Орусия Харьков шаарына ракеталык сокку урду

Орусия Харьков шаарына ракеталык сокку урду

Орус күчтөрүнүн кечээ кечинде өлкөнүн чыгышындагы Харьковго ракеталык кол салуусунда шаардын кире беришиндеги көзөмөл-өткөрүү пункту жана ага жакын жарандык инфраструктуралар талкаланды. Орус күчтөрү Украинанын Харьков шаарына эки жолу ракеталык чабуул жасап, эки киши каза болду. Орус күчтөрүнүн кечээ кечинде өлкөнүн чыгышындагы Харьковго ракеталык кол салуусунда шаардын кире беришиндеги көзөмөл-өткөрүү пункту жана ага жакын жарандык инфраструктуралар талкаланды. Украинанын өзгөчө кырдаалдар мамлекеттик кызматынын башкы башкармалыгынын Харьков бөлүмүнөн берилген жазуу түрүндөгү маалыматта жергиликтүү убакыт боюнча саат 23:00 чамасында…

Прочитайте больше

Кыргызстан менен Түркиянын коргоо министрлери жолукту

Кыргызстан менен Түркиянын коргоо министрлери жолукту

Бул тууралуу 8-июнда Түркиянын Коргоо министрлиги Твиттерге жазды. Анда министр Хулуси Акар “Эфес 2022” аскердик машыгуулардын алкагында Кыргызстандын коргоо министри Бактыбек Бекболотов менен Измир шаарында жолукканы кабарланды. Жолугушууда эки тараптуу жана аймактык коргонуу,коопсуздук маселелери, өзгөчө аскердик машыгуу жана коргонуу өнөр жайы боюнча пикир алмашуу болгону айтылат. Түркиянын эң чоң “Эфес-2022” аскердик машыгуу иш-чарасына быйыл 37 өлкөнүн аскерлери катышууда. Измир шаарында өтүп жаткан машыгуунун биринчи этабы 9-майда башталган. Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган 9-июнда машыгууларга катышары…

Прочитайте больше

Испанияда өрттөн улам 3 миңден көп киши эвакуацияланды

Испанияда өрттөн улам 3 миңден көп киши эвакуацияланды

Испаниянын түштүгүндөгү токойлорду өрт каптады. 9-июндагы маалыматка караганда, кооптуу аймактардан 3 миңден көп киши эвакуацияланды. Тилсиз жоо менен күрөшкө 500дөн көп өрт өчүрүүчү, авиация тартылды. Жабыркагандар тууралуу маалымдалган жок. Ал аймактагы катуу шамал өрттү чектөөгө тоскоол болууда. Өрт Андалусиядагы Пухерра тоолорунда тутанган. Бийлик элди көчүрүү ишин шаршембинин кечинде баштады. Жараат алган 3 өрт өчүүрүчү ооруканага жеткирилгени кабарланды. Синоптиктер Испаниянын ал бөлүгүндө алдыңкы күндөрдө ысык болорун, абанын температурасы 30 градустан ашарын болжолдошот.

Прочитайте больше

Жапаров: «Мамлекеттин мүлкүн талап-тоноого жол бербөөгө күчүм да, духум да жетет»

Жапаров: «Мамлекеттин мүлкүн талап-тоноого жол бербөөгө күчүм да, духум да жетет»

“Кландык башкарууга, мамлекеттин мүлкүн талап-тоноого жол бербейм. Ага күчүм да, духум да жетет”. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Би-Би-Сиге берген маегинде билдирди. Анда өлкө башчысы коомчулуктун учурдагы актуалдуу суроолоруна, анын ичинде Алмазбек Атамбаевдин соттук иши, анын үйүн карыларга берүү чечими жана тарапташтарынын кайрылуусу боюнча бир катар суроолорго жооп берди. “Өлкө боюнча карылар үйү дагы, майыптар үйү дагы жетишсиз. Ошондуктан ушундай чечим кабыл алынды. Атамбаевдин Кой-Таштагы үйү эмне үчүн карыларга берилгенинин себеби, карыларыбыз калган өмүрүн ошол жерде таза…

Прочитайте больше

Украина армиясы күн сайын канча жоокерин жоготууда?

Украина армиясы күн сайын канча жоокерин жоготууда?

Украинанын куралдуу күчтөрү (УКК) күн сайын канча жоокери каза болуп жана жаракат алып жаткандыгы боюнча маалыматты ачыкка чыгарды. Бул тууралуу  РИА Новости жазды. Өлкөнүн коргоо министри Алексей Резниковдун айтуусунда, күн сайын УККнын 100 жоокери каза болуп, 500ү жарадар болууда. Ошондой эле министр кырдаал оор экендигин белгиледи. Мындан мурда УККнын Донбасстагы абалы катастрофалык экендигин америкалык чалгын кызматы да моюнга алган: украиналык армия чоң жоготууга учуроодо, жоокерлер көпчүлүк учурда позициясын таштап же туткунга түшүп берип жатышат. АКШ россиялык армиянын…

Прочитайте больше