Беш убак намаздардан кийин окула турчу дубалар

Беш убак намаздардан кийин окула турчу дубалар

Беш убак намаздардан кийин 1) “Аллахумма антассалам ва минкассаламу…” деген соң үч жолу “Астагфируллахаль азим аль карим аллази ла илаха иллаху альхаййул каййум ва атубу илейх” окулат. 2) Аятал курси, анан 33 “субханаллах”, 33 “алхамдулиллах”, 33 “Аллаху акбар” окулат. Анан “Ла илаха иллаллаху вахдаху ла шарика лах лахул мулку ва лахул хамду йухйи ва йумит ва хува хаййун ла йамут, бийадихил хайр ва хува ала кулли шайин кадир. Аузу бисмиллах менен Субхана раббийал алиййил алел…

Прочитайте больше

Күзүндөгү депрессияга жол жок! Күз айында ыйманды бекемдөөнүн 4 ыкмасы

Күзүндөгү депрессияга жол жок! Күз айында ыйманды бекемдөөнүн 4 ыкмасы

Күз айы – бакчаларда жемиштер бышып, бак-дарактардагы жалбырактар сары, кызгылт өңдөргө боелуп, күн нурунун илеби акырындык менен өтө ысык тийбей, салкындап калган мезгил. Жыл мезгилдеринин кайсы учуру болбосун, ыйман келтирген адам жашоонун кооз көз ирмемдери менен ырахаттанып гана койбостон, айлана-чөйрөдөгү кубулуштарга ой жүгүртүп, андан өзүнө сабак алууга аракеттенүүсү зарыл. Күз айы бизге кандай сабактарды бериши мүмкүн? 1- Күз – жыл жыйынтыгын чыгаруучу ай. Айыл-чарбасы менен алектенген адамдар күз алардын жаздан берки эмгегинин натыйжасы кандай болгондугун көрсөтө турчу…

Прочитайте больше

Мыкты ата-эне болууда пайгамбарыбыздын ﷺ жашоосунан алынган 7 сабак

Мыкты ата-эне болууда пайгамбарыбыздын ﷺ жашоосунан алынган 7 сабак

Баланын курсагын тойгузуп, кийимин бүтөп койгон менен эле ата-эненин жоопкерчилиги бүтпөйт. Ата-эненин эң биринчи милдети – коомго татыктуу тарбияланган инсанды кошуу. Бул макалада мыкты ата-эне болуу үчүн пайгамбарыбыздын ﷺ жашоосунан алынган керектүү насааттарды сунуштайбыз. • Ырайымдуу жана боорукер болгула Алланын элчиси ﷺ айтты:“Өзүнөн кичүүлөргө ырайым кылбаган жана улууну урматтабаган адам бизден эмес” (Тирмизи). • Эркелеткиле Пайгамбарыбыз ﷺ бир күнү небереси Хасанды өөп жатканда Акра бин Хабис муну көрүп мындай деди:“Сиз балдарды өбөсүзбү? Менин 10 балам…

Прочитайте больше

Жаман мүнөз жана андан кутулуунун жолдору

Жаман мүнөз жана андан кутулуунун жолдору

Адамга дүйнөдө жана акыретте зыян тийгизе турган нерселердин бардыгы жаман мүнөздөн пайда болот. Б.а., зыяндардын, жамандыктардын башы – жаман мүнөздүү болуу. Арамдардан (жаман нерселерден) сактанууга “Такваа” деп айтылат. Такыбаа – ибадаттардын эң жакшысы. Анткени, бир нерсени кооздоо, жасалгалоо үчүн алгач андагы кир нерселерди, жамандыктарды жоюу керек. Ошондуктан, күнөөлөрдөн арылмайынча Исламга моюн сунуунун, ибадаттын эч кандай пайдасы болбойт. Жасагандарына сооп берилбейт. Жамандыктардын эң жаманы – куфур болуп саналат. Капырдын (Аллахка душман болгон адамдын) эч бир жакшылыгы акыретте пайда…

Прочитайте больше

Дүнүйө акыреттин талаасы

Дүнүйө акыреттин талаасы

Суроо: Дүнүйө деген эмне? Жооп Өлүмдөн мурда болгон бардык нерсе дүнүйө деп аталат. Булардын өлүмдөн кийин пайдалуу болгондору дүнүйө эмес акыреттик болуп саналат. Анткени, дүнүйө акырет үчүн талаа. Акыретте пайдасы тийбей турган дүнүйөлүк нерселер өтө зыяндуу. Дүнүйө динге ылайык колдонула турган болсо гана акыретте пайдалуу болот. Дүнүйө лаззаттарына да, акырет ниматарына да жеткен болот. Жакшылык жана жамандык мал-дүнүйөдө эмес, мал-дүнүйөнү колдонгон адамда. Андай болсо жаман деп саналган дүнүйө Аллаху таала ыраазы болбогон, акырет үчүн пайдасыз жерлерде…

Прочитайте больше

Вахий, хадиси кудси жана хадиси шариф

Вахий, хадиси кудси жана хадиси шариф

Аллаху тааланын пайгамбарларына кабар жиберүүсү “вахий” деп аталат. Вахийдин эки түрү бар. Жабраил (алейхиссалам) аттуу периште Аллаху тааладан алган кабарларды пайгамбарларга окуду. “Вахи-ульматлу” деп аталган ушул вахийдин сөздөрү менен маанилери да Аллаху тааладан келген. Мисалы, Курани карим – вахи-ульматлу. Вахийдин экинчи түрү “вахи-ульгайри матлу” деп аталат. Ал Аллаху таала тарабынан пайгамбарлардын жүрөгүнө билдирилет. Пайгамбардын өз сөзү менен башкаларга билдирет. Ушул сөздөр “хадиси кудси” деп аталат. Хадиси кудсилердин сөздөрү пайгамбарлардан, мааниси Аллахтан болот. Ал эми, сөзү да, мааниси да Пайгамбар тарабынан айтылса ал “хадиси шариф” деп…

Прочитайте больше

Дарт жана балээлердин келүү себеби

Дарт жана балээлердин келүү себеби

Имам Раббани хазреттери адамдын башына түшкөн балээлердин келүү себептерин суроо жана жооптор менен мындайча түшүндүрүүдө: Суроо: Пайгамбар жана олуя дайыма дарт жана балээлердин ичинде жашады. Бирок, Шура сүрөсүндө: “Силерге келген балээлер күнөөлөрүңөрдүн жазасы”, – деп айтылууда. Бул аятка карай турган болсок дарт-кыйынчылыктардын көптүгү күнөөнүн көп экендигин көрсөтүүдө. Пайгамбар жана олуя болбогон адамдын көп кыйынчылык тартуусу керек болсо да досторуна эмне себептен дарт жана балээ берүүдө? Душмандары эмне себептен ырахат жана ниматтардын ичинде жашоодо. ЖООП Дүнүйө ырахаттана турчу жер…

Прочитайте больше

Нафс-и аммара жана акл-ы салим

Нафс-и аммара жана акл-ы салим

Суроо: Нафс-и аммара деген эмне? Мындан кантип кутулса болот?ЖООП Нафс-и аммара шахваттарга жетүү жана ачуусу келгендер менен урушуу үчүн эч бир чек, өлчөм дегенди билбейт. Кылган иштери дайыма ашыкча жана зыяндуу болот. Мисалы, айбан суусуганда таза сууну оңой эле табат дагы ичет. Суусуну канып тойгондон кийин ичпейт. Ал эми адамдын напси болсо тойгондон кийин да ичирет. Мал-жаныбар ачка болгондо оттойт. Тойгон кезде жатып уктайт. Адам баласы болсо ачка болгон кезде жерден тапканын ылгабай жей албайт. Тапкан нерселеринин…

Прочитайте больше

Ашура түнү жана күнү

Ашура түнү жана күнү

Суроо: Ашура күнү жана түнүнүн маанилүүлүгү эмнеде? Жооп Мухаррам айынын онунчу күнү Ашура күнү деп аталат. Мухаррам айы Курани каримде ыйык деп билдирилген төрт айдын бири. Мухаррам айынын биринчи күнү орозо кармоо ал жылдын баарын орозо кармап өткөргөн сыяктуу сооп болот. Бир хадиси шарифтин мааниси төмөндөгүдөй: “Рамазандан кийин эң фазилаттуу орозо – Мухаррам айында кармалган орозо.” [Муслим] Бул айдын эң ыйык түнү Ашура түнү болуп саналат. Аллаху таала кээ бир дубаларды Ашура күнүндө кабыл кылган. Адам пайгамбардын…

Прочитайте больше

Пайгамбарыбыздын күйөө баласы Али ибн Абу Талиб тууралуу 16 кызыктуу факт

Пайгамбарыбыздын күйөө баласы Али ибн Абу Талиб тууралуу 16 кызыктуу факт

Бекем ыйманы, Аллах Таалага жана анын пайгамбарына болгон терең сүйүүсү үчүн көзү тирүүсүндө эле бейиш менен кубандырылган 10 сахаба тууралуу белгилүү хадис бар. Алардын бири – Пайгамбарыбыздын (Алланын ага салам-салаваттары болсун) күйөө баласы жана тууганы, акылмандыктын мыкты үлгүсү, төртүнчү адилеттүү падыша – Али ибн Абу Талиб (Аллах андан ыраазы болсун). 1- Алинин (Аллах андан ыраазы болсун) жарык дүйнөгө келиши. Окумуштуулардын Алинин кайсы убакта төрөлгөнүнө карата бир нече пикирдери бар. Бир тарап, Али пайгамбарлык миссия баштала…

Прочитайте больше

Ислам аялзатына тең укуктуулук берип, сый-урматка бөлөдү

Ислам аялзатына тең укуктуулук берип, сый-урматка бөлөдү

Бүгүнкү коомдо ислам динин туура эмес түшүнгөндөр аялды эч нерсеге укугу жок, толугу менен күйөөсүнөн, же атасынан көз каранды, жеке оюн эркин билдире албаган, билим алып, өзү каалаган жумушта иштөөгө укуксуз, үй жумуштарынан тышкары башка иш менен алектенбеген адамдай элестетишип, аянычтуу карашат. Мындай стереотиптүү ой-пикирлер айрым мусулмандардын өз динин туура эмес чечмелеген иш-аракеттеринен, же динди жаман көрсөткүсү келген эки жүздүү адамдар себебинен жаралып жатышы мүмкүн. А бирок ислам динине аны жаңылыш тутунган адамдар аркылуу баа…

Прочитайте больше

Исламда эң чоң жихад- адамдын өзүн – өзү тарбиялоосу

Исламда эң чоң жихад- адамдын өзүн – өзү тарбиялоосу

Коомдо көпчүлүгү “жихад” десе “согушуу”, “согушка аттануу” дегенди түшүнүшөт. А чындыгында, “жихад” – өтө терең маанини камтыган түшүнүк. Төмөндө дин таануучу, профессор Кадыр Маликовдун “Ислам дини боюнча кыскача окуу куралы” китебинен жихад тууралуу так жана кенен маалымат ала аласыздар. “Жихад” араб тилинен которгондо “күч-аракет” деген маанини билдирет, исламда Аллахтын жолундагы күч-аракетти түшүндүрөт. Ал эми араб тилинде “жихад” сөзү ар кандай күч-аракетти, жумуштагы, окуудагы, жана башка ушул сыяктуу иштердеги күч-аракеттерди түшүндүрөт. Адатта “жихад” сөзү коомдо массалык маалымат каражаттарынын айынан…

Прочитайте больше

Көзү азиз, бирок көөдөнү жарык сахаба

Көзү азиз, бирок көөдөнү жарык сахаба

Пайгамбарыбыз Мухаммед (САВ) хижрий жыл санагынын 1-жылында Билял ибн Раббахды муэзин (азанчы) кылып даярдаган. Көпчүлүгүбүз бул сахабаны пайгамбарыбыздын (САВ) 1-азанчысы катары тааныйбыз. Ал эми Ислам тарыхында экинчи азанчы ким болгонун билесизби? Бул – Абдуллах ибн Умми Мактум. Көзү азиз, бирок көөдөнү жарык, таң каларлык эр жүрөктүүлүк сапаты менен суктандырган бул сахаба тууралуу кызыктуу фактыларды сунуштайбыз. 1- Абдуллах ибн Умми Мактум- өзү меккелик, курайш уруусунан. Пайгамбарыбызга (САВ) тууганчылыгы бар. Пайгамбарыбыздын (САВ) сүйүктүү жубайы Хадижа энебиздин таякесинин…

Прочитайте больше

Аял, эркек жана акыл

Аял, эркек жана акыл

Суроо: Аялдын эркекке караганда акылдуураак экенин, ошондуктан, аялга көбүрөөк укуктарды берүү керектигин айтып жүргөндөр бар. Ар аял бардык эркектен акылдуубу? Жооп: Алгач акылдын эмне экенин билүү керек. Аллаху таала акылды туураны жаңылыштан, жакшыны жамандан, пайдалууну зыяндуудан айырмалоо үчүн жараткан. Кайсы нерсенин туура, кайсы нерсенин жаңылыш, кайсы нерсенин жакшы, кайсы нерсенин жаман экенин жалгыз бүткүл макулуктарды жоктон бар кылган Аллаху тааланын билдирүүсү менен гана түшүнүлөт. Адамдардын жакшы же жаман деп айтуусу менен бир нерсе жакшы же жаман болуп…

Прочитайте больше

“Акыретке жакын кул кожоюнун төрөйт” деген хадистин мааниси эмнеде?

“Акыретке жакын кул кожоюнун төрөйт” деген хадистин мааниси эмнеде?

Кыяматка жакын белгилерди Ислам Пайгамбары Мухаммад ﷺ бир канча жолу хадистеринде айтып келген. Мындан тышкары ар бир элде көрөгөчтөр чыгып, тээ байыркы заманда эле акыреттин белгилерин алдын ала айтышкан. Алардын бири улутубуздун көрөгөч адам Туяк акын болгон. Ал 1900-жылдары жашаган жана өз ырларында азыркы заманыбыздын көйгөйлөрүн, интернет жана башка жаңы чыга турган нерселерди жазган: Акыр заман болоордоТемирди жиптей өрөсүң.Отуруп алып очойупАаламды үйдө көрөсүң.Кан төгүлөт жөндөн жөнКүндө айылда чуу болуп.Ичкичтер өтө көбөйүпАрак агат суу болуп.Акыр заман болоордоЭркектен кубат,…

Прочитайте больше
1 5 6 7 8 9 12