Пайгамбарыбыздын ﷺ сүннөтү боюнча суу ичүүнү үйрөнөбүз

Сууну туура эмес ичүү ден соолугубузга зыян келтирерин баарыбыз эле биле бербесек керек. Бул макалабыз пайгамбарыбыздын ﷺ суу ичүү сүннөттөрү тууралуу болмокчу. Жашообузга бул эрежелерди киргизсек, өз саламаттыгыбызга кам көрөбүз жана Аллахтын сүйүүсүнө жетебиз.

1) Сууну шашпай, үч ууртам менен ичүү керек

Ибн Аббас (р.а) Аллахтын элчисинин ﷺ мындай дегенин кабарлайт: “Төө сымал (идишке жармашып алып, шимирип) бир ичкенде эле баарын ичип албагыла. Эки-үч ууртап ичкиле жана (ар бир ууртамды ичерде) “Аллахтын ысымы менен” [Бисмиллахи] дегиле, ал эми (ар бир ууртамды ичип бүткөнүңөрдө Аллахка мактоолорду [Алхамдулиллах] айткыла”.

Абу Саид аль-Худри (р.а) мындай дейт: “Мен Аллахтын Элчиси ﷺ мындай дегенин уккам: “Силер суу ичкенде шашып жана (бир идиште эле баш көтөрбөстөн) шимирип ичпегиле. Анткени ал (антип ичүү) боордун оорусун пайда кылат”.

2) Сууну оң кол менен ичүү зарыл

Ибн Умар (р.а) пайгамбарыбыздан ﷺ риваят кылат: “ Эч ким сол кол менен жебесин жана суу ичпесин. Анткени шайтан сол кол менен жеп, ичет”.

3) Суу ичип жатканда идишке дем чыгарууга жана сууга үйлөөгө болбойт

Абу Саид аль-Худринин (р.а) мындай дегени кабардалат: “Аллахтын элчиси ﷺ суусундукту үйлөбөш керектиги тууралуу айткан кезде бир адам мындай деди: “Бирок кээде мен идиште чөп-чарды көрүп калам”. Пайгамбарыбыз ﷺ айтты: “Төгүп сал”. Ал адам айтты: “Чындыгында, мен бир ууртаганда чаңкоом канбайт”. Ошондо Аллахтын элчиси ﷺ айтты: “Андай болсо (демиңди чыгарган кезде), чөйчөктү оозуңдан алыстатып тур (да, анан демиңди чыгаргын)”.

Ибн Аббастын (р.а) мындай дегени кабарланат: “Аллахтын элчиси ﷺ идиштин ичине дем чыгарууга жана ага үйлөөгө тыюу салган.

4) Мүмкүнчүлүк болсо, сууну отуруп ичүү керек

Абу Хурайра (р.а) Аллахтын элчисинин ﷺ мындай дегенин кабарлайт: “Силердин эч кимиңер эч качан тике турган боюнча суу ичпесин. Ал эми унутуп калып ичип алса, анда ал аны кусуп салсын”.

Хадистер имам ан-Нававийдин “Момундардын бакчасы” китебинен алынды.

Комментарий жиберүү