Президент 1 млн кг кумшекер жана 500 тонна өсүмдүк майын камдап коюуну тапшырды

Президент 1 млн кг кумшекер жана 500 тонна өсүмдүк майын камдап коюуну тапшырды

Азык-түлүктүн кескин кымбаттап жатканына байланыштуу президент Садыр Жапаров 1 миллион килограмм кумшекердин жана 500 тонна өсүмдүк майынын запасын даярдап коюуну тапшырды. 15-мартта өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев Кыргызстанда кумшекер менен өсүмдүк майынын баасы арзандай турганын билдирди. Анын сөзүнө караганда, 1 миллион килограмм кумшекер өлкөдөгү соода уюмдарына таратылып жатат жана бир килограммы 70 сомдон болот. Ошондой эле 500 миң литр өсүмдүк майы да таратылып бир литри 130 сом деп белгиленди. “Орусия менен Украинадагы абалдан улам биздин жарандар азык-түлүк коопсуздугуна кабатыр…

Прочитайте больше

Лавров: Орусия санкцияларга карабай Иран менен кызматташтыкты арттырат

Лавров: Орусия санкцияларга карабай Иран менен кызматташтыкты арттырат

Орусия мыйзамсыз санкцияларга карабай Иран менен кызматташтыгын арттырат. Бул тууралуу Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров ирандык кесиптеши Хоссейн Амир Абдуллахиан менен болгон сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында билдирди. Ирандын тышкы иштер министри Хоссейн Амир Абдуллахиан кечээ, 15-мартта жогорку даражалуу делегацияны баштап жумушчу сапары менен Москвага барып, орус кесиптеши Сергей Лавров менен жолугушкан. “Биз соода-экономикалык кызматташтыкка чоң көңүл бурдук, мыйзамсыз санкцияларга карабастан, соода алмашуунун туруктуу өсүүсүн белгиледик, коронавирустук пандемияга карабастан, өткөн жылы ал дээрлик 82%га өсүп, 4 миллиард доллардан ашты. Биз муну…

Прочитайте больше

Израилде коронавирустун жаңы түрү табылды

Израилде коронавирустун жаңы түрү табылды

Израилде коронавирустун “стелс-омикрон” (BA-2) деп аталган жаңы штаммы табылды. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги билдиргенин чет элдик басылмалар жазышты. Илдеттин жаңы түрү чет өлкөдөн кайтып келген эки адамдан аныкталган. Белгиленгендей, өлкөгө учуп келген адамдардын дене табы көтөрүлүп, башы ооруп, ооруканага кайрылышкан. Аларга жаңы штамм жуккандыгы келгенден кийин жасалган анализдердин жыйынтыгында белгилүү болгон. 15-февралда даниялык илимпоздор SARS-CoV-2 “омикрон” штаммынын ORF3 белогунан жаңы кооптуу мутацияны табышкан. Ал H78Y деп аталып, клеткаларда сезгенүү реакциясын козгоору белгилүү болгон. Жаңы штам…

Прочитайте больше

Дүйнөлүк банктын башчысы: Орусияга каршы санкциялар дүйнөлүк ИДПга таасирин тийгизет

Дүйнөлүк банктын башчысы: Орусияга каршы санкциялар дүйнөлүк ИДПга таасирин тийгизет

Дүйнөлүк банктын башчысы Дэвид Мэлпасс Орусияга каршы санкциялар дүйнөлүк ИДПга Орусиянын Украинаны демилитаризациялоо боюнча атайын операциясына караганда көбүрөөк таасир этет деп эсептейт. Анын айтымына караганда, Украинадагы кырдаал дүйнөлүк экономикага “кыска мөөнөттө таасирин тийгизет”. Бул тууралуу ал Washington Post гезити өткөргөн иш-чаранын алкагында билдиргенин орусиялык басылмалар жазышты. “Менин оюмча, Орусияга каршы санкциялар дүйнөлүк ИДПга чоң таасирин тийгизет”, – деди Мэлпасс. Бирок, ал башка өлкөлөр Орусиянын энергетикалык ресурстарын жана Орусия Федерациясынан жана Украинадан азык-түлүк алуунун токтоп калышынан тез арада…

Прочитайте больше

Орусиянын бийлиги дан азыктарын жана шекер экспорттого тыюу салды

Орусиянын бийлиги дан азыктарын жана шекер экспорттого тыюу салды

Орусиянын бийлиги дан азыктарын ЕАЭБ мамлекеттерине алып чыгууга 30-июнга чейин, ал эми кумшекерди 31-августка чейин үчүнчү өлкөлөргө экспорттоого убактылуу тыюу салды. Бул тууралуу “Интерфакс” Орусия өкмөтүнүн басма сөз кызматы билдирди. Орусияда ЕАЭБ өлкөлөрүнө дан азыктарын экспорттоого, ошондой эле ак кантты жана чийки камыш кантты үчүнчү өлкөлөргө экспорттоого убактылуу чектөө киргизилди. Токтомго Орусиянын премьер-министри Михаил Мишустин кол койду. “Дан азыктарына болгон чектөөлөр 2022-жылдын 30-июнуна чейин, кумшекерге болгон чектөөлөр 31-августка чейин күчүндө болот”, – деп айтылат билдирүүдө….

Прочитайте больше

Түркмөнстан: Президенттик шайлоодо Сердар Бердымухамедов утуп чыкты

Түркмөнстан: Президенттик шайлоодо Сердар Бердымухамедов утуп чыкты

Түркмөнстандын Борбордук шайлоо комиссиясы мөөнөтүнөн мурда өткөн президенттик шайлоонун расмий жыйынтыгын жарыялады. Ага ылайык, Түркмөнстандагы президенттик шайлоодо эң көп добушту азыркы мамлекет башчысы Гурбангулы Бердымухамедовдун уулу вице-премьер-министр Сердар Бердымухамедов алды. Шайлоодо ат салышкан тогуз талапкердин ичинен Бердымухамедов 72,97% добуш алган. «Түркмөнстандын Шайлоо кодексине ылайык жана Борбордук шайлоо комиссиясынын чечиминин негизинде министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Сердар Бердымухамедов президент болуп таанылды», – деп айтылат маалыматта. Калган талапкерлер 1ден 7,2%га чейин добуш алышкан. Белгилей кетсек, Түркмөнстанда президенттик шайлоо 12-мартта өткөн. Ага шайлоочулардын 97, 17%ы…

Прочитайте больше

ЕАЭБ менен Кытай көз карандысыз валюта-финансы системасын түзөт

ЕАЭБ менен Кытай көз карандысыз валюта-финансы системасын түзөт

Орусия курамына кирген Евразия экономикалык биримдиги (ЕАЭБ) менен Кытай көз карандысыз эл аралык валюта-финансы системасын түзүүнү көздөөдө. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясы (ЕЭК) билдирди. Долбоор марттын аягына чейин талкууга коюлары күтүлүүдө. Евразиялык экономикалык комиссиянын маалыматына караганда, бул система жаңы эл аралык валютага негизделип, уюмга мүчө өлкөлөрдүн улуттук валюталарынын жана товарлардын баасына улуттук индекси катары эсептелет. Мындай чечим ЕАЭБ менен Кытайдын кызматташтыгы боюнча видеоконференциянын жыйынтыгында кабыл алынды. Евразия экономикалык комиссиясынын интеграция жана макроэкономика министри Сергей Глазьев конференцияда өлкөлөр…

Прочитайте больше

ӨКМ министри: «Азык-түлүк жагынан эч кандай жетишпестик болбойт» (видео)

ӨКМ министри: «Азык-түлүк жагынан эч кандай жетишпестик болбойт» (видео)

Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажибеков Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун кампалары толукталып, азык-түлүк коопсуздугу  жана жетиштүүлүгү сакталып тургандыгын айтты. Бул тууралуу ал кыргызстандыктарга жасаган видео кайрылуусунда билдирди. Ажибеков азык-түлүк жагынан эч кандай тартыштык болбой тургандыгын айтып, кыргызстандыктарды болбогон, такталбаган маалыматтарга ишенбөөгө чакырды.

Прочитайте больше

Микробиолог: АКШ Украинаны биологиялык курал жасоо полигонуна айлантты

Микробиолог: АКШ Украинаны биологиялык курал жасоо полигонуна айлантты

АКШ Украинаны биологиялык согуш жүргүзүүнүн каражаттарын жана методдорун сыноонун чыныгы “суперполигонуна” айлантты. АКШ мындай иши менен биологиялык жана токсиндик куралдарды иштеп чыгууга, жасап чыгарууга жана топтоого тыюу салган конвенцияны толук бузду. Бул тууралуу микробиолог, БУУнун биологиялык жана химиялык курал боюнча комиссиясынын мурдагы мүчөсү, аскердик эксперт Игорь Никулин “Комсомольская правда” радиосунун эфиринде билдирди. – Жалпысынан, ооба. Украина АКШнын биологиялык изилдөөлөрүнүн полигонуна айланды. Алар көптөн бери эле өз алдынча мамлекет болбой калган. Батыштык “кураторлор” басып алган мамлекет катары алар биологиялык…

Прочитайте больше

Индия Кыргызстанда боор алмаштыруу борборун ачууну сунуштады

Индия Кыргызстанда боор алмаштыруу борборун ачууну сунуштады

Кыргызстан өнөр-жайчылар жана ишкерлер союзунда Индиянын PHDCCI соода-өнөр жай палатасынын өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү. Бул тууралуу аталган союз билдиргенин жергиликтүү маалымат каражаттары жазышты. Маалыматка караганда, Бишкекке Индиянын бизнес тармагындагы 20дан ашык өкүлү келген.  Маалым болгондой, жолугушууда индиялык тарап Кыргызстан менен кызматташуунун артыкчылыктуу багыттарын жарыялады. Анын ичинде: –  медициналык жабдуулар менен камсыз кылуу жана тажрыйба алмашуу; –  туризм жана медициналык туризм; –  медициналык кызматты өнүктүрүү; –  медициналык эмеректерди, буюмдарды жана онкологиялык оорулуулар үчүн керектүү продуктуларды…

Прочитайте больше

The Guardian: Украинадагы кырдаалдан улам адамзат ачарчылыкка туш болушу мүмкүн

The Guardian: Украинадагы кырдаалдан улам адамзат ачарчылыкка туш болушу мүмкүн

Орусия менен Украинадан буудай ташып келүү токтотулса, дүйнөнүн бир катар аймактары азык-түлүк тартыштыгына жана ачарчылыкка туш болот. Бул туурасында The Guardian басылмасынын билдирүүсүндө айтылат. Украинадагы кризистен улам дүйнө азык-түлүккө болгон баанын тез өсүшүнө туш болду. Учурдагы абалды 2008-жылы катталган глобалдык финансылык кризистен кийинки кырдаал менен салыштырууга болот. БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын башкы экономисти Ариф Хусейндин айтымында, украин кризисинен улам буудай менен мунайдын баасы тездик менен 2008-жылдагы азык-түлүк жана күйүүчү май кризисинен бери байкалбаган көрсөткүчкө жакындап, ал тургай ашып…

Прочитайте больше

Башкы чөйчөктө 7,9 млрд куб суу калды

Башкы чөйчөктө 7,9 млрд куб суу калды

14-мартка карата Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү төмөнкү деңгээлге жетти. Бүгүнкү күнгө карата көрсөткүч 7 млрд 944.67 кубду түзүүдө. Бул соңку жылдардын ушул мөөнөтүндөгү эң төмөнкү көрсөткүч. «Электр станциялары» ишканасынын маалыматы боюнча, учурда сактагычка суунун орточо агып келиши секундасына 164 метр куб, агып чыгышы 209 метр куб болууда. Өткөн жылы март айында суу сактагычтагы суунун көлөмү 9,3 млрд метр кубду түзсө, 2020-жылы — 12,3 млрд метр кубду түзгөн. 2021-жылы Токтогул суу сактагычындагы суунун аздыгынан Кыргызстан…

Прочитайте больше

Бишкекте ири эл аралык өнөр-жай көргөзмө-жарманкеси өтөт

Бишкекте ири эл аралык өнөр-жай көргөзмө-жарманкеси өтөт

Бишкекте 23-марттан 1-апрелге чейин «EXPO EURASIA – KYRGYZSTAN 2022» ири өнөр-жай көргөзмө-жарманкеси өтөт. Бул тууралуу КР Соода-өнөр жай палатасынын басма сөз кызматы билдирет. Программа эки бөлүктөн турат: көргөзмө жана жарманке. Көргөзмө Кыргызстан жана ЕАЭБ өлкө-мүчөлөрүнүн катышуусунда 23-марттан 25-мартка чейин өтөт. Анда меймандар курулуш, дизайн жана интерьер, транспорт жана логистика, лизинг, энергетика, өрт жна техникалык коопсуздук тармактары, ошондой эле, банк, камсыздандыруу компанияларынын кызматтары менен тааныша алат. Көргөзмөнүн жалпы аянты 2 миң чарчы метрди түзөт. «Көргөзмөнүн максаты – ата…

Прочитайте больше

Ирандын реакциясынан коркуу Израил армиясын даяр кармап турат

Ирандын реакциясынан коркуу Израил армиясын даяр кармап турат

Сионисттик армиянын командирлери Ирандын Тель-Авив кылмыштарына жооп кайтаруусу улана берет деп ишенишет.Сионисттик режимдин биринчи жана улуттук каналы Кун ТВ бир кабарында Израиль армиясынын акыркы бир нече күндөгүдөй эле түндүк аймактарында (басып алынган Палестинада) максималдуу даярдыгын улантуу чечимин чыгарганын жарыялады. Еврей тилдүү маалымат каражаттарынын маалыматына караганда, Сирияда эки ирандык кеңешчи шейит болгондон кийин жарыяланган Израил армиясынын түндүктөгү 100% даярдыгы күчүндө. Бул чечим Ирактын Күрдистан аймагындагы сионисттик режимге оор сокку урулганына жана Моссаддын штаб-квартирасын бутага алганына карабастан,…

Прочитайте больше

Эрбилдеги Моссаддын 2 борборуна ондогон ракеталар атылды

Эрбилдеги Моссаддын 2 борборуна ондогон ракеталар атылды

Ирактын маалымат каражаттары Эрбилде аймактагы буталарга ондогон ракета тийгенин кабарлады. Fars News агенттигинин эл аралык кызматынын маалыматына ылайык, бүгүн жекшемби күнү эртең менен Ирактын Күрдистан аймагындагы Эрбил шаарында үрөй учурган жардыруулардын үнү угулганын кабарлашты. SaberinNews Эрбил шаарында ондогон жардыруу болгонун билдирди. «Аль-Харир базасы, Эрбил аэропорту жана Салах ад-Дин комплексинин жанында коркунучтуу сиреналар угулду», — деп жазды маалымат агенттиги. “Жергиликтүү күбөлөр Заррин комплексине кеминде алты ракета тийгенин айтышууда”, – деп билдирди. Saberin News, алгачкы маалыматтарга караганда,…

Прочитайте больше
1 40 41 42 43 44 133