Азирети Фатима аз-Захра (а.с) тууралуу шия менен суннилердин жалпы 25 темасы

Мухаммад Жаъфар Табаси “Азирети Фатима аз-Захра (а.с) тууралуу шия менен суннилердин 25 орток темасы” деген макаласында мындай деп жазган: Такфирчи ваххабизм медиа пропагандасында Азирети Фатиманын (а.с) жашоосуна тиешелүү болгон окуяларды жана маселелерди жашырууга аракет жасашат жана аларды шийилерге гана тиешелүү, жасалмаланган деп таанытышат.
Бирок ишенимдүү жана белгилүү “Ахли сунна” булактары Азирети Захранын (а.с) инсандык макамынын, анын коомдук ишмердүүлүгүнүн жана саясий кеңири позициясын кабарлашкан. Жалпысынан Азирети Фатиманын (а.с) кулк-мүнөзү жана өмүр таржымалы тууралуу шия жана суннит булактарында кеминде 25 жалпы жана орток тема бар, алар бул эскермеде келтирилген:

  1. “Тазалануу” аяты (Ахзааб сүрөөсү, 33 аят) Ахли сунна жана шия аалымдары бул аят Али, Хасан, Хусейн жана Фатима алейхи саламдар тууралуу түшкөндүгүн айтышат. (الصواعق المحرقة، ص ۱۷۲)
  2. “Мубахила” аяты (Аль Имран сүрөөсү, 61 аят) Бул аятта “нисаъуна” деген сөз Азирети Фатимага (а.с) тиешелүү экендигин билдиришкен.
  3. “Завиль курбаа” аяты (Исра срөөсү, 26 аят) “Фадактын” Пайгамбардын кызына берилиши. درّالمنثور (ج ۵، ص ۲۳۸), میزان الإعتدال، ج ۲، ص ۲۸۸ و کنزالعمال، ج ۲، ص ۱۵۸
  4. Биринчи халифанын “Фадакты” Азирети Захрага (а.с) кайтарган эмес чындыгы. (صحیح بخاری، ج ۵، ص ۸۲)
  5. Биринчи халифадан Азирети Захранын (а.с) ачуулануусу жана жүз кайтаруусу (صحیح بخاری، ج ۵، ص ۸۲)
  6. Азирети Захра (а.с) биринчи халифа менен сүйлөшүүдөн баш тартуусу жана өмүрүнүн акырына чейин ачуулануусу (صحیح بخاری، ج ۵، ص ۸۲)
  7. Азирети Захранын (а.с.) түндө жерге берилиши. صحیح بخاری، ج ۵، ص ۸۲)
  8. Азирети Захранын (а.с) жаназасы жана көмүлүшү тууралуу биринчи халифага маалымат берилбегени. صحیح بخاری (ج ۵، ص ۸۲
  9. Азирети Захранын (а.с) жаназасын Амир аль-Муминин Али (а.с) окуган, Абу Бакр ас-Сыддык эмес.
  10. Фатиманын (а.с) түн ичинде көмүлүшүнүн себеби, биринчи халифанын ага жаназа окубашы үчүн болгон. ج ۳، ص ۳۳۵، چاپ ۱۴۲۳ ریاض
  11. Фатиманын (а.с) гусулун Али (а.с.) кылган. الإستیعاب، ج ۴، ص ۱۸۹۸
  12. Фатиманын (а.с) каары жана ыраазычылыгы – Аллахтын каары менен ыраазылыгына барабар (ج ۳، ص ۱۱۸، حدیث ۴۷۷۳)
  13. Фатиманын (а.с.) каары – Аллахтын элчисинин (а.с) каары. (صحیح بخاری، ج ۵، ص ۱۹)
  14. Фатиманы (а.с) капалантып, кыйноо – Аллахтын Элчисине болгон зулумдук. صحیح مسلم (ج ۵، ص ۱۴۱)
  15. Фатима (а.с) эң чынчыл адам. (ج ۳، ص ۱۲۴، حدیث ۴۸۰۰)
  16. Фатима (а.с) бейишке биринчи кирген адам. مستدرک (ج ۳، ص ۱۱۶، حدیث ۴۷۶۶)
  17. Фатима (а.с.) Кыямат сахнасына кантип киргени тууралуу. Кыяматта “арштан” : Мухаммаддын (с.а.в) кызы Фатима өтүүсү үчүн көзүнөрдү жумгула! – деген үн чыгат. المستدرک (ج ۳، ص ۱۱۸، حدیث ۴۷۷۱)
  18. Фатима (а.с) – Аллахтын Элчисинин (саллаллаху алейхи васаллам) эң сүйүктүүсү. المستدرک (ج ۳، ص ۱۲۱)
  19. Алланын Элчиси (саллаллаху алейхи васаллам) менен Азирети Хадийжа (а.с) Фатиманын (а.с) курмандыгы. المستدرک (ج ۳، ص ۱۲۰)
  20. Фатиманын (а.с.) үйүндө “тазалануу” аятынын окулуусу. المستدرک (ج ۳، ص ۱۲۲)
  21. Фатима (а.с) Кыямат күнү Алланын Элчисинен (саллаллаху алейхи васаллам) алдыда чыгат. المستدرک (ج ۳، ص ۱۱۷)
  22. Фатиманын (а.с) үйү пайгамбарлардын үйүнөн да пазилеттүү. الدرّالمنثور (ج ۶، ص ۱۸۶)
  23. Фатима (а.с.) Ислам Үммөтүнүн биримдигине себепкер болгон. مستدرک (ج ۳، ص ۱۱۵)
  24. Фатиманын түйүлдүгүнүн бойдон алдыруу жана шейит болушу эч ким тана албаган чындык. مستدرک (ج ۳، ص ۱۱۵)
  25. Ахли Бейттин (а.с) душмандарынын орду тозокто. مستدرک (ج ۳، ص ۱۱۵)

Комментарий жиберүү