«Тайфун».Түркияда 1000 чакырымга учкан баллистикалык ракета жасалууда

«Тайфун».Түркияда 1000 чакырымга учкан баллистикалык ракета жасалууда

  Түркияда жасалган “Тайфун” деп аталган баллистикалык ракетанын учуу аралыгы 1000 чакырымга чейин жеткирилет. Бул тууралуу Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган билдирди. Эске салсак, Түркия октябрь айында Кара деңиздин үстүндө ата мекендик өндүрүштөгү кыска аралыкка учуучу баллистикалык ракетасын сынаган. Ал 561 чакырым учуп, Синоп портунун жээгинен кулап түшкөн. Ракета түркиялык Roketsan компаниясы тарабынан жасалган. Эрдоган анда ракетанын ыраактыгы көбөйтүлөрүн билдирген. Россиянын илимдер академиясынын Дүйнөлүк экономика жана эл аралык мамилелер институтунун улук илимий кызматкери Виктор Надеин-Раевски Эрдогандын баллистикалык ракета тууралуу билдирүүсү өлкө…

Прочитайте больше

Жапаров Катарда Эрдоган менен жолукту

Жапаров Катарда Эрдоган менен жолукту

 Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаров 18-декабрда футбол боюнча Дүйнө чемпионаты — 2022 алкагында Доха шаарында (Катар Мамлекети) Түркиянын Президенти Режеп Тайип Эрдоган менен жолугушту.  Өлкө лидерлери саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөдөгү эки жана көп тараптуу кыргыз-түрк өз ара аракеттенүүсүнүн актуалдуу маселелери жөнүндө сүйлөшүштү.  Садыр Жапаров менен Режеп Тайип Эрдоган жогорку саясий деңгээлде активдүү диалогду улантууну шартташты. Белгилей кетүүчү жагдай, Садыр Жапаров Катардын  эмири шейх Тамим бин Хамад Аль Танинин жеке чакыруусу менен Катарга иш сапары менен  барган.

Прочитайте больше

Мессинин рекорддору, Мбаппенин хет-триги, Роналдунун көз жашы. Футбол чемпионатынын жыйынтыктары

Мессинин рекорддору, Мбаппенин хет-триги, Роналдунун көз жашы. Футбол чемпионатынын жыйынтыктары

 Ошентип бүйүр кызыткан Катардагы дүйнөлүк футбол чемпионаты аяктады. Бул мундиаль эмнеси менен эсте калды? Маанилүү фактыларды келтиребиз. Дүйнө чемпионаты биринчи жолу кышта өттү 20-ноябрдан 18-декабрга чейин созулган футбол боюнча дүйнө чемпионаты биринчи жолу күз-кыш мезгилинде өткөрүлдү. Адатта турнир жай мезгилдерине өтчү. Катар мамлекетинде аба ырайы бул убактарда өтө ысык болгондуктан, ушундай чечим кабыл алынган. Тактап айтканда, жайында Катарда абанын орточо температурасы +40 градус болсо, ноябрь-декабрь айларында +24 градустан +30 градуска чейин ысыйт. Бул мамлекет турнирди өткөрүү…

Прочитайте больше

Сионисттик режим 1200 палестиналыктын ичүүчү суусун өчүрдү

Сионисттик режим 1200 палестиналыктын ичүүчү суусун өчүрдү

Палестиналык булактар ​​бейшемби күнү эртең менен сионисттик режим Иордан дарыясынын батыш жээгиндеги бир аймакта 1200 палестиналыктын ичүүчү суусун өчүргөнүн кабарлашты. Аль-Алам – оккупацияланган Палестина Палестина Аль-Юм гезитинин кабарына караганда, сионисттик режим Жерихондун түндүгүндөгү Набаа аль-Авжа аймагынын тургундары үчүн суу берүүчү жалгыз линияны жаап салды.  Жергиликтүү маалымат булактары баскынчы күчтөр бул аймакка басып кирип, 1200гө жакын жаранды ичүүчү суу менен камсыз кылган жападан жалгыз суу түтүгүн темир төшөлмөлөрдү ширетүү жана таш менен толтуруу менен жаап салганын,…

Прочитайте больше

Евробиримдик Россияга каршы санкциялардын тогузунчу пакетин макулдашты

Евробиримдик Россияга каршы санкциялардын тогузунчу пакетин макулдашты

 Евробиримдик Россияга каршы санкциялардын 9-пакети боюнча макулдашышты. Бул тууралуу РИА Новости Франс Пресске шилтеме берип жазды. Санкциялар боюнча компромисстик келишим 15-декабрда Евробиримдиктин лидерлеринин Брюсселдеги саммитинин алкагында жетишилген жана бүгүн, 16-декабрда расмий түрдө тастыкталат. Еврокеңештин башчысы Шарль Мишель Россияга каршы санкциялардын жаңы пакети боюнча макулдашууну ырастады. Польшанын премьер-министри Матеуш Моравецкий Евробиримдиктин жеке санкциялары 200гө жакын россиялыкты камтыганын, кош максатта колдонулуучу товарларга да чектөөлөр киргизилерин билдирди. Евробиримдик Украинадагы атайын аскердк операциялардан улам Россияга каршы санкциялык басымды күчөттү жана буга чейин сегиз санкция пакетин киргизген,…

Прочитайте больше

Деңизге ачык жол. БАЭ Кыргызстанга 30гектардан ашык жер бөлүп берди

Деңизге ачык жол. БАЭ Кыргызстанга 30гектардан ашык жер бөлүп берди

 Кыргызстанга деңизге чыгууну камсыздоо үчүн Абу-Даби (БАЭ) эркин экономикалык аймагынан 30 гектардан ашык жер бөлүп берди. Бул тууралуу Каржы министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка караганда, эркин экономикалык зона Халиф портунун аймагында жайгашкан. Келишимге кол коюу аземине КР Финансы министринин орун басары Руслан Татиков катышты. “Эмираттык компания Абу-Дабинин эркин экономикалык аймагында логистикалык борборду жана бажы тармагын өнүктүрүү максатында Халифа Порто Абу-Даби портунан 30 гектардан ашык жерди Кыргыз Республикасына бөлүп берүү келишимине кол коюлду”, – деп айтылат…

Прочитайте больше

Россия менен Иран космос жаатында кызматташат

Россия менен Иран космос жаатында кызматташат

 Иран Россия менен космос тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча меморандумга кол койду, эми тараптар спутниктерди куруу боюнча биргелешкен долбоорлордун үстүндө иштешет. Бул тууралуу Ирандын космостук агенттигинин жетекчиси Хасан Саларийе билдирди. “Иран менен Россиянын келечектеги кызматташуусунун алкактары акыры аныкталып, бүгүн эки өлкөнүн ортосунда кол коюлду, тараптар ар түрдүү тармактарда эң жакшы өз ара түшүнүшүүгө жетишишти”, – деп билдирди Саларийе. Кол коюу аземине Ирандын космостук агенттигинин жетекчиси Хасан Саларийе жана Россинын «Роскосмос» мамлекеттик корпорациясынын башкы директору Юрий Борисов катышты.  Эске салсак, 13-декабрда Ирандын Киш аралында “Iran Air Show 2022” Эл…

Прочитайте больше

Берлинде ири аквариум жарылып, 1500дөй балык өлдү. Видео

Берлинде ири аквариум жарылып, 1500дөй балык өлдү. Видео

 Берлинде Александрплац аянтына жакын жерде жайгашкан “Dom Aquaree” мейманканасынын фойесин кооздоп турган, бийиктиги 16 метр, диаметри 11,5 метрди түзгөн аквариум жарылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар Bild гезитине шилтеме берип жазышты. Басылманын маалыматына караганда, аквариумдан миллион литр суу төгүлүп, айрым терезе-эшиктерди талкалап, жер төлөлөрдү каптап, көчөгө чейин агып чыккан. Ал эми анда жашаган кымбат баалуу жүздөн ашык түрдөгү 1,5 миңдей балык өлүп, эки адам жарадар болуп, ооруканага жеткирилген. Полиция аквариумдагы суу Карл-Либкнехт-Штрассе көчөсүндө селдей болуп акканын билдирди. Окуя болгон жерде…

Прочитайте больше

БУУ: Дүйнө калкынын 99%ы зыяндуу бөлүкчөлөр бар аба менен дем алышат

БУУ: Дүйнө калкынын 99%ы зыяндуу бөлүкчөлөр бар аба менен дем алышат

 Дүйнө калкынын 99%ы булгануу деңгээли Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун стандарттарынан ашкан жана адамдын ден соолугуна коркунуч туудурган аба менен дем алышат. Бул тууралуу БУУнун абанын булганыны жана анын кесепеттери тууралуу докладында айтылат. Маалыматка караганда, учурда дүйнө жүзү боюнча 117 өлкөнүн 6000ден ашык шаарында абанын сапатына мониторинг жүргүзүлүп келет. Абадагы көптөгөн булгоочу заттар төмөн деңгээлде болсо да ден соолукка олуттуу зыян келтирилет. Катуу бөлүкчөлөр өпкөгө терең кирип, кан айлануу системасына, жүрөк-кан тамыр жана дем алуу системаларына таасир…

Прочитайте больше

Анжелина Жоли БУУда 21 жыл ээлеген кызматынан кетти

Анжелина Жоли БУУда 21 жыл ээлеген кызматынан кетти

Бул тууралуу уюмдун Качкындар боюнча жогорку комиссарлыгынын сайтында маалымдалды. “Бүткүл дүйнө жүзү боюнча аргасыз жер которгон адамдардын укуктарын жана корголушун жактаган БУУнун Качкындар боюнча агенттиги менен 20 жылдан ашык кызмат өтөгөн Анджелина Жоли БУУнун Качкындар боюнча комиссарлыгынын атайын өкүлү катары кызматтан кетип, гуманитардык жана адам укуктары боюнча кеңири чөйрөгө өтүп жатат”, – деп айтылат документте. Уюмдун маалыматында атактуу актриса мындан ары дагы тең укуктуу, адилеттүү жана инклюзивдүү эл аралык системаны түзүүгө салым кошууга ниеттенип жатканы…

Прочитайте больше

Түркияда Моссаддын ири чалгын тармагынын аныкталышы

Түркияда Моссаддын ири чалгын тармагынын аныкталышы

Түркиянын коопсуздук аппараты бул өлкөдө сионисттик режим үчүн тыңчылык кылган деп шектелген 44 адамдан турган тармак табылганын жарыялады. Аль-Алам – Турция Түрк маалымат каражаттары Израилдин “Моссад” чалгын агенттигине өлкөдө жашаган палестиналыктар тууралуу маалымат берген деп айыпталган 44 кишинин кармалганын кабарлады. Камакка алынгандар палестиналыктардын жашоочулары жана алар менен байланышы бар бейөкмөт уюмдар тууралуу маалыматты көзөмөлдөп, Израилдин тыңчылык агенттигине маалымат берген деп айыпталууда. Шектүүлөрдүн жетөө Стамбулдун коопсуздук башкармалыгы тарабынан кармалып, абакка жөнөтүлгөндөн кийин сотко сунушталып, 13 качкан…

Прочитайте больше

Нетаньяху акыры Диний иудаизм партиясынын талаптарына моюн сунду

Нетаньяху акыры Диний иудаизм партиясынын талаптарына моюн сунду

Сионисттик режимдин жаңы кабинетин түзүү милдети жүктөлгөн Ликуд партиясынын лидери Беньямин Нетаньяху акыры диний иудаизм партиясынын талаптарына багынып берди. Аль-Алам – оккупацияланган Палестина: Палестинанын маалымат борбору сионисттик телеканал 12ге таянып, эки тараптын макулдашуусуна ылайык, Нетаньяху Харедилер үчүн эксклюзивдүү пляждардын аянтын көбөйтүп, аялдарды эркектерден бөлүп, ишемби күндөрү электр энергиясын өндүрүүнү токтотуп, Талмуд мектептери светтик мектептерге макул болушкан. Сионисттик режимдин 12 телеканалынын кабарчысы Амит Сигел тараптар жүздөгөн беренелер боюнча макулдашууга жетишкенин жана бул анын бир бөлүгү экенин…

Прочитайте больше

Россияга каршы санкциялар европалыктардын өздөрүнө зыян алып келет

Россияга каршы санкциялар европалыктардын өздөрүнө зыян алып келет

 Европада Россияга каршы санкциялардын фонунда нааразылык күчөйт. Мындай пикирин Австриянын мурдагы вице-канцлери, Эркин партиясынын (FPÖ) оңчулдарынын мурдагы лидери Хайнц-Кристиан Штрахе РИА Новостиге берген маегинде билдирди. “Көчөлөрдө демонстрациялар, нааразылык акциялары дагы күчөйт. Эл жумушсуз, суукта тоңуп, жакырчылыкта жашагысы келбейт. Алар тынчтык демилгелеринин ордуна курал-жарак жеткирилип жатканын көрүүдө. Мунун баары европалыктар үчүн барган сайын айкын болуп бараткан карама-каршылык”, – деди Штрахе. Ошондой эле, ал Евробиримдиктин Россияга каршы санкциялары “европалыктардын өздөрүнө зыян келтирерин” жана ЕБ мамлекеттеринин жарандарынын басымдуу бөлүгү аны…

Прочитайте больше

Кыргызстан Россиядан жаңы МИ-8МТВ тик учагын алат

Кыргызстан Россиядан жаңы МИ-8МТВ тик учагын алат

2023-жылы Кыргызстанга Россиядан жаңы МИ-8 МТВ тик учагы келет. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров “Кабар” маалымат агенттигине берген маегинде билдирди. “Аскердик тик учактарыбыздын баарын оңдодук. Кудай буюрса, Россиядан 2023-жылы дагы бир жаңы МИ-8 МТВ тик учагы жардам катары келет. Ушинтип, колдон келишинче эскисин жаңылап, жаңысын сатып алып жатабыз”, – деди өлкө башчы. Жапаров ошондой эле ӨКМге жаңы сатып алынган тик учак боюнча комментарий берди. “Тик учак өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу үчүн эле эмес, мамлекетибизге кандай…

Прочитайте больше

Иран элчиси: «Ирандын БУУнун Аялдардын абалы боюнча комиссиясынан чыгарылышы укук үчүн күрөш эмес, ал жөн гана медиа-согуш»

Иран элчиси: «Ирандын БУУнун Аялдардын абалы боюнча комиссиясынан чыгарылышы укук үчүн күрөш эмес, ал жөн гана медиа-согуш»

Бүгүн, 15-декабрда Иран 2026-жылга чейин БУУнун Аялдардын абалы боюнча комиссиясынын курамынан чыгарылды. Мындай демилгени АКШ акыркы айларда Иранда уланып жаткан нааразылык акциялары маалында аялдардын укуктары бузулганын жүйө кылып көтөрүп чыккан. Добуш берүүдө 29 өлкө “макул” деп добуш берсе, сегизи каршы, 16 өлкө калыс болду. Эске салсак, Ирандагы толкундоолор 22 жаштагы Махса Амини каза болгондон кийин сентябрдын орто ченинде башталган. Ирандын Кыргызстандагы элчиси Саид Харрази биздин редакцияга бул маселе боюнча позициясын билдирип, муну аялдардын укугу үчүн күрөш эмес…

Прочитайте больше
1 2 3 4 5