Орусия Google компаниясына талаптарды аткарбаганы үчүн кайрадан айып салды

Орусия Google компаниясына талаптарды аткарбаганы үчүн кайрадан айып салды

Москванын соту Google компаниясынын башкы компаниясы Alphabetке үч миллион рубль айып салды.«Фарс» агенттигинин маалыматына ылайык, Москванын соту Google компаниясынын башкы компаниясы Alphabetке үч миллион рубль айып салды. Бул айып пулдун себеби, Google орус өкмөтүнүн өтүнүчүн четке кагып, мыйзамсыз мазмунду өчүрбөй койгон.Орусия ошондой эле жайында Google компаниясына үч миллион рубль (400 386 доллар) айып салган.Орусия октябрь айында Google компаниясын издөө системаларынан жана YouTube сайтынан мыйзамсыз мазмунду алып салбаса, чоң айыпка жыгылаарын айткан. Айып пулдун өлчөмү Google…

Прочитайте больше

Президент Садыр Жапаров эл аралык байкоочулар миссияларынын жетекчилери менен жолугушту

Президент Садыр Жапаров эл аралык байкоочулар миссияларынын жетекчилери менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров  29-ноябрда өлкөдөгү парламенттик шайлоолорду өткөрүүнүн жүрүшүнө мониторинг жүргүзгөн эл аралык байкоочулар миссияларынын жетекчилери менен жолугушту. Мамлекет башчысы КМШ, ЖККУ, ШКУ, ТүркПА, Түрк мамлекеттери уюму, Ислам Кызматташтык Уюму, Европадагы Коопсуздук жана кызматташтык уюмунан, ошондой эле Өзбекстандын жана Грузиянын борбордук шайлоо комиссияларынын жетекчилерине парламенттик шайлоого эл аралык байкоочу катары катышкандыгы үчүн чоң ыраазчылык билдирди. Ал шайлоолорго 700дөн ашуун эл аралык байкоочулар күбө болгонун белгиледи. Садыр Жапаров бул шайлоолор 2020-жылдын октябрында өздөрүнүн мыйзамдуу укуктарын…

Прочитайте больше

“Омикрон” катталган өлкөлөрдүн жарандары Кыргызстанга киргизилбейт

“Омикрон” катталган өлкөлөрдүн жарандары Кыргызстанга киргизилбейт

1-декабрдан тарта Кыргызстанга кирүүдө адамдардан коронавирус жоктугун тастыктаган милдеттүү ПЧР-тест талап кылынат. Инфекциянын жаңы “Омикрон” штаммы катталган мамлекеттердин жарандары өлкөгө киргизилбейт. 29-ноябрдагы расмий маалыматка ылайык, Саламаттык сактоо министрлиги аталган штамм аныкталган өлкөлөрдөгү жагдайга байкоо салып, маалыматтарды Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматына берет. Чет элдиктер жана кыргызстандыктар эмделүү макамынан көзкарандысыз түрдө, милдеттүү тартипте коронавирус инфекциясына ПЧР-тест тапшырууга тийиш. Мамлекеттик органдарга COVID-19 жаңы штаммына байланыштуу толук даярдыкта туруу тапшырмасы берилди. Буга чейин Саламаттык сактоо министрлиги,…

Прочитайте больше

Бирдиктүү шайлоо округу боюнча Жогорку Кеӊештин депутаттарын шайлоонун алдын ала жыйынтыгы жарыяланды

Бирдиктүү шайлоо округу боюнча Жогорку Кеӊештин депутаттарын шайлоонун алдын ала жыйынтыгы жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Жогорку Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бирдиктүү шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттарын шайлоонун алдын ала жыйынтыктары тууралуу маалымдайт. 2 494 автоматтык эсептөөчү урналардан 2 261 АЭУдан маалымат алынды, бул  90,66%ды түзөт. КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү билдирди. Бирдиктүү шайлоо округу боюнча добуш берүүгө келгендер: шайлоочулардын тизмесинде катталган 3 703 420 шайлоочудан 1 276 014 шайлоочу, бул шайлоочулардын жалпы санынын 34,46%ын түзөт.    Бирдиктүү шайлоо округу боюнча шайлоого 21 саясий партиядан…

Прочитайте больше

Стамбулду каптаган бороон төрт адамдын өмүрүн алды (видео)

Стамбулду каптаган бороон төрт адамдын өмүрүн алды (видео)

Түркиянын Мраморномор аймагын эң күчтүү бороон каптады. Daily Sabah гезитинин маалыматына караганда, кырсыктан төрт адам каза болгон. Маалыматка караганда, аял менен баланы урап түшкөн чатырдын сыныктары басып калган. Түркиянын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, дагы 40 киши жаракат алды. Социалдык тармактарда Чаталжедеги (Стамбул району) мунаранын урап түшүшүнүн видеолору жарыяланып жатат. Түркиянын метеорологиялык кызматы Мрамор деңизиндеги бир катар провинциялар үчүн бороон коркунучу тууралуу эскертүү берди. Шамалдын ылдамдыгы саатына 80 чакырымга жеткени кабарланууда. Бороон үйлөрдүн чатырларын учуруп,…

Прочитайте больше