Мусулмандар бири-бирине жардам берүүгө тийиш

Чыныгы мусулман ар убак бир туугандарын ойлоп, аларга кам көрөт. Кыйынчылыкка кабылгандарга колунан келишинче кол кабыш кылат. Момундарга жардам берүү тууралуу пайгамбарыбыздын ﷺ көптөгөн хадистери бар. Алардын айрымдарына токтолобуз.

  1. пайгамбарыбыз ﷺ айтты: “Ким кайсы бир момундун кайгысын кетирсе, ага Аллах Таала кыл көпүрөдө эки нурдун шооласын берет. Анын жарыгынан бир аалам жарык болот. Аллахтан башка эч кимде ал жөнүндө толук илим болбойт”.
  2. Аллахтын элчиси ﷺ айтты: “Ким өз бир тууганынын муктаждыгы бүтсүн деп жүрсө, Аллах Таала ага 75 миң периштени дайындап коёт. Алар ага рахмат дубасын айта беришет. Эгер эртең менен жүрсө, кечке чейин, кечинде жүрсө, таң атканга чейин. Ар бир кадамын көтөргөн сайын бир күнөөсү кечирилип, бир даражасы көтөрүлөт”.
  3. Зайд бин Сабиттен (р.а) риваят, Пайгамбарыбыз ﷺ айтты: “Ким бир тууганынын зарылчылыгы менен алек болсо, Аллах Таала анын зарылчылыгы менен алек болот”.
  4. Пайгамбарыбыз ﷺ мындай деген: “Ким бир тууганынын иши менен жүрсө, Аллах Таала ар бир кадамына 70 сооп жазат. Аны таштап, кайтып келгенге чейин 70 күнөөсүн кечирет. Эгер ошол амалдын натыйжасында муктаждык жоюлса, жүгүргөн адам күнөөдөн энеси бүгүн төрөгөндөй таза болот. Эгер ошол кыйынчылыкта жүрүп, шейит болсо, эсеп-кысапсыз бейишке кирет”.
  5. Абу Дарда риваят кылат, пайгамбарыбыз ﷺ мындай деди: “Ким бир тууганын кордуктан сактап калса, Аллах Таала аны кыямат күнү тозоктон сактайт”.
  6. Анас бин Малик Аллахтын элчисинин ﷺ айткандарын риваят кылат: “Ким кыжалатка баткан кимдир бирөөгө жардам берсе, ага 73 сооп берилет. Бир сооптун берекесинен дүйнө-акырети оңолот. Калганы менен анын даражалары көтөрүлөт”.
  7. Пайгамбарыбыз ﷺ айтты: “Ким кайсы бир момунду кайгы-кыжалатчылыктан куткарса, Аллах Таала кыямат күнү аны кайгы-кыжалатчылыктан куткарат. Кимдир бирөөнүн чечилбеген иштерин ким чечип берсе, Аллах Таала анын дүйнө-акыреттеги чечилбеген иштерин чечип берет. Ким өз бир тууганына кол кабыш кылса, Аллах Таала ага кол кабыш кылат”.

Комментарий жиберүү