Саид бин Жубейрдин окуясы

Саид бин Жубайр Азирети Сажжаддын (а.с) ыкластуу жана берилген шииттеринин бири болгон жана ал дайыма имамдын насааттарынан пайдаланган.

 «Саид бин Жубайр» Азирети Зайнул-Абидиндин (имам Сажжад) (а.с) имаматына ишенип, аны көп мактап, ошонун айынан Хажжаж аны шейит кылды.

 Саидди бир күнү каргышы болгурдун алдына алып барышканда: «Сенби шордуу «бин Кусайр?»-деп сурады.

 Саид: «Апам менин атымды сенден жакшы билчү жана менин ысымымды Саид бин Жубайр деп койду», – деди.

 – Апаң экөөң тең шордуусунар.

 – Кайыпты Аллах гана билет жана Ал сен эмес.

– Сен бул дүйнөдө күйүшүң керек.

 – От менен жазалоо сенин колуңда экенин билсем, мен сага Кудай катары сыйынмакмын.

– Мухаммад (САВ) тууралуу оюң кандай?

– Ал мээримдүүлүктүн пайгамбары.

– Али жөнүндө эмне дейсиң? Сен аны бейиште же тозокто деп билесиңби?

– Бейишке же тозокко кирсем, бейиш менен тозок ээлерин көрсөм, алардын адамдарын тааныйм.

– Абу Бакр жана Умар тууралуу эмне дейсиң?

– Алар мени өкүл кылып дайындашкан жок.

– Сага халифтердин кайсынысы көбүрөөк жагат?

– Алардын кими Жаратканыма көбүрөөк жакса ошол жагат.

– Жаратканга кайсынысы көбүрөөк жагат?

 – Бул илим ачык жана жашыруун нерселерди билген билет.

– Мага чындыкты айтышыңды каалабайм.

– Мен сага калп айткым келбейт.

 – Эмнеге күлбөйсүң?

 – Топурактан, ылайдан жаралган, макулук өткө күйөрдө күлөбү?!

– Анда эмне үчүн күлөбүз?

– Жүрөктөр бирдей эмес.

Ошентип Хажжаж Саиддин бутуна бермет, изумруд, рубин ж.б баалуу нерселерди төгүп, алданышын күтүштү.

 Саид: «Эй, Хажжаж! Мунун баарын акырет азабынан сактануу үчүн берсең, аны кыла албайсың жана дүнүйө байлыгын топтоонун жакшылыгы жок экенин бил.

Ошондо Хажжаж Саиддин алдында лаху аспаптарын ойноону буйруйт. Саид аябай ыйлады.

Эмнеге ыйлап жатасың, Саид? шайтан алгыр.

– Бейиштен куулуп, тозокко кирген адамдын шору.

Хажжаж Саид эч кандай амал менен баш ийе албасын көрүп: «Эми сенин ажал убагың келди, сени кантип өлтүрөм?

– Мени кандай кааласаң өлтүр, анткени мен да сенден акыретте ошондой өч алам.

– Сени кечиришимди каалайсыңбы?

– Ооба, эгер Аллахтан кечирим келсе, бирок мен сенден кечирим сурабайм.

– Саиддин эрдигине, кайраттуулугуна жини келген Хажжаж: «Өлтүргүлө» деп кыйкырып жиберет.

 Ошентип, алар аны өлтүрүүгө алып чыгышканда, ал жылмайып койду. Бул тууралуу Хажжажга кабардар болуп: «Кырк жылдан бери күлбөгөнүңдү уксам да, сени эмне күлдүң?!

 Ал айтты: “Менин күлкүм сенин Кудайга каршы “труштугуң” жана  Аллахтын сага сабырдуулугу үчүн!”

Жинди болуп бара жаткан Хажжаж: «Аны менин көзүмчө өлтүргүлө» дейт.

Саид айтты: «Бардык жандар өлүм даамын татышат» [1]

Анан айтты: «Мен өзүмдүн жүзүмдү Асмандар менен жерди акыйкаттык менен жаратканга бурдум жана шерик кошуучулардан эмесмин» [2] Хажжаж айтты: Анын жүзүн кыбылага буруп туруп мууздагыла!

 Саид: «Силер кайда гана бурулбагыла, ал жакта Аллахтын жүзү» [3]

 Хажжаж айтты: Анын бетин чанга сүрткүлө!

 Саид: «Андан (топурактан) силерди жараттык. Ага кайтарабыз жана экинчи ирет андан чыгарабыз.” 4.

 Хажжаж айтты: «Аны койдой сойгула».

 Саид: «Аллахтан башка кудай жок, Анын шериги жок, Мухаммад анын кулу жана элчиси экендигине күбөлүк берем», – деди да, дуба кыла баштады: «Оо, Жараткан, Хажжажды менден кийин башка бирөөгө өчүндү алдыр».

 Ошентип Саиддин башын кесип алышканда, анын башы кайра-кайра “Лаа илааха иллаллох” деп айтканын көрүп таң калышты.

 Саиддин шейит болушу хижрий 95-жылы Шаабан айында 49 жашында болуп, Саид дуба кылганы себептүү Хажаждын 15 түндөн кийин мыкаачылык түрдө өлтүрүлүп, тагдыры биротоло жабылган.

Тарыхчылар мындай деп жазышкан: Хажжаж Саид бин Жубайрди шейит кылгандан кийин жаман түш көрүп, уктаган сайын этегинен кармап турган Саиддин кандуу денесин көрүп: «Эй, Аллахтын душманы! Эмнеге мени өлтүрдүң?!”-деген сөздөрдү уккан.

 Кээде эсин жоготуп, бир маалда катуу коркуп, тердеп ойгонуп: « Саид бин Жубайрды эмне кылдым? – деп өкүнгөн.

 Бул коркунучтуу түндөр Хажжаждын башынан Саид өлтүрүлгөндөн он беш (жана эң көп кырк) күндөн кийин мыкаачылык менен өлтүрүлгөнгө чейин токтогон жок.

Умар ибн Абдулазиз айтат: Хажжаж өлгөндөн кийин бир түнү аны түшүмдө көрүп, андан: «Аллах сага эмне кылды?» деп сурадым. Ал: «Мени канча кишини өлтүрсөм, алар мени бир жолу өлтүрүштү жана Саид бин Жубирдин ордуна Аллах мени жетимиш жолу өлтүрдү” деди .

  1. Аль – Имран 185 – аят
  2. Ан-Нъам 79 – аят
  3. Бакара 115 – аят
  4. Тааха 55 – аят

Комментарий жиберүү