Ислам жана ден соолук: Иммунитетти кантип бекемдейбиз?

Суук түшкөндөн тарта көп адамдар грипп, сасык тумоо, суук тийүү сындуу ооруларга чалдыга баштайт. Бул оорулардын келип чыгуусуна эң биринчи иммунитеттин алсыздап кетиши себеп болот. Адам организми үчүн иммунитеттин бекем, күчтүү болушу абдан маанилүү.

Иммунитет – организмдин инфекцияларга жана чоочун заттарга каршылык көрсөтүүсү. Исламда иммунитетти күчтөндүрүү үчүн кандай ыкмалар колдонулат? Бул макалада ден соолукту чыңдап, оорулардан алыс болуу үчүн бир канча кеңештерди сунуштайбыз.

Уйку

Бардык керектүү гормондор кечки саат 10дон таңкы 5ке чейин иштелип чыгат. Ошондуктан ушул убакытты уйкуда өткөрүү иммунитет үчүн маанилүү. Эки же андан көп жума бою жетиштүү уктабасаңыз, иммундук системанын иштөө эффективдүүлүгү 30%га азаят. Адам тезирээк айыгыш үчүн уйкуну кандыруу зарыл.

Түнкү уйку иммундук реакциянын ылдамдыгына да таасир этет. Эгер адам түндө жакшы уктабаса, патогендүү микрофлорага каршы күрөшүү үчүн зарыл болгон интерлейкин жана табигый киллерлердин иштелип чыгышы жай жүрөрү илимий изилдөодө далилденген. Узак убакыт бою уйкусу канбаган кишиде вирустук жана бактериялык инфекциялар 3 эсе көп катталат.

Физикалык активдүүлүк

Отуруп иштөө, кыймылсыз жашоо образы иммундук системанын эрте картайышына алып келет. Иммунитетти бекемдөө үчүн үзгүлтүксүз чуркоо, таза абада сейилдөө, эртең мененки жана кечки көнүгүүлөрдү аткаруу, велипед тебүү, сууда сүзүү эффективдүү жардам берет. Бир күндө физикалык кыймылдарга 20-40 мүнөт бөлсөңүз организмдин коргоочу функцияларын узак убакытка сактай аласыз. Ошондой эле түрдүү оорулардан алыс болууга жардам берет.

Даарат

Бул мусулмандар үчүн жөнөкөй жана тааныш адат намаздын эле эмес, ден соолуктун да ачкычы болуп саналат. Даарат жүрөк, кан-тамыр системасы үчүн пайдалуу экендиги мурда эле далилденген. Салкын суу менен даарат алуу денеин чыйралтат. Оозду жана мурунду дайым чайкап туруу түрдүү инфекциялардан коргойт. Кыскасы, даараттын ден соолукка көптөгөн пайдалары бар.

Имбирь

Бул өсүмдүк тамырында антибактериялык, антимикробдук, антисептикалык жана сезгенүүгө каршы күрөшүү касиеттери бар. Айрыкча күз-кыш маалында имбирь ар бир үйдө болуш керек. Анын тамыры өтө пайдалуу жана С, В витаминдерине бай. Ошондой эле анын курамында адам клеткаларын айыктыруучу жана жаңылоочу касиетке ээ ретинол заты камтылган.

Бал

Ыйык Куранда айтылган дагы бир дары – бул бал. Биздин иммундук системабыз үчүн бул азык абдан зарыл. Адам каны менен балдын химиялык курамы окшош экендигин белгилеп өтпөсөк болбойт. Биздин каныбызда 24, табигий таза балда 22 микроэлемент бар. Суук тийүүнүн алдын алуудагы эң мыкты ыкма – таза балдын жаңгактар менен айкалышуусу. Бул учурда сиз каалаган жаңгакты колдонсоңуз болот.

Кара тмин

Кара тмин – иммунитетти бекемдөөгө таасир этүүчү эффективдүү каражат. Организмди коргоо жана түрдүү ооруларга туруктуулугун камсыздандырууда өсүмдүк курамындагы тимохинон заты жардамга келет.

Организдин коргоочу касиеттерин стимулдаштыруу үчүн майды эртең менен ачкарын, тамактан бир саат мурун жана жатар алдында кабыл алуу керек. Чоң адамдар үчүн 1 чай кашык сунушталат.

Комментарий жиберүү