Пекин: АКШнын Кытайга каршы шоу көрсөтүүсүн аяктоого кез келди

Пекин: АКШнын Кытайга каршы шоу көрсөтүүсүн аяктоого кез келди

АКШнын Кытайга каршы шоу көрсөтүүсүн токтото турган учур келди. Бул тууралуу Кытайдын ТИМнин басма сөз катчысы Хуа Чуньин билдиргенин «Fars News» агенттиги маалымдады.Хуа Чуньин Кытайдагы адам укуктарынын абалы боюнча АКШнын айыптоолоруна токтолуп, Синьцзяндагы кырдаал боюнча АКШнын дооматы Вашингтондун бул өлкөнүн ичинен туруксуздаштыруу боюнча стратегиялык планы гана болуп эсептелерин билдирди.Ал Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин пресс-конференциясында, АКШнын мурдагы жогорку кызмат адамы Лоуренс Вилкерсондун сөздөрүнө шилтеме кылып, Вашингтондун Кытайды дестабилдештирүү планы жөнүндө сөз сүйлөп, “Америка Кошмо Штаттары өзүнүн Кытайга каршы шоусун аяктаганга кез келди”,…

Прочитайте больше

Ташиев: Кыргыз-өзбек чек арасы маселеси 100% чечилди

Ташиев: Кыргыз-өзбек чек арасы маселеси 100% чечилди

Бишкектеги маалымат жыйында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев кыргыз-өзбек чек арасы 100% чечилгенин билдирди. Анын айтымында, Орто-Токой суу сактагычынын айрым жеринин эсебинен кыргыз тарапка бир катар тилкелер өттү. “Орто-Токой суу сактагычы кыргыз тарапта калды. Бирок анын үстүндөгү сууну 95% өзбектер колдонот. Анын 800 гектардай жердин 200гө жакын гектары буга чейин бизге компенцация катары берилген. Азыркы күндө 600гө жетпеген гектар жер калган. Анын эсебинен кыргыз тарапка Көк-Серек айылынын 105 гектары, Ала-Бука районундагы…

Прочитайте больше

Кытай Британиянын 13 жеке жана юридикалык мекемелерине санкция киргизди

Кытай Британиянын 13 жеке жана юридикалык мекемелерине санкция киргизди

Синьцзяндагы уйгур мусулман азчылыгы жөнүндө Британиянын “жалган билдирүүлөрү жана жалган маалыматтары” үчүн Кытай, британиялык 13 юридикалык мекеме жана жеке адамдарга каршы санкцияларды киргизди. Бул тууралуу Mehr News агенттиги Рейтерге шилтеме берип маалымдады.Белгилей кетсек, Кытайдын Тышкы иштер министрлиги 26- марттагы билдирүүсүндө, британиялык төрт мекеме жана тогуз жеке адам, анын ичинде Британиянын мыйзамчылары, Консервативдик партиянын мурдагы лидери Линн Дункан Смит жана Консервативдик партиянын адам укуктары боюнча комитетине: “Калп жана жалган маалыматты кара ниеттик менен жарыялагандыгы” үчүн санкция киргизгенин…

Прочитайте больше

Бахрейн Израилдин Палестинадагы агрессиясын айыптоодон баш тартты

Бахрейн Израилдин Палестинадагы агрессиясын айыптоодон баш тартты

Бахрейн – БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешине катышпай, сионисттердин Палестинадагы агрессиясын айыптоодон баш тарткан биринчи араб өлкөсү болду. Tasnim News агенттигинин  эл аралык тобу билдиргендей, Бахрейн, Израилдин Палестина аймагындагы агрессиясын айыптаган Араб консенсусунан чыккан биринчи араб өлкөсү болду.Билдирүүгө ылайык, Бахрейн өкмөтү БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинин отурумуна, сионисттик режимдин басылып алынган Палестина аймактарындагы агрессиясын айыптоого добуш бербөө үчүн катышкан жок.Бахрейн жана айрым Европа өлкөлөрү добуш берүүдөн баш тартышкандыгына карабастан, талаштуу пункт БУУнун Женевадагы Адам укуктары боюнча…

Прочитайте больше

Байден армян геноцидин таанууга ниеттенүүдө

Байден армян геноцидин таанууга ниеттенүүдө

Жо Байден армян геноцидин тааныган АКШнын биринчи президенти болот. AFP агенттигинин маалыматына ылайык, америкалык саясат таануучу Ян Бремер, Жо Байден 1915-жылдагы армян геноцидин тааныйын деген ниети бар экенин Ак үйдөн укканын GZERO Media га билдирди.Бремер АКШнын Вице-президенти Камала Харристин 2019-жылдагы Сенаттын армян геноцидин таануу чечиминдеги ролуна токтолуп: “Байден шайлоо өнөктүгү учурунда армян геноцидин, эгерде шайланып калса тааныйм деп убада берди”,- деди. Белгилей кетүүчү нерсе, бир нече күн мурун Демократиялык жана Республикалык сенаторлор тобу Байденди армян геноцидин расмий таанууга чакырышкан.Анда АКШнын 38 сенатору…

Прочитайте больше

Лавров: «Европа Биримдиги Орусия менен мамилени бузду»

Лавров: «Европа Биримдиги Орусия менен мамилени бузду»

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Европа Биримдиги Москвага каршы бир тараптуу чараларды көрүү менен Орусия менен болгон мамилелердин бардык инфраструктурасын талкалаганын баса белгиледи. Бул тууралуу “Fars News” агенттиги кабарлады. Лавров бүгүн, 23-мартта өзүнүн кытайлык кесиптеши Ван И менен биргелешип өткөргөн маалымат жыйынында Европанын Москвага каршы бир тараптуу аракеттерин сынга алып, Европа Биримдигинин бир тараптуу иш-аракеттеринин натыйжасында Орусиянын ЕБ менен болгон мамилелеринин бардык инфраструктурасы талкалангандыгын, ошондуктан учурда Москва ЕБ менен уюм катары эч кандай мамилеси жок экендигин баса белгиледи. ТАСС агенттиги…

Прочитайте больше

Иран ТИМ жетекчиси Түркияга жөнөп жатат

Иран ТИМ жетекчиси Түркияга жөнөп жатат

Мухаммад Жавад Зариф 19-мартта Түркияга расмий иш сапары менен кетти.  Tasnim News агенттигинин маалыматына ылайык, Ирандын тышкы иштер министри түрк кесиптеши баш болгон түрк расмий адамдары менен жолугушуу үчүн Түркияга жөнөп кетти.Түркиянын “Анадолу” агенттиги бул тууралуу жазып, өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги ирандык кесиптешин бүгүн, 19-мартта Анкарада тосуп алаарын билдирди.Мухаммад Жавад Зарифтин Түркияга сапары учурунда эки тараптуу карым-катнаштарды чыңдоо менен байланышкан маселелер жана аймактагы маанилүү маселелер талкуулана турганы белгиленди.Айрым маалымат булактары Ирандын түрк тарап менен сүйлөшүүлөрү, коронавирустун…

Прочитайте больше

Макрон Иранга эскертүү берди

Макрон Иранга эскертүү берди

Макрон: Иранды Биргелешкен комплекстүү иш-аракеттердин планы боюнча милдеттенмелерин бузганды токтотууга чакырабыз. «ir.Sputnik News» агенттиги “Axios” агенттигине шилтеме берип, 18-мартта Франциянын президенти Эммануэль Макрон Израилдин президенти Реувен Ривлин менен жолугушуу учурунда Биргелешкен комплекстүү иш-аракеттер планы деп аталган өзөктүк келишимди бузууну токтотушу керек деп эскерткенин билдирди.Макрон АКШнын келишимден чыгып кеткенин жана европалык тараптардын өз милдеттенмелерин аткара албай жатканы Иран өзүнүн өзөктүк милдеттенмелерин жөнгө салуу түрүндө реакция кылышына себеп болуп жатканын эске албастан, “Иран 2015-жылы түзүлгөн өзөктүк келишимди бузганды токтотуп, жоопкерчиликтүү мамиле жасашы…

Прочитайте больше

Путин Байденге түз эфирде сүйлөшүүнү сунуштады

Путин Байденге түз эфирде сүйлөшүүнү сунуштады

Кечээ, бейшемби күнү Орусиянын президенти Владимир Путин америкалык кесиптеши Жо Байденге бири-бири менен түз эфирде сүйлөшүүнү сунуштады. Бул тууралуу «ir.Sputnik News» агенттиги маалымдады.Владимир Путин “Россия 24” телеканалында сүйлөгөн сөзүндө: “Биз азыр бул жөнүндө ойлонуп жатабыз. Акыркы жолу телефон аркылуу сүйлөшүү демилгеси Жо Байден тараптан көтөрүлгөн. Мен президент Байденге сүйлөшүүлөрдү улантууну сунуш кылам, бирок эфирде эч кандай кечиктирбестен жана түздөн-түз талкуу менен түз жана онлайн режиминде. Менин оюмча, бул орус элине, Америка элине дагы, ал тургай башка өлкөлөргө дагы жагат”, – деп…

Прочитайте больше

Вашингтон Орусияга каршы жаңы курал-жарак санкцияларын киргизүүдө

Вашингтон Орусияга каршы жаңы курал-жарак санкцияларын киргизүүдө

АКШ Орусияга каршы жаңы курал-жарак санкцияларын 18-марттан баштап киргизет. Mehr News агенттигинин маалыматына ылайык,  АКШнын Соода министрлиги 18-март күнү Орусияга курал-жарак экспортоо боюнча жаңы санкцияларын киргизээрин жарыялады. Белгилей кетсек, АКШнын Соода министрлигинин билдирүүсүндө химиялык операцияларда колдонула турган технологияларды Орусияга экспорттоодо жаңы чектөөлөр киргизилээри айтылат. АКШнын Соода министрлигинин билдирүүсүндө, чектөөлөр 18-мартта күчүнө кирет.Sputnik агенттигинин маалыматына ылайык, АКШнын Мамлекеттик департаментинин сайтына жарыяланган билдирүүдө: “АКШнын санкцияларына Орусияга коргонуу продукцияларын жана коргонуу кызматтарын экспорттоого лицензия берүүдөн баш тартуу кирет”,- деп айтылган.Эске салсак,…

Прочитайте больше

Өзбекстан Кыргызстанга 1000 тонна буудайдын жана 500 тонна пахтанын үрөнүн берет

Өзбекстан Кыргызстанга 1000 тонна буудайдын жана 500 тонна пахтанын үрөнүн берет

Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Жаныбеков өткөн жумада президент Садыр Жапаров баштаган расмий делегациянын курамында Өзбекстанда болду. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, министрдин боордош республикага болгон мамлекеттик иш сапарында бир нече натыйжаларга жетишилди. Тактап айтканда, Өзбекстан тарабынан 1000 тонна күздүк буудайдын жогорку түшүмдүү үрөнүн жана 500 тонна пахтанын үрөнүн Кыргызстанга жеткирүү боюнча келишим түзүлдү. Ошондой эле Өзбекстан Кыргызстандын аймагына заманбап күнөсканаларды куруп, кийин ал кыргыз тарапка өтөт деп…

Прочитайте больше

Ирандын Шанхай келишими менен соода жүгүртүүсү 23 млрд. доллардан ашты

Ирандын Шанхай келишими менен соода жүгүртүүсү 23 млрд. доллардан ашты

Ирандын бажы өкүлү: “2020-2021-жылдар ортосунда Ирандын Шанхай келишимине мүчө өлкөлөр менен соода көлөмү 23 млрд. 165 млн. 95 миң 671 доллардан ашты.” Mehr News агенттигинин маалыматына ылайык, Ирандын Бажы маалымат кеңешинин катчысы Сайид Рухолла Латифи өлкөнүн Шанхай келишими менен соода жүгүртүүсү 23 млрд. доллардан ашканын билдирди. Ал мындай деп белгиледи: “Иран Ислам Республикасынын Шанхай келишимине мүчө өлкөлөр менен болгон тышкы соода көлөмү 41 млн. 747 миң 999 тонна товарды түзөт жана ал 23 млрд. 165 млн. 95 миң 671…

Прочитайте больше

Сауд Аравия дүйнөдөгү эң ири курал импорттоочу, ал эми АКШ эң ири экспорттоочу өлкө

Сауд Аравия дүйнөдөгү эң ири курал импорттоочу, ал эми АКШ эң ири экспорттоочу өлкө

Стокгольмдогу Эл аралык тынчтыкты изилдөө институтунун (SIPRI) дүйшөмбү күнү 2016-2020-жылдар аралыгындагы дүйнөлүк курал-жарак соодасынын абалы жөнүндө жаңы отчет жарыялады. Бул тууралуу “Pars Today” агенттиги “Deutsche Welle” агенттигине шилтеме берип кабарлады. Эл аралык тынчтыкты изилдөө институтунун (SIPRI) маалыматына караганда, акыркы беш жыл ичинде АКШ курал-жарак жеткирүүдө лидер бойдон калууда. АКШнын курал экспорту 2011-2015-жылдарга салыштырмалуу 15 пайызга өскөн. АКШ, Франция жана Германия (эң ири курал экспорттоочу үч өлкө) курал-жарак жеткирүүнү көбөйткөн. Дүйнөдөгү эң ири курал импорттоочу Сауд Аравия импортун…

Прочитайте больше

Президент Садыр Жапаровдун Өзбекстанга болгон мамлекеттик сапары жыйынтыкталды

Президент Садыр Жапаровдун Өзбекстанга болгон мамлекеттик сапары жыйынтыкталды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун 11-12-марттагы Өзбекстан Республикасына болгон мамлекеттик сапары жыйынтыкталды. Мамлекеттик сапар Ташкент шаарында «Эгемендик» аянтындагы «Көз карандысыздык жана гуманизм» монументине гүл коюу менен башталды. Бул тууралуу КРнын Президентинин аппаратынын маалымат кызматы билдирди. Андан соң «Куксарой» резиденциясында Президент Садыр Жапаров менен Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёевдин расмий жолугушуу аземи болуп, кийин мамлекет башчылары чакан жана кеңейтилген форматтарда эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы менен эки өлкөнүн президенттери Биргелешкен билдирүү кабыл алышты. Анда ачык-айкын, достук…

Прочитайте больше

Европа Биримдиги адам укуктарынын бузулушуна байланыштуу Кытайга каршы санкция киргизет

Европа Биримдиги адам укуктарынын бузулушуна байланыштуу Кытайга каршы санкция киргизет

Айрым Батыш булактары Европа Биримдиги Синьцзян аймагында адам укуктарын бузду деген айып менен төрт кытай чиновнигине жана бир мекемесине каршы санкция киргизүүнү көздөп жатканын билдиришти. Бул тууралуу “Wall Street Journal”гезити жазганын «Fars News» агенттиги маалымдады.“Wall Street Journal” аты аталбаган булакка шилтеме берип, саякаттоого тыюу салуу жана мүлктү тоңдурууну камтыган санкциялар ушул айдын этегинде Европа Биримдигинин тышкы иштер министрлеринин жыйынында бекитилерин билдирди.Санкциялана турган Кытай чиновниктеринин ысымдары жана мекеменин аталышы азырынча белгисиз.Айрым Батыш өлкөлөрү, анын ичинде Улуу Британия, Канада…

Прочитайте больше
1 29 30 31 32 33 36