Казакстанда өкмөттүн жаңы курамы бекитилди

Казакстанда өкмөттүн жаңы курамы бекитилди

Казакстанда Алихан Смаилов башында турган өкмөттүн жаңы курамы бекитилди. Ал мурдагы премьер-министрдин биринчи орун басары болгон. 5-январда Казакстандын президентинин жарлыгы менен премьер-министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган. Маалыматка караганда, министрлер кабинетинин көпчүлүк мүчөлөрү өз орундарын сактап калышкан же кызматтынан көтөрүлүшкөн. Жарлыкка Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев кечээ, 11-январь күнү кечке маал кол койду. Премьер-министрдин мурдагы орун басары Роман Скляр өкмөт башчынын биринчи орун басары болуп дайындалды. Вице-премьер Ералы Тугжанов мурдагы кызматында калды. Соода жана интеграция министри Бахыт Султанов да өз кызматында калтырылды…

Прочитайте больше

Кыргызстанда коронавирустун «омикрон» штаммы аныкталды

Кыргызстанда коронавирустун «омикрон» штаммы аныкталды

Кыргызстанда COVID-19 коронавирустук инфекциясынын төртүнчү толкуну башталганын Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Ведомствонун маалыматы боюнча, өлкөдө жаңы “омикрон” штаммынын эки учуру – Бишкек шаарында жана Чүй облусунда катталды. Акыркы суткада өлкөдө коронавирус жуктуруунун 465 жаңы учуру аныкталып, илдетке чалдыгуунун өсүү тенденциясы байкалууда. Эске салсак, буга чейин Өзбекстанда “омикрон” штаммын жуктуруунун алгачкы учуру аныкталганы маалымдалган. Республиканын Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы “омикрон” штаммы 7-январда Өзбекстанга чет өлкөдөн келген чет элдик жарандан аныкталганын билдирген.

Прочитайте больше

Талибан Өзбекстан менен Тажикстанга эскертүү берди

Талибан Өзбекстан менен Тажикстанга эскертүү берди

Талибан Өзбекстан менен Тажикстанга эскертүү берип, Ооганстанга тиешелүү учактарды тез арада кайтарып берүүлөрү керектигин билдирди. “Өзбекстан менен Тажикстан биздин сабырыбызды сынабай учактарды өздөрү өткөрүп бергени жакшы. Болбосо бул өлкөлөр терс кесепеттерге дуушар болот”, – деп билдирди өлкөнүн Коргоо министринин милдетин аткаруучу мулла Якуб. Бул тууралуу маалыматты чет элдик басыламалар жазып чыгышты. Ошондой эле, билдирүүдө талиптер чет өлкөгө качып кеткен аскер кызматкерлерин жана учкучтарын мекенине кайтып келүүгө чакырары жазылган. Маалыматка караганда, Талибан мурдагы  өкмөткө караганда аларга жакшы…

Прочитайте больше

Түштүк Кореяда көп кабаттуу имарат урап, 6 адам дайынсыз болууда

Түштүк Кореяда көп кабаттуу имарат урап, 6 адам дайынсыз болууда

Түштүк Кореянын Кванжу шаарында курулушу толук бүтө элек көп кабаттуу имараттын бир тарабы урап түштү. Кырсыктан 3 адам жаракат алып, 6 адам дайынсыз болууда. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты. Жергиликтүү басылмалардын маалыматына караганда, 39 кабаттуу турак жай комплексинин фасадынын бир бөлүгү урап түшкөн. Кырсык болгон учурда курулушта 400дөй адам болгон, жумушчулардын дээрлик бардыгы эвакуацияланган. Маалыматта 24 жана 31-кабаттарда иштеген алты адам дайынсыз болуп жатканы айтылат. Имарат дагы көчүп түшүшү мүмкүн деген кооптонуулардан улам аларды…

Прочитайте больше