«Бир топ адам өлүшү мүмкүн»: Илон Маск Марсты колонизациялоо жөнүндө чындыкты айтты

«Бир топ адам өлүшү мүмкүн»: Илон Маск Марсты колонизациялоо жөнүндө чындыкты айтты

Америкалык ишкер, миллиардер жана SpaceX компаниясынын жетекчиси Илон Маск адамдын Марска учушу кандай болору жөнүндө айтып берди. Ал Марсты багындыруу кооптуу, узак жана татаал саякат болорун жана албетте, ал жерден кайтып келбей калуу тобокелдиги жогору экенин моюнга алды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазды. “Ооба, өлүп калышыныз мүмкүн. Ыңгайсыз болот, балким, сизде жакшы тамак-аш жана башка нерселер болбой калышы мүмкүн”, – деди ал X Prize фондунун башчысы Питер Диамандис менен болгон маегинде. Маск муну билген миңдеген адамдар Кызыл…

Прочитайте больше

Орозо кафараты

Орозо кафараты

Суроо: Рамазан күнү орозону бузуп, кафарат талап кылган жагдайлар кайсылар? ЖООП Булар: 1- Билип туруп жеп-ичүү. 2- Жыныстык катнашта болуу. 3 – Рамазанда каза талап кылчу бир нерсе кылып орозосу бузулган адамдын ошол эле Рамазандын башка күнү ушул нерсени “баары бир кафарат талап кылбайт деп» атайылап кайрадан кылса. 4- Тамеки тартуу. 5- Гыйбат, сүрмө сүртүү жана кан алдыруу сыяктуу орозону бузбай тургандыгы жакшы билинген нерседен кийин орозом бузулду деп ойлоп жеп-ичүү. Суроо: Орозонун кафараты барбы? ЖООП Албетте, бар. Түндөн ниет кылган орозосун атайылап бузууга кафарат керек экендиги…

Прочитайте больше

Курани каримди окуу

Курани каримди окуу

Мусулмандар өздөрүнүн ыйык китеби Курани каримди түп нуска түрүндө Аллаху тааладан сооп үмүт кылып окушат. Пайгамбарыбыз (алейхиссалам) бир хадисинде: “Үммөтүмдүн кылган ибадаттарынын эң жакшысы – Курани каримди мусхафка (китепке) карап окуу”,– деген. Хазрети Али айтат: “Намазда окулган Курандын ар бир тамгасы үчүн жүз сооп жазылат. Намаздын сыртында даарат менен окулса, ар бир тамгасы үчүн 25 сооп, дааратсыз (жаттагандарын) окуса он сооп жазылат. (Бирок, Курани каримди дааратсыз кармоого болбойт). Жүрүп бара жатып же иштеп жатып окула турган…

Прочитайте больше

Эрдоган АКШнын армян геноциди боюнча чечимине капаланып, индеецтерди эске салды

Эрдоган АКШнын армян геноциди боюнча чечимине капаланып, индеецтерди эске салды

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган өлкөсү АКШ президенти Жо Байдендин Осмон империясындагы армян геноцидин тааныган чечимине катуу капаланганын айтып,  америкалыктарга алардын индеецтер менен болгон мамилесин эске салды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазды. Буга чейин 24-апрелде АКШнын президенти Жо Байден XX кылымдын башында Осмон империясынын тушунда болгон армян кыргынын “геноцид” катары тааныган. Түркия АКШнын чечимин “толугу менен четке кагып”, Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу “ал популизмге негизделгенин” билдирди. Армениянын премьер-министри Никол Пашинян өз кезегинде Ак үйдүн чечимин кубаттап чыкты. “Байден бир кылым…

Прочитайте больше

Орусия доллардан баштарта баштады

Орусия доллардан баштарта баштады

Америка Кошмо Штаттарынын санкцияларынын күчөшүнөн улам Орусия акырындык менен доллардан баш тарта баштады. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.Bloomberg агенттиги белгилегендей, өткөн жылдын төртүнчү чейрегинде Орусиянын экспорттук төлөөлөрүндө доллардын үлүшү биринчи жолу 50%дан төмөндөп, 48,3%ды түздү. Мындан бир жыл мурун бул көрсөткүч 61 пайыздан ашкан. Учурдагы кырдаал көбүнчө Орусия менен Кытайдын ортосундагы соода жүгүртүүнүн өсүшүнө байланыштуу экени айтылууда.  Өткөн жылдын төртүнчү чейрегинин аягында эки өлкөнүн экономикалык алакаларынын 80 пайыздан ашыгы евро менен жүргүзүлгөн. Маалыматта, акыркы…

Прочитайте больше

Эксперт: Кондиционерлер корнавирустун жугуу коркунучун жогорулатат

Эксперт: Кондиционерлер корнавирустун жугуу коркунучун жогорулатат

Соода борборлору, мейманканаларда, коомдук транспорттордо, ооруканаларда жана банктардагы кондиционерлер коронавирус эпидемиясынын көбөйүшүнө себеп болууда. Түркиянын Медицина илимдер университетинин Жугуштуу оорулар жана клиникалык микробиология бөлүмүнүн башчысы, профессор Ильяс Дёкметаш адамдар кондиционердин ордуна үйлөрдү, айрыкча эл көп чогулган жабык имараттарды тез-тез желдетип турушу керек экенин Haberturk сайтына билдирди. Адистин айтымында, көптөгөн оорулар кондиционер аркылуу жугушу мүмкүн. “Аба ырайы жылуу боло баштаганда, адамдар кондиционерлерди көп колдонушат. Вирустук инфекциялардын көпчүлүгү кондиционерлер жана вентиляция тутумдары аркылуу жугушу мүмкүн. Үйдө, жумуш ордунда, адамдардын…

Прочитайте больше

Президент С. Жапаров БУУнун Азия жана Тынч океан үчүн экономикалык жана социалдык комиссиясынын 77-сессиясында сөз сүйлөйт

Президент С. Жапаров БУУнун Азия жана Тынч океан үчүн экономикалык жана социалдык комиссиясынын 77-сессиясында сөз сүйлөйт

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 26-апрелде, Бангкокто (Тайланд) видеоконференция форматында өтө турган Бириккен улуттар уюмунун (БУУ) Азия жана Тынч океан үчүн экономикалык жана социалдык комиссиясынын 77-сессиясынын ачылышына катышат. Мамлекет башчысы куттуктоо сөзүн сүйлөп, аталган Уюмдун мындан аркы өнүгүүсү жана коронавирус пандемиясы учурунда региондо экономикалык кызматташтыкты чыңдоо боюнча биргелешкен чечимдерди иштеп чыгуу жөнүндө көз карашын билдирет. Бул тууралуу Президенттин Аппаратынын Басма сөз кызматы билдирди. Иш-чарага БУУнун Азия жана Тынч океан үчүн экономикалык жана социалдык комиссиясына…

Прочитайте больше

COVID-19: Индияда крематорийлерде орун жок өлгөндөрдүн сөөгү көчөдө эле өрттөлүүдө

COVID-19: Индияда крематорийлерде орун жок өлгөндөрдүн сөөгү көчөдө эле өрттөлүүдө

Индияда коронавирус илдетинен өлгөндөрдүн саны көп болгондуктан, крематорийлерде орун жок маркумдардын сөөгү күнү-түнү көчөлөрдө өрттөлүп жатат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды. Индия коронавируска чалдыккандардын саны боюнча төртүнчү күндүн рекордун жаңыртууда – бул өлкөдө күнүнө 360 миңден ашуун жаңы учур катталууда. Күнүнө бир нече миң адам көз жумууда. Баш калаада эле төрт мүнө сайын бирден киши каза таап жактанын Reuters агенттиги жазды. Расмий түрдө, күн сайын 3 миндин тегерегиндеги киши каза болууда, бирок жергиликтүү тургундар өлгөндөрдүн саны андан…

Прочитайте больше

Индонезия: Дайынсыз болуп жаткан 53 кишиси бар суу астында жүрүүчү кеменин калдыктары табылды

Индонезия: Дайынсыз болуп жаткан 53 кишиси бар суу астында жүрүүчү кеменин калдыктары табылды

Индонезиянын президенти Жоко Видодо Бали деңизинде 21-апрелден бери дайынсыз болуп, изделип жаткан суу астында жүрүүчү кеменин 53 мүчөсү каза болгонун расмий тастыктады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.“Мага деңиз флотунан жана армиядан кеме чөгүп кеткендиги тууралуу билдирүү келди. Индонезиялыктар суу алдында жүрүүчү кеменин баардык мүчөлөрүнүн үй-бүлөлөрүнө терең кайгыруу менен көңүл айтат”, – деди ал.Кемени издөө иштери 21-апрелден 24-апрелге чейин, Индонезиянын деңиз аскер күчтөрү суу астында сүзүүчү кеме чөгүп кеткендигин жарыялаганга чейин уланган. Кемеде запаста 72 саатка…

Прочитайте больше

Кыргыз Эл Баатыры, жазуучу, драматург Бексултан Жакиев дүйнөдөн кайтты

Кыргыз Эл Баатыры, жазуучу, драматург Бексултан Жакиев дүйнөдөн кайтты

25-апрелде катуу оорудан улам Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу, Кыргыз Республикасынын Баатыры, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, III даражадагы «Манас» ордени жана «Даңк» медалынын ээси Бексултан Жакиев 85 жаш курагында каза болду. Бексултан Жакиев 1936-жылы 16-январда Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Бөкөнбаев айылында туулган. Ал 1958-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 1960-1962-жылдары Москвадагы киносценаристтердин эки жылдык жогорку курсунда окуган. Эмгек жолун «Кыргызфильм» киностудиясында редакторлуктан баштаган. Андан кийин 1963-1968-жылдары Кыргыз ССРинин Маданият министрлигинде, 1972-1975-жылдары Кыргыз ССРинин Мамлекеттик кинематография комитетинде…

Прочитайте больше

АКШнын президенти армяндар геноцидин тааныды, Түркия менен Азербайжан буга кандай жооп берди?

АКШнын президенти армяндар геноцидин тааныды, Түркия менен Азербайжан буга кандай жооп берди?

АКШ президенти Жо Байден 1915-жылы Осмон империясындагы армяндардын массалык кыргын жана депортация болушун геноцид деп тааныды. Бул тууралуу Би Би Си билдирди.  “Америка эли 106 жыл мурун башталган геноцидде курман болгон бардык армяндарды урматтап эскерет”,- деди Байден. Ал эми Армениянын премьер-министри Никол Пашинян Байденге жолдогон катында “бүткүл дүйнөдөгү армяндар геноциддин таанылышын чоң шыктануу менен кабыл алышты. Бүгүнкү күндө АКШ бийлиги адам укуктарын жана гуманитардык баалуулуктарды коргоого болгон умтулуусун биротоло тастыктады”,- деп билдирген. Ошондой эле Армениянын Тышкы иштер министрлиги АКШ…

Прочитайте больше

Россиядагы кыргызстандык мигранттардын көйгөйү чечилди

Россиядагы кыргызстандык мигранттардын көйгөйү чечилди

Биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков: 2021-жылдын 15-июнуна чейин Россия Федерациясында мыйзамсыз жүргөн мигранттар административдик жана башка жоопкерчиликсиз каттоого тура алышат. Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Артем Новиков Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү менен Кыргыз Республикасынын мигранттарынын Россия Федерациясынын аймагында жүрүү маселеси боюнча жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу Өкмөт Аппаратынын маалымат кызматы билдирди. Белгиленгендей, үстүбүздөгү жылдын 21-апрелинде Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасынын орун басары Алексей Оверчук менен жолугушуунун жүрүшүндө россиялык тарап 2021-жылдын 15-июнуна чейин административдик чара колдонбостон жана Россия Федерациясынын…

Прочитайте больше

Индияда ооруканада өрт чыгып, 13 бейтаптын өмүрүн алып кетти

Индияда ооруканада өрт чыгып, 13 бейтаптын өмүрүн алып кетти

Индиянын Махараштра штатынын бир ооруканасында коронавирус менен ооруп, жандандыруу бөлүмүндө жаткан 13 бейтап өрттөн каза болду. Өлкө бийлиги жума күнү таңга маал чыккан өрт өчүрүлүп, төрт адамды өрттөн куткарылып, жакынкы ооруканаларга жеткирилгенин билдирди. Кырсыктын себеби азырынча белгисиз жана Махараштранын губернатору тиешелүү тармактарга өрттүн келип чыгуу себептерин иликтөөнү буйрук кылган. 21-апрелде ушул эле штаттын дагы бир ооруканасында кычкылтек чыгып, натыйжада жасалма дем алдыруучу аппараттагы 22 бейтап каза болгону маалымдалган. Индия коронавирустун жайылышына каршы күрөшүп жаткан учуру….

Прочитайте больше

Байден Эрдоганга жакын арада армян геноцидин тааныйт урганын эскертти

Байден Эрдоганга жакын арада армян геноцидин тааныйт урганын эскертти

АКШнын президенти Жо Байден Вашингтон жакынкы мезгилде Осмон империясындагы армян геноцидин тааный тургандыгын Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоганга билдирди. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыкты. “Байден Эрдоганга Армениядагы кыргынды геноцид деп тааный тургандыгын айтты”,- деп жазат Bloomberg. Буга чейин Ак үй Байден Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн, анда Вашингтон менен Анкаранын ортосундагы мамилелерди чыңдоо жөнүндө сөз болгонун билдирген. Шаршемби күнү “The Wall Street Journal” АКШнын аты аталбаган расмий өкүлдөрүнө шилтеме берип, Байден Осман империясындагы армян геноцидин расмий…

Прочитайте больше

АУЦАнын президенти баңги заттарды сатууга шектелип кармалды (видео)

АУЦАнын президенти баңги заттарды сатууга шектелип кармалды (видео)

Коопсуздук органдары АУЦАнын президенти Эндрю Качинс баңги заттар менен кармалып, текшерүүгө алынганын билдиришти. Белгилей кетсек, Кыргызстандын Ички иштер министрлиги АУЦАнын президенти Эндрю Качинс ИИМдин тергөө кызматы тарабынан катталган сотко чейинки суракка чакырылгандыгын билдирген. Кийинчерээк, Эндрю Качинс Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин “Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз өндүрүү” беренеси боюнча суракка чакырылгандыгы белгиленди. Берилген маалыматтар боюнча, АКШнын жаранынан дээрлик бир килограмм баңгизат табылып алынган. Учурда  Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү кызматы менен биргеликте ыкчам издөө иш-чаралары…

Прочитайте больше
1 106 107 108 109 110 133