Тарыхка чоң из калтырган Мухаммед аттуу 5 улуу инсан

Мухаммед деген ысымды укканда алгач эле оюңузга ким келет? Албетте, көпчүлүгү сүйүктүү пайгамбарыбыз Мухаммедди ﷺ эстешет, андан кийин белгилүү боксчу, өз доорунун легендасы Мухаммед Али эске түшөт. Бирок ушул асыл ысымга ээ дагы башка инсандарды билебизби? Сиздерге Мухаммед деген ысымды алып жүргөн 5 улуу адамдын кыскача өмүр таржымалын сунуштайбыз.

1) Мухаммед ибн Муса Аль-Хорезми

Алардын алгачкылары – алгебранын атасы катары таанымал Мухаммед ибн Муса Аль-Хорезми. Бул инсан 780-850- жылдары жашап өткөн.

Мухаммед ибн Муса Аль-Хорезми улуу ислам аалымы болгон. Алгебраны биринчи болуп илим катары сунуш кылган, сызыктуу жана квадраттык теңдемелерди чыгаруу ыкмаларын жана бул теңдемелердин классификациясын иштеп чыккан.

Тарыхчылар анын илимий ишмердүүлүгүн жогору баалашат. Белгилүү тарыхчы Дж. Сартон аны : “Өз мезгилинин улуу математиги гана эмес, бардык мезгилдердин эң улуу инсандарынын бири” – деп баалаган. Аль-Хорезми синус функцияларын камтыган деталдуу тригонометриялык таблицаларды иштеп чыккан. Аль-Хорезминин чыгармалары арабчадан латынчага, андан кийин Европанын башка тилдерине которулган. Алардын негизинде математика боюнча ар кандай окуу китептери түзүлгөн. Аль-Хорезминин эмгектери орто кылымда Чыгыш жана Батыш өлкөлөрүнүн илимий жактан өнүгүшүнө жемиштүү таасирин тийгизген.

Аны алгебранын атасы деп аташат.

Мухаммед ибн Муса Аль-Хорезми географияга жана астрономияга да эбегейсиз салым кошкон!

%article_title%

2) Мухаммед ибн Закария Ар-Рази

Педиатрия жана офтальмологиянын атасы катары белгилүү болгон Мухаммед ибн Закария Ар-Рази 856-925- жылдары жашаган.

Мухаммед ибн Закария Ар-Рази энциклопедист, дарыгер, алхимик жана философ болгон. Ал тарыхта биринчилерден болуп пациенттин өздүк ден- соолук картасын киргизген. Таңуу үчүн пахтаны алгачкылардан болуп колдонгон. Бир катар медициналык шаймандарды, анын ичинде жараларды тигүү үчүн жаныбарлардын ичегисинен даярдалган жиптерди ойлоп тапкан. Ар-Рази, бир дарыгер бардык ооруларды айыктыра албастыгын, адистештирүүнүн зарылдыгын айтып, бул нерсени өзү жетектеген клиникаларда ийгиликтүү практикалаган.

Ошондой эле, ооруканаларды куруу жана алар үчүн орун бөлүштүрүү боюнча көрсөтмөлөрдү түзгөн. Ар-Рази кедей-кембагалдарга медициналык жардам көрсөтүп, өз алдынча жардам көрсөтүү боюнча колдонмолорду да иштеп чыккан. Ар-Рази чечек жана кызамык ооруларын изилдеп, чечек эмдөөсүн – вариляция деп атаган. Адамдардагы аллергиянын себептерин аныктаган биринчи аллерголог болгон. Ар-Рази көздүн катарактасын биринчи болуп алып салган, адамдын көрүү механизмин изилдеп чыккан.

Ар-Разинин медицина боюнча негизги эмгектери “Аль-Хави” (“Медицина боюнча толук китеп”) китеби жана 10 томдук “Мансурга арналган медициналык китеп” – араб тилиндеги медициналык энциклопедиясы болгон. Латын тилине которулгандан бери бир нече кылымдар бою дарыгерлер үчүн колдонмо катары пайдаланылып келе жатат.

%article_title%

3) Абу Наср Мухаммед ибн Мухаммед Фараби (Аль-Фараби)

Экинчи мугалим деген ат менен белгилүү Абу Наср Мухаммед ибн Мухаммед Фараби 872-950- жылдары жашаган.

Аль-Фараби – улуу философ, математик, музыка теоретиги, Аристотелдин жана Платондун чыгармалары боюнча комментарийлердин автору. Ушундан улам аны “Экинчи мугалим” деп аташат.

Аль-Фараби Аристотелдин эмгектерин кылдат изилдөө менен алектенген. Анын “Жан дүйнө жөнүндө” деген чыгармасын ал 200 жолу кайталап окуган. Ал тургай андан: “Кимдин билими көбүрөөк? Сиздинби, же Аристотелдинби?”- деп сурашканда, ал: “Эгерде мен ошол учурда жашап, окусам, Аристотелдин эң мыкты окуучусу болмокмун”,- деп жооп берген.

Аль-Фараби өтө билимдүү, ой жүгүртүүнүн укмуштуу күчүнө ээ болгон. Анын бул сапаттары Араб Халифатындагы көрүнүктүү окумуштуулардын арасында эң авторитеттүү болуусуна өбөлгө түзгөн.

Аль-Фарабинин көп кырдуу изилдөөлөрүнүн натыйжасында “Илимдердин классификациясы жөнүндө трактат” деген эмгеги чыккан. Ошол мезгилде өнүккөн илимдерди өз тартиби боюнча жайгаштырып, алардын ар биринин изилдей турган багыттарын, предметтерин да аныктап берген. Мындай трактат илимий ишмердүүлүк менен алектенгендер үчүн алмаштыргыс курал болгон. Мындай нерсени Аль-Фарабиге чейин эч ким жазган эмес.

Ойчул философия боюнча көптөгөн эмгектерди түзүп, кийинки урпактарга:

• зат, түш, акылдын мааниси жөнүндө сөздөрдү;

• жаштардын аң- сезими, мыйзамдар, ааламдын кыймылынын туруктуулугу, философияны изилдөө жана мааниси жөнүндө китептерди;

• адептүү шаар жашоочуларынын көз караштары жана рухтун маңызы жөнүндө трактаттарды калтырган.

Коом жашоосун көп изилдеген философ астрономияга, математикага, филологияга жана табигый илимдерге жакын болгон. Астроном, математик Птолемей менен Евклиддин чыгармалары жөнүндө ой-пикирин айткан.

Музыка таанууга Аль-Фарабинин кошкон салымы чоң деп эсептелет. Ушул багытта ал “Музыка боюнча чоң китепти” түзүп, анда чыгыш жана байыркы грек музыкасы жөнүндө маалыматтарды системалаштырган. Бул эмгегинде музыкага кеңири аныктама берип, аны категорияга салган. Ошондой эле, музыкалык чыгармалардын курамдык элементтерин аныктаган. Анын музыка таанууга байланыштуу “Ритмдердин классификациясы жөнүндө китеп” жана “Музыка жөнүндө сөз” аттуу чыгармалары бар.

%article_title%

4) Мухаммед ибн Баттута

Бардык мезгилдердин улуу саякатчысы катары белгилүү болгон Мухаммед ибн Баттута 1304-1369- жылдары жашаган.

Белгилүү саякатчы жана илимпоз Мухаммед ибн Баттута өз саякаттары жөнүндө Рихла (түзмө-түз саякаттоо) китебинде баяндалган. Ибн Баттута 30 жыл ичинде бардык ислам жана көптөгөн мусулман эмес өлкөлөргө саякат жасаган. Ал Түндүк Африка, Батыш Африка, Жакынкы Чыгыш, Түштүк Азия, Борбордук Азия, Түштүк-Чыгыш Азия жана Кытайды кыдырып келген.

%article_title%

5) Мухаммед Мустафа Эл-Барадей

Мухаммед Эл-Барадей 12 жыл бою, 1997-2009-жылдар аралыгында, атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиктин (МАГАТЭ) директору болгон. Ал өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдөн чыккан биринчи өкүл болгон.

2005-жылы декабрда Эл-Барадей жана ал жетектеген агенттикке Нобель сыйлыгы ыйгарылган. Ал ядерлик куралдардын жайылышына жол бербөө жана атомдук энергетика жаатындагы коопсуздукту камсыз кылуудагы иштери үчүн сыйлыкка татыктуу болгон. Эль-Барадей бул сыйлыктан түшкөн акчаны Египеттеги балдар үйлөрүнүн курулушуна жумшаган. МАГАТЭнин акчасынын бир бөлүгү өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн окумуштууларын окутууга жумшалган. Аларга рак жана ачкачылык менен күрөшүүдө ядерлик ыкмаларды колдонууга үйрөтүшкөн.

%article_title%

А сиз Мухаммед деген дагы кандай белгилүү инсандарды билесиз?

Колдонулган булактар:

islam-today.ru

http://stories-of-success.ru/al-farabi

RIA News

Комментарий жиберүү