5-августта Иран президентинин инаугурациясы өтөт

5-августта Иран президентинин инаугурациясы өтөт

Иран Ислам Республикасынын 13-президенти Сайед Ибрахим Реисинин инаугурациясы 73 штаттын 115 өкүлүнүн катышуусунда 5-августта өтмөкчү. Белгилей кетсек, Реиси 18-июнда өткөн шайлоодо 17,9 млн. добушка (62%га жакын) ээ болгон.Ал эми кечэ, 3-августта Сейед Ибрахим Реисинин президенттик кызматын бекитүү аземи болуп өттү. Аземде Иран Ислам Республикасыныны Руханий лидери Аятолла Хаменеи жаңы президенттин кызматын тастыктаган грамота тапшырган. Аятолла Хаменеи аземде сөз сүйлөп: Президент улуттук биримдиктин элеси болушу керек, эл менен чынчыл сүйлөшүп, коррупция жана коррупциялашкан элементтер менен ырайымсыз күрөшүшү керек”.- деп баса белгиледи.“Реиси…

Прочитайте больше

Дүйнөлүк маалымат каражаттары Иран президентинин кызматка кирүүсүн кандай чагылдырышты?

Дүйнөлүк маалымат каражаттары Иран президентинин кызматка кирүүсүн кандай чагылдырышты?

Иран президентинин кызматка кирүү аземин дүйнө жүзүндө түрдүү маалымат каражаттары кеңири чагылдырып беришти. Билдирүүгө ылайык, Ливандын “Аль-Манар” агенттиги Иран Ислам Республикасынын президентинин инаугурациясын түз эфирлеринде көрсөтүп, мындай деп жарыялаган: Иран Ислам революциясынын руханий лидери аземде сөз сүйлөп, келечектеги маанилүү миссияларга басым жасады.“ Аль-Маядин” агенттиги Иран Ислам Республикасынын Президенттик кызматына киришүү аземин көрсөтүүдө, Ислам революциясынын Жогорку Жетекчисинин сөзүн келтирди: “Жаңы өкмөттүн курулушу кечиктирилбеши керек. Мурдараак, шайлоону бойкоттоо үчүн кутум Ислам Республикасынын душмандарынын саясий чөйрөлөрүндө иштелип чыккан.” Ал эми, Russia…

Прочитайте больше

Экологиялык катастрофа: Кувейтте дүйнөдөгү эң чоң таштанды жай өрттөнүп жатат

Экологиялык катастрофа: Кувейтте дүйнөдөгү эң чоң таштанды жай өрттөнүп жатат

Кувейтте унаа дөңгөлөктөрү төгүлгөн дүйнөдөгү эң чоң таштанды таштоочу жай өрттөнүп жатат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.Күбөлөрдүн айтымында, күйүп жаткан таштандылардын үстүнөн уулуу кара түтүн көтөрүлүп жатканын алыстан көрүүгө болот.Эгерде өрт тез арада өчүрүлбөсө, бул окуя дүйнөлүк экологиялык катастрофага алып келет.Маалыматта таштанды таштоочу жайда 52 миллионго жакын унаа дөңгөлөктөрү бар экени баса белгиленген. Таштанды төгүлгөн жай биз элестеткенден дагы чоң жана мейкиндиктен да көрүнүп турат.Өрттүн себептери азырынча айтыла элек.

Прочитайте больше

Бүгүн кыргыз балбаны Акжол Махмудов алтын үчүн ат салышат

Бүгүн кыргыз балбаны Акжол Махмудов алтын үчүн ат салышат

Олимпиада оюндарында грек-рим күрөшү боюнча катышып жаткан кыргызстандык балбан Акжол Махмудов  бүгүн, 3-августта финалдык беттешке чыгат. Финалдык беттеш Бишкек убактысы боюнча саат 16:30да башталат. Махмудов килем 77 кг салмакта алтын үчүн атаандашы венгриялык балбан Тамаш Лоринц менен килем үстүнө чыгат.

Прочитайте больше

Хабиб Нурмагомедов Кыргызстанга келди

Хабиб Нурмагомедов Кыргызстанга келди

Бүгүн, 3 -августта UFCнин жеңилбес чемпиону жана промоушендин мыкты мушкери Хабиб Нурмагомедов Кыргызстанга келгенин EFC 38 турниринин PR-кызматынан билдиришти. Аны «Манас» эл аралык аэропортунан EFC 38 турниринин уюштуруу комитетинин өкүлдөрү салтанаттуу тосуп алышты.Нурмагомедов кыргызстанга Зубайра Тухугов, Имар Нурмагомедов, Умар Нурмагомедов, Усман Нурмагомедовдор менен чогуу келди, алар Хабибдин командасына кирет.Хабиб Нурмагомедов Чолпон-Ата шаарында (Ысык-Көл облусу) 3-августта өтө турган Eagle Fighting Championship (EFC 38) лигасынын аралаш мушташ боюнча турниринин ардактуу коногу болот. Турнир саат 17: 00дө башталат.Спорттук иш-чара 19 беттешти камтыйт, алардын…

Прочитайте больше

Курманбек Бакиев апта аягында Кыргызстанга келеби?

Курманбек Бакиев апта аягында Кыргызстанга келеби?

Социалдык тармактарда Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиевдин жакынкы күндөрдө өлкөгө келери тууралуу маалыматтар таркоодо. Социалдык тармактардын колдонуучулары бул маалымат боюнча ар кандай пикирлерин билдирип, комментарий калтырып жатышат. Айрымдары “Ак ийилет, бирок сынбайт” десе, кээ бирлери “ Ал кишинин кылгандарын кыргыз эли унута  элек” деп жазышууда. Кыргыз бийлиги Кумтөр боюнча эл аралык соттук териштирүүдө “Центерра Голд” мурдагы мамлекет башчыларын “сатып алганын” далилдөөгө аракет жасоодо жана ага байланыштуу мурдагы президенттер Аскар Акаевге, Курманбек Бакиевге жана Алмазбек Атамбаевге карата кылмыш иши козголгон. Кечээ, 2-августта издөөгө…

Прочитайте больше

Токио-2020 олимпиадасынын күрөш мелдештеринин үчүнчү күнү: кыздар утуп, жигиттер утулушууда

Токио-2020 олимпиадасынын күрөш мелдештеринин үчүнчү күнү: кыздар утуп, жигиттер утулушууда

Токиодо өтүп жаткан олимпиаданын күрөш боюнча мелдештеринин үчүнчү күнү кыргызстандык Айсулуу Тыныбекова менен Мээрим Жуманазарованын жеңиши менен башталды. Белгилей кетсек, Мээрим Жуманазарова коло медалына жолдомо алуу үчүн азербайжандык атаандашын 4:1 упай менен жеңди.Ошондой эле, Айсулуу Тыныбекова латвиялык атаандашын 8:0 упай менен утуп, 1/8 финалга чыкты.Ал эми, Узур Жузупбеков финляндиялык атаандашына утулуп, коло медалга жолдомо алууга жетпей калган. Буга кошумча, Атабек Азизбеков бүгүнкү биринчи мелдешинде венгриялык атаандашына 6:1 упайга уттуруп,  1/4 финалга чыкпай калды. Алдыда Акжол Махмудовдун финалдык беттеши бүгүн, 3-августта саат 15:00дө өтмөкчү.

Прочитайте больше

Кабул «Талибандын» шартын кабыл алды

Кабул «Талибандын» шартын кабыл алды

Кабул өкмөтү бийликти талибандар менен бөлүшүүгө даяр экенин жарыялады.  “Ооган бийлиги талибандар менен тынчтыкка бийликти бөлүшүүгө даяр, бирок талибандар белгилүү шарттарды сактоосу шарт” – бул тууралуу Ооганстандын тышкы иштер министри Мохаммад Ханиф Атмар “Известия” гезитине берген маегинде билдирди.Ал ошондой эле, талибандар менен иштешүүгө жана аларды өкмөткө алууга, ошондой эле алар менен элдешүүгө жана бийликти бөлүшүүгө даяр экенин билдирди.“Ал эми бизде бул үчүн көп шарттар жок, чындыгында бир гана нерсе бар – өлкөнүн ичинде Ооганстандын келечегин ооган эли…

Прочитайте больше

УКМК: Аскар Акаев Бишкекте сурак берип жатат (видео)

УКМК: Аскар Акаев Бишкекте сурак берип жатат (видео)

Издөөгө алынган мурдагы президент Аскар Акаев Бишкекке жеткирилди. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы маалымдады.Эскерте кетсек, ушул жылдын 8-июлунда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев “Кумтөр” долбоорун ишке ашыруудагы коррупциялык фактылар боюнча изделип жаткандардын арасында мурдагы президент Аскар Акаев дагы бар экенин билдирген эле.Акаев башка мурдагы жогорку кызмат адамдары менен бирге 1992-жылы “Кумтөр” долбоору боюнча башкы келишимди түзүүдө, 1994-жылы өзгөртүүлөрдү киргизүү учурунда, ошондой эле 2003-жылы Камеко менен түзүлгөн башкы келишимди реструктуризациялоо учурунда коррупция боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартылган.Маалыматка ылайык, УКМК тергөө учурунда…

Прочитайте больше

Түркиядагы өрттүн чыгышына шектүү адам кармалды

Түркиядагы өрттүн чыгышына шектүү адам кармалды

Түркияда өткөн аптанын башында башталып, өлкөнүн алты провинциясындагы токойлорду каптаган өрттүн чыгышына шектүү адам кармалды. Бул тууралуу өлкө президенти Режеп Тайип Эрдоган айтты.Ал 1-июлда өрттөн жабыр тарткандар баш калкалап жаткан кризистик борбордон кабар алып, анын алкагында Мугла провинциясында өрткө тиешеси бар деп шектелген бир киши кармалганын билдирди.“Эгерде бул иш диверсия болсо, күнөөлүүлөрдүү жазалоо – биздин милдетибиз”, – деди өлкө башчысы.Түркиянын алты провинциясында токойлорду каптаган өрт кеминде алты кишинин өмүрүн алып, 410 адам жабыркады. Бул өлкө тарыхындагы эң…

Прочитайте больше

Садыр Жапаров Түркиянын президентине өрттөн каза болгондорго байланыштуу көңүл айтты

Садыр Жапаров Түркиянын президентине өрттөн каза болгондорго байланыштуу көңүл айтты

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайип Эрдоганга Түркиянын айрым провинцияларында адам курмандыктарына жана кайгылуу кесепеттерге алып келген ири өрт кырсыктарына байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу КРнын мамлекет башчысынын администрациясынын маалымат кызматы билдирди. «Мен Түркиянын бир нече провинцияларында чыккан өрттөн адам өмүрү кыйылды деген кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Ушул оор мезгилде мен Түркия элине бул табигый кырсыктын кесепеттерин жоюуда кайраттуулук жана туруктуулук каалайм. Кыргыз Республикасынын элинин атынан жана жеке өзүмдүн атымдан курман болгондордун үй -бүлөлөрүнө…

Прочитайте больше

Кыргызстандык балбан Акжол Махмудов финалга чыкты

Кыргызстандык балбан Акжол Махмудов финалга чыкты

Токио 2020 олимпиадасында 77 килограммга чейинки салмакта грек-рим күрөшчүсү Акжол Махмудов финалга чыкты. Белгилей кетсек, ал Армениядан келген Карапет Чалянды 6: 2 эсебинде утуп алды. Буга чейин Акжол тунистик күрөшчүнү (11: 0) жана азербайжандык спортчуну (9: 1) мөөнөтүнөн мурда утуп алган. Эртең финалда (3-август) анын атаандашы Тамаш Леринц (Венгрия) болмокчу.Ал эми, бүгүн балбандар Узур Жузупбеков менен Мээрим Жуманазарова жарым финалга өтө албай калган жолугушууларын өткөрүштү.Эске салсак, анын алдында 74 килограммга чейинки салмакта Айпери Медет кызы кыз-келиндер күрөшү боюнча турнирдин жарым финалына чыккан.

Прочитайте больше
1 5 6 7