Хазрети Алинин даражасы

Бир күнү Сахабалар Хазрети Алинин мартабасын билүү үчүн Пайгамбарыбыздан мындай деп сурашты:

– Йа, Расулаллах! Хазрети Алини ушунчалык жакшы көрүүңүздүн себебин айтасызбы?

Пайгамбарыбыз:

– Андай болсо Алини чакыргыла! – деди.

Бирөө Хазрети Алини чакырууга кетти. Калгандарынан Пайгамбарыбыз мындай деп сурады:

– Бир адамга жакшылык кылсаңар, ал эми ал адам силерге жамандык кылса силер эмне кыласыңар?

– Жакшылык менен жооп беребиз.

– Кайра жамандык кылса дагы жакшылык кыласыңарбы?

– Ооба, жакшылык кылабыз.

– Силерге үчүнчү жолу жамандык кылса эмне кыласыңар?

Үчүнчү жолу сураганында эч ким жооп берген жок. Үнсүз баштарын төмөн каратышты. Хазрети Али келгенде Пайгамбарыбыз андан да дал ушул суроолорду сурады:

– Эй, Али! Бир адамга жакшылык кылсаң, ал сага жамандык кылса эмне кыласың?

– Жакшылык кылам.

Пайгамбарыбыз жети жолу сураганда да ушул жоопту алды.

– Баары бир жакшылык кыламын, йа, Расулуллах! Убара болбоңуз, канча сурасаңыз да берер жообум ушул.

Сахабалар бул жоопту укканда таң калып, Пайгамбарыбызга мындай дешти:

– Йа, Расулаллах! Хазрети Алини эмне үчүн мынчалык жакшы көрүүңүздүн себебин билдик. Биз да аны өтө жакшы көрөбүз…

Комментарий жиберүү