Казакстандагы башаламандыкта 225 адам каза болгон

Казакстандагы башаламандыкта 225 адам каза болгон

Казакстандагы башаламандыкта 225 адам каза болуп, 4,5 миңден ашуун киши жабыркаган. Бул тууралуу өлкөнүн Башкы прокуратурасынын кылмыш ишин козгоо кызматынын башчысы Серик Шалабаев билдиргенин Tengrinews.kz сайты жазды.Маалыматка караганда, жабырланучулардын саны 4578ди түзсө, анын ичинен 4353ү жараат алган, алардын катарында 3393 полиция кызматкери бар.“Өзгөчө абал учурунда өлкөнүн өлүкканаларына каза болгон 225 адам жеткирилген, алардын ичинде 19 полиция жана аскер кызматкерлери. Каза болгондордун айрымдары ““террордук чабуулдарга катышкан, имараттарга жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине кол салган куралдуу бандиттер”, – деп…

Прочитайте больше

Иран менен Сирия биргелешкен банк түзөт

Иран менен Сирия биргелешкен банк түзөт

Иран менен Сирия биргелешкен банк түзөрүн жарыялашты. Бул тууралуу Ирандын жол жана шаар куруу министри Рустам Гасеми билдиргенин иран басылмалары жазды. Гасеми Сирияга болгон сапарынын жүрүшүндө өлкө президент Башар Асадга да жолукту. Анын айтымында, ал Асад менен Сириянын экономикасынын абалын жана Иран-Сирия экономикалык алакаларынын көйгөйлөрүн талкуулашты. Банкты түзүү чечими Сириянын тышкы иштер жана мигранттардын иши боюнча министри Фейсал Микдад менен болгон жолугушууда кабыл алынды. Банктын өкүлчүлүктөрү эки өлкөдө тең түзүлөт. Мындан тышкары, ирандык министрдин Сирияга…

Прочитайте больше

Ирандын президенти Раиси Путин менен эки тараптуу кызматташууну талкуулайт

Ирандын президенти Раиси Путин менен эки тараптуу кызматташууну талкуулайт

Ирандын президенти Ибрахим Раиси Москвага жасаган сапарынын алкагында Орусиянын президенти Владимир Путин менен түрдүү маселелер боюнча маанилүү сүйлөшүүлөрдү өткөрөт, атап айтканда, маданий, саясий жана технологиялык чөйрөлөрдө кызматташууну талкуулоо пландалып жатканын дүйшөмбү күнү Ирандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Саид Хатибзаде билдирди. Президенттин (Раиси) иш сапары Орусиянын президентинин (Владимир Путин) чакыруусу менен ишке ашууда, бул сапар абдан маанилүү… Раиси кесиптеши менен маанилүү жолугушуу өткөрүп, ар кандай маселелерди талкуулайт: күн тартибинде ар кандай темалар, анын ичинде…

Прочитайте больше

Бишкекте COVID-19 боюнча кырдаал начарлоодо. Мэриянын кайрылуусу

Бишкекте COVID-19 боюнча кырдаал начарлоодо. Мэриянын кайрылуусу

Бишкек шаардык мэриясы шаар тургундарын өз алдынча дарыланбоого жана дарыгерлерге байланышууга чакырды. Бул тууралуу Мэриянын басма сөз кызматы жазды. Маалыматта 17-январга карата Кыргызстан боюнча 781 учур катталса, анын 658и борбор калаада аныкталганын жана коронавирус боюнча абал курч экени айтылат. Тез жардам борборунун маалыматы боюнча, акыркы суткада 589 адам тез жардам кызматына кайрылган. Алардын 479уна жардам көрсөтүлгөн жана 412 бейтап телефон аркылуу консультация алышкан. Ошондой эле, 111 адам ооруканага жаткырылган. Алардын 21и COVID-19 менен, 37си пневмония…

Прочитайте больше