Кыргыз-тажик чек арасында ок атылды

Кыргыз-тажик чек арасында ок атылды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы кыргыз-тажик чек арасындагы Дахма аймагында ок атылганын билдирди. Расмий кабарга ылайык, 1-декабрда кечки саат 9дан өткөндө мамлекеттик чек аранын шарттуу тилкесинде Тажикстан тараптан белгисиз кишилер болжол менен аңчылык мылтыгынан 7-8 жолу ок атышкан. Окуя болгон жерге Кыргызстандын жана Тажикстандын чек ара бекеттеринин жетекчилери келип, мылтык аткандарды чогуу издөөнү макулдашкан. Күч органдарына да кабар берилген. Чек ара боюнча Баткен жана Согд облустарынын өкүлдөрү телефондо жагдайды талкуулашты. Кыргыз тарап түнкү…

Прочитайте больше

Дүйнө тынчсызданган «омикрон» штаммы 23 өлкөдө аныкталды

Дүйнө тынчсызданган «омикрон» штаммы 23 өлкөдө аныкталды

Коронавирус инфекциясынын жаңы “Омикрон” штаммы дүйнөнүн 23 өлкөсүндө табылганын Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун башкы директору Тедрос Адханом Гебрейесус билдирди. “Кеминде 23 өлкө жаңы штамм аныкталганын билдирди. Алардын саны өсүшү мүмкүн”, – деди уюмдун жетекчиси брифинг учурунда. ДССУнун мүчөсү Мария Ван Керкхове өз кезегинде омикрондун жугуштуулугу тууралуу көбүрөөк маалыматтар жакынкы күндөрү пайда болоорун айтты. “Биз бул жаңы вариант эмне экенин эми гана түшүнө баштадык. Бизде толук маалымат жок, бирок бул штамм тез жайылат деген ыктымалдар бар”, – деди ал. Коронавирустун…

Прочитайте больше

Депутаттардын маянасы азайып, кызматтык унаасы алынды

Депутаттардын маянасы азайып, кызматтык унаасы алынды

Президент Садыр Жапаров республикалык бюджеттин чыгаша бөлүгүн оптималдаштыруу жөнүндө Жарлыкка кол койду. Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров «Республикалык бюджеттин чыгаша бөлүгүн оптималдаштыруу, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджеттик каражаттарды пайдалануусунун натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыкка кол койду. Жарлыктын максаты – республикалык бюджеттен чыгашаларды иретке келтирүү боюнча негизги чараларды ишке ашыруу. Жарлыктын алкагында Жогорку Кеңештин депутаттарына кеткен чыгымдарды азайтуу боюнча зарыл чаралар кабыл алынды, атап айтканда, парламентарийлердин кызматтык оклады төмөндөтүлдү. Ошентип:  – Жогорку Кеңештин…

Прочитайте больше

АКШда окуучу мектепте ок чыгарган; Үч адам каза болду

АКШда окуучу мектепте ок чыгарган; Үч адам каза болду

Оксфорддогу (Мичиган штаты) мектептеги атышуудан үч адам каза болуп, сегизи жараат алды. Бул тууралуу Associated Press агенттиги билдирди.Атышууга шектүү 15 жаштагы окуучу. Милиция аны мектепке келгенден бир нече мүнөттөн кийин кармап кеткен. Атышуу максаты жана аты-жөнү азырынча белгисиз.Каза болгондор 14 жаштан 17 жашка чейинки мектеп окуучулары.Алардын бири ооруканага бараткан жолдо полиция унаасында каза болгон. Жабыркагандардын арасында мугалим да бар, ал далысынан жеңил жаракат алып, ооруканадан чыгарылган. Жабыркаган дагы жети студент ооруканада, айрымдарынын абалы оор.Шектүү, атасы…

Прочитайте больше

Садыр Жапаров: «БШКнын адисинин шалаакылыгынан мүчүлүштүк кетти. Күнөөлүүлөрдү жоопко тартабыз»

Садыр Жапаров: «БШКнын адисинин шалаакылыгынан мүчүлүштүк кетти. Күнөөлүүлөрдү жоопко тартабыз»

Президент Садыр Жапаров парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон тараптарга өзүнүн Facebook  баракчасынан кайрылуу жасады. “Урматтуу шайлоого катышкан партиялардын жетекчилери. Шайлоо эң жакшы келе жатып эле болбогон жерден БШКнын майда-чүйдө кетирген катасынан, айрыкча, өтпөй калган партиялар тарабынан ишенбөөчүлүк пайда болду. БШКнын адистери кетирген ката серверге эч тиешеси жок экенин дагы бир жолу тактап чыктык. Сервер берген жыйынтыктар БШКнын адиси кетирген катага эч тиешеси жок. Акыркы жыйынтык кол менен санактар бүткөндөн кийин чыгат. Кол менен санакка активдүү…

Прочитайте больше

«Талибан» аба күчтөрүнүн алгачкы машыгуусун өткөрдү (видео)

«Талибан» аба күчтөрүнүн алгачкы машыгуусун өткөрдү (видео)

Ооганстанда бийликти колго алган “Талибан” кыймылы түндүктөгү Балх провинциясында өзү түзгөн аба күчтөрүнүн алгачкы аскердик машыгууларын өткөрдү. Бул тууралуу ооганстандык TOLOnews телеканалы билдирди. Аба күчтөрүнүн командачысы Амануддин Мансурдун айтымында, маневрларда АКШ мурдагы өкмөткө берген америкалык МDлар жана орусиялык Ми-17 тик учактары колдонулду. Ал мурдагы аскер-аба күчтөрүнүн жоокерлери өзгөчө техникалык персонал учурда Балх провинциясында “Ооганстан Ислам Эмиратынын” аскер-аба күчтөрүндө кызмат өтөшөрүн белгиледи. Мындаш тышкары, Мансур мурдагы бийликтин тушунда кызмат өтөп, бирок өлкөдөн качып кеткен учкучтар Ооганстанга…

Прочитайте больше

Венада өзөктүк келишимди жандандыруу сүйлөшүүлөрү башталды

Венада өзөктүк келишимди жандандыруу сүйлөшүүлөрү башталды

Венада 2015-жылкы өзөктүк келишимди жандандырууга багытталган сүйлөшүүлөрдүн кезектеги айлампасы башталды. Бул тууралуу Евробиримдиктин делегациясынын маалымат катчысы Твиттерге жазды. 29-ноябрда түштөн кийин башталган сүйлөшүүлөрдө Тегеран каршы болгондуктан, Иран менен АКШнын өкүлдөрү тикелей жолугушпайт. Шаркеттин чабарманы Энрике Мора Иран, Орусия жана Кытай өкүлдөрү менен кездешкенден кийин маселени Европанын жана АКШнын делегациялары менен талкууларын билдирген. Австриянын башкалаасындагы сүйлөшүүлөр быйыл жайында Ирандагы президенттик шайлоону ашынган консерватор Ибрахим Раиси жеңгенден киийн токтоп калган. 2015-жылы Иран менен Британия, Кытай, Франция, Германия, Орусия жана АКШ кол…

Прочитайте больше

Кыргызстан электр энергиясы жаатында эмне жашырып жатат?

Кыргызстан электр энергиясы жаатында эмне жашырып жатат?

Быйыл Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү аз болгондуктан, электр тармактарында каатчылык күчөдү. Болжолдонгон алдыдагы кыйынчылыктарга карабай, элди жарык менен камсыз кылуу үзгүлтүксүз жүрөөрү айтылган. Былтыры ушул убакка карата Токтогул ГЭСинде 14 млрд куб метр суу бар эле. А быйыл 30-ноябрга карата башкы чөйчөктө 11 млрд.дан кичине көбүрөөк (11 млрд 060 млн. м3) суу калды. Анын күндүк агып кириши орто эсеп менен секундасына 165 м3, чыгышы 518 м3. Башкача айтканда, жоготуу көп. Каатчылыктан улам Кыргызстан дээрлик…

Прочитайте больше
1 4 5 6