Сүйлөө адеби

Сүйлөө адептеринин биринчиси – көп сүйлөбөө. «Көп сөз жалгансыз болбойт, көп мал арамсыз болбойт» деген сөз бар. Көп сүйлөө – зээндин кемчилигинин жана акылдын аздыгынын белгиси. Адамдын урматын, кадырын кетирет. Хазрети Айша энебиз мындай деген: «Эч бир сөзү бош болбогон Расулуллах алейхиссалам аз жана орундуу, так-даана сүйлөчү. Бир мажилисте сөз сүйлөсө мубарек оозунан чыккан сөздөрүн саноого болор эле.» Бирөө сага карап сүйлөсө ал сөзүн бүтүрө электе жооп берүүнү баштаба. Акылдуу киши суроону көңүл коюп угат, суроо коюлуп бүткөндөн кийин ойлонуп кийин жооп берет. Даанышман инсандардын «Алгач ойлонуп, кийин сүйлө» деген сөздөрү белгилүү. Зарыл болмоюн сүйлөбөгөн жөн. Сүйлөгөндө күлбөө керек. Жыйында бирөө сүйлөп жатканда сөзүн бөлүп арага кирбөө керек. Бирөөнүн айтып жаткан нерсесин билип турсаң да билгениңди белгилүү кылбай ал адамга сөзүн бүтүрүүгө мүмкүндүк берүү керек. Алдыңдагы адамдардын сөзү сени кызыктырбай турган болсо же ал адамдар сенин аралашууңду каалабай турган болсо анда аралашпаган жөндүү. Сенден жашырып сүйлөп жаткан болсо аларга кулак түрбөгөн туура болот. Жабык мааниде сүйлөбөө керек. Үндү катуу да эмес, акырын да эмес, орто добуш тону менен сүйлөгөн туура. Түшүнүлүүсү кыйын болгон сөздөрдү мисалдар менен сүйлөө керек жана пайдасы жок жерлерде сөздү созуунун кереги жок. Кыска жана нуска түшүндүрүү жолун тандоо керек. Көпчүлүк маанисин билбеген жана түшүнүлүүсү оңой болбогон сөздөрдү колдонбоо керек. Адамгерчиликти кетире турчу, кишини төмөндөтө турчу, душмандык туудура турчу сөздөрдөн жана мүнөздөрдөн качуу керек. Тамашада өтө дыкат болуу керек. Тамаша сөз тамактагы туз сыяктуу. Азы дагы, көбү дагы жакшы эмес. Ар адам менен акылына, түшүнүшүнө ылайык сүйлөшүү керек. Пайгамбарыбыз мындай деген: «Биз, пайгамбарлар адамдарга түшүнө ала тургудай даражада сүйлөө буйругун алганбыз.» Унчукпаган адам качан болсо пайдасын көрөт. Аалым сүйлөп жатканда үнсүз отурган адам илим үйрөнөт. Сөз өтө маанилүү. Бир сөз менен адам мусулман болот. Сүйлөгөндө сөгүнүү, сөгүү сыяктуу адепке кайчы болгон сөздөрдөн узак болуу керек. Мындай жаман сөз айтуу уятсыздык белгиси болуп саналат.

Комментарий жиберүү