Индияда өткөн Ооганстан боюнча Дели Аймактык коопсуздук диалогунун алкагында Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов менен Ирандын Улуттук коопсуздук кеңешинин катчысы Али Шамхани жолукту. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташуу маселелерин талкуулашты. Шамхани Иран өз мүмкүнчүлүктөрүн аймактын өнүгүшү жана өсүшү үчүн колдоно аларын жана колдонууну кааларын билдирди. Ал Тегеран Бишкек менен эл аралык, аймактык жана эки тараптуу багытта кызматташа аларын айтып, Иран көптөгөн илимий, техникалык жана транзиттик мүмкүнчүлүктөргө ээ экенин жана Кыргызстан менен бул тармактарда кызматташа аларын баса белгиледи. Мындан…
Прочитайте большеDay: November 11, 2021
Садыр Жапаров Түркияга барат
Сапардын алкагында мамлекет башчысы Түркия, Азербайжан, Өзбекстан жана Венгриянын лидерлери менен жолугары күтүлүүдө. Президент Садыр Жапаров 11-12-ноябрда Түркияга иш сапары менен барат. Анын алкагында Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешине (ТМКК) мүчө-мамлекеттердин башчыларынын саммитинин “Жашыл технологиялар жана санариптик доордогу акылдуу шаарлар” аттуу сегизинчи жыйынына катышат. Президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Жээнбек Кулубаев белгилегендей, Саммиттин алкагында Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин аталышын Түрк мамлекеттеринин уюму деп өзгөртүү чечимине кол коюу күтүлүүдө. “Түрк дүйнөсүнүн келечеги — 2040” стратегиялык документин,…
Прочитайте большеЖалал-Абад облусунун аймагында жер титирөө катталды
Кечээ, 10-ноябрда саат 23:41де Жалал-Абад облусунун аймагында күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институту билдиргенин ӨКМнын маалымат кызматы жазды. Жер титирөө Токтогул районунун Бел-Алды, Сары-Сөгөт, Коргон, Толук айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген. Алдын ала маалымат боюнча, жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Прочитайте большеКыргызстанга «Спутник Лайт» вакцинасынын 200 миң дозасы келет
Эртең, 12-ноябрда Бишкекке коронавирус инфекциясына каршы россиялык «Спутник Лайт» вакцинасынын 200 миң дозасы келет. Бул тууралуу Россиянын Кыргызстандагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирет. Маалыматта Россия өкмөтүнүн чечими менен Кыргызстанга COVID-19 менен күрөшүүдө акысыз жардам көрсөтүүнүн алкагында 1,2 миллион доллардан ашык каражат бөлүнгөнү айтылат. Республикалык штабдын маалыматы боюнча Кыргызстанда акыркы суткада COVID-19га каршы 12 миң 924 адам эмдөөдөн өттү. Анын ичинен 5 миң 325 адам вакцинанын биринчи дозасын, 7 миң 599 жаран экинчи дозасын алды. Өлкө…
Прочитайте больше