Арафа кандай күн?

Арафа кандай күн?

Арафа күн деп Курман айтка бир күн калган күндү айтат. Анткени ажылар бул күнү  “Арафат” тоосуна чыгып, өзгөчө ибадат кылышат.Айрымдар Орозо айттын алдындагы күндү да арафа күнү деп аташат, бирок бул туура эмес. Арафа күн жылына бир эле күн, Курман айттын алдындагы күн “арапа” деп аталат.Курман айт же арабча “Ид аль-Адха” – курмандык чалуу күнү. Бул улуу майрам Рамазан айынан 70 күндөн кийин башталат. Курман айт алдында мусулмандар ыйык жерлерге; исламдын бешинчи тиреги болгон ажылыкка барышат. Ар…

Прочитайте больше

Кыргызстандын жогорку окуу жайларында окуп жаткан тажик студенттери мекенине кайтарылат

Кыргызстандын жогорку окуу жайларында окуп жаткан тажик студенттери мекенине кайтарылат

Кыргызстандын жогорку окуу жайларында окуган тажик студенттери мекенине кайтарылаарын Тажикстандын Билим берүү жана илим министри Махмадюсуф Имомзода билдирди. Белгилей кетсек, мындан эки ай мурун Тажикстандын Билим берүү жана илим министрлиги Тажикстан менен Кыргызстандын коңшу мамлекеттерде окуп жаткан студенттерин ар кандай ушактарга алдырбоого жана окуусун улантууга үндөгөн.Учурда Махмадюсуф Имомзода Кыргызстандын жогорку окуу жайларында билим алып жаткан тажик студенттери жана өз мекенинде окуусун улантууну каалагандар Билим берүү министрлигине кайрылышы керектигин билдирди.Эске салсак, тажик-кыргыз чек арасындагы кагылышуулар 28-29-апрелде болгон. Бирок…

Прочитайте больше

Сауд Аравияда ажылык зыярат башталды

Сауд Аравияда ажылык зыярат башталды

Мусулман зыяратчылар жекшембиде ажылыкка арналган жөрөлгөлөрүн жасап башташканын саудиялык «Ихбария» телеканалы билдирди. Ажылык зыярат эки жыл катары менен коронавирус пандемиясына байланыштуу чектөө алдында өтүп жатат. Быйыл бул иш-чарага жергиликтүү жашоочулар жана Сауд Аравияда жашаган чет өлкөлүк мусулмандар гана катыша алышат. Быйыл бул диний ыйык жөрөлгөгө 60 миң киши катышары күтүлүүдө. Пандемияга чейин ажылык үчүн Сауд Аравияга дүйнөнүн булуң-бурчунан 2,5 миллионго чукул мусулман келип турган. Июнда саудия бийлиги зыяратка 18ден 65 жашка чейинки, COVID-19га каршы толук…

Прочитайте больше

Ажылыктын маанилүүлүгү

Ажылыктын маанилүүлүгү

Күчү жеткен, чамасы бар адамдын өмүрүндө бир жолу ыйык Каабага барып ажылыкка тийиштүү болгон ибадаттарды аткаруусу фарз болуп эсептелет. Андан кийинки орундала турчу ажылыктар нафил болот. Фарз болгон ажылыкка барууга аракет кылуу керек. Бир жолу фарз болгон ажылыкты орундоо жыйырма жолу Аллах жолунда жихад кылуудан да сооптуу болуп саналат. Хадиси шарифте мындай деп буюрулган: “Ажылык – суунун кирди тазалаганындай күнөөлөрдү тазалайт.” (Таберани) Кабыл болгон ажылык намаз, орозо жана зекет фарздарынын кечирилүүсүнө себеп болбойт. Буларды кечиктиргендиктин күнөөсүнүн…

Прочитайте больше

Бишкеке Astra Zeneca вакцинасынын 40 миң дозасы келди

Бишкеке Astra Zeneca вакцинасынын 40 миң дозасы келди

Тышкы иштер министрлиги кечээ, 16-июлда Бакудан Бишкекке COVID-19га каршы AstraZeneca вакцинасынын 40 миң дозасы келгенин маалымдады. Манас эл аралык аэропортунда Бакудан Кыргызстанга 40 миң доза AstraZeneca вакцинасы жүктөлгөн гуманитардык жардамды алып келген учакты КР тышкы иштер министринин Азизбек Мадмаров жана Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин статс-катчысы Жапаркул Ташиев тосуп алышты. Бул гуманитардык жардам боюнча келишим 2021-жылы 1-3-июлда келишим КР тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин Азербайжан Республикасына жасаган расмий иш сапарынын алкагында жетишилген. Учурдагы оор эпидемиологиялык кырдаалда көрсөтүлгөн гуманитардык жардам жана…

Прочитайте больше

Кыргызстанда жашылчалардын баасы арзандады

Кыргызстанда жашылчалардын баасы арзандады

Кыргызстанда айрым жашылчаларга болгон баа арзандады. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети маалымдады. Маалыматка ылайык, июль айында картошка, помидор жана бадыраңдын баалары арзандаган. Өлкө боюнча картошканын орточо чекене баасы 1 кг үчүн 41,63 сомду түзгөн. Бул мурунку айга салыштырмалуу 19,1 сомго арзан. Помидордун баасы 1 кг үчүн 51,13 сом болуп, мурунку айга салыштырмалуу 20,4 пайызга, ал эми бадыраңдын баасы 1 кг үчүн 21,35 сом болуп, мурунку айга салыштырмалуу 25,6 пайызга арзандаган. Картошканын эң төмөн баалары түштүк…

Прочитайте больше

Келаткан кыштан кантип чыгабыз?

Келаткан кыштан кантип чыгабыз?

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов алдыда турган жылытуу мезгилине өз мөөнөтүндө жана сапаттуу даярдануунун маанилүүлүгүн белгиледи.  Министрлер Кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов өлкөнүн экономика тармактарын жана калкын 2021-2022-жылкы күз-кыш мезгилине даярдоо маселеси боюнча республикалык штабдын кеңешмесин видеоконференция режиминде өткөрдү. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин маалымат кызматы билдирди. Кеңешменин жүрүшүндө алдыда турган күз-кыш жылытуу мезгилине даярдык, социалдык объектилердин жана жалпы эле энергетика тармагынын даярдыгы талкууланды. Ошол эле учурда калкты көмүр менен камсыздоо маселесине өзгөчө көңүл бурулду. Тиешелүү мамлекеттик органдар, Бишкек…

Прочитайте больше

Түркияда кургап калган көлдө жүздөгөн фламинголор өлдү (фото)

Түркияда кургап калган көлдө жүздөгөн фламинголор өлдү (фото)

Акыркы жумада Түркиянын борбордук Конья провинциясындагы Туз көлүнүн кургап калган бөлүгүндө жүздөгөн фламингонун өлүгү табылды, бул бийликтин кургакчылыктын экосистемага тийгизген таасирине кайрадан көңүл бурууга түрттү.  Түркиядагы экинчи чоң жана дүйнөдөгү эң ири туздуу көлдөрдүн бири болгон Туз көлү – көчүп жүргөн жаныбарлардын эң жакшы көргөн жерлеринин бири жана фламинголордун жашаган жери  болуп келген. Көл тайыз жана жыл ичинде жаан-чачын аз болсо да, анын туздуу болушу келгин куштардын уялоосуна өбөлгө түзөт. Бирок, климаттын өзгөрүшүнөн улам келип…

Прочитайте больше

Армениянын аскерлери Азербайжан армиясынын позицияларын аткылашты

Армениянын аскерлери Азербайжан армиясынын позицияларын аткылашты

15-июлда саат 14:15 чамасында Армениянын куралдуу күчтөрүнүн Базаркечар районунун Зеркенд айылынын аймагында жайгашкан позицияларынан турган бөлүктөрү Азербайжан армиясынын Кельбажар районунун Юхари Айрим айылы багытындагы позицияларын аткылуоого алышты. Бул тууралуу 1news.az агенттиги өлкөнүн Коргоо министрлигинин сайтына шилтеме берип жарыя кылды. Буга Азербайжан армиясы да жооп иретинде ок чыгарды. Акыркы маалыматтар боюнча, Азербайжан армиясынан каза болгондор жана жаракат алгандар жок. Ал эми Армениянын куралдуу күчтөрүнөн жарат алгандар бар жогу такталган жок. Былтыр күзүндө 44 күндүк согуштун натыйжасында…

Прочитайте больше

Эми жогорку билими жоктор деле депутат боло алат

Эми жогорку билими жоктор деле депутат боло алат

Мындан ары жогорку билими жок жарандар дагы Жогорку Кеңешке депутат болуп шайлана алат. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова парламентте билдирди. Мындан тышкары, Конституцияда дагы жогорку билим талап кылынбастыгын баса белгиледи. ЖКнын депутаттарынын ичинен бул маалыматка таң калгандар дагы болду. Депутат Калдарбек Баймуратов “жогорку билим талап кылынбаса фамилиясын жаза албагандар дагы депутат боло береби” деп таң калуу менен суроо узатты. Шайлдабекованын айтымына караганда, учурда колдонулуп жаткан жаңы мыйзамда депутат болуу үчүн жогорку билим…

Прочитайте больше

Борбор Азия өлкөлөрү жана Орусия Ооганстан менен чек арада биргелешкен машыгууларды өткөрөт

Борбор Азия өлкөлөрү жана Орусия Ооганстан менен чек арада биргелешкен машыгууларды өткөрөт

Жакынкы айларда Борбор Азия өлкөлөрү жана Орусия Ооганстандын чек арасында бир катар биргелешкен машыгууларды өткөрөт. Бул тууралуу Известия басылмасы жазды. Орусиянын Борбордук аскер округунун командачысы, генерал-полковник Александр Лапин буга чейин Өзбекстан, Орусия, Кыргызстан жана Тажикстандын аймагында жайкы машыгуу мезгилинде (аскерлерде октябрга чейин созулат) тогуз биргелешкен эл аралык машыгуу пландаштырылганын билдирген. Маневрлар август, сентябрь айларында Өзбекстан, Тажикстан жана Кыргызстандын полигондорунда өтөт. Машыгууларда негизги басым мыйзамсыз куралдуу топтор менен күрөшүүгө, ошондой эле аймактагы кырдаалды туруксуздаштыруу аракеттерине каршы…

Прочитайте больше

Видео: Германияда нөшөрлөп жааган жамгырдан улам 11 адам каза болуп, 70и дайынсыз болууда

Видео: Германияда нөшөрлөп жааган жамгырдан улам 11 адам каза болуп, 70и дайынсыз болууда

Германиянын Шульд коммунасынын Аденау шаарына жакын жерде нөшөрлөп жааган жамгырдан улам алты үй кулап, 70тен ашуун адам дайынсыз болууда. Мындан тышкары, башка үйлөр дагы урап калуу коркунучунда турат. Германияда нөшөрлөп жааган жамгырдан улам кеминде 11 адам каза болуп, 70тейи дайынсыз болуп жатканын РИА Новости Bild басылмасына шилтеме берип жазды. Буга чейин жети адам каза болгондугу айтылган. Бернд циклонунан улам дүйшөмбүдөн бери Германияда катуу жамгыр жаап жатат. Нөшөрлөгөн жамгырдан улам көбүнчө өлкөнүн батыш жана түштүк-батыш аймактары…

Прочитайте больше

Окумуштуулар: 2030-жылы катуу суу ташкындары болот

Окумуштуулар: 2030-жылы катуу суу ташкындары болот

Ай циклинин жана климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу 2030-жылдын ортосунда суу ташкыны кескин көбөйөт. Бул тууралуу Nature Climate Change журналы жазды. Мындай малыматты Американын аэронавтика жана космос мейкиндигин изилдөө боюнча улуттук башкармалыгы (NАSA) чыгарган.Окумуштуулардын айтымында, Ай цикли климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу деңиз деңгээлинин көтөрүлүшүн күчөтөт.NАSA космикалык агенттигинин администратору Билл Нельсондун деңиз деңгээлине жакын жапыз аймактар барган сайын коркунучка кабылып, суу ташкынынын көбөйүшү күчөй берерин баса белгилеп, “Айдын тартылуу күчү, деңиз деңгээлинин көтөрүлүшү жана климаттын өзгөрүшүнүн айкалышы биздин жээктерде жана дүйнө…

Прочитайте больше

АКШ Ооганстандагы аскерлеринин 95%ын чыгарып кетти

АКШ Ооганстандагы аскерлеринин 95%ын чыгарып кетти

Америкалык аскерлердин Ооганстандан чыгарылышы дээрлик аяктады, деп айтылат АКШнын куралдуу күчтөрүнүн Борбордук командачылыгынын билдирүүсүндө. Маалым болгондой, аскердик контингенттин 95% дан ашыгы өлкөдөн чыгып кеткен. АКШ армиясынын өкүлдөрү ошондой эле америкалык аскерлер буга чейин ээлеп келген жети объектти көзөмөлдөө ишин Ооганстандын Коргоо министрлигине өткөрүп бергенин билдиришти. Пентагон 17 миңге жакын жабдыкты жок кылат. Анын көпчүлүгү өлүмгө алып келбеген коргонуу каражаттары. Эске салсак, америкалык аскерлерди Ооганстандан чыгаруу 2021-жылдын башында пландаштырылган, бирок ал процесс созулуп, натыйжада, америкалык аскерлер…

Прочитайте больше

Министр: калкка электр энергиясынын баасы быйыл көтөрүлбөйт

Министр: калкка электр энергиясынын баасы быйыл көтөрүлбөйт

Энергетика жана өнөр жай министри Доскул Бекмурзаев “Азаттыктагы” маегинде мындай чечим 13-июлда президент Садыр Жапаров менен жолугуп, электр энергиясынын тариф саясатын талкуулангандан кийин кабыл алынганын айтты. Анын сөзүнө караганда, калкка электр энергиянын бир кВт/сааты азыркыдай эле 77 тыйындан сатылат. Андан тышкары тоолуу райондордо электр жарыгына киргизилген 700 кВт/саат чектөө жоюлат. Ал эми калган аймактардагы тургундар бир айда 700 кВт/сааттан ашык электр энергиясын колдонсо 2 сом 16 тыйындан төлөйт. “Президент келерки жылы айлыкты, пенсия, жөлөк пулду көбөйтмөйүнчө калкка электр энергиясынын…

Прочитайте больше
1 87 88 89 90 91 133