АКШнын президенти армяндар геноцидин тааныды, Түркия менен Азербайжан буга кандай жооп берди?

АКШнын президенти армяндар геноцидин тааныды, Түркия менен Азербайжан буга кандай жооп берди?

АКШ президенти Жо Байден 1915-жылы Осмон империясындагы армяндардын массалык кыргын жана депортация болушун геноцид деп тааныды. Бул тууралуу Би Би Си билдирди.  “Америка эли 106 жыл мурун башталган геноцидде курман болгон бардык армяндарды урматтап эскерет”,- деди Байден. Ал эми Армениянын премьер-министри Никол Пашинян Байденге жолдогон катында “бүткүл дүйнөдөгү армяндар геноциддин таанылышын чоң шыктануу менен кабыл алышты. Бүгүнкү күндө АКШ бийлиги адам укуктарын жана гуманитардык баалуулуктарды коргоого болгон умтулуусун биротоло тастыктады”,- деп билдирген. Ошондой эле Армениянын Тышкы иштер министрлиги АКШ…

Прочитайте больше

Байден Эрдоганга жакын арада армян геноцидин тааныйт урганын эскертти

Байден Эрдоганга жакын арада армян геноцидин тааныйт урганын эскертти

АКШнын президенти Жо Байден Вашингтон жакынкы мезгилде Осмон империясындагы армян геноцидин тааный тургандыгын Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоганга билдирди. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыкты. “Байден Эрдоганга Армениядагы кыргынды геноцид деп тааный тургандыгын айтты”,- деп жазат Bloomberg. Буга чейин Ак үй Байден Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн, анда Вашингтон менен Анкаранын ортосундагы мамилелерди чыңдоо жөнүндө сөз болгонун билдирген. Шаршемби күнү “The Wall Street Journal” АКШнын аты аталбаган расмий өкүлдөрүнө шилтеме берип, Байден Осман империясындагы армян геноцидин расмий…

Прочитайте больше

Кыргызстандын ТИМнин орун басары жана Ирандын элчиси эки тараптуу кызматташтыктын кеңири чөйрөсүн талкуулашты

Кыргызстандын ТИМнин орун басары жана Ирандын элчиси эки тараптуу кызматташтыктын кеңири чөйрөсүн талкуулашты

Бишкек, 23-апрель. – Eurasia Today. Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Айбек Артыкбаев Иран Ислам Республикасынын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Саид Харазини кабыл алды. Бул тууралуу өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-иран кызматташтыгынын кеңири чөйрөсүн талкуулашты. Белгилей кетсек, пандемия мезгилинде транзиттик жана транспорттук байланыштарды калыбына келтирүү жана жакынкы келечекте эки мамлекеттин борборлорунун ортосунда түз аба каттамдарын калыбына келтирүү маселелери ортого салынды.  Ошондой эле, эки тараптуу мамилелер тутумундагы биргелешкен кыргыз-иран өкмөттөр аралык комиссиясынын ишмердүүлүгүнүн…

Прочитайте больше

Казакстан эмнеге өзөктүк державага айланбай калды?

Казакстан эмнеге өзөктүк державага айланбай калды?

Бишкек, 23-апрель, – Eurasia Today. Эгерде Казакстан өзөктүк куралын өнүктүрсө, мусулмандардын алдыңкы мамлекетине айланып, Борбордук Азиянын тарыхы башкача жол менен кетмек. Ильдар Мухаметжанов Казакстандын СССР убагындагы өзөктүк куралдары тууралуу ой-пикирин билдирди.Советтер Союзу кулаган учурда, Казакстанда 1216 ядролук дүрмөттөр болгон, алар ири ядролук ракетанын “калканы” жана “кылычтын” курамына кирген. Эгерде СССРге империалисттер кол салган учурда бул куралдар колдонулмак. Бирок, Беловежская келишимдерине кол коюлгандан кийин, маселе андай болбой калган. Кийинчерээк, СССР аймагында жайгашкан, советтик куралды өз карамагына алган жаңы…

Прочитайте больше

Сирияда президенттик шайлоо өтөт

Сирияда президенттик шайлоо өтөт

Сирияда президенттик шайлоо 26-майда өтөт. Eurasia Today агенттигинин маалыматына ылайык, 26-майда өтө турган Сирия президенттигине талапкерлерди көрсөтүү 19-апрелде башталмакчы. Тийиштүү чечим Араб Республикасынын Элдик Кеңеши (Парламент) тарабынан кабыл алынды. Берилген маалыматтарга караштуу, Сириядагы жарандар үчүн президенттик шайлоо 26-май, шаршемби күнү өтсө, Сириянын чегинен тышкары жүргөн сириялык жарандар үчүн шайлоо дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн аймагында 20-майда өтөт. Ал эми талапкерлерди каттоо дүйшөмбү күнү, 19-апрелде башталат жана он күнгө созулат – деп айтылат парламенттин отурумунда жарыяланган чечимде. Эске салсак, буга…

Прочитайте больше

Иран уранды 60% байыта баштады

Иран уранды 60% байыта баштады

Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттик – МАГАТЭ Иран Натанз шаарындагы өзөктүк объектте  уранды 60%га чейин байыта баштагандыгын тастыктады. Бул тууралуу “Eurasia Today” агенттиги МАГАТЭнин билдирүүсүнө шилтеме берип маалымдайт. 16-апрелде Ирандын вице-президенти, атом энергиясы боюнча уюмунун жетекчиси Али Акбар Салехи өлкө бийлиги уран тазалоону 60% га чыгарганын, 9 грамм уран байытыла баштаганын билдирген. Иран уранды 60%га чейин байытуу ниетин 11-апрелде Натанздагы өзөктүк объекттеги авариядан кийин жарыялаган. Уран байытуучу заводундагы авариядан улам электр бөлүштүрүүчү түйүнү иштебей калган. Тегеран бул окуяны…

Прочитайте больше

Венада Иран – Орусия – Кытай үч тараптуу жолугушуусу өттү

Венада Иран – Орусия – Кытай үч тараптуу жолугушуусу өттү

Венада Орусия, Кытай жана Ирандын делегацияларынын жетекчилери үч тараптуу жолугушуу өткөрүштү. Бул тууралуу «Parstoday» агенттигине шилтеме берүү менен “Eurasia Today” агенттиги маалымдайт.Орусия менен Кытайдын делегацияларынын төрагалары Ирандын тышкы иштер министринин орун басары, сүйлөшүү тобунун саясий жетекчиси Сейед Аббас Аракчи менен жолугушту. Венада өзөктүк келишимдин Биргелешкен Комиссиясынын жыйыны Иран жана 4+1 тобунун катышуусу менен уланууда. Ирандын Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча, АКШ өкмөтүнүн өкүлдөрү өзөктүк келишим боюнча Биргелешкен Комиссиясынын отурумуна түз же кыйыр түрдө катышышпайт жана алар менен сүйлөшүү жүргүзүлбөйт.

Прочитайте больше

Иран Натанздагы окуядан кантип өч алат?

Иран Натанздагы окуядан кантип өч алат?

Израиль: Натанздагы өзөктүк заводдогу аварияны АКШ координациялаган. 16-апрель, 2021-жыл, /Eurasia Today/. Израилдик изилдөөчү Натанз өзөктүк заводдогу авария АКШ менен толук макулдашылган шартта болгонун белгиледи. Сионисттик режимдин Рейган-Садат изилдөө фондунун изилдөөчүсү Коэн, “аль-Аалам” телеканалына берген маегинде мындай деди: “АКШ Натанз окуясы жөнүндө алдын ала билгени боюнча так маалыматтар бар.” “Кытай менен Ирандын ортосундагы 25 жылдык келишимге кол коюлуусу Америка Кошмо Штаттары үчүн чоң сокку болду, Байден өкмөтү Иранга аябай капа болуп, ал тургай ачууланып жатат, ошол себептен ушул…

Прочитайте больше

Орусия АКШнын он дипломатын өлкөдөн чыгарат

Орусия АКШнын он дипломатын өлкөдөн чыгарат

Орусия Америка Кошмо Штаттарынын жаңы санкцияларына дал өзүндөй жооп кайтарат. Бул тууралуу Орусиянын Мамлекеттик думасынын Эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасы Алексей Чепа “Интерфакс” агенттигине билдиргенин “Eurasia Today” агенттиги маалымдайт. “Албетте, биз дагы АКШнын 10 кызматкерин өлкөдөн чыгарабыз. Биздин ички иштерибизге чыныгы кийлигишүү боюнча дооматтарыбыз бар компаниялар бар, аларга каршы ушул сыяктуу чечимдер кабыл алынат. Мындай кадам эл аралык кырдаалды жакшыртпаса да биз ага барууга аргасызбыз”, – деп билдирди Алексей Чепа бейшемби күнү агенттикке берген маегинде. 15-апрелде АКШ Орусиянын…

Прочитайте больше

Өзбекстанда “Чек ара аймактарынын жакындашуусу – өнүгүүнүн кепилдиги” аттуу саммитөтөт

Өзбекстанда “Чек ара аймактарынын жакындашуусу – өнүгүүнүн кепилдиги” аттуу саммитөтөт

Ферганада Өзбекстан, Тажикстан жана Кыргызстандын чек ара кызматкерлеринин катышуусунда  жыйын өтөт. Бул тууралуу «Fars News» агенттигинин Ташкенттеги кабарчысы билдиргенин “Eurasia Today” агенттиги маалымдайт. Өзбекстандын Фергана шаарында өлкөнүн, Тажикстан жана Кыргызстан мамлекеттеринин чек ара облустарынын жогорку кызмат адамдары “Чек ара аймактарынын жакындашуусу – өнүгүүнүн кепилдиги” аттуу жыйындын алкагында жолугушат. Фергана облусунун администрациясынын басма сөз кызматы билдиргендей, 22-апрелде Кыргызстандын Баткен облусунун губернатору Суваналиев Өмүрбек Исакович жана Тажикстандын Согди облусунун губернатору Ражаб Бай Ахмадзаде баштаган расмий өкүлдөрдөн жана ишкерлерден турган делегациялар Фергана шаарына барышат….

Прочитайте больше

Эксперт: Ирандын өзөктүк объектисиндеги авария АКШ тарабынан координацияланган

Эксперт: Ирандын өзөктүк объектисиндеги авария АКШ тарабынан координацияланган

Израилдик саясий серепчи Эди Коэн Иран кемесин бутага алууну жана Натанз объектиндеги аварияны АКШ координациялаганы талашсыз деп билдирди. Бул тууралуу  “Al-Alam” каналына шилтеме берүү менен “Eurasia Today” агенттиги маалымдайт. “Иран кемесин бутага алуу жана Натанз объектисиндеги авария АКШ менен толук макулдашылып ишке ашырылгандыгына шек санабайм”, – деп билдирди Коэн. Анын айтымында, АКШ Натанз окуясын билгендиги боюнча далилдүү жана жаңы маалыматтар бар. “Кытай Иран менен келишимге кол койгону АКШга чоң сокку болду. Байдендин өкмөтү Иранга аябай капа болду, ал тургай…

Прочитайте больше

Иран уранды 60 пайызга чейинки деңгээлде байыта баштайт

Иран уранды 60 пайызга чейинки деңгээлде байыта баштайт

Ирандын тышкы иштер министринин орун басары Аббас Арагчи өзөктүк келишим боюнча биргелешкен комиссиянын жыйынында өлкөсү уранды 60 пайызга чейинки деңгээлде байыта баштарын билдирди. Бул тууралуу “EurasiaToday” агенттиги” ирандык басылмаларга шилтеме берип кабарлайт. Өзөктүк келишим боюнча 5 + 1 тобунун биргелешкен комиссиянын жыйынына катышуу үчүн Венага барган Ирандын тышкы иштер министринин орун басары Сейед Аббас Арагчи кечээ, 13-апрелде өлкөсү уранды 60 пайызга чейинки денгээлде байытууну баштаганын жар салды. Анын айтымында, Иран кечээ күнү Атомдук энергия боюнча эл аралык…

Прочитайте больше

Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн алгачкы жыйынтыктары чыкты

Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн алгачкы жыйынтыктары чыкты

11-апрелде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо ийгиликтүү өттү. 11-апрелдеги Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыктары чыгарылды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы маалымат сайтына жарыялады.Алдын ала маалыматтарга ылайык, саат 00.00гө карата 92,52% шайлоо участкаларынан же 2273 шайлоо участкаларынын 2262 шайлоо участкаларынан добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө маалыматтар алынды.Шаардык жана айылдык кеңештердин депутаттарын шайлоого жалпы 1 024 891 шайлоочу же тактап айтканда шайлоочулардын 30,89% катышкан.Шаардык кеңештерге…

Прочитайте больше

Азербайжандын Президенти И.Алиев Кыргызстанга расмий иш сапар менен келет

Азербайжандын Президенти И.Алиев Кыргызстанга расмий иш сапар менен келет

Президент Садыр Жапаров Азербайжандын Кыргызстандагы элчиси Гидаят Оруджевди кабыл алды. Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров  9-апрелде, Азербайжан Республикасынын Кыргызстандагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Гидаят Оруджевди кабыл алды. Бул тууралуу КРнын Президентинин аппаратынын маалымат кызматы билдирди. Эки өлкө ортосундагы саясий-дипломатиялык, соода-экономикалык, социалдык-гуманитардык  жана башка чөйрөлөрдө кызматташуу маселелери боюнча пикир алмашуу болду. Мамлекет башчысы Кыргызстан Азербайжан менен салттуу достук байланыштарды мындан ары өнүктүрүүгө чоң маани берерин белгиледи. Садыр Жапаров саясий диалогду жогорку деңгээлде колдоонун маанилүүлүгүнө…

Прочитайте больше

Шайлоого 31 мамлекеттин байкоочулары көз салышат

Шайлоого 31 мамлекеттин байкоочулары көз салышат

11-апрелде өтө турган шайлоого 31 чет мамлекеттен байкоочу көз салаары жана алдын ала 4990 адам добуш берээри маалым болду. Бул тууралуу “Eurasia Today” агенттиги Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) шилтеме берип билдирет. Белгилей кетсек,  31 мамлекеттин байкоочулары жергиликтүү бийлик жетекчилерин шайлоого жана 11-апрелде Кыргызстанда Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча референдумга көз салышат. “Бүгүнкү күндө 31 мамлекеттен 183 эл аралык байкоочу БШКнын аккредитациясынан өттү”,- деп белгиледи Борбордук Шайлоо Комиссиясы. Эске салсак, байкоочулар Орусия, Азербайжан, Беларуссия, Улуу Британия, Казакстан, Македония, Молдова,…

Прочитайте больше
1 27 28 29 30 31 36