Өзбекстан менен Казакстан биргелешкен аскердик машыгуу өткөрөт

Өзбекстан менен Казакстан биргелешкен аскердик машыгуу өткөрөт

17-24-ноябрь аралыгында Өзбекстандын Термез полигонунун аймагында казак жана өзбек аскерлеринин катышуусунда машыгуу өтөт. Бул тууралуу Казакстандын Коргоо министрлиги кабарлады. Аскердик машыгуунун максаты – биргелешкен тапшырманы аткаруу учурунда эки элдин куралдуу күчтөрүнүн өз ара аракеттенишүүсүн күчөтүү. Казак тараптан машыгууга 100дөн ашуун аскер кызматкери катышып, көп функционалдуу Су-30СМ истребителдери, С-295 аскердик-транспорттук учактары, учкучсуз учуучу аппараттар колдонулат. Буга чейин Жабыл облусундагы “Матибулак” полигонунда өзбек аскерлеринин катышуусу менен “Щит-2021” машыгуусу өткөн.

Прочитайте больше

Польша Беларус менен чек арасына дубал курууну пландоодо

Польша Беларус менен чек арасына дубал курууну пландоодо

Польша бийлиги Беларус менен чек арага келерки жылдын биринчи жарымында дубал тургузууну көздөөдө. Бул тууралуу Польшанын радиосунун эфиринде республиканын Ички иштер министрлигинин башчысынын орун басары Мачей Вонсик билдирди. Ведомствонун өкүлү мындай чечим чек арадагы миграциялык кризистин курчушуна байланыштуу кабыл алынганын билдирди. Вонсик дубалдын курулушунун так убактысы керектүү документтерге кол коюлгандан кийин белгилүү болорун белгиледи. “Биз бул инвестицияны келерки жылдын биринчи жарымында бүтүргүбүз келет”, – деди министрдин орун басары. Анын айтымында, Польша менен Беларустун чек арасында…

Прочитайте больше

COVID-19: жаңы 103 учур катталып, үч бейтап каза болду

COVID-19: жаңы 103 учур катталып, үч бейтап каза болду

Акыркы суткада коронавирус дагы 103 адамдан табылды. Бул тууралуу COVID-19 боюнча Республикалык штаб билдирди. Бишкек шаарында – 47; Чүй облусунда – 35; Талас облусунда – 3; Нарын облусунда – 2; Ысык-Көл облусунда – 7; Жалал-Абад облусунда – 6; Баткен облусунда – 2 адамдан коронавирус катталды. Акыркы суткада эмдөөдөн өтпөгөн 3 бейтап каза болуп, Жалпы курмандыктардын саны 2710го жетти. Илдеттен сакайып чыккандар 97 адам. Учурда стационарларда 531 бейтап, амбулатордук түрдө 752 адам дарыланууда. Белгилей кетсек, өлкөдө…

Прочитайте больше

Абу-Дабиде Жакынкы Чыгыштагы эң ири аквариум ачылды (фото)

Абу-Дабиде Жакынкы Чыгыштагы эң ири аквариум ачылды (фото)

Бириккен Араб Эмираттарында Жакынкы Чыгыштагы эң ири аквариум – Абу-Дабинин Улуттук аквариуму ачылды. Анда 33 миңге жакын деңиз жаныбарлары жашайт. Аквариум аянты жети миң чарчы метрди түзөт. Бул жерге жыл сайын бир миллионго чейин коноктор келе алышат. Комплексте Жакынкы Чыгышта эң узун суу астындагы туннел бар. Бул жерде 80ден ашык деңиз биологдору жана башка адистер эмгектенишет. Алар деңиз жашоочуларына көз салып, деңиз фаунасынын жандыктарын изилдешет. Мындан тышкары, Улуттук аквариумда билм берүү бөлүмү ачылып, анда жылына…

Прочитайте больше