Окумуштуулар Америкада жакынкы жылдарда ири табият кырсыктары болорун эскертишти

Окумуштуулар Америкада жакынкы жылдарда ири табият кырсыктары болорун эскертишти

Глобалдык жылуулук жана калктын санынын көбөйүшү XXI -кылымдын орто ченинде Америка Кошмо Штаттарында суу ташкындарынын болушун шарттап, чоң зыян алып келет. Бул тууралуу чет элдик басылмалар Nature Climate Change журналында жарыяланган изилдөөгө таянуу менен жазышты. “Батышта суу каптоо коркунучу кабыл алынгыс жогору. Климаттын өзгөрүшү жана калк санынын көбөйүшү бул кырсыктардан боло турган жоготууларды кыйла көбөйтөт”, – деди гидрология профессору Пол Бейтс. Окумуштуулардын айтымында, жер бетинде температуранын жогорулашы АКШда селден келтирилген зыяндын 25 пайызга көбөйүшүнө алып келет….

Прочитайте больше

Иран Кыргызстандагы мунайды кайра иштетүүчү заводдорду сырьё менен камсыз кылууга даяр

Иран Кыргызстандагы мунайды кайра иштетүүчү заводдорду сырьё менен камсыз кылууга даяр

Иран Ислам Республикасы Кыргызстандагы күйүүчү жана майлоочу майлардын тартыштыгы менен баанын кымбатташын жөнгө салууга кызыкдар. Бул тууралуу Ирандын Кыргызстандагы Толук жана Ыйгарым укуктуу элчиси Саид Харрази 8-февралда өткөргөн маалымат жыйынында «Eurasia Today»  агенттигинин журналистинин суроосуна жооп берип жатып билдирди. “Иран Ислам Республикасы мунай жана газ кору боюнча дүйнөдөгү алдыңкы өлкөлөрдүн катарына кирет. Ооба, акыркы жылдары Борбор Азия өлкөлөрү жана анын ичинде Кыргызстан күйүүчү жана майлоочу майлардын таңкыстыгы менен баанын кымбатташын баштан өткөрүп жатат. Бул багытта биз Кыргызстанды…

Прочитайте больше

Түркмөнстан Кытайга экспорттолгон газдын көлөмүн көбөйтүүгө ниеттенип жатат

Түркмөнстан Кытайга экспорттолгон газдын көлөмүн көбөйтүүгө ниеттенип жатат

Бээжиндеги кышкы Олимпиада оюндарынын ачылышына барган Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов Кытайдын лидери Си Цзиньпин менен жолукту. Бул тууралуу Түркмөнстандын мамлекеттик маалымат агенттиги (TDH) кабарлады. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки өлкөнүн энергетика тармагындагы кызматташуусунун келечегин талкуулады. Түркмөн президенти “Борбор Азия — Кытай” газ куурунун төртүнчү (D) бутагын куруунун эсебинен Кытайга жаратылыш газынын экспортун көбөйтүүгө ниеттенип жатканын билдирди. Аталган газ түтүгүнүн “А”, “В” жана “С” бутактары 1830 чакырымга созулат жана жылына 55 миллиард куб метр газ өткөрүүгө жөндөмдүү. Бул газ кууру аркылуу…

Прочитайте больше

ЮНИСЕФ: Африкада миллиондогон адамдар гумжардамга муктаж болушат

ЮНИСЕФ: Африкада миллиондогон адамдар гумжардамга муктаж болушат

Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар Фонду (ЮНИСЕФ) Африкадагы 20 миллиондон ашык адам алдыдагы алты айдын ичинде суу жана азык-түлүк жардамына муктаж болушарын эскертти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар маалымдашты. Уюмдун Чыгыш жана Түштүк Африка боюнча аймактык директору Мохаммед Малик Фолл журналисттерге Эритрея, Эфиопия, Кения жана Сомалиде гуманитардык кризис күчөп жатканын билдирди. “Биз бул аймакта акыркы 40 жылда болуп көрбөгөндөй кургакчылык болуп жатканына күбө болуудабыз. Климаттын өзгөрүшү менен шартталган катуу кургакчылыктын айынан жаныбарлар кырылып калган. Кийинки алты айдын ичинде…

Прочитайте больше

Рагаиб түнү

Рагаиб түнү

Ражаб айынын алгачкы Жума түнү Рагаиб түнү болуп эсептелет. Ар бир Жума түнү баалуу. Бул эки баалуу түн бир убакта болгондо андан да баалуу болот. Аллаху таала бул түнү момундарга жакшылыктарды берет. Бул түнгө урмат көрсөткөндөрдү кечирет. Бул түнү кылынган дуба артка кайтарылбайт жана намаз, орозо, садага сыяктуу ибадаттарга сансыз сооптор берилет. Бул түн Пайгамбарыбыздын атасы үйлөнгөн түн эмес. Мындай деп айтуу жаңылыш. Расулуллахтын тогуз айдан мурда дүнүйөгө келгендигин айткандык болот, бул болсо кемчилик болуп…

Прочитайте больше

Ражаб айы

Ражаб айы

Суроо: Ражаб айы тууралуу маалымат бересизби? ЖООП: Ражаб – касиеттүү үч айдын бири. Бул ай тообо кылуунун, сый-урматтын жана ибадаттын айы болсо, Рамазан айы жакындык менен немат айы. Зуннун Мисри: “Ражаб – үрөн себүү, Шабан айы – сугаруу айы, Рамазан болсо – түшүм жыйноо айы”, – деди. Ражаб айы кечирим айы, Шаабан айы шапаат жана Рамазан айы сооптор көп эсе бериле турган ай экени айтылды. Бул айларды урматтоо күнөөлөрдөн сактануу жана ибадат кылуу аркылуу ишке…

Прочитайте больше