Сочиде Эрдоган менен Путиндин сүйлөшүүсү 4 сааттан ашык убакытка созулду

Сочиде Эрдоган менен Путиндин сүйлөшүүсү 4 сааттан ашык убакытка созулду

Сочиде Россия менен Түркиянын президенттери Владимир Путин менен Режеп Тайип Эрдоган жолугушту.  Сүйлөшүүлөр төрт сааттан ашык созулду. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдирди. Маалыматка ылайык, эки өлкөнүн лидерлери жолугушуунун аягында биргелешкен билдирүү кабыл алышты. Песковдун айтымында, жолугушууда башка документтерге, анын ичинде кызматташуу боюнча меморандумга кол коюу пландалган эмес. Мамлекет башчылары Сириянын саясий биримдигин жана аймактык бүтүндүгүн жактай тургандыктарын, өлкөнүн көйгөйлөрүн чечүүдө биргелешип аракеттенүүгө чечкиндүүлүктөрүн ырасташты. Кремлдин басма сөз кызматы Сириянын аймактык жана эл аралык стабилдүүлүккө жетишүүсү үчүн Россия…

Прочитайте больше

Кытай Тайвандын айланасында аскердик машыгууларын баштады

Кытай Тайвандын айланасында аскердик машыгууларын баштады

АКШнын делегациясы Тайванга келип кеткенден кийин Кытай аралдын айланасындагы алты акваторияда ок атуу менен аскердик машыгууларды баштады. The Guardian басылмасы жазгандай, машыгуу өтүп жаткан айрым жерлер Тайвандын аймагына кирген суу зоналары менен кесилишет жана айрым деңиз портторуна жакын турат. Тайвандын атын атоодон карманган аткаминеринин айтымында, Кытайдын аскердик-деңиз күчтөрүнүн ондогон кемеси өлкөлөрдүн аймагын бөлгөн линияны кесип өтүштү. Мындан сырткары линиядан кытай аскердик учактары да өтүп, Тайвандын бийлигин ракеталык системаларын даярдыкка келтирүүгө мажбур кылды. The Guardian “Тайвандын…

Прочитайте больше

Венада Ирандын өзөктүк программасы боюнча сүйлөшүүлөр жанданды

Венада Ирандын өзөктүк программасы боюнча сүйлөшүүлөр жанданды

4-августта Австриянын борбору Венада Тегерандын өзөктүк программасы боюнча Иран менен дүйнөлүк державалардын сүйлөшүүлөрүнүн жаңы раунду башталды. Бул – мартта сүйлөшүүлөр токтоп калгандан берки биринчи жолугушуу. Ирандын делегациясынын башчысы Али Багери Кани кайрадан Венага кайтып барганын 3-августта кабарлаган. АКШнын Иран боюнча атайын чабарманы Роберт Малли да Австрияга баратканын билдирип, “Кошмо Штаттары келишим түзүүгө даяр экенин, Тегеран ага даярбы, даяр эмеспи жакын арада билине турганын” айткан. 2015-жылы Иран алты мамлекет – Кытай, Орусия, Германия, Франция, АКШ жана…

Прочитайте больше

Кыргызстан «Бирдиктүү Кытай» саясатын колдойт. ТИМ Тайван боюнча үн катты

Кыргызстан «Бирдиктүү Кытай» саясатын колдойт. ТИМ Тайван боюнча үн катты

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги «Кабар» агенттигине Тайвандагы акыркы кырдаалга байланыштуу комментарий берди. Белгилей кетсек, 2-3-августта АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелоси Тайванга иш сапар менен барган. Бул сапар Тайвань аралындагы кырдаалды курчутту. «Кабар» агенттиги Тайвань маселеси боюнча Кыргызстандын так позициясын билүү үчүн Тышкы иштер министрлигине кайрылды. Тышкы саясий ведомстводон билдиришкендей, КР ТИМ Тайвандын айланасында болуп жаткан окуяларга кылдаттык түрдө көз салууда, кырдаалдын курчушуна жол бербөө үчүн Тайвань аралында чыңалуунун тез арада төмөндөшүнө, тынчтыкка жана…

Прочитайте больше

Нэнси Пелоси Кытайдын коркутууларына карабай Тайванга барды. Видео

Нэнси Пелоси Кытайдын коркутууларына карабай Тайванга барды. Видео

АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелоси Кытай бийлигинин эскертүүлөрүнө карабай Тайвандын борбору Тайбэй шаарына барды. Пелоси акыркы 25 жылда аралга сапары менен келген америкалык эң жогорку даражалуу аткаминер болуп калды. Буга чейин Кытайдын коргоо министрлигинин расмий өкүлү Тань Кэфэй Пелосинин Тайванга сапары “Бирдиктүү Кытай” принцибине каршы келерин жана кырдаалдын курчушуна алып келерин эскерткен. Ал кытай армиясы муну жөн  карап турбасын айтып, тышкы кийлигишүүнү токтотуу үчүн чаралар көрүлөрүн билдирген. Кытайдын БУУдагы туруктуу өкүлү Чжан Цзюнь “Тайвань Кытай аймагынын ажырагыс бөлүгү” экенин…

Прочитайте больше

Тайван согушка даярдык деңгээлин жогорулатты

Тайван согушка даярдык деңгээлин жогорулатты

Кытай АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелоси Тайбэйге барган учурда аскердик машыгууларды өткөрөрүн жарыялагандан кийин Тайвандын бийлиги согушка даярдык деңгээлин жогорулатты. Бул тууралуу Reuters агенттиги кабарлады. Буга чейин Кытайдын Тышкы иштер министрлиги Пелосинин Тайванга барышы мамлекеттин суверенитетин бузуу катары бааланарын жана Вашингтон үчүн оор кесепетке алып келерин эскерткен. Америкалык делегация учуп келердин алдында Кытайдын куралдуу күчтөрү Тайванга жакын жерде аскердик машыгууларды баштаган. Кечээ кечинде Кытай армиясы Тайвандын айланасындагы алты деңиз районунда төрт күндүк машыгууларды өткөрөрүн жарыялады….

Прочитайте больше

Пелосинин Тайванга сапарына кытайлык өкүл каршылык көрсөттү

Пелосинин Тайванга сапарына кытайлык өкүл каршылык көрсөттү

Чжан, Пелосинин Тайванга жасай турган сапары тууралуу сереп салды. Кытайдын БУУдагы туруктуу өкүлү Чжан Цзюнь, АКШнын Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелосинин Тайванга сапарынын Кытайдын эгемендигине доо кетирерин айтты. БУУнун Коопсуздук Кеңешинин август айындагы төрагалыгынын Кытайга өткөрүлүп берилгенине байланыштуу маалымат жыйын уюштурган Чжан, Индо-Тынч океан жолугушууларынын алкагында Пелосинин Тайванга жасай турган сапары тууралуу сереп салды.  Чжан, Пелосинин Тайванга ыктымалдуу сапары үчүн: «Мындай визит Кытайдын эгемендигине жана аймактык бүтүндүгүнө, Тайвань кысыгындагы тынчтыкка жана коопсуздукка доо кетирет, ошондой эле Пекин…

Прочитайте больше

Кытайдын Тышкы иштер министри Ван И Кыргызстанга келди

Кытайдын Тышкы иштер министри Ван И Кыргызстанга келди

Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик Кеңешинин мүчөсү, Тышкы иштер министри Ван И Бишкекке расмий иш сапары менен келди. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматынан билдиришти. Сапардын алкагында бийик жана жогорку деңгээлдеги эки тараптуу жолугушууларды өткөрүү пландалууда. Ван И өлкөгө Кыргызстандын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин чакыруусу менен келген.

Прочитайте больше

НАТОнун кийлигишүү тууралуу билдирүүсү

НАТОнун кийлигишүү тууралуу билдирүүсү

KFOR эгер Косовонун түндүгүндө стабилдүүлүккө коркунуч жаралса кийлигишүүгө даяр экенин билдирди. НАТОнун Косово күчү (KFOR) эгер Косовонун түндүгүндө стабилдүүлүккө коркунуч жаралса кийлигишүүгө даяр экенин билдирди. Косовонун түндүгүндөгү коопсуздук абалынын чыңалганын белгилеген НАТО: «НАТОнун Косово күчү кырдаалга кылдаттык менен байкоо салып жатат жана ырааттуулукка коркунуч жаралса кийлигишүүгө даяр»,-деп билдирди. Косоводо жашаган сербдер менен кошо бардыгынан бүгүндөн тарта Косово күбөлүгү жана номери талап кылына турганы жарыялангандан кийин Косоводогу сербдер кечээ кечинде Косовонун түндүгүндөгү чек ара бекеттерин жапты….

Прочитайте больше

Жапаров менен Рахмон маселелер саясий дипломатия аркылуу чечилиши керектигин белгилешти

Жапаров менен Рахмон маселелер саясий дипломатия аркылуу чечилиши керектигин белгилешти

Кечээ 21-июлда Чолпон-Атада Кыргызстандын жана Тажикстандын президенттери Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмондун жолугушуусу өттү. Мамлекет башчынын маалымат кызматы билдиргендей, эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелери, аймактык жана эл аралык проблемалар талкууланды. Эки тараптуу кызматташуу маселелерин комплекстүү кароо боюнча өкмөт аралык комиссиянын жана мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөт аралык комиссиянын ишин активдештирүү макулдашылды. Чектеш аймактагы дарыялардын суу ресурстарын өз ара натыйжалуу пайдалануу жана бул багытта кызматташууну жандандыруунун маанилүүлүгү белгиленди. Ынак коңшулук мамилелерди чыңдоо максатында…

Прочитайте больше

Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан достук келишимине кол койду

Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан достук келишимине кол койду

Бүгүн, 21-июлда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өткөн Борбор Азия мамлекеттеринин мамлекет башчыларынын Төртүнчү консультативдик жолугушуусунун алкагында жыйынтыктоочу документтер кабыл алынды. Президенттин маалымат кызматынан билдиришкендей, президент Садыр Жапаров, Казакстандын президенти Касым-Жоомарт Токаев, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев XXI кылымда Борбор Азияны өнүктүрүү максатында достук, ынак коңшулук жана кызматташтык жөнүндө келишимге кол коюшту. Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов өз өлкөлөрүндө ички жол-жоболор аяктагандан кийин бул документке кол коюшат. Мамлекет башчылары ошондой эле көп тараптуу…

Прочитайте больше

Эрдоган Ирандын Жогорку лидери Хаменеи жана президенти Раиси менен жолукту. Сүрөт

Эрдоган Ирандын Жогорку лидери Хаменеи жана президенти Раиси менен жолукту. Сүрөт

Тегеранга расмий сапар менен барган Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Ирандын Жогорку лидери Аятолла Али Хаменеи жана президенти Ибрахим Раиси менен жолугушту. Ирандын президенти Раиси Эрдоганды Тегерандагы Садабад сарайында расмий түрдө тосуп алды. Алгач Түркиянын жана Ирандын мамлекеттик гимндери жаңырды. Эрдоган ардактуу кароол менен учурашып, андан соң эки мамлекеттин башчыларынын тар чөйрөдө сүйлөшүүлөрү башталды. Андан соң түрк лидери Ирандын руханий лидери Али Хаменеи менен жолугушту. Бирок тараптар талкуулаган темалар тууралуу азырынча маалымат бериле элек. Эрдоган…

Прочитайте больше

Кыргызстанга Борбор Азия мамлекеттеринин президенттери келишет

Кыргызстанга Борбор Азия мамлекеттеринин президенттери келишет

20-21-июлда Чолпон-Ата шаарында Борбордук Азия мамлекет башчыларынын Консультативдик жолугушуусу өтөт. 20-21-июлда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Борбордук Азия мамлекет башчыларынын Консультативдик жолугушуусу өтөт. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди. Жолгушууга Кыргызстандын Президенти  Садыр Жапаров, Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев, Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмон, Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедов, Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев катышат. “Өлкө лидерлери регионалдык коопсуздуктун чакырыктарына жана коркунучтарына биргелешип жооп кайтарууда Борбор Азия мамлекеттеринин өз ара аракеттенүүсүн бекемдөө боюнча пикир алмашат, региондун мамлекеттеринин туруктуу экономикалык өсүшүн…

Прочитайте больше

Жо Байден Сауд Арабиянын королу менен жолугушту

Жо Байден Сауд Арабиянын королу менен жолугушту

Америка Кошмо Штаттарынын  президенти Жо Байден Жакынкы Чыгыш сапарынын акыркы аялдамасы Сауд Арабиянын Жидда шаарына барды. Америка Кошмо Штаттарынын  президенти Жо Байден Жакынкы Чыгыш сапарынын акыркы аялдамасы Сауд Арабиянын Жидда шаарына барды. Палестина жана Израилдеги жолугушууларынан кийин Байден Тель Авивдеги Бен Гурион эл аралык аэропортунан түз  Сауд Арабияга учуп кетти. Байденди ташыган президенттик учак Сауд Арабиянын Жидда шаарындагы Король Абдулазиз эл аралык аэропортуна конду. Байден андан соң Король Салман бин Абдулазиз Аль Сауд менен жолугушуу…

Прочитайте больше

Украина Түндүк Корея менен дипломатиялык мамилелерин токтотту

Украина Түндүк Корея менен дипломатиялык мамилелерин токтотту

Бул тууралуу Украинанын Тышкы иштер министрлигинен маалымат берилди. Украина Түндүк Корея менен дипломатиялык алакасын Донецк менен Лугансктын көз карандысыздыгы деп аталган аймактарды «таанды» деген жүйө менен үздү. Украинанын Тышкы иштер министрлигинен берилген маалыматта Орусия тарабынан оккупацияланган Донецк жана Луганск аймактарынын «көз карандысыздыгы» деп аталган аймактардын Түндүк Корея тарабынан таанылышы чечиминин катуу айыпталганы билдирилди. Билдирүүдө Пхеньяндын Украинанын эгемендигине жана аймактык бүтүндүгүнө каршы аракети Бириккен Улуттар Уюмунун Конвенциясын жана эл аралык укуктун негизги нормаларын жана принциптерин одоно…

Прочитайте больше
1 5 6 7 8 9 36