндөгү абалы менен келечегин талкуулоого даярбыз”, – деп билдирди…

Прочитайте больше

Коронавирус: Бишкекте ооруканаларда канча орун бар?

Коронавирус: Бишкекте ооруканаларда канча орун бар?

Бүгүн, 28-июнь, саат 8:00гө карата Бишкек шаарындагы ооруканаларда коронавирус менен ооруган бейтаптарды дарылоо үчүн 124 орун бар. Бул тууралуу маалыматты Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги билдирди.⠀⠀Республикалык клиникалык инфекциялык оорукана – 1;№2 клиникалык төрөт үйү – 6;№1 шаардык клиникалык оорукана – 19;№6 шаардык клиникалык оорукана – 1;Улуттук кардиология жана терапия борбору – 7;Улуттук онкология жана гематология борбору – 7;Улуттук госпиталдын Улуу Ата Мекендик согуштун майыптары үчүн бөлүмү – 10;Республикалык наркология борбору – 7;Улуттук фтизиатрия борбору…

Прочитайте больше

Тажикстандын аймагына дагы 17 ооган аскери качып өттү

Тажикстандын аймагына дагы 17 ооган аскери качып өттү

Кечээ, 27-июнь күнү кечке жуук Ооганстандын Балх провинциясынын Шахритус районундагы талибдер менен салгылаштан соң артка чегинген 17 ооган чек арачысы курал-жарагы менен Тажикстандын аймагына качып өттү. Бул тууралуу “Озоди” радиосу Тажикстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине шилтеме кылып кабарлады. “Гуманитардык жана кошуначылык мамилени эске алуу менен тажик чек арачылары аргасыз качкындарды Тажикстандын аймагына өткөздү”, – деп айтылат мекеменин билдирүүсүндө. 22-июнда Ооганстандын Шерхан-Бандар чек ара бекетин талибдер басып алгандан кийин 134 ооган аскери артка чегинип, Тажикстандын…

Прочитайте больше
1 89 90 91 92 93 133